«РОМАНТИКАНЫ ЭМНЕ КЫЛАСЫҢ, КАРТӨШКӨ КУУРУП КОЙЧУ»

Жашоо карама-каршылыктарга толгон татаал лабиринт окшойт. Кандай шартты сунса, ошого карата өзгөрүп кете берет экенсиң. Келинчегимди сүйүп, тоодой каршылыктарга туруштук берип үйлөнгөм. Жаңы үйлөнгөндөгү романтиканы айтпагыла. Келинчегимдин мен сюрприз кылып белек кылган кутучаны жан талаша ачып, кыткылыктай моюнума асылганы өзгөчө жакчу. Бир күнү ал “Жаным, мага гүл, шакек, алып келгениң жагат. Бирок арзан шакектердин баарын жыйып алып эмне кылам? Андан көрө топтоп чоң нерсе берсең” деп өзүнүн саясатын акырындап жылдыра баштады.

Акылдуум десе, келечегибизге кам көрүп жатканына кубандым. Аз өтпөй балалуу болдук, бул абалда романтикага кайдагы орун? Такма жалаяк ташымай, уктап жатып баланын ыйын уксаң башыңды чүмкөп алмай. Эртеси жумушта уйкусурап отурасың. Ал убактан да акырындап өттүк. Баланы бала бакчага берип, эми келинчегим иштей баштады. Аял киши өзү кызык да, күндө бир нерсеге таасирленип келет.

– Кечээ күнү Гулянын күйөөсү жумуштан ары кафеге чакырып кетти.

– Айгүлдүн жолдошу айына ага
20 миң сом коротот экен.

– Жумушта Айбек деген жигит бар. Аябай үй-бүлөсүнө камкор, күнүнө аялына 5 жолу чалат.

– Мен сага чалбаймынбы эмне?- дейм.

– Сен чаласың. Эмнеге билесиңби? “Бүгүн эмне тамак жасайсың?” деп сураш үчүн кечинде бир маал чаласың. Сен мага би-ир жолу акыбалымды сурап чалдыңбы?

Бырылдап ыйлап баштайт. Сооротсом күчөп кетерин билем да, өзү басылып калабы деп ойлоп ары карап жатып алам. Кудай жалгап кээде уктап калат. Чынын айтсам, мен азыр романтикага алым да, көңүлүм да жок. Эми ал убак кетпедиби, асманды тиктеп, жетелешип баскан убактын өз учуру болот да. Бирок айтып көр аны. Анда эле балээге калдың, “сен сүйбөйсүң” деген куплеттер башталат. Инстаграм деген нерсе чыкты. Эркектер тизесин бүгүп сүйүктүүсүнүн колун сурап, баалуу нерселерди белек кылып, чет өлкөгө саякатка алып барып, жөн калбай ар бир кадамын жарыялап мактанышат. Ий-ий, айланайын эркектер, ушуну жөн эле койгулачы. Буканын мурдуна кызыл чүпүрөк көрсөтүп, кызыктыргандай эле кылып жатпайсыңарбы биздин аялдарды.

Бир күнү кечке маал келинчегим чалды.

– Кел, бүгүн кафеден тамактанабыз.

– Эмнеге?

– Жөн эле болбойбу, бүгүн айлык алдың го.

– Айлыкты эмнеге короторубузду билесиң да.

– Бир күн болсо да романтик болуп койчу, баланча аялын...- деп баштаганда эле токтотуп койдум.

– Романтиканы эмне кыласың, картөшкө кууруп койчу.

Кечинде келсем тамагын жасап коюптур. Тамашалап ала келген эки шамды столдун четине күйгүзүп койдум.

– Мына, сонун болду, ээ?

Күлүп баратып мостоюп калдым. Келинчегимдин жүзүнөн эки тамчы жаш кулап бара жатыптыр. Шаштым кете түштү.

– Эй, сен чындап эле ыйлап жатасыңбы?

Ал туруп кетти. Ошондон баштап мен келсем деле, кетсем деле унчукпайт, бир нерсе сурасам көңүлсүз жооп берет. Мени караганда күйүп кетчү көздөрүнүн нуру өчүп кетиптир. Өзүм думуга баштадым. “Кантип көңүлүн алсам?” деп ойлонуп жүргөнүмдө 14-февраль жаштардын сүйүү күнү жакындап калды. Ошол күнү бапылдап кар дагы сонун жаап жатты. Жумуштан чыгып бир аз бастык.

– Карасаң, бир нерсе жатат,- деп калп эле кардын алдындагы нерсени түртүп койдум.

– Эмне экен?

– Билбейм, карасаң.

Үңүлүп карап калды. Кардын арасынан бантиги бар кичине кутучаны колуна алды.

– Эмне бул?

Мени тиктеп алып, жүзү жайнап кетти. Кыялданып жүргөн кымбат баалуу шакек болчу. Моюнума асылып, кыткылыктап күлүп жатты. Оо, бул күлкүнү укпаганыма көп болуптур.

– Хе, арзан эмес, кымбатын алдым бул жолу.

– Мен белекти сагындым дейсиңби, мен сени, бизди сагындым...

Бут алдыбызда кыртылдаган кар. Кол кармашып кетип бара жаттык. Эркектер, кээде бактылуу болуу өз колубузда турса деле бир нерсе боло беребиз. Бир аз убакыт таап, романтика тартуулап жубайыңызды бактылуу кылып койсоңуз деле болот тура, туурабы?..

 

Данияр

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
Berliane123454
2019-02-19 23:29:01
Анча-мынча нерсени "конулго" албай койгон жакшыго. Радуйтесь, дорогие мои!) Озунорго-озунор майрам кылып, маанайынарды которуп жашай бергиле, сен биринчи кезекте озуну сыйлабасан,анда ким сыйламак эле?!
+4
Janna07
2019-02-20 08:29:51
Турмушка чыкканыма 12 жыл болуптур, тиги отурган баамы жок эримден бирда жолу гул албаптырмын. Бирок алтын шакек, сепочкаларды алып бересин алып бербей коргун деп алдыртып бутком, болбосо алып берейин деген ойу жок. Мен кулбой эмес озондоп ыйлап алсамда болот. Озу билип эч нерсе берелек, ага баамы жетпейт окшойт, баамыга байпагым, олуп кетпейби
+9
Eliza1991
2019-02-21 02:15:48
Janna07,Ой ииииий укмуш жазыпсыз аявай кулдум чынында
+2
raykray
2019-02-23 01:41:10
Janna07,ха ха молодец аял экенсиз! Менинда жолдошум эчтеке мн иши жок болчу кызым 7ге чыгып тырыштырат атасын майрамго апама подарка бербейсизби гул алып келесизби деп
+2
nurhan2702
2019-02-23 18:17:49
Janna07,менин куйоом роддомго гул которуп барганга башы жетпейт.Ар бир конул оорутканга ыйлай берсек жан калбайт .Бул тупойлорго озуно жараша кылыш керек
+1
tattusha
2019-02-20 12:43:12
мага эчтеке алып бербейт деп мен дагы даттанып алайынчы)))), романтика ноооль, куйоосу романтиктерге повезло, даже роддомдон чыгаарда гул алайынбы деп сурайт, билбейм мамандан сура аны да дегем
+11
raykray
2019-02-23 01:41:42
tattusha,ха ха
0
Tansuluu09
2019-02-20 13:27:15
))
0
tursunbaev78
2019-02-20 17:26:57
комменттерди окуп бир жыргап күлүп алдым,бар болгула аялдар!!!бир да эркек үн катпайтко
+9
Jazka_1991
2019-02-21 16:39:09
Кайактагы романтика жылуу созго зармын го бугум ичиме батпай ыйлап отурам баламды коруп журогум жанчылат жашоо бутуп жаткандай сезилет.
+2
Alia-bekzat
2019-02-21 18:48:14
Мага Бир гул да алып бербеген уул десе уул Кыз десе Кыз тороп бордим
+2
Saidochka
2019-02-21 20:15:20
Аялды бактылуу кылууга аз эле нерсе керек озу,конул,мамиле,анан аз Гана убакыт
Окуп алып ыйлагым келди.;(((
+3
Margana93-
2019-02-22 12:57:53
Магада эч нерсе алып бербейт туулган кунунумдо бир торт менен маасы которуп келди бир жолу
+2
aliya-leyla
2019-02-22 19:47:22
Турмуш курганыбызга 5 жыл болду. Туулган кунумду 5 жыл дегенде быйыл эстеди. Бирок торт алып кел белгилене коелу дейт го. Же кулушту же ыйлашты билбейм на... Эн жаманы ойношу экообуздун туулган кунубуз Бир кун. Ал Россияга кетип ошол менен видеозвонокто суйлошуптур ошол куну кечке... Качып кетким келет
0
mr.maks
2019-02-22 20:13:13
Урматтуу романтиканы каалаган айымдар, биринчи ойлонолу, күйөм романтик болсун үчүн мен эмне кылдым деп. Үстүңүздө эски, кирдеген халат, башыңызда эски жоолук же чачыңыз бир жума мурун байланган абалда. Бетте жасалга жок. Денеде атырдын жыты давно кеткен. Анан кайдагы романтика? Мисалы: менин келинчегим жумуштан келсем күлүп жайнап, жыттуу атырын себинип, жасанып тосуп алат. Анан романтиканы көрө бер да, атаң көрүүүүү
0
nurhan2702
2019-02-23 18:19:59
mr.maks,андайдын 99 турун жасасан да сезбеген эркектер толтура
+4
mikos15
2019-02-23 18:26:20
Барына шугур кылалычы
+1
mikos15
2019-02-23 18:27:29
Барына шугур
+1
Cyldyzka
2019-02-23 23:34:01
Гулбу...Гул десен Ал эмне десе керек.Башка нерсени айтпай эле койойун.Белек эмес жакшы соз жок.Ыйлагым келет жон эле.Эмнен бар,эмнен жок,иши деле жок.Мен дагы бугун куттуктаган жокмун.Озуно жараша.
+2
AiperiO
2020-01-25 01:44:22
Куйомо окутуп коюшум керек экен. Романтиканы не кыласын, андан коро картошка куурулган койчу деп айтат, точно
+1
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан