“МЫНДАЙ АДАМГА БАЛДАРЫМДЫ ТАШТАЙ АЛБАЙМ”. Гүлзат Мамытбек мурунку жолдошу менен чырдашууда

Аялзаты билим алууга, өнүүгө-өсүүгө, шайлоого добуш берүү укугун көп тоскоолдуктарды, тыюуларды басып өтүү менен жетти. Тилекке каршы, мындай коомдук өнүгүүгө карабай, дагы эле аялзатына эркектердин кол көтөргөнү тыйылбай келет. Дал ушундай окуя 8-февралда Бишкекте журналисттердин, камералардын көз алдында кайталанды. 8-февраль күнү өзүн “кыргыздын деми” атап, элди ойгонууга, алдыга умтулууга үндөп, адаттан тыш мүнөзү, аракеттери менен журтчулукка таанылган Гүлзат Мамытбек балдарын өзүнө алганы барып, мурунку жолдошунан токмок жеди. Мындай көйгөйгө туш болгон айымдар, тилекке каршы, коомубузда жүздөп саналат. Кыргыздын күчтүү, лидер айымдары да бул баткактан чыга албай жатканы өкүнүчтүү. Биз окуянын эки каарманына тең кайрылып, алардын өз чындыктарын угуп көрдүк.

– 7 жыл чогуу түтүн булаткан жолдошум менен ажырашканыма 3 жыл болду. Чогуу жашаган жылдары мени такай басынтып жүрдү, сабачу, күн көрсөтчү эмес.

Мен турмушка чыкканда ал колунда эч нерсеси жок, Орусияда кара жумушта иштеп келген карапайым жигит эле. Атам ошондо “үй салып алгыла” деп 5000 доллар берген. Ага жолдошум жер алып, 2010-жылы 3-мартта өзүнө жаздырып коюптур. Алгач биз нике кыйдырып жашап жүрдүк. Анткени жолдошума "расмий никебизди каттатпайлыбы?" десем эле, "коё турчу" деп созо берчү. Ошентип жүрүп 2010-жылы 10-мартта никебизди каттатканбыз. Эми ал "мен 3-мартта жер тилкесин алгам, ал эми биз 10-мартта никеге турганбыз" деп туура эмес маалыматты айтып жүрөт.

2015-2016-жылдар мен үчүн абдан оор болду, катуу депрессияда жүрдүм. Кичүү кызым төрөлгөндө ымыркайым үчүн татыктуу жашашым керек деп изденип баштадым. Ал кезде мурунку жолдошум Орусияга иштегени кеткен эле. Капыстан бир компанияга барып, саентология илимине аралашып калдым. Андан сабак алганда духум көтөрүлүп, руханий байлыгымды өстүрдүм. Кичүү кызым 7 айлык болгондо Кариб деңизине жеке ишкерлерге котормочу катары барып келүүгө сунуш түшүп калды. Билетке 2000 долларды бирөөлөрдөн карызга алып, жол тарткам. Бул киши мени “5 айлык баланы бала багуучуга таштап кеткен” деп калп айтып жатат. Менин кызым 6-ноябрда 2015-жылы төрөлгөн, мен кийинки жылы апрелдин аягында баргам. Баламды апам “мен карап берейин” деп алып калган болчу.

Кариб деңизинде күчтүү адамдар менен сүйлөшүп, мотивация алып өзгөрүп келдим. Жолдошум менен ажырашып, өзүмдү-өзүм көтөрүшүм керек деген чечим чыгардым. Ага ажырашам деп айтсам тапанча такап коркутуп, сабап кирди. “Үйдү, балдарды бербейм. Жоголсоң жогол” деди. Ошондо дароо орган кызматында иштеген бөлөмө чалсам, жолдошум коркконунан үйдөн качып чыгып кеткен. Мен шашылыш кийимдеримди салыштырып, бөлөмө келбей эле коюңуз деп кызымды алып чыгып кеттим.

Андан кийин өзүм окуп, карьерамды түзгөнгө болгон күчүмдү жумшадым. Жеке жашоомду курдум. Ушул ийгиликтерим мурунку жолдошума тынчтык бербей келет. Ал балдарды менден талашып сотко кайрылган. Ошондо мен “кел, чыр-чатагы жок келишим түзөлү” деп, эс алуу күндөрү балдарды алмай болгом. Эс алуу күндөрү барсам атасы берсе берет, бербесе жок, сөгөт, урат, айтор, кабак-кашына карап жүрдүм. Акыркы кезде ал балдарга мени жаман көрсөтүп, “апаңарга барсаңар экинчи ата болбойм” деп коркута баштаптыр. Балдар атасын баары бир жакшы көрөт да. Ошонун таасиринде улуу балдарым “биз сага барбай эле коёлучу” дешет.

Маселени тынч жол менен чечүү мүмкүн болбой калганда массалык маалымат каражаттарына аргасыз кайрылдым. Анткени ага чейин имамга да кайрылгам, жыйынтык болгон жок.

8-февраль күнү балдарым жашаган үйгө барып адвокатым менен короого кирип, кызым экөөбүз ыйлап сүйлөшүп жатсак, мурунку жолдошум кызымды көтөрүп кирип кетти. Эл сыртка чыккандагы анын мени тепкенин көрдү. Ага чейин дарбазанын ичинде да мени башка чаап, уруп, тепти. Баары эле “камерадан уялбай аялды тепти. Камера жокто кантмек?” деп айтып жатышат. Бул киши зөөкүр, мас кезинде эч нерсеге карабайт. Бир күнү ошондой абалда балдарыма бычак сайса эмне болот? Ошондуктан мындай адамга балдарымды таштай албайм.

Коомчулукка тараган видеодон өзүмдүн айкырып, сөгүнгөнүмдү көрүп жаман болдум. Сени тепкилеп, балдарың ары жакта чыркырап жатышса эмоцияңды башкара албайт экенсиң.

Ооба, мурун жолдошум жакшы киши деп жалган маалыматтарды берип жүрчүмүн. Анткени негативди элге чыгаргым келген эмес. Балким, тил табышып каларбыз, баары жакшы болор деген ой бар болчу. Тилекке каршы, жашоо биз ойлогондой болбойт экен.

«ГҮЛЗАТ БАЛДАРЫМДАН БАШ ТАРТАМ ДЕГЕН»

– Мен деле бир кезде көпчүлүк адамдардай эле эне менен баланын бири-бирине болгон мээрими, сүйүүсүнөн артык эч кандай сүйүү болбосо керек деп эсептечүмүн. Бирок жашоодо өзүнүн ырахатын, кызыкчылыгын бийик көргөндөр да кездешет экен. Гүлзат эмчектеги баласын таштап, “Кариб деңизинде кемеде секта өкүлдөрү менен бир ай эс алып келем, керек болсо балдарымдан да баш тартам, бул уюмдун мүчөсү болом” деп кеткен. Далилдерге таянсам, 3 жылдан бери балдарым ооруп-сыркаганда өгөй энеси, менин учурдагы жубайым жанында болду, энелик милдетин аткарды. Азыр балдарым менен жубайым бири-бирине мээр төгүп калышкан.

Башында Гүлзат каалаганда үйгө келип балдарды алып кетчү. Мен бир да жолу каршылык кылган эмесмин. Балдар апасына кеткенден кийин 2-3 күндөп бала бакча, мектептен кала башташты. Бара-бара бир айга чейин калганга өтүштү. Ошондо мугалим, социалдык кызматкерлер, милиция кызматкерлери чогулуп, Гүлзаттын балдар менен жашап жаткан кеңсесине барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн да, балдарды мага беришкен. Бирок мындай окуя кайталана бергендиктен сотко арыз менен кайрылгам. Гүлзат сотко келип “тынчтык жолу менен чечсек болобу?” дегенинен нотариус аркылуу келишим түзгөнбүз. Анда 18 жашка чейин балдар мени менен 5 күн жашап, апасы ишемби күнү күндүзгү саат 9да алып кетип, жекшемби кечки саат 5ке чейин алып келиши керек деген шарт бар. Ошол боюнча маселеси жок жакшы эле жашап келатканбыз. Акыркы 3 айдан бери кичинекей кызыбызды көрбөй калдым. Апасы алып кеткен боюнча жеткирип келбейт же өзүм барып алайын десем дарегин бербейт.

8-февралдагы окуя боюнча айтсам, бул биринчи жолкусу эмес. Ал буга чейин үйгө кирип ири суммадагы акчаны алып чыгып кеткен. Экинчисинде үйдө жок элем, терезеден кирип ызы-чуу чыгарган. Кабар милиция кызматкерлерине жеткенин угуп, кайра терезеден качып чыгып кеткен. Ал окуя боюнча Сокулук РИИБине арыз менен кайрылганбыз, бирок эмне болуп чечилгени белгисиз.

Жума күнү Гүлзаттын арам ойлорун байкап, адвокатын гана короого киргизип сүйлөшүп жаткам. Ошол жерден Гүлзат "шоусун" баштады. Сыртта журналисттер турганын билип, кызымды сыртка чыгарбай эле дарбазанын ичинен сүйлөшүп алуусун туура көрдүм. Гүлзат кыйкырып киргенде кызымдын коркуп кеткенин байкап үйгө көтөрүп киргизип кеттим. Мен башында эле “эртең келгиле, мыйзам боюнча ишемби күнү алып кетесиң” деп айттым. “Бул менчик турак жай, кирүүгө болбойт” деп да эскерттим. Сөзүмдү укпай атырыла бергендиктен күчкө салып түртүп чыгаргандан башка аргам калган жок.

Ушул окуя, Гүлзаттын айткан жалган жалаа, уят сөздөрү, колу менен уяттуу нерсени көрсөткөнү кыргыз элине секта өкүлдөрүнүн жүрүм-турумдарын ачык эле көрсөтүп койду. Бул нерсе Кыргыз өлкөсүнө өтө кооптуу. Сектанын кесепетинен балдарымдын жүрөгүндө “ата-энем ажырашып кеткен” деген жаман так калууда. Буга ким күнөөлүү? Албетте, дин тууралуу жетиштүү маалыматы бар, намаз окуп жүргөн адамдарды азгырып, азыркы биз көрүп турган Гүлзатка айланткан түшүнүксүз уюмдар.

Кечээ Гүлзат кызымдын мектебине келип концерт коюп кетиптир. УКМК, Билим берүү министрлиги анын окутуу жөнүндөгү лицензияларын текшерип, чара көрүшсө болмок.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
monster_high_98
2019-02-19 11:22:02
Экоондо тен куноо бар окшойт!Бири бирин жамандап жатып калганына караганда

Озунор деле видеосунан байкасанар керек,экоосу тен уйду талашып жатышат,балдары жонундо соз кылбай эле уйду мен салгам,сен саткансын деп эле милдет кылышып...

+6
bond02
2019-02-19 11:56:12
Экоону бир ээн талаага алып барып коюш керек да, чечишип алгыла деп.
0
Nanei
2019-02-19 12:50:55
Куйоосу деле не подарок. Гульзатка болушпайм бирок эри деле жакшы адамдай сезим калтырбайт
+14
barakcha
2019-02-19 22:28:18
Nanei,мага дагы куйоосу кызыл камчыдай сезилди.
+8
hello.kg
2019-02-19 14:15:31
Мурда деле жаман эле дейт,анда неге таштап кетти,ошондо коркпогон эми коркуп калыппы?Гулзат озу обу жок экен,балдарын да озуно окшоп башка динге алып баратда,тооба кудаай озун сактай кор.Балдары атасындале калганы туура экен
+11
Kamchybek-007
2019-02-19 16:13:25
Ушул саентология дегенге түшүнбөй койдум да толук маалымат берип элди түшүндүрүп койгула эч кандай психологияга тиешеси жок болуш керек динден чыгат дегенди уккан админ кеңири маалымат берип койосуздарбы???
0
HHFRU
2019-03-10 01:15:48
Kamchybek-007, википедиядан издесениз, табасыз саентология эмне экенин. АКШда негизделген секта. Оздорун дин деп аташып, кобунчо колунда бар бай адамдарды тартышат оздоруно. Эн белгилуу саентологдордун бири Том Круз...
0
Janna07
2019-02-19 22:53:03
Эжеме жездем жарашкан
+6
Usmangar
2019-02-19 23:57:35
Негизи бала 18жашка чейин эненин карамагында болууга тийиш эле.
Демек бул чын эле баш тарткан да.
+7
nurhan2702
2019-02-23 16:40:03
Usmangar,баш тартканга аргасыз кылган окшойт куйоосу.Аял бактылуу жашоосунан качпайт эч качан ,тажатканынан кетиптир да. Азыркы заманда куйоосунон кордук корсо да балдары учун мурдун шыр тартып жургон аялдар толтура .Бир четинен Гулзат кучтуу аял экенин далилдеди . Позитивдуу аял, азамат!Жашоо бир келет ,татыктуу жашоонун тандоо ар бир адамдын озундо
+2
nurhan2702
2019-02-23 16:40:26
Usmangar,баш тартканга аргасыз кылган окшойт куйоосу.Аял бактылуу жашоосунан качпайт эч качан ,тажатканынан кетиптир да. Азыркы заманда куйоосунон кордук корсо да балдары учун мурдун шыр тартып жургон аялдар толтура .Бир четинен Гулзат кучтуу аял экенин далилдеди . Позитивдуу аял, азамат!Жашоо бир келет ,татыктуу жашоонун тандоо ар бир адамдын озундо
0
orxidey
2019-02-20 19:05:33
Оздорунон башка эч ким билбейт чындыкты бирок эркек киши эркектей болсо....
+4
Eli.91
2019-02-21 15:02:29
Аллахтын алдында коркбойсунарбы жалган суйлоштон?Бирин эркекмин деп калбайсын бирин аял элем деп калбайсын!Уялбайсынарбы элдин алдында биринин артыны бирин ачкандан?Экоонда бир-убактары жакшынакай адам козун куйгузгон уйбуло болдунарда туурабы?Жакшы жаманды башынардан бир откоздунор чоон эле адамсынар тынчтык жолу менен эле чечип албайсынарбы?Гулзат сизге кайрылаарым алдагы кебетениз менен кыздарды кантип тарбиялайсыз?Кыздарыныз мусульман болуп туулгандан кийин мусульман болуп калганы дурус!
+2
Eli.91
2019-02-21 15:09:09
Минтип айтканымдын себеби сизден мусульман адамга тиешелуу нерсени байкабадым кечирип эле коюнуз каттуу айтсам.Жолдошунузду мурунтан эле сыйлабай келгениниз байкалып турат.Ажылдаган аялды эркек эчкачан жон койбойтда.Тоголото койот туурабы?Оозунуздан кандай создор чыкканын окуганда жокмун укканда жокмун.Бирок куноонун кообуроогу сиз жактада тургандайго?Бирок ата оз камкордугуна адлганы жатса эн жакшы.Анткени огой ата баарыбир огойлугун кылат.Тынч эле балдар атасында калганы дурус.
+2
Mister-X
2019-02-22 03:06:40
Күйөөсү түзүк эле жигит көрүнөт.Гүлзаттын кылыгын видеодон көрдүңөр го.Билбейм мага ошондой ХХХХ кылса,мен деле түртүп чыгармакмын.Эркектин жини келбейби?Аял деген назик болуш керек да.
+2
al79mi
2019-02-22 14:20:36
Атаке кызга ботоке куйоо деген силер окшойсунар.....
+1
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан