ТУУРА АБАЛДА УКТОО КӨП ООРУЛАРДЫН АЛДЫН АЛАТ

Уйкубуз канганча уктаганыбыз менен, кээде чарчаңкы абалда ойгонгон учурлар ар бирибизде эле болот. Мындай учурда биз канча саат уктаганыбызга эмес, кандай абалда жатканыбызга маани бергенибиз туура. Анткени ыңгайлуу абалда уктоо тынч уйкуну камсыздайт. Туура эмес абалда жатып уктоо омурткага гана эмес, баш мээге да терс таасир тийгизерин АКШнын Нью-Йорк штатындагы Рочестер изилдөө университетинин окумуштуулары изилдеп чыгышты. Алар изилдөөдөн соң “уктап жаткан учурда мээ глиматикалык систем аркылуу зыяндуу заттардан арылат. “Лимфа” жана “глия” – бул клеткалар. Алар күнү бою нерв клеткаларынын иштөөсүнө жардам берсе, түнкүсүн күндүз чогулган токсиндерди, тактап айтканда, Альцгеймер жана Паркинсон ооруларын чакыруучу уулуу эки белокту – амилоид жана тау-белогунан арылууга жардам берет” деген жыйынтык чыгарышкан. Аны менен катар алар капталдап жатканда глимфатикалык систем эң жакшы иштээрин, ал эми көмкөрөдөн түшүп жатканда өтө начар иштээрин айтышкан. Туура эмес абалда уктоо дагы кандай ооруларды чакырат? Кандай абалда уктоо пайдалуу? Cуроолорго төмөнкү макаладан жооп алыңыз.

КАПТАЛЫНАН ЖАТЫП УКТОО

Оң жактары

Капталынан жатуу уктоо абалдарынын ичинен табигый деп саналат. Айрымдар мындай абалда жатууну “эмбрион” же “түйүлдүк” позасы деп да аташат. Тибеттик адистер “капталынан жатып уктоо өмүрдү узартат” дешсе, йогдор “сол капталдан жатуу денени ысытуучу, ал эми оң капталдап жатуу, тескерисинче, сергитүүчү касиетке ээ” деп айтышат. Капталдап жатууда арка-белге, моюнга күч келбейт жана коңурук тартуу да болбойт. Оң капталынан жатканда кан айлануу жакшырып, жүрөктүн иштешине жакшы таасир берет, дем алуу органдарына көп күч келбейт. Капталынан жатуу кош бойлуулар үчүн эң ыңгайлуу.

Ислам дининде да "уктоого баш койгондо оң каптал менен жатуу керек. Курсак менен көмкөрөсүнөн түшүп жатууга тыюу салынат. Мүмкүн болушунча жүздү кыбыла тарапка буруп жатуу керек" деп айтылат.
Терс жактары

Боор, ичеги-карынга күч келет. Таң атканча бир калыпта оң капталынан уктаган адамдын ийини жана колдору талып оорушу, эртең менен ашказаны кыжылдап ойгонушу мүмкүн.

ЧАЛКАЛАП ЖАТЫП УКТОО

Оң жактары

Башты, моюнду жана омурткаларды бир калыпта кармоо менен бирге сөөктөрдүн жана булчуңдардын тырышпай, болушунча кенен эс алуусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Дагы бир жакшы жери — зарна болуудан алыс кылат. Косметологдор жүзгө бырыш түшүп эрте картаюуну каалабаган жана көкүрөгү салбырап калуунун алдын алгысы келген айымдарга чалкасынан жатып уктоону сунушташат.
Терс жактары

Чалкалап уктоонун бир жаман жери — уктагандардын басымдуу бөлүгү коңурук тартат. Уйкуга кеткенде тил дем алуу жолун жаап калат да, дем алуу кыйындап, башкача үн чыга баштайт. Изилдөөчүлөр жаздык жазданбай чалкасынан жатып уктагандарга жаман түштөр көп кирерин да айтышат. Эгер чалкалап жатуу өнөкөт адатыңыз болсо, анда жаздыгыңыз 30 градус бийиктикте болушу шарт. Бул дем алууну жеңилдетип, коңурук тартуунун алдын алат. Астма, талма, өнөкөт өпкө оорусу барлар, кош бойлууларга жана улгайган адамдарга чалкасынан көпкө жатууга болбойт.

КӨМКӨРӨСҮНӨН ЖАТЫП УКТОО

Оң жактары

Көмкөрөсүнөн жаткан адам бат уйкуга кетет. Дарыгерлер тамак сиңирүү органдары ооруган кезде көмкөрөдөн түшүп жатууну сунушташат. Бул абалда жатуу оорутууну басаңдатарын айтышат. Дагы бир пайдалуу жагы — коңурук тартпоонун алдын алат. Уктоого ыңгайлуу болгону менен, терс жактары көп.
Терс жактары

Көмкөрөсүнөн жаткан учурда омурткалар таянычтын жоктугунан, ал эми моюн оң же сол капталга бурулуп бел жана моюндун оорушуна алып келет. Мындай абалда жатканда беттин бир тарабы шишип, экинчи тарабынын терисине майда бырыштар түшүшү мүмкүн. Эгер көмкөрөдөн жатууну кааласаңыз, анда жаздык жазданбай койгонуңуз туура. Бул учурда моюн омурткасына көп күч келбейт. Мындан сырткары эмчеги чоң айымдарга мындай абалда жатуу ыңгайсыздык жаратат.

ТУУРА АБАЛДА ЖАТУУ ООРУНУ БАСАҢДАТАТ

Бел ооруганда. Белдеги ооруну басаңдатуу үчүн омуртка түз абалда болушу шарт. Ал үчүн чалкалап же капталдап жатуу туура. Капталдап жатканда эки тизенин ортосуна чакан жаздыкча коюп алуу сунушталат. Бул абалда жатууда белге күч келбейт.

Ийин ооруганда. Мындай учурда экинчи ийин тарап менен же болбосо чалкалап же көмкөрөдөн жатуу шарт. Алдындагы төшөнчү өтө катуу да, өтө жумшак да болбошу шарт.



Жамбаш сөөгү ооруганда. Оорутууну басаңдатуу үчүн чалкалап жатуу керек. Бул абалда омуртка түздөлүп, жамбаш сөөгүнө күч келбейт.



Моюн ооруганда. Бул учурда сизге туура тандалган жаздыктар жана чалкалап жатуу гана жардамга келет. Баш салаңдабай, аны менен катар өтө бийик болбоосу керек.


Тизе, бут ооруганда. Уктап жатканда буттар бири-бирине тоскоолдук жаратпоо үчүн ортосуна жука төшөк же жаздыкча коюп жатуу сунушталат.



Дем алуу кыйындаса. Эгер 10 секундга чейин дем ала албай тумчуга турган болсоңуз, анда сөзсүз дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, себебин аныктаңыз. Уктап жатканда дем жетпей калуу апноэ оорусу деп аталат. Мында адам 10 секунддан 2-3 мүнөткө чейин дем ала албай калат. Бул оору чалкадан жаткан адамдарда көп катталат.

Зарна болгондо. Зарнаны азайтуу үчүн сол капталдан жатуу туура.


 



Бырыш түшүүнүн алдын алуу. Эгер сиз бир капталдап жатууну адатка айлантсаңыз, анда бырыштар түшпөй койбойт. Андыктан уктоонун абалдарын алмаштырып туруңуз.



Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
brunette
2019-02-22 02:27:19
Жактыыыы
0
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан