ОРУСИЯЛЫК КЫЗДАРДЫ СУЛУУЛАГАН КЫРГЫЗ ЖИГИТ

Мырза Абдразаков – өзүнө чек койбогон, көңүлү жакканды жасаган, «эл эмне дейт?» деген түшүнүк менен жашабаган адам. Мекендешибиз 3 жылдан бери Орусияда жашайт. Ал жакында Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык "Неванын жээктери" сулуулук фестивалында мыкты деп табылды.


Мырза Абдразаков
Туулган жылы
– 1996-жыл
Туулган жери – Тогуз-Торо району, Казарман айылы
Үй-бүлөдө – 6 бир туугандын бешинчиси


– Салам, Мырза. Алгач өзүң, үй-бүлөң тууралуу айтып берсең.

– Саламатсыздарбы. Мен Тогуз-Торо районундагы Казарман айылынын кулунумун. Атам пенсияда, бир туугандарым үй-бүлөлүү. Апам 4 жыл мурун кайтыш болуп калган.

– Учурда Санкт-Петербургда стилист болуп эмгектенет экенсиң. Кандайча бул кесипти тандап калгансың?

– Бала кезден сулуулук чөйрөсүнө кызыгуум күч. Кичинекей кезимден тартып башка балдардай чүкө аткандын ордуна үйдө куурчак ойночумун. Ата-энем бир жакка кеткенде эжелерим мага көйнөктөрүн кийгизип көп эрмектешчү. Өзүм да чач кармалап өргөндү жактырчумун. Ошонун таасириненби, кыздарга окшоп мүнөзүм жумшак.

– Эмне үчүн чет жакта иштөөнү чечтиң? Питер сени кандай тосуп алды?

– Апамдан ажырап калгандан кийин чет жерге чыгуу тууралуу ойлоно баштадым. Апамды жоготуу мага оор болду. Баскан-турган жерлер, колдонгон буюмдарым апакемди эстетип аябай кыйналып кеттим. Ошондо жер көрүп алаксыйын деп Питерге келгем. Бул жакта тааныш эже аркылуу жумушка орношуп, ийгиликтерди багындырып, аз болсо да Кыргыз жеримдин атын жакшы жагынан таанытууга салымымды кошуп жатам.

Сулуулук жаатында ордумду аябай оңой таптым. Кыйынчылык болгон жок. Жөндөмдүү болсоң ар тармактан өзүңдү табуу жеңил болот экен. Адам алдыга максат коюп, кесибин сүйсө гана ийгиликке жете алат.

Албетте, жаңы жерге келгенде өлкөңдү, үй-бүлөңдү сагынасың. Алар менен дайыма байланышып турсаң да жалгыздык сезими жүрөгүңдү өйкөй берет. Питерге келгенде көпкө чейин жакындарымды сагынып ыйлап жүрдүм. Азыр Питер мен үчүн өзүбүздүн Бишкектей эле болуп калды.

– Стилист болуп эмгектенип жатканыңа 3 жылдай болуптур. Кандай ийгиликке жетише алдың?

– Мен учурда Питердеги «Орусиянын идеалдуу сулуусу», («Мисс идеал России»), «Санкт-Петербургдун бермети» («Жемчужина Санкт-Петербурга») аттуу сулуулук сынактарынын расмий стилисти болуп иштейм. Андан сырткары Орусиядагы эң масштабдуу «Неванын жээктери» («Невские берега») сулуулук фестивалында 2000ден ашуун катышуучунун арасынан «Жылдын бьюти блогери» наамын алдым (ред.: фестивалга сулуулук чөйрөсүндө эмгектенген стилист, визажист, тырмактарды жасалгалоо боюнча адистер катышат). Бул менин экинчи жеңишим. Былтыр да ушул наамды багындыргам.

– Жакшы экен. Бирок кыргыз коомчулугуна мырзалардын сулуулук чөйрөсүндө иштегени, чачын түркүн түскө боёп, сулууланганы, сага окшоп жарым жылаңач сүрөткө түшкөнү өөн учурайт. Бул боюнча пикириң кандай?

– Мырзалардын чач жасалгалоосу биздин калк үчүн чынында жат көрүнүш. Бул тармакта саналуу гана кесипкөйлөр эмгектенет. Бирок айымдарга мырзалардын чачтарына кам көрүп жатканы жагат.

Мен элдин ою менен чектелбеген көз карандысыз инсанмын. Бул менин табиятым. Мага сулуу адамдар жагат. Өзүмдү карап келбетиме кам көрүп жүрөм. Бул менин каалоом, тандоом.

– Сенин Инстаграм баракчаңдан жарым жылаңач түшкөн сүрөттөрүңө көзүм түштү. Андай сүрөттөрдү кандай максатта киргизесиң?

– Инстаграм менин сүйүктүү баракчам. Адам канчалык кызыктуу болсо, ошончолук көрүүчүлөр көбөйөт. Жан дүйнөм чыгармачылыкка жакын болгондуктан кызыктуу образдарды жаратканды жакшы көрөм. Өзүмдү ар тармакта сынап көргүм келет.

– Мындай сүрөттөрүң үчүн көп сынга кабылсаң керек...

– Билесизби, мен сынга көнүп калган адаммын. Мектептен баштап эле менин баскан-турганымды сындагандар көп болгон. Катардагы окуучулардан тартып мугалимдерибизге чейин мени талкуулашчу. Инстаграмда да сынчылар абдан көп. Мен алардын деңгээлине түшүп жооп берип отурбайм. Себеби бул менин дүйнөм. Мен көңүлүм каалаган нерсени жасайм. Эң башкысы, мага жакса, мен андан ырахат алсам болду. Калганы кызыктырбайт.

– Келечекте ырдап шоу-бизнеске аралашайын деген оюң бар экен. Эгер аралашсаң башкалардан өзгөчөлөнө аласыңбы?

– Кыргыз ырчылары учурда тойго ыктап калышпадыбы. Өзгөчөлөнгөн эч ким жок. Мындайча айтканда, шоу дүйнөдө шоу жок. Концертке барсаң уйкуң келет. Фантазия жетишпейт, биздин маданият өкүлдөрү элди таң калтыра алышпайт. Өздөрүнө көңүл бурдурууга дарамети жетпей калганда кара пиар, уруш-талаштарды чыгарышат. Мен жакында кыргыз шоу дүйнөсүнө өзгөчө стиль менен дүң жаратсамбы деп пландап, продюсер издеп жатам. Кудай буюрса, жакшы продюсер менен иштешип, жакшы чыгармаларды, өзгөчө образдарды шоуну кыргыз элиме тартууласам деген ниеттемин.

– Кеп нугун жеке жашооңо бурсак. Сулуулукту жактырган Мырза сүйүүсүн тапканбы?

– Албетте, жүрөгүмдүн ээси бар. Анын улуту орус. Учурда бактылуумун. Калганын убакыт көрсөтөт.

– Маегиңе рахмат. Ийгиликтер көп болсун!


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (48)
Aiymkunumjyldyzym
2019-03-11 22:08:40
Oi bul bizdin mekteptin ,,myrzagulu,,turbaiby.5 kunu super info kotorup otchu kochodon,ar kimden Nelianyn surotun chogultup jurchu.5 klass kezindele bezsvetnyi lak,pomadalardy koldonchu,kyzdardyn janynan kalchu emes,tualetke da eerchip alchu.Baikelerinen ,,erkektei,,bolup jur dep dalai tokmok jegen,kyskasy tuwunuktuu ele boldu okwoit
+2
Cosmos
2019-03-11 22:29:35
Aiymkunumjyldyzym, ушундай балдар негизи тын болушат. Неля эжесине окшошкусу келген турбайбы. Биз сиз экообуз ошол баланы талкуулап атабыз. Кичинесинде супер оокуса эми Аны элдер окуп атышат. Кыздай болобу эркектей болобу аман эле болушсун. Алыста экен бир туугандарынан. Апасынын жок экенин окуп апамды эстеп бул баланы тушунуп турам.
+1
Aiymkunumjyldyzym
2019-03-11 22:38:55
Cosmos,emi bilgenimdi jazdym.Ansyz dele menden bawka kancha adamdyn ters pikirleri jazylyp turat
-1
Cosmos
2019-03-11 23:00:05
Aiymkunumjyldyzym, иттер урот негизи тааныбаган адамга.
+1
Aiymkunumjyldyzym
2019-03-11 23:15:20
Cosmos,eger bilsen ozgocho kyrgyzdarda myndai stilde chykkandarga uro turgan itter toltura.Kerek bolso owol itterden korkup ketken bul aiyldan,Sen biwkekte choguu iwtesen,men bul balany 1 klassynan beri bilem,Emne boldu ancha saga,
+1
Cosmos
2019-03-12 01:53:04
Aiymkunumjyldyzym,ошончо жаман балабы?
+1
katerina.li
2019-03-12 18:47:17
Aiymkunumjyldyzym,бир туугандары жаман болупатышса керек коруп алып. Эми кызга окшош болуп торолгонуно эч ким куноолу эмес озу дагы куноолу эмес. Болгону кимге окшош болсо дагы алдыгыдай болуп суротко тушкон болбойт ко
Эми суллуу корунсо да эч нерсе дебейт эле эч ким. Бул баланыкы просто отвращениего
-1
Ziasuiunbekova
2019-03-19 12:30:45
Cosmos,Акылдуу бала душевный
+1
Ziasuiunbekova
2019-03-19 21:16:00
Токмок жеген дептирсиз го :) Ата энеси бир туугандары тушунуу менен мамиле кылышат анткени Мырзанын озунун дуйносу ички дуйносу дайыма колдоп келишет,анчалык туура эмес соз таратпаныз.
+2
Usmangar
2019-03-11 23:55:10
Зверевдин синдиси болуп ал.
Кыргызды кызтеке болуп таанытпай эле койчу карындаш
+7
milan-707
2019-03-13 23:41:58
Usmangar,жайлапсынго +30
0
admin_portal
2019-03-12 11:17:02
Pandora, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
oshondoiraak
2019-03-12 20:03:16
Ошончо болуптур шиш така кий, баягы эмне еле ручка беле калемби ошону кий, жарашаткен сага, кийин небере чеберелериң эстеп жүрсүн.
+4
katerina.li
2019-03-13 09:57:48
oshondoiraak,карандаш
-1
Targarien
2019-03-18 07:09:34
oshondoiraak, небере чоборо болобу десен :)
-1
Aiymkunumjyldyzym
2019-03-13 17:26:33
Bir tuugandary sabap jurup ele kaldy.Baw bergisi kelbei anan rossiany kozdoi jonodu da.Klasstaw kyzdary menen choguu jurgondo alar wymyn wypyrabyz dep kachyryp jiberdik dep juruwkon,Bir tuugandary aiabai jakwy.
-2
Ziasuiunbekova
2019-03-19 21:17:44
Айиий ойлонулбаган окуяларды жазыптырсыз,,,Кызык кызык,,,
0
Seyitira8186
2019-03-13 20:05:41
Ыйман берсин.суротко тушконун коруп коркосунго.жигит дегенда ушундай болобу
-2
gulbadam91
2019-03-14 00:01:40
Кудай сактаа чыкпай эле койчу сураныч! Башкаларга таасирин тийбесин!
-2
Targarien
2019-03-14 08:27:08
Азыр ушундайлар хит болууда
+2
4ika1989
2019-03-17 09:14:59
Тфу ### окуп алып мен уялып кеттим, ушундай да болобу? Заман эмне болуп баратат? Кыргыздын атын таанытып атам деп мактанып коет дагын, эркектей эле болчу)!
-3
baltabaev
2019-03-17 11:40:42
Урдуруп койгон окшойт))
-1
Ailin94
2019-03-17 20:25:39
Ой тообо тушунугүү жакшы эле баладай,анан кийингенинен "Кыргыз Жигити"деп болбойт шермендечилик
-2
Ziasuiunbekova
2019-03-19 12:00:25
Азаматсын Мырза !!!
+2
Ziasuiunbekova
2019-03-19 12:01:06
Сени искусство адамдары гана тушунот!
+2
Ziasuiunbekova
2019-03-19 12:03:58
Жакшынакай эле бала. Билимдуу мектепте жакшы окууган мыкты окуучулардын бири болчу.Молодец Мырза Алгаа .. Мыкты талантуу !!!
0
Ziasuiunbekova
2019-03-19 12:28:13
Суйунуп атам молодец кыйын баласын, ИЙГИЛИК!
0
№ 853, 7-13-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан