Архив
844   845   846   847   848   849   850  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Виталий Люкс, Кыргыз курамасынын чабуулчусу: “УЛУТТУК КУРАМГА ОЙНОО СУНУШУ ТҮШКӨНДӨ ОЙЛОНБОЙ ТУРУП МАКУЛ БОЛДУМ”

№849 8-14-февраль, 2019-жыл


Виталий Люкс Кыргыз курамасынын катарына 2015-жылы чакырылган. Анын жылдызы Азия Кубогунда жанды. Жигиттер анын Филиппин курамасына киргизген кооз голдоруна баа берсе, кыздар анын жылмаюусуна ашык болушту. Президенттин колунан “Даңк” медалын алууга жетишкен Виталий менен маек курдук.

Аты-жөнү – Люкс Виталий Валентинович

Туулган жылы – 1989-жыл, 27-февраль

Туулган жери – Кара-Балта шаары

Бою – 183 сантиметр

Салмагы – 80 килограмм

Жылдыз белгиси – Балык

Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

Учурда – Кыргыз курамасынын жана Германиянын регионалдык лигасындагы “Ульм 1846” командасынын чабуулчусу

– Салам, Виталий. Азия Кубогуна ийгиликтүү катышып, “Даңк” медалын алышыңыз менен куттуктайм. Плей-оффтук баскычка командабыз чыгарына ишендиңиз беле?

– Куттуктоолор үчүн чоң рахмат. Биздин өлкөбүз үчүн дебюттук болгон Азия Кубогуна командабыз менен бирге Катар мамлекетинде бир ай күжүрмөн даярдык көрдүк. Биз бул мелдешке күчтүү жана тажрыйбалуу командалар менен кызыктуу оюн көргөзүү менен жакшы жыйынтык үчүн барганбыз. Тайпалык баскычтан чыкканыбыз бул биздин узак жана талыкпас машыгууларыбыздын жыйынтыгы болду. Биз алдыга коюлган тапшырманы аткара алдык деп ойлойм. Мен гол киргизем деп күткөм, себеби гол киргизүү – бул чабуулчунун милдети. Чынын айтсам, хет-трикти күткөн эмесмин, бирок менин командалаштарымдын көмөгү менен Филиппиндин дарбазасына үч гол киргизе алдым.

– Филиппин менен болгон беттеште сиз оюндун негизги каарманы болдуңуз. Оюндан кийин кандай сезимдер болду?

– Албетте, жеңиш үчүн аябай кубандык, команданын жеңишине cалым кошконум үчүн бактылуу болдум. Ал оюнда биз каалаган жыйынтыкты көргөзө алдык. Качан гана жарым чейрек финалга өткөнүбүздү билгенде жалпы командабыз менен бирге майрамдадык. Бизде сөз менен айтып бере алгыс эмоциялар болду. Биринчиден, бул мекенге болгон сыймык, себеби мындай жыйынтык биздин футбол тарыхыбызда алгачкы ирет болду.

– Кытай менен болгон оюнда сизди сындагандар көп болду. Ал оюнда гол киргизүүгө эмне тоскоол болду?

– Мелдеш учурунда машыгуу процессине жана оюнга даярдык көрүү менен гана алек болом. Ал учурда башка нерселер мени кызыктырбайт. Кытай менен болгон оюн жөнөкөй болгон жок, кайсы бир учурларда каршылаш мыкты коргонду, кээ бир жерде ийгилик алар тарапта болду.

– Өлкөбүздүн гимни жаңырып жаткан учурда ырдаганга аракет кылдыңызбы?

– Албетте! Себеби менин өлкөмдүн гимни жаңырып жатпайбы.

– Оюнчулар менен кошо кубанып, кайгырган күйөрмандар жөнүндө кандай пикир айта аласыз?

– Биринчи оюнда эле биз күйөрмандарыбыздын укмуштуудай колдоосун сездик. Ал эми БАЭ менен болгон оюнда күйөрмандарыбыздын колдоолору стадиондун дээрлик көпчүлүк бөлүгүн ээлеген, үй ээлери саналган арабдардыкына караганда күчтүүрөөк сезилди. Мындай колдоо болуп турганда оюндан бир гана ырахат аласың. Ар бир оюндун аягында стадиондо отурган күйөрмандарга барып ыраазычылык билдирип жаттык. Биздин колдоочулар мелдеш учурунда командабыздын 12-оюнчусу боло алышты.

Ал эми бизди мекенибизде тосуп алганы тууралуу айтыштын кажети жок, бардыгын өзүңүздөр көрдүңүздөр. Учурдан пайдаланып өлкөбүзгө ыраазычылык билдиргим келет. Бизге ишенип биз менен чогуу бул жолду басып өткөн ар бир күйөрманга рахмат. Анткени сиздердин колдооңуздар менен гана биз мындай ийгиликтерге жетиштик.

– Балалык чагыңыз тууралуу сөз кылсаңыз, Кара-Балтадан көчүп кетүүгө эмне себеп болду?

– 6 жашымда ата-энем Германияга көчүп кетүү чечимин кабыл алышыптыр. Эмне үчүн андай чечим кабыл алышканы менин эсимде жок. Кыргыз өлкөсүндөгү балалыгым тууралуу элестер аз, бирок көчөдө балдар менен топ тээп убакыт өткөргөнүм эсимде.

– Бала чагыңызда кайсы командага күйөрмандык кылып, кимди кумир тутчу элеңиз?

– 10 жашымдан баштап футбол менен машыга баштагам. Мюнхендик “Баварияга” күйөрман болчумун. Ал учурда кумирим жок болчу. Өспүрүм куракта Златан Ибрагимович менен Криштиану Роналдунун оюндарына баа берип, саресеп салып баштадым.

– Кээ бир адамдар сиз боюнча Германиянын курамасына ойноого мүмкүнчүлүгү болбогон соң Кыргыз өлкөсү үчүн ойноону чечсе керек деген пикирлерди айтышты...

– Менин алдымда эч качан мындай тандоо болгон эмес. Мен өзүмө жаккан иш менен алектенем, өзүмө ылайыктуу болгон командада ойнойм. Кыргыз улуттук курамасына ойноо сунушу түшкөндө мен ойлонбой туруп эле макулдугумду бергем. Себеби туулуп-өскөн өлкөңдүн намысын коргоп, желегин желбиретүү – бул чоң сыймык жана кубаныч.

– Сизде Германиянын жогорку лигаларында ойноого мүмкүнчүлүктөр барбы?

– Германияда футбол абдан өнүккөн, ар бир лигада клубдар арасында атаандаштык күчтүү. Ошондуктан клуб кайсы лигада ойногону анын деңгээлин көргөзбөйт. Мисалы, өткөн жылдын август айында Германия кубогунун алкагында биз Бундеслигада ойногон Айнтрахт (Франкфурт) командасы менен ойнодук. Ал оюнда биз 2:1 эсебинде жеңип алганбыз, бир голун мен киргизгем. Жогорку лигада ойноо мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз кылганда ушу нерсени унутпоо керек. Мүмкүнчүлүктөр дайыма бар, убакыт көргөзөт.

– Улуттук курамада 19-катар саны менен оюн алып барасыз, эмне үчүн бул санды тандап алгансыз?

– Мен клубда 29-катар саны менен ойнойм, себеби апамдын туулган күнү 29у, кайсы ай экенин айтпай эле коёюн. 2015-жылы улуттук курамга кошулганда 19-номерди алдым, жөн гана жакканы үчүн. Бирок формадагы номер мен үчүн чечүүчү мааниге ээ эмес. Жакшы оюн көргөзүү менен командага пайда алып келүү маанилүү.

– Өлкөбүздө сиздин көптөгөн фанаттарыңыз пайда болду. Көпчүлүк кыздар сиздин жылмаюуңузга ашык. Өмүрлүк жарыңызды Кыргыз жеринен издеп көрүүнү ойлодуңуз беле?

– Тилекке каршы, мен Кыргыз жерине келгенде оюндар, машыгуулар менен жүрүп, бош убактым дээрлик болбойт. Бирок келечектеги түбөлүк жарым кыргыз кызы болуп калышы мүмкүн деген вариантты жокко чыгарбайм. Анткени биздин кыздар абдан сулуу.

– Анда суроону улай эле сизге кандай кыздар жагат?

– Менин келечектеги жубайым тууралуу так элестер жок. Бирок ал ак көңүл, мүнөзү жакшы, аны менен чогуу тамашалашып, бири-бирибизди түшүнө билгидей кыз болушу керек.

– Карьераңызды жыйынтыктагандан кийин өзүңүздүн келечегиңизди кандай элестетесиз?

– Үй-бүлөм менен, балдарым жана келинчегим менен чогуу жүргөнүмдү элестетем. Бакчада мангалдын жанында шишкебек бышырып жаткан бактылуу адам катары элестетем (күлүп).

– Футбол талаасында да, жеке жашооңузда да дайыма ийгиликтер болсун!

Маек Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын басма сөз кызматынын жардамы менен уюштурулду.

КЫСКА-НУСКА

– Твиттер же Инстаграм?

– Твиттер.

– Квартира же шаар четиндеги үй?

– Шаар четиндеги үй.

– Мышык же ит?

– Ит.

– Тамак жасаганды билесизби?

– Ооба.

– Сүйүктүү шаарыңыз?

–Ульм.

– Сүйүктүү тамагыңыз?

– Чүчпара.

Азыркы учурда кулагыңызда кайсы ыр жаңырып жатат?

– Крошка моя, я по тебе скучаю… ("Руки Вверх!")


– Голливуд актрисаларынан кимди жолугушууга чакырмаксыз?

– Анжелина Жолини.

– Кандай супер күчкө ээ болгуңуз келет?
– Учууну каалайт элем.


"Командалаштарымдын көмөгү менен Филиппиндин дарбазасына үч гол киргизе алдым".

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(10)
12.02.2019. 09:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
15-02-2018
Соӊку аракети:
21-02-2019 15:20
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсың үлгү алса болчүдай. Намыска жарадаң бар бол Витя.
12.02.2019. 11:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
21-02-2019 23:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
+5
Кыргыз эле жигитинин интервьюсун окугандай болдум
12.02.2019. 14:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
28-08-2017
Соӊку аракети:
21-02-2019 22:10
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ильзат Ахметов оң кулагың, сол кулагың менен да угуп ал. Витянын жарымына да жетпейсиң.
16.02.2019. 22:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
27-10-2012
Соӊку аракети:
21-02-2019 20:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+1
Fedorov, Ильзат биздин курама менен ойногондо ийгилике жете албайт себеи бизде колдоо жок. А Ильзат болсо лидер эмес
12.02.2019. 22:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
11-01-2018
Соӊку аракети:
21-02-2019 10:03
Жынысы:
Белгисиз
+8
Супер! Кыргызстанда 6 жашка чейин эле жүргөн болсо да, өзүн Кыргызстанда өстүм деп айтканы жана "Албетте, менин өлкөмдүн гимни жаңырып жатпайбы" дегени өтө таасирлентти. Азамат
14.02.2019. 12:56 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
02-12-2018
Соӊку аракети:
22-02-2019 00:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Майлисай шаарынан дагы бир озбек бала бар Европада ойнойт, ошону дагы чыкырып корушбобтур, телевизор или интернетен уккам. Бирок по любому Узбектигин кылса керек Илзат Ахмедовко окшоп, Супер Инфо сураштырып коргуло
14.02.2019. 13:23 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
736
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
21-02-2019 12:09
Жынысы:
Белгисиз
0
FC-Abdish-ata, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
15.02.2019. 11:13 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
07-02-2019
Соӊку аракети:
22-02-2019 00:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Билбей эле кой
+2
Ыйлагын келет го тим эле.. Азамат жигит экенсин, ушул макаланы окуган канчалаган адамдын журогун жылыттын, бар бол коп жаша, тилектерин орундалсын.
15.02.2019. 11:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
154
Катталган:
23-06-2016
Соӊку аракети:
21-02-2019 11:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
озгон
+1
Виталий Азаматсын!!!
16.02.2019. 16:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
19-02-2018
Соӊку аракети:
19-02-2019 15:54
Жынысы:
Белгисиз
0
ВИТАЛЮКС красавчик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21873;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: