ГРЭММИ-2019

Музыка индустриясынын өкүлдөрүнүн бүйүрүн кызыткан «Грэмми-2019» жыйынтыкталды. 61-жолку эң беделдүү музыкалык сыйлыкты тапшыруу аземи 11-февралда АКШнын Лос-Анжелес шаарында болуп өттү.


«ГРЭММИ» ТУУРАЛУУ

«Грэмми» музыкалык сыйлыгы 1958-жылы 14-мартта негизделген. Сыйлык үчүн алтын жалатылган граммофондун үлгүсү тапшырылып келет. Эң биринчи сыйлык тапшыруу аземи 1959-жылы 4-майда Лос-Анжелес жана Нью-Йорк шаарларында өткөн. Бул сыйлыктын жеңүүчүлөрү үн жазуу академиясынын мүчөлөрүнүн добуш берүүсү аркылуу аныкталат. Сыйлык музыканын 30 жанры боюнча, 78 категорияда берилет.

«Грэмми-2019» сыйлык тапшыруу аземинде алпаруучулукту 15 жолку «Грэмми» сыйлыгынын лауреаты, америкалык ырчы Алиша Киз аркалады. Күтүүсүз жерден сахнага Леди Гага, Жада Пинкетт-Смитт, Мишель Обама, Женнифер Лопес жетелешип чыга келгенде залдагылар уу-дуу боло түштү. Алар музыкага болгон сүйүүсүн билдирип өтүштү.


ТРИУМФ ЖАРАТКАН ЖЫЛДЫЗДАР


БАРКТАЛБАГАН СЫЙЛЫКТАР

Популярдуулуктун ашынган жоругубу же чын эле уюштуруучуларга болгон нааразычылык жандарына батканбы, айтор, түрдүү себептер менен сыйлыктан баш тарткандар да болду.

Бир эле «This Is America» ыры үчүн «Грэмминин» эң негизги “Жылдын ыры”, “Жылдын мыкты жаздыруусу” наамдарын жана дагы эки сыйлыкты шыпырып алган Чайлдиш Гамбино статуэткалардан баш тартты.

Ал эми ырчы Ариана Гранде «Грэмминин» продюсери аземде ырдай турган ырды эркин тандоого мүмкүнчүлүк бербегени үчүн нааразычылык билдирди. Ал кечеге арнап тиктирген көйнөгүн кийип кызыл килемди үйүндө уюштурду. Ырчы кыз Инстаграм баракчасына «Эгер сен үчүн Зак Позен көйнөк тигип берсе, анда ырдаган-ырдабаганың мааниге ээ эмес» деп жазган. Бул жылы Кендрик Ламар, Тейлор Свифт да сыйлыктан баш тартты.

Нааразычылык азем учурунда да уланды. Канадалык рэпер Дрейк 7 наамга көрсөтүлгөнү менен, «Эң мыкты рэп-композиция» наамына гана татыган. Сыйлык алуу үчүн сахнага чыккан учурдан пайдаланып ал: «Бул – бизнес. Баары бир нече кишиден гана көз каранды. Сенин эмгегиңден башканын ою өйдө турат. Эгер сенин ырыңды эл сүйүп угуп, ырдап жатса, бул сенин жеңишиң»,- деп сыйлыктын уюштуруучуларынын дарегине таш ыргыта баштаганда микрофон өчүп, «кезексиз» жарнамага орун берилди.

Качан гана ал сахнадан түшүп кеткенде продюсер ага узак тыныгуу жасаганынан сүйлөп бүткөн го деп ойлоп жарнаманы жандырышканын айтып, кебин аягына чыгаруусун өтүндү. Дрейк оюндагысын жеткиргенин билдирип, кайра сүйлөөдөн баш тартты.

АК КӨЙНӨК, КЫЗЫЛ КӨЙНӨК, ЖАШЫЛ КӨЙНӨК...

Кызыл килем. Биринен-бири өткөн жыздыздардын өзгөчө образдары. Мунун баары 20 миң орундуу АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы «Staples Center» комплексинде орун алды.

Мындай кечеде сыйлыктан дагы кызыл килемдеги ырчылардын образдары кызыгуу жаратат эмеспи. Бул сапар да жылдыздардын кийимдери көз жаздымда калган жок.



Динара Акимова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bulathan
2019-02-20 10:44:38
Дуалипа жонундо деле жасанар боло
+2
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан