ЦИРК ӨНӨРПОЗУ АСЛАНАЙЫМ АШИРОВА ООР ЖАРАКАТ АЛДЫ. «Кызым Аида Акматованын айынан жаракат алды» дейт анын апасы

Ырчы Мирбек Атабековдун «Алдадың» аттуу ырынын клибиндеги үлпөт көйнөкчөн тоюнан качкан сулуу кыз бардык эле көрөрмандардын эсинде болсо керек. Так ошол клиптеги башкы каармандын ролун жараткан таланттуу актриса, каскадёр Асланайым Аширова (Светлана Аширова) Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында кырсыкка кабылып, оор операциядан өттү. Көп кырдуу таланттын ээси болгон кызын кыргыз эли колдоп, эртерээк сакайып кетишин тилеп жаткан чагы.


ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ

Асланайым Аширова Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарына «Көчмөндөр ааламы» фестивалына катышуу үчүн барган. 8-март күнү фестивалга даярдануу учурунда ал оор жаракат алып, тагыраагы, оң буту сынып, Сауд Арабиядагы ооруканалардын бирине жаткырылган.

Ошол күнү Акшин Жанузаков аттуу интернет колдонуучу Facebook баракчасына «Асланайым кырсыктан кийин өзүн жоготуп, бир күндөн кийин эсине келди. Азыр дагы бат-баттан эс-учун жоготуп жатат. Ал жаткан ооруканага Кыргыз делегациясынан бирөө келип абалын сурап койгон жок. Биздин сыймыгыбыз болгон эр жүрөк кызыбызды сактап калуу үчүн жардам берүүбүз керек»,- деген билдирүү жазган. Анын билдирүүсү талкуу жаратып, интернет колдонуучулары Асланайымга колдоо керек экендигин жазып, Кыргыз делегациясын баштап баргандарга нааразычылык күчөдү.

Көп өтпөй Кыргыз мамлекетинен «Көчмөндөр ааламы» фестивалынын уюштуруу комитетинин төрайымы Айнура Темирбекова: «Учурда Асланайым Эр-Рияддагы эң мыкты клиникада бардык керектүү жардамды алып жатат. Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясы кырсык болору менен жаракат алган кызга жардам берип, King Saudi Medical City клиникасына алып келип, ага диагноз коюшкан. Сауд Арабиясынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен байланышып, эң мыкты дарыгерлер чакырылган. Учурда бекер дарыланып жатат. Бүгүнкү күндө Асланайымды Салбуурун федерациясынын өкүлү күнүүнү карап жатат. Ал эми кырсык боюнча айтсак, машыгуу учурунда Асланайым Аширова атка өз ыктыяры менен минген жана бутунан жаракат алган. Ага чейин бардык фестивалдын катышуучуларына коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери бир эмес, бир канча жолу өткөрүлгөн. Өзгөчө каскадёр эместерге ат үстүндө өнөр көрсөтпөшү керектиги эскертилген. Негизи Асланайым фестивалга «Салбуурун» федерациясынын курамында жаачы катары эле чакырылган. Ал эми ат үстүндө өнөр көрсөтүшү керектиги белгиленген эмес»,- деп билдирген.


«ЭЧ КИМ ЖООПКЕРЧИЛИКТИ АЛГЫСЫ КЕЛБЕЙ ЖАТАТ»

11-мартта Асланайымга операция жасалды. Операцияга кирерде Асланайым интернет баракчасы аркылуу өзүн колдоп жаткандарга ыраазычылыгын билдирди. Аны менен катар Кыргыз делегациясын жетектеп барган уюштуруучуларга нааразычылыгын жазып чыкты. Анын билдирүүсүн айрым кыскартуулар менен беребиз:

– Айнура Т. сырттан караган адамга бул өзүн коргоп жаткандай ойду жаратат экен. Ооба, болуп өткөн окуяга эч ким жоопкерчилик алгысы келбейт, бирок калп айтуунун эмне кереги бар? Мен бирөөнүн колун да уруксатсыз кармабайм, бул жерде болсо тартип катуу, полиция бардык объектти кайтарып турат, анан кантип мен уруксатсыз ат минем? «Өзү уруксатсыз ат минип, ат көрүнгөн нерсеге урунуп, анын ооздугун тарта албай калган, анан буту сынган» деп жазышты. Бул эмне деген көрүнүш? Мен бардык тукумдагы атты мине алам жана ат мингенди мыкты өздөштүргөм.

Айнура Т., сиз ооруканага келген жоксуз, менин кандай ооруп жатканымды көргөн жоксуз, анан кантип интервью берип жатасыз?

Мен кадимкидей ылдамдык менен, кадимки жолдо бара жаткам. Атты токтотуучу жерде дагы бир кыз ат минип туруптур. Анын сол тарабында шейхтин унаасы, дагы бир аял турган. Акыркы секунддарга чейин ат минген кыз жабыркабаса экен деп жаныбарды башкарып бараттым, анын жыйынтыгында менин бутум сынды. Элестетип көрсөңүздөр, ат менен барып аны сүзгөндө, сокку анын курсагына же бетине тийсе эмне болмок? Мен ага жеткенге чейин «жолдон кач!» деп кыйкырып бараттым, бул болгону бир нече секундга созулду. Жыйынтыгында эсимди жоготтум, көп нерсени эстей албайм. Эсиме келерим менен ошол кыз аманбы деп сураптырмын. Абдан катуу нес болдум.


«ЖАНЫМ КЕЙИП, КЫЗЫМДЫН ЖАНЫНА БАРА АЛБАЙ ОТУРАМ»

Биз окуя тууралуу Асланайымдын апасы Айнаш Ашировага байланышып, төмөнкүдөй маалыматтарды алдык:

– Кызым операциядан чыккандан кийин көпкө чейин эсине келе алган жок. Бүгүнкү күнгө чейин мен кызым менен жакшы байланыша албай жатам. Жанында Саадат деген жаачы кыз бар, ошого рахмат, ананайын. Ошол кыз аркылуу кызымдын абалын билип жатам. Ал күнү-түнү дебей кызымдын жанында болуп, жардам берип жатат. Бармагыңдын кичинекей жерин тилип алсаң чыдатпай ооруйт го, кызымдын буту бырчаланып кетиптир, тозоктогудай эле ооруп жатат да. Эртең менен мага интернет аркылуу аудио жибериптир, кызым ары жакта аябай катуу онтоп «кимдир бирөөгө айткылачы, мени өлтүрө беришсин» деп ыйлап жатыптыр.

Виза ачтырууга деп Сауд Арабиядагы Елена деген кураторуна паспортумдун көчүрмөсүн, сүрөттөрүмдү салып жибергем. «Виза ачтырууга бердик» дешти. Кызыма мени эртерээк жеткириш керек эле, ушул убакка чейин кызымдын жанагындай кыйналганын угуп алып жер тытып, жаным кейип, жанына бара албай, айламды таппай отурам. Кызыма жетсем экен дегенде эле эки көзүм төрт. Арабдар «ата-энесинин келип-кеткен жол киресин толугу менен өзүбүз каржылайбыз» дептир. Визаны создуктуруп жатышат.

Айнура Темирбекова деген аял ушул убакка чейин барып, кызымдын абалын сурабаптыр. Ал аялдын ким экенин да билген эмесмин. Көрсө, ал маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары экен да. Министрдин орун басары болсо акылы жок эле аял экен. Ошончолук калпты жазып чычкандай болгон кызды каралабай эле койсо болмок. Кызым деле жөн эле «мен да барам» деп ээрчип алгыдай көк мээ кыз эмес да. Ал деген атайын даярданып 4 программа менен кеткен. Кыз куумай, жаа атуу, бүркүт менен бийлөө, бийлеп туруп жаа атуу. Муну баары билишет. Анан жанагыдай машыгуу учурунда Аида Акматова деген дагы бир цирк кызматкери капталынан чыга калган экен. Кызым коркуп кетип ага «Кач! Кач!» деп бакырыптыр да. Ага да болбой кысканда кызым аны жана башка алдындагы кишилерди тебелеп албайын деп аттын башын бурганда буту 2 аттын ортосунда калып сынып кетиптир. Аида болсо эч нерсе болбогондой атты чаап кетип калганын айтышты.

Менин версиям, бул атайылап жасалган иш. Кызым Бишкекте циркте иштейт да. Буга чейин да Аида кызыма 2 жолу залал кылган. Мейли эми ушу менен тынчып калса керек десем, акырында Сауд Арабияга барып алып ушундай ишти кылып жатат. Кызыма жакшы эле операция кылышыптыр. Дарыгерлерге чоң рахмат. Мен аларга барганда тизелеп отуруп тамандарынан өбөм. Андан тышкары бул жактан Сабырбек Жумабеков да «эже, ал жакка жиберишсе сиз менен барып, бул жакка келсе бул жактан бекер операция кылып, кызыңызды дарылап бутуна тургузуп берем» деп жатат. Бирок 2 өлкөнүн андай келишими жок болгондуктан, ал бара албайт окшойт. Ага да ыраазымын. Негизи эле кызымды колдоп жаткандардын баарына ыраазымын.


«МЕНИ ЖӨН ЭЛЕ КҮНӨӨЛӨП ЖАТЫШАТ»

Учурда Кыргыз мамлекеттик цирктин көркөм жетекчиси, цирк өнөрпозу Аида Акматова да бул окуяга өз жообун айтты:

– Светлананын (ред.: Асланайым) апасы айтып жаткан маалыматтардын баары жалган. Кудайдан коркпогон адам экен, ар кимди күнөөлөп. Каскадёрлор федерацияларынын жетекчилери тарабынан Светлана Ашировага ат минип чыкканга уруксат берилген эмес, ал өзү минип чыгып алган. Ага ким уруксат берип машыгууга чыгарганы белгисиз. Бул жакта аттар Кыргызстандын аттарындай эмес. Башкы репетиция болуп жатканда ат чаап келип арабызга кошулуп кетти. Эч кимди сактап калбай эле, биздин 1 кызыбызды атты токтото албай коюп кетти. Ал кызыбыз ошондо аттан кулады. Интернетте айтылып жаткандай, ал жерде эч ким селфи жасаган эмес. Мен болсо окуя болгон учурда ары жакта тургам, жанында эмес болчумун. Муну баары көрүшкөн. Эмнеге мени ушул жерге кошуп күнөөлөп жатышканына түшүнгөн жокмун.


Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кырсыкка кабылган Светлана Ашированын апасы буга Аида Акматованы айыптоодо. Акматованын жообу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
meni_kut
2019-03-18 10:37:14
Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт, коп жанылыктардан окуган элем селфи кылган кыз тууралуу
+3
Aikan1966
2019-03-18 10:40:31
Жакшы болуп кетсин.
0
Paprikafm
2019-03-18 11:17:16
Бириңден өтүп бириң актанасың ой тооба
+1
Tyty1990
2019-03-18 12:18:31
Кыскасы ошондой болуптур
0
aminkaerke
2019-03-18 13:29:03
Эртереек айыгып кетин!Адам баласында көрө албастык өтө көп кездешет биз бул дүйнөнү деп эле калдык акыретти ойлобойбуз ичи таарларды кудайым өзү жазаласын ылайым адам өзүнун руханий жан дүйнөсүн тазаламайынча өспөйт да оңбойт Бир кезде кыргыздын сулуусу Таттыбүбү Турсунбаева эжебизди да ушуга окшогон көрө албастар түбүнө жеткен азыр жүрүшөт эч нерсе көрбөгөн билбегендей Алла жазаларын берсин Айнаш Аширова эже сабырдуу болун буйруса кызыныз жакшы болуп кетет Эненин жүрөгү эч качан оорубасын.
+5
Shahrizaada
2019-03-18 13:33:09
Кырсык деп эле кабыл алып койсонор боло, эн башкысы баары аман-эсен экен. Каза болгондон кудай сактасын.Сен кылдын, мен кылбадым деп, ушу жерден да саясат жасабай. Тулоо откозуп, кан чыгарып койгула.
+6
Shahrizaada
2019-03-18 13:36:06
Айнаш Ашурова эжени биз Рабаяттагы ак тошту, кыргызча которулган мультфильимдеги каармандар аркылуу кичинебизден бери унун угуп чонойгонбуз. Улуулуккка салып, кырсык катары кабыл алып, кечирип коюнуз, публикага чыгып даттанбай. Ким куноолуу болсо жазасын кудай озу таразалап, бери коет. Сиз биз учун таланттуу инсан катары эле эсибизде калганыныз дурус.
+11
mela
2019-03-18 16:42:59
Фейсбукта башкача жазышыптыр го оздору...
0
Kamchybek-007
2019-03-19 05:15:54
Ээ кимдир бирөө айтмакчы шейхтин тойуна эле барышкан эч кандай фестиваль жок бул жерде Светланага ийгилик жакшы кыз ал мен аны жакшы тааныйм карындашым сакайып кет
0
al79mi
2019-03-19 10:56:29
Кырсык каш кабактын ортосунда деген ошол да.Билип билбей, корбой эле бир тараптуу жамандагандан алыс болсок. Тезиреек сакайып кетсин.
+1
Nuryk00
2019-03-20 15:57:35
Кыргызстан ушундай калк экенбиз! Кырсык келсе куноолу издей баштайбыз,озубуздон корбой. Ал жака окмот алып барды беле бироо мойнуна алгыдай? Бут барып келген чыгымын шейхтер которуп жатса? Шейхтин тойуна барып кырсыктасан окмот куноолубу? Андай кооптуу ойундарга келишимсиз чыгарбайт, чет мамилекеттен чакыруу келсе талашып урушуп жатып барасынар. Алып барбаса дагы айтасынар. Жон Гана баланды спортко берсен,кокустап калса озумдон деп бересин! Ушундай элдер учун онукпойбуз. АЛЛА шыпаасын бересин.
+3
№ 854, 14-20-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан