Аваз Акимов: «АЙДАНА ЖУБАЙЫМ БОЛГОНУНА ИШЕНЕ АЛБАЙ ЖАТАМ»

10-март күнү Бишкектеги тойканалардын биринде Айдана Деканы ата-энеси кыргыздын каадасы менен Аваз Акимовго узатып, кыз узатуу тоюн өткөрүштү. «KG-pop музыкасын өнүктүргүм келет» деген Айдананын кыз узатуу тою заманбап стилде, адатка айланган «Жар-Жарчысы» жок өттү. Тойго Нурлан Насип, Баястан, Гүлназ Чыныбек кызы, Нурмат Садыров, Алмаз Шаадаев, Джонни, Анжелика жана башка ырчылар, эки жаштын жакындары конок болушту.





 

 

Зал ушундай косметикалык декорациялар менен кооздолду.

 

Алгач Айдананы атасы залга алып кирип, Авазга тапшырды.

 

Жаңы куралган Акимовдордун үй-бүлөсү. (Айдананын атасы, эки жаш, Аваздын, Айдананын апалары)

 

«Аваз 29 жашында үйлөнүп жатса, мен 29 жашымда Авазды Бишкекке алып келген элем. Ал 10 жашында мага келип, 20 жашында өз алдынча бөлүндү. Урматтуу кудалар, Кудай буюрса, биздин балабыз да, сиздерди «подводить» этпеген күйөө болот»,- деп ишендирип кетти Сыймык Бейшекеев.

 

Аваздын апасы Кадича Зулушова: «Авазга айылдан кыз издештирсек, туура келбеди. Айдананы 4 жылдан бери билебиз, көңүлүбүзгө толгон акылдуу кыз»,- дейт. Ошентип Кадича айым ырчы уулунун ырчы келинчегине сөйкө салды.

 

Тойлордо кыргыздын салтын аттап өтүү мүмкүн эмес. Аваз тарап калың салынган калың конвертти кудага тапшырса, Айдананын апасы Жылдыз Деркембаева кудагыйына кийит кийгизди.

 

Тойдун алпаруучусу тамада Санжар Мыкыев Айдана менен Аваздын тун наристеси уул болуш керекпи же кызбы деп конокторду жарыштырып жаткан кези.

 

Тойдун көркүн кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрү Аваз менен Айдананын достору ачышты. Жакында ата болууга камынып жаткан Нурлан Насип досунун бактысы үчүн «Эки жаш» деген ырын аткарып берди.

 

Кыз узатуунун эң таасирдүү жери Айдананын агасы Канат Деркембаевдин «Карындашым» деген ырын аткарган учуру болду. Ага-карындаштын сезимдерин көрүп көпчүлүк жашып да алды.

 

Айдана апасы менен коштошуп жатат. Жылдыз Деркембаева: «Маңдайыма бүткөн жалгыз кызымды турмушка узатканыма бирде капа болсом, бирде кубанып жатам».

 

Ошентип эки жаш жетелешкен боюнча турмуштун даңгыр жолуна аттанышты.

 

Тойдо Айдананын көйнөгү коноктордун көңүлүн бурду. Ырчы айым бул көйнөктү атайын америкалык дизайнерге буюртма менен тиктиргенин айтты.

 

 

 

 

 








 

Блиц-маек

– Той кут болсун, эки жаш. Айдана, зал заманбап стилде жасалыптыр. Эмнеге «Шанель» тематикасын тандадың?

– Кыз узатуу бир жолу болот. Андыктан тойду көңүлүмдөгүдөй өткөргүм келди. Көп эле тойлорго барып, ырдап, көрүп жүрөбүз. Мен алардан кичине болсо да өзгөчөлөнөйүн дедим. Кыз узатуу кызга таандык тема болуп жатпайбы. Ошондуктан кыздар темасында деп «Шанель» брендин тандадым.

– Турмуш жолуна аттанар алдында сезимдер өзгөчө болуп жатса керек?

Аваз: – Үйлөнөм деп жүргөндө көп нерсе билинбейт экен. Ошол күн келгенде сөз менен жеткире алгыс башкача сезимдер болду. Кантип эле Айдана менин жубайым болуп калат деп ишене албай кубанып жаттым. Азыр деле ишене албай жатам, бир-эки күндөн кийин көнсөм керек.

Айдана: – Тойдун башында атам менен чыкканда аябай толкундандым. Эмоциям ашып-ташып көзүмө жаш тегеренди. Мунун баары бакыттын даамы деп айтмакмын.

– Былтыр Нурлан досуң үйлөнүп, тою бир айга созулду эле. Силердики кандай болот?

Айдана: – Мени азыр ата-энем каада-салт менен узатып жатышат. Буюрса, 16-мартта Ош шаарында чоң той берсек, Бишкекте 26-мартта болот.

– Жакшы экен. Аваз, үйлөнүү кезегин эми кимге узатасың?

– Нурмат үйлөнсүн дегем, бирок сүйлөшсөк кичине көңүлү жоктой. Кийинки кезекте Данияр го (ред.: Эрматов), ошол жактан той жыттанып жатат.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Аваз айылда жашайлы десе макулмун". Айдана Деканын кыз узатуу тоюнан репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Tiken
2019-03-19 07:50:53
Аваз аябай жакшы жигит ар бир кыздын кыялындагы мырза... завидую Айданага (белая зависть) бактылуу болгула, туболугунор туз болсун!!!
+2
erkeleim
2019-03-19 09:55:34
Садага болоюн жымшыки)))) бактылуу бол иним коздоруну жакшы кором))) экоон уйлонгончо жаным жай албады тоюнарды угуп кенен уктадым.
-2
bond02
2019-03-19 14:52:37
Кантип ишене албай жатасын? Лотереядан утуп алгандай суйлойт го.
+4
vikidiki
2019-03-19 21:33:18
Бактылуу болгула!
+2
oshondoiraak
2019-03-20 01:42:58
Ишен Ишенишиң керек Аваз али мойнуна минет дагы тур кир жуу, десе, жуубайм деп камыр кылып отуруп аласың али
+5
joke81kg
2019-03-20 13:49:36
Сыймык Бейшекеевди окул ата кылсанар болмок
+1
pero5184
2019-03-20 13:50:50
Бактылуу болгула түбөлүккө
0
jypar.ermatova
2019-03-21 00:42:05
Бактылуу болгула туболугунор туз болсун
0
Samieva8890
2019-03-21 08:46:06
Куш боонор бек болсун!
+1
DNurgiza
2019-03-23 23:58:08
ӨКүл атасы ким болду ошондо?
0
Miru-suli
2019-03-24 12:03:13
DNurgiza,мен
0
Miru-suli
2019-03-24 12:03:20
DNurgiza,мен
0
Nura2016
2019-03-24 01:21:21
куш бооңор бек болсун
0
Nura2016
2019-03-24 01:22:17
бирок арка тараптыктар алып кетип калышат болчу жолдошторун.сен сак бол
0
Miru-suli
2019-03-24 12:02:42
Бактылуу болгула )
0
Bek1983kg
2019-03-24 12:20:28
Куш боонор бек болсун, бир омур бактылуу болгула!!!
0
Orzu-Mahmadi
2019-03-24 19:56:19
Бакыт каалаймын!
0
№ 854, 14-20-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан