«Телефон чалып тур», “Сага”, “Ак тилек” деген ырлары менен таанылган ырчы Кыздаркан Келдибекова турмушка чыкты. Анын жүрөгүн багындырган мырза укук коргоо тармагында иштейт. “Жолдошум менен сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Аты – Эсен, Өзгөндүн уулу. Азырынча экөөбүз макулдашып, ала качуу салты менен үйлөндүк. Буюрса, заманбап тоюбузду убагы келгенде беребиз. Жолдошум чыгармачылыгымды колдойт. Андыктан мындан ары деле ырдай берем”,- дейт Кыздаркан.