Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.
КОЙ (21.03-20.04)
Жабык типтеги мекемелер: оорукана, аскер, жаза өтөө бөлүктөрү жана ветеринардык мекемелерден кабар аласыз. Сиз аталган тармактардан кайсы бир утушка сөзсүз ээ болосуз. Андыктан барыңыз. Колуңузга акча тийиши күтүлүүдө.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жакын санаалаш адамдардын сый-урматына ээ болосуз. Лидерлик сапат жана активдүүлүгүңүз күчөйт. Кайсы бир үмүтүңүз орундалат. Андыктан аны эске алып эртерээк аракет жасаңыз. Көңүлүңүз көтөрүлөт.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Башка учурда жетекчиликтен айланып качсаңыз, бул аптада тескерисинче аларга жабышыңыз. Алардын жана өкмөт адамдарынын бул жумадагы сизге болгон көз карашы оң маанайда. Аз сүйлөп, купуялуулукту сактасаңыз баары сиз ойлогондой болот.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Көзөмөл органдары тарап, башка шаардык өнөктөштөр менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Дин, жогорку билим, алыскы сапар маселелери да жакшы чечилет. Курбу, кесиптеш, кичи ишканалар менен алгылыктуу иш алып барасыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Сиз бул жумада кызмат абалындагы адамдар менен көбүрөөк мамиле жасоого аракет жасаңыз. Ошентсеңиз натыйжасы сизди кур калтырбайт. Айлык акыңыз жогорулайт же жөн гана колуңузга акча тиет. Кайсы бир максатыңыз орундалат.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бийлик өкүлдөрү, өнөктөш, куда-сөөк тараптар менен жакшы маанайда сүйлөшөсүз. Алыскы жол, билим алуу суроолору канааттандырарлык чечилет. Адамдар менен алака жакшырып, бузулган мамилелер жөнгө салынат. Таанышуулар болот.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жумуш жаатындагы иштер жакшы кетет. Кесиптештердин сүймөнчүлүгүнө ээ болосуз. Айрым таарынычтар унутулуп, жарашуулар болот. Ал тургай эмгек акыңыз жогорулайт же капчыгыңыз кампаят. Медициналык кароодон өтүп коюңуз, эң жагымдуу мезгил.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Спорт, чыгармачылык, эс алуу жаатына көп көңүл бөлөсүз. Аталган тармактагы иштериңиз сиз ойлогондой орундалат. Талантыңыз ташкындайт. Балдарыңыз сизге кубаныч тартуулайт. Өз ара мамилелер жакшырат. Түгөйүңүзгө жылуу сезимдер күчөйт.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жумушта активдүүлүгүңүздүн күч алганын байкайсыз. Жасаган иштериңиз шайкеш келип кесиптештердин урматына ээ болосуз. Жеке иштериңиз да оң жагына чечилип, чарбачылыкты жөнгө саласыз. Үйүңүзгө конок келет. Жагымдуу сүйлөшүүлөр болот.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Көңүл ачуу, искусство, жаштар темасына көңүл бөлүүгө мажбур болосуз. Уюштуруу иштери жакшы бүтөт. Балдарыңыз көңүлүңүздү көтөрөт. Кошуна, курбу, бир туугандар менен жакшы тил табышасыз. Унаа, сапарга чыгуу суроосу чечилет же жакшы кабар угасыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Буюм, акча табуу иштери менен алпурушасыз. Бул ниеттериңиз орундалат. Болгону бир аз гана активдүүлүк керек. Үй чарба, жер тилкеси, ремонт иштери да сиз ойлогондой бүтөт. Жакындарыңыз менен бирге жакшы нерсеге жетишесиз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул аптада “ити чөп жеген” адамдардын катарына кошуласыз. Ишиңиз илгерилейт. Адаттагы ак көңүлдүгүңүздү ооздуктап, бир аз сыр сактаңыз. Кошуна, дос, туугандардын сый-урматына ээ болосуз. Жакшы кабар угасыз же сапарга чыгасыз.