Редакцияга кат келди. Анда “Суранам, кайдыгер карабагылачы. Мен апамдын жашашын каалайм” деп жазылыптыр. Көп каттын арасынан ушул катка көзүм түштү. Байланышканымда, 15 жаштагы секелек кызга туш болдум. Кезигип, сүйлөшүп отуруп, маектешим Камила Төлөгөнова жөнүндө ичимди жылыткан “боорукер” маалыматтарды билдим. Ал өзү мектеп окуучусу болуп туруп кайрымдуулук иш-чараларын уюштургандардын катарында экен. Апасы тууралуу айтып берип жатып Камиланын токтоно албай ыйлаганын жазып түшүндүрө албасам керек.
“ЧОҢОЙГОНДО КАЙРЫМДУУЛУК ФОНД АЧАМ”
– Эч ким апасынын ооруганын каалабайт. Мен да апамды аябай жакшы көрөм. Эки жыл мурун апамдын ооруп калганын билген күндөн тартып күндө анын айыгып кетишин тиленем. Учурда колумдан келишинче жардам берейин деп тигүүчү болуп иштеп жатам. Эртең мененки саат 8ден түшкү бирге чейин сабактамын. Андан кийин жумушка барып, кечки 9дарга чейин иштейм. Үй тапшырмаларын кээде түнкүсүн аткарам. Жумасына 1000-2000 сом акча табам. Бирок акча чогулта албай койдук. 5 бир тууганбыз. Ошондуктан үйдөгү азык-түлүккө эле көп акча кетип калат. Артканына өзүмө кийим алам. Бир туугандарыма да кийим алып берем. Өзүм да кайрымдуулук кылып калам. Мектептеги 5-6 кыз чогулуп, Жаңы жылдын алдында балдар үйүнө барып, концерт коюп, балдарга шоколаддарды таратып келгенбиз. Анткени Жаңы жылды ар бир адам үй-бүлөсү менен тосот. Үй-бүлөсү жокторго аз болсо да жакшы маанай тартуулагыбыз келди. Алардын ата-энеси жок болсо да белек алышса деп ойлодук. Ал жактагы балдарды көрүп аябай жаман болдум. Айрымдарын ата-энеси таштап кетиптир (ыйлап). Алар бизди көрүп сүйүнүп, кучактады. Мындан тышкары кышкы суукта таңкы беште туруп чай кайнатып, “Тазалыкта” иштеген эже, байкелерге ысык чай таратканбыз. Биз оор күнгө туш болгондо башкалар да бизге жардам беришет деп ойлогом. Президентке чейин кат жаздым. Бирок эч ким көңүл бура элек. Азыр апамдын айыгып кетишин эле тилеп жатам. Буюрса, жакшы болуп кетет. Анан мен кийин чоңойгондо кайрымдуулук фонд ачып, кыйналган, ооругандарга жардам берем.
“КЫЗЫМ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАБЫЗ”
Камиланын апасы 47 жаштагы Жаңыл Сыдыкова оорусу тууралуу жана кызынын аракеттери тууралуу айтып берди:
– Менин мурдатан эле башым ооруйт, көз айнек тагынчумун. Башым ооруса дары ичип коюп иштеп жүрө берчүмүн. Кийин көзүм начарлап, башым катуу ооруп баштаганда 2017-жылдын март айында врачка барсам бир ай дарылап, дагы көз айнек тагынышым керектигин айтты. Аны тагынсам деле көчөдөгү адамдар эки болуп көрүнө берди. Тепкичтен кулап кеткен учурларым болду. Абалым оңолбогонунан невропатологго көрүнсөм, жылыш болгон жок. Томографияга түшкөндө гана аневризм деген диагноз коюлду. Бул башымдын тамырында шишик бар дегенди билдирет экен. Операция жасатыш керек экен. Болбосо шишик чоңоюп, кайсы бир учурда жарылып кетсе, ал өлүмгө алып келиши мүмкүн дешти. Башында шишик 18 миллиметр деп чыкса, бир жылдын ичинде 30 миллиметр болуп чоңоюп кетиптир. Операциянын баасын врачтар 10 миң доллар дешкен. Биздин врачтар андай операцияны жасай албагандыктан Казакстандан врачтар келип жасашат экен. Анча акчабыз болбогондон кийин элдик медицинадан шыпаа издедим. Майнап жок.
Мен иштебейм. Иштесем башым тегерене берет. Буга чейин бир заводдо оператор болуп иштеп жүргөндө башым айланып кулап калгам. Ошондо “көзүңүз начар көрөт экен” деп жумуштан чыгарып салышкан. Кийин тигүүчүлүктө иштеп жүрдүм. Бирок ал жумуш да мага болбойт экен. Жолдошум ширетүүчү болуп иштейт. Камила кызыма иштебе десек болбой жардам берем деп иштеп жатат. Анан мага жардам сурап бир канча жакка кайрылыптыр. Бул кызым боорукер. Минтип көп адамдарга жардам берет. Атасы экөөбүз сыймыктанып калабыз.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg