ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 18-24-МАРТКА ЧЕЙИН


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)
Кирешенин кирүү булактары өзгөрмө болот. Кээде акча келип түшсө, кээде чыгымдарга дуушар болосуз. Жумшалуучу чыгымдар дос, өнөктөш, айрым ишканаларга байланыштуу болмокчу. Бул тармактагылар менен алака кылууда сак болуңуз, таарынычтар болот.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын алгачкы күндөрү жумуштарыңыз сиз ойлогондой орундалат. Шаршембиден тарта айрым тоскоолдуктарга туш болосуз. Эң негизгиси, ачууга алдырбаңыз. Кызматтагы адамдар менен баарлашууда тактикалуу болуңуз. Сизге басым жасалышы мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Кайсы бир иштериңиз ийгиликтүү орундалышы үчүн сизден купуялуулук, бир сырдуулук талап кылынат. Башка шаардыктар, өнөктөш, көзөмөл органдары менен мамиле кылууда токтоо болуңуз. Унаа башкарууда, жолдо жүрүүдө сак болуңуз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Курбу, кесиптеш, кичи ишканаларга байланыштуу суроолорду аптанын биринчи жарымында чечип үлгүрүңүз. Антпесеңиз аталган тармактагы инсандар менен пикир келишпестиктер болот. Буюм, акчага байланыштуу көйгөйлөр жаралат.


АРСТАН (23.07-23.08)
Жетекчилик, өкмөт өкүлдөрүнүн колдоосуна татыгыңыз келсе дүйшөмбү, шейшембиде жолугуп үлгүрүңүз. Шаршембиден баштап алардын өзгөргөндүгүн, агрессивдүүлүгүн байкап оюңуз экиге бөлүнөт. Айрым мамилелер бузулат. Сараңдык кылбаңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жумуш же ден соолук жаатында көйгөй жаралбасын десеңиз, апта башында активдүү болуп, спирт ичимдиктеринен оолак болуңуз. Бөтөн шаардык өнөктөш, куда тараптар, текшерүү органдары көйгөй жаратышы мүмкүн. Алыскы сапардан баш тартканыңыз оң.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Киреше кирет. Бирок шаршембиден тарта аз эмес суммадагы сарптоолор болот. Сарпталуучу бул акчалар эс алуу, уюштуруу иштерине же балдарыңыздын керектөөлөрүнө жумшалмакчы. Романтика жаатында сак болуңуз, кайырмакка түшүп калууңуз толук мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жубайыңыз жана айрым адамдар менен болгон мамилелер бейшембиге чейин сиз ойлогондой болот. Андан соң аталган адамдар менен тирешүүлөр жүрөт. Негизгиси, адаттагы көктүгүңүздү ооздуктасаңыз баары жакшы болот. Үй тиричиликте маселе жаралат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жумушуңузда маанайлар өзгөрмө болот. Андыктан алдын ала кыраакы болуңуз. Кыжырданууга алдырбаңыз. Туугандар жана жалпы эле адамдар менен алака кылууда менменсинүүнү көзөмөлдөңүз. Жолдо жүрүүдө, сапарга чыккан учурда сак болуңуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Көңүл ачуу, романтика, спорт, бизнес тарабына көңүл бөлүүгө туура келет. Балдарыңыздын керектөөлөрүнө акча жумшайсыз же алардын кайсы бир көйгөйүн чечүүгө дуушар болосуз. Чыгымдар көп болбосун десеңиз, бул иштерди жөнгө салыңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын орто ченине чейин үй чарба иштери зымылдап жүрсө, кубанбай туруңуз. Жасалган иштердин туура бүткөндүгүнө байкоо жүргүзүңүз. Анткени бейшембиден тарта үйдө кооптуу нерселер орун алышы толук мүмкүн. Негизгиси, токтоо болуңуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Кошуна, бир тууган, жакынкы чөйрөдөгүлөр менен мамиле кылуу үчүн жуманын биринчи жарымы эң жагымдуу. Андан соң алар менен түшүнбөстүктөр жаралат. Жагымсыз жагдайлар ачыкка калкып чыгат. Жолдо, унаада жүрүүдө сак болуңуз. Кооптуу мезгил.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 18-24-мартка чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 854, 14-20-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан