КЕНЖЕ ДҮЙШЕЕВА МЕНЕН АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВА ИНТЕРНЕТ АРКЫЛУУ УРУШТУ. Бир кездеги курбулардын чырынын сыры эмнеде?

Эл көзүндө жүрүүнүн оорчулугу бир топ. Кылт эткениң алаканга салгандай көрүнүп калат эмеспи. «Кыз-Бурак» тобунун экс-солисттери Кенже Дүйшеева менен Айжамал Кабылованын ортосун кара мышык аралап, экөө тең агынан жарылышты. Чыр эмнеден башталды?


Айжамал Кабылова: «ИЧ КҮЙДҮЛҮК, КӨРӨ АЛБАСТЫК БОЛДУ»

Кечээ жакында ырчы Айжамал Кабылова жергиликтүү YouTube каналдарынын бирине маек берди. Анда ырчы кандайча сахнага келип калганы, чыгармачылык жолу, балалыгы, үй-бүлөсү тууралуу кенен баян курду. Сөз арасында көп жылдар бою чогуу иштеп, жакын курбу болуп келишкен ырчы Кенже Дүйшеева тууралуу да кеп салып, "душман болуп калабыз деп ойлогон эмесмин" деп, төмөнкүчө комментарий берди:

– Бүгүнкү күндө экөөбүздүн ортобузда мамиле жок. Себеби өзүңдүн коюнуңдан чыккан душмандардын кылгандары ушунчалык оор болот экен. Мен ал адамды бир тууганымдай көрчүмүн, анткени биз бир үйдө жашадык. Бир нанды бөлүшүп жеп, бир кеседен тамак ичип чоңойдук. Душман болуп калабыз деп эч качан ойлогон эмесмин. Бүгүнкү күнү мен аны жакыным да дебейм, душманым да дебейм, эжем да дебейм. Буга үй-бүлөмө киришкени себеп болду. Ич күйдүлүк, көрө албастык болду. Мен ушинтип айтам.


Кенже Дүйшеева: «ДУШМАНЧЫЛЫКТЫ МЕНДЕН ЭМЕС, ТЕГЕРЕГИҢДЕН ИЗДЕ!»

Айжамал Кабылованын бул билдирүүсү интернетте желдей тарап, кызуу талкууга түштү. Ысымы талкууда калган ырчы Кенже Дүйшеева социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу Айжамал Кабыловага жооп узатып, маселе эмнеден келип чыкканын кенен баяндады. Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн ырчынын жазгандарын толук берүүнү туура көрдүк.

  • – Эгерде сен жөнүндө каралоо, жамандоо токтобосо, демек, ал адамдын жан дүйнөсүндө сенин ордуң дагы деле бош бойдон экенин байкоого болот. Эгер чындап көңүл калса, мага окшоп анын ысымын атоого ооз барбайт эмеспи. Көрө албайт, ичи тар депсиң. Бул бүгүнкү же кечээги ойлор эмес. Көөдөнүңдө сары майдай сактап жүргөн ич күптүлүгүңдү айтып алыптырсың. Таң калган жокмун. Жыйырма жылдай чогуу жүргөн болсом, «мени булар көрө албайт, тиги көрө албайт» деген сөздөрүңдөн башка уккан жокмун! Кезек мага келиптир. Деги сен кимди көрө алдың? Өткөн күндүн баарын барактабай, бир-эки окуяны эсиңе сала кетейин:
  • «Жан-жан» менен элге жаңы тааныла баштаган учурда топтон качып кеттиң. Сенин топко кайра келишиңе көбү каршы чыгышса да, артыңдан мен барып алып келдим.
  • Мектепке ата-энелер чогулушуна менден башка сага ким барды? Мектепти аяктаган учуруңда алган бааларың "укмуш" болгондуктан, сенин келечегиң үчүн деп, бааларыңды калыбына келтирип, чуркаган ким эле? Мугалимдериң деле муну танбас.
  • ЖОЖго тапшырууңду ким багыттап, өксүп калбасын деп, жан далбастап кучагыма гүлдөрдөн толтуруп, алдыңдан менден башка ким тосуп чыкты эле?
  • Эфирге чыгууга эки сөздүн башын кошуп сүйлөй албаганыңдан суроолорду алдын ала алып, жообун өз колум менен жазып, таң атканча сага жаттаткан күндөрдү бир эстеп кой! Азыр ойду-тоону бир айтып сүйлөгөн сөз байлыгыңды өстүргөнгө түз салымым бар экенин эсте.
  • Турмушка чыктың. «Тамак жебей жатат, ооруп калды, кусуп жатат» деп айттырдың. Күнү болсо күнү, түнү болсо түнү барып, тамагыңды жедирип, ооруканага чогуу барып, уктабастан эртеси аэропортко учуп кеткен күндөрдү кантип жашырасың? Бул нерселер Кенженин сага милдети эмес, энеңден артык мамилеси деп түшүн. Эгер адамдык сапатың кичине калган болсо...
  • Жетекчилик үстүртөн башкарганы менен, топтун аткаруу иштери менин моюнумда эмес беле. Чынында сага басымды көбүрөөк жасаганымды бүгүнкү күнгө чейин кыздар айтып жүрүшөт. Москва шаарында жүргөнүңдө «ырдагым келип жатат» деп СМС жаздың. Сөзүн Нуркан Койчуманова жазган, өзүмө даярдап жүргөн "Бир өзүң бол" деген ырдын текстин сага жибердим. Себеби сахнадан алыстаганыңа жети жыл болуп калган эле. Клиптин идеясын да айтып бердим. Дал ошондой тартылды. Ичи тардык, көрө албастык болсо, сенин жолуңда мындай колдоолор болор беле?
  • "Үй-бүлөмө аралашты" дегениңе жол болсун! Мен "Жебе" тобу менен кезектеги гастролдук сапарда жүрсөм, сенден «бир нерсе болуп жатам» деген СМС келди. Дароо эле "мен барганча мээңди тазалап кой" деген сөздү жазып жөнөттүм. Бир жумада шаарга келдим. Түнкү саат бир жарымда Азамат (ред.: Айжамал Кабылованын мурунку күйөөсү) мага Москва шаарынан чалды. «Эже, сизге айтпасам болбой калды, сизден башка эч кимге айтпадым. Телефон чалсам албай жатат, бирок онлайн болуп турат» деди сени. Акыркы күндөрү чырылдашып жатканыңарды ошондо уктум. Азамат менен сүйлөшүп бүткөн соң чарчап келгениме карабай, сенин үйүңө бет алдым. Уккан кулагыма ишенбей бараттым. Үйүңдө өз апаң да бар экен. Кеч келгенимди таң калуу менен кабыл алдың, экөөбүз ашканада аябай ызылдаштык. Анан апаңды чакырып, Азамат айткан кептин баарын айтып бердим. Буларды жалганга чыгарбастырсың! Көп сөз болду! Кийин жолдошуң Москвадан келип, сен тараптан ал тарапка жазган СМСтерди көрсөткөндөн кийин мен сенин мындай кадамыңды абдан оор кабылдадым.
  • Жазгандарыңды өзүң моюнуңа алдың! Бул нерсе баарына чекит койду! Жан дили менен сенин чыгармачылыгыңды колдогон жолдошуңду түшүнө албаганыңа өкүндүм. Москвага кетериңде «үй-бүлөңдү сактап калсаң гана сени менен катташам» дедим. Мен сөзүмө турдум! Анткени мен ырыңдан да, сенин бактылуу үй-бүлөң менен болууңду маңыздуу, терең, баалуу деп эсептээр элем! Азыр деле кеч эмес, экөөңөр кайрадан жарашып мурдагыдай бактылуу болсоңор чын дилимден кубанам! Аллахымдан тиленем!
  • Ушул постту жазарда караңгыда шам жагып алып, ийне издегендей мага жасаган жакшылыктарыңды, ыраазычылыктарыңды, рахматтарыңды издедим. Таба албадым! Көрсө, сенин чыгармачылыктагы бешигиңди терметүү менен убара тарткан экенмин! Душманчылыкты менден эмес, тегерегиңден изде! Анткени «Орусияда болсо ырын жөнөтөсүң, учактан түшө электе салонду даярдайсың, студияларга чогуу барасың, клиптерин даярдайсың көптүрүп жатасың» деп учурунда мага айткандар азыр сенин жаныңда.
  • Бир учурда мага күйгөн адам болуп «ал киши менен катташпаңыз, сизди пайдаланды, жакшылыгыңызды баалабады» деп бириңден-бириң өтүп айттыңар эле. Бүгүн ал кишинин жанындасыңар. Бул өнөргө да калың бет керек.
  • Экөөбүздүн жолубуз сенин калпыс кадамдарыңдан эки айрылыш кетти. Бир нече жыл өттү. Дегеле мени унута албай койдуң. Өз турмушуң менен жаша. Күнөөлүүлөрдү сырттан издей бербей, өзүңдүн баскан-турганыңа, иштериңе, жоруктарыңа бир көз салып, катачылыктарыңды сыдыргыдан өткөрүп, моюнга алып, андан ары жашаганга, бирөөлөрдү айыптай бербегенге үйрөн. Бул менин эжелик бир кеңешим...


Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
Miya
2019-02-26 09:05:09
Убагында ХХХХХ жасандап чыкты эле. Ошондо мен ойлогом, ии разы болбогон ХХХХ экен деп! Кайсы Адам озу ичкен суусуна тукурот? Группада бир эки жыл дуруп ошентсе, макул дейсин. 20 жыл иштеп, эч кимдин коркутуусу менее эмес, оз калоосу менен журуп!
-8
Asel33
2019-02-26 11:52:57
Уят.. Эми бири бирин чукулашпай эле койсо болмок. Айжамал ойлонуп сүйлөсө, Кенже эч нерсе дейбейт эле. Эми Айжамал өзү күйөөсүнүн, тамада жана аялынын жараатын кайра козготту. Алар эмне болот. Жарашкан күйөөсүнө кайра сөз тийгизип. Ойлонуп иш кылгыла
+6
Tipi17
2019-02-26 12:40:55
Айжамал озу куноолуу орок оро албаган орсок уй саайт деген макал Айжамал учун айтылгандай Кенже эже азаматсыз
+9
meni_kut
2019-02-26 14:59:08
Айжамал куйоосун жамандап чыккан эле бир кезде,анан кайын журтун жамандап,эми Кенжени .Негизи ар кимди жамандап жургон адамдын журогу таза болбойт.
+7
nurhan2702
2019-02-26 15:09:31
Коомчулукта жарыя болбой оз алдынарча чечишпейсинерби.Кенже эже соз байлыгынызга баа бердим.Ошондой акылыныз менен урушунарды токтоткула.
+4
fantastic_baby
2019-02-26 19:00:50
Кенже оозун укмуш кылып жабып коюптурго, Айжамал чын эле башкаларды куноологондон алыс болуп , озунчо болуп жашай бер да эми.
+5
GUL2016
2019-02-26 22:11:22
Айжамал адашты ал унчукпаш керек эле. Кенже ушул кунго чейин унчукпай келе жататко.Анын дагы оз чындыгы барда
+5
Snejana
2019-02-26 23:53:35
Кенже актанып эмне кылат. Тенелбей кой бутту. Айжамал куйоосу менен ажырашканда, аябай кайгырдым эле. Корсо кептин баары Айжамалда жаткан турбайбы. Жакында бир таанышым Айжамалды тойго чакырам"-деп журчу. Ал дагы чакырбайм" деп калыптыр. Маалымат согушу деп ушуну айтат.
+4
orxidey
2019-02-27 00:06:23
Бирок Кенженин мээнети коп болгон кыз буракта эмнеле ага асыласынар.Ал озунун жашоосу менен туз журот андан коро озунордун жашоонорду жонго салып алгыла.
+3
ainura220888
2019-02-27 03:13:30
Бирок кептин ачыгы Кенже кеткенден бери кыз буракта нормальный ыр жок нормальная кыз жок. Айжамал менен Гульнара эрге тийип кеткенде да Кенже кыз буракты кармап турган. Аты чыгып турат эле. Азыр только Сайкалды эле тааныйбыз он жылдан бери бир жарк деген ыры чыкбады. Эски эле ырлар болбосо жанысы жок. Айжамал аябай жакчу мага бирок озу козгоп алды кенже душман деп. Гулшайыр эженида кыйын кыйын десен вообще эле тошун кага бербей басып койбойбу экоонун тен пейлин билет.колунан чыкан кыздар
+5
AikUrm
2019-02-27 14:07:50
Чын эле Айжамалдын ырдаганы гана болбосо акылы,билими,соз жагынан бир аз жакырдай сезилет.Кенженин созундо чындык бар.
+3
aimai
2019-02-27 23:15:37
Kenje maga jagat irchi katari jana adam katari ,a bul Aijamal kim Kenje menen karmashkandai jon ele jursonchu
+3
baku24
2019-02-27 23:24:19
Айжамал түз эфирден качты го , теңелип келгенде экөө тең бири - биринин далай былыктарын чукушмак да
+2
Asel33
2019-03-01 12:51:52
Админ сураныч. Канчанчы чыгарылышта эле, Айжамалдын, күйөөсүнүн берген маектери айтып коёзузбу.
0
Asel33
2019-03-01 20:04:59
Админ рахмаат
0
№ 851, 21-27-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан