ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 4-10-МАРТКА ЧЕЙИН


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын экинчи жарымында кесиптештер, бийлик өкүлдөрү менен бирге жагымдуу маанайды баштан кечиресиз. Көңүл ачуулар болот. Сезимди көзөмөлдөбөсөңүз, жашыруун иштердин болуп кетиши толук ыктымал. Колуңузга акча тиет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Курбу, өнөктөш, текшерүү органдары менен алгылыктуу иштерди алып барасыз. Кайсы бир үмүтүңүз орундалат. Бул үмүттүн орундалышы үчүн жакындарыңызга, улгайган же таасирдүү адамдарга кайрылсаңыз жыйынтыгы жаман болбойт. Эске алыңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Колуңузга акча тиет. Бул акчалар элдеги аласа, айлык акыңыз болушу мүмкүн. Анын өлчөмү жетекчилик, абройлуу адамдардын таасиринен толук көз каранды. Андыктан бул адамдар менен жакын болууга аракет жасаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сиз бул жумада эски тааныштарга жолугасыз. Маанилүү сүйлөшүүлөр болот. Бузулган мамилелер да жөнгө салынат. Бейшембиден тарта дос, куда тараптар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Жакшы сунуштардын түшүшү күтүлүүдө, четке какпаңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Жумуш жаатында баары сиз ойлогондой болот. Кесиптештердин сый-урматына ээ болосуз. Апта ичи колуңузга акча тиет. Бул акчалар жетекчилик, улгайган адамдар аркылуу келет же насыя акчалар болушу толук мүмкүн. Лидерликти колго аласыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Эс алуу, чыгармачылык, балдар темасына жоопкерчилик менен карайсыз. Аталган тармактагы иштер жакшы жүрөт. Балдарыңыз сизге кубаныч тартуулайт. Негизги жумуштарды бүтүрүү үчүн жубайыңыздын жардамына таянганыңыз оң.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Үй тиричилик, жер тилкеси, жасалгалоо иштерин уюштурууда активдүүлүк көрсөтөсүз. Аталган тармактагы жумуштардын баары сиз ойлогондой бүтөт. Ата-эне, улгайган туугандар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр болот. Алардын алкышына татыйсыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Кошуна, курбу, бир туугандардын колдоосуна ээ болосуз. Андыктан алар менен мүмкүн болушунча жакын болууга аракет жасаңыз. Унаа, сапарга чыгуу суроолору жакшы чечилет. Сапарга чыгар алдында унааңызды техникалык кароодон өткөрүп койгонуңуз оң.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада акча табуунун мыкты жолдорун ойлоп табасыз. Андыктан киреше кирчү булактардын ар бирине маани бергениңиз туура болот. Банктан ала турган насыя же элге берген карыз акчаларга да көңүл буруңуз. Жакындарыңыз кубаныч тартуулап, үй-бүлөдө тынчтык өкүм сүрөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул жумада көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Ойлогон ойлор ишке ашат. Аны менен бирге жоопкерчиликтин да күчөгөнүн байкайсыз. Окуу, документ иштери жакшы бүтөт. Кызыктуу маектешүүлөргө катышасыз. Сөзгө чечен болуп чыга келесиз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жабык типтеги ишканалар: оорукана, аскер, жаза өтөө бөлүктөрү жана ветеринардык мекемелерге барып келүүгө туура келет. Ал жерде жагымдуу окуяларга күбө болосуз. Узак мөөнөттүү долбоорлор талкууга алынат. Үй-бүлө мүчөлөрү көңүлүңүздү көтөрөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Эски дос, өнөктөш, кесиптештерге жолугасыз. Көңүл көтөргөн сүйлөшүүлөр жүрөт. Узак убакыт бою күтүп келген максатыңыз орундалат. Бул максаттын орундалышы үчүн кошуна, дос, туугандардын жардамына таянганыңыз оң. Пайдалуу маалымат аласыз.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 4-10-мартка чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 852, 28-февраль - 6-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан