“ТҮНГӨ СИҢИП ЖОК БОЛОМ...”

Капысынан жүрөгүмдүн эшигин кагып жашоомо күтүлбөгөн каарман болуп кирип келдиң. Сага кантип эшик ачып берип койгонумду өзүм да байкабай калдым. Таңдын сүрүшү менен мага телефон чаласың, мен дагы бир чалууңду жоопсуз калтырбай дароо телефонду алам. Уйку-соонун ортосунда “алло” деп унчукпай калсам, эркелете жагымдуу сүйлөп, күнүмө ийгилик каалап, сагынганыңды билдирип жолугар күндү санайт элең. Мен дагы сенден кем калбай ар күнү аруу тилек, жакшы сөз менен жумушуңа узатар элем. Азыр ойлосом, ошондо эртең мененки уйкунун таттуу экенин унутуп коюптурмун. Бактылуу өмүр болбойт, бактылуу көз ирмемдер гана болот деген чын. Сени менен киного, кафеге эмес, эмнегедир шаардын сыртына барган абдан жакчу. Анда мага сенсиз күндөр өтпөчүдөй эле туюлчу. Бирок...

Сүйүүгө чулганып, жүрөгүмдөн орун берип келечекти сени менен көрүп алган учурда капысынан трагедиялуу жашоо башталды. Бир-эки адамдын сөзү биздин келечекти түзүп жаткан сезимдерибизге чекит койду. Сен мага чалып бир нерселерди айттың, ачыгын айтсам, толук уккан жокмун. Болгону “айтып жатышат” деген сөзүңдү гана уктум. Ушул сөзүң үчүн мен сага кайра байланышып чоо-жайын сурагым келген жок. “Айтып жатышат” деген сөз тактоону талап кылат" деп өзүң айтчу элең го? Бул сапат сага тиешелүү эмес, жөн гана акылдуу сөз экени ушунчалык иренжитти. Сезимдерибиз ушунча алсыз беле же көк беттик, өзүмчүлдүк, ашыкча намыскөйлүк, айтор, мен эмес, бул биринчи кадам жасасын деген тирешүүнүн курмандыгы болдукпу, билбейм. Алоолоп күйүп турган отко муздак сууну чачкандай эле болду. Мен оңой эле бул учурдан өтүп кетем деп ойлогом. Жок, кайдан, оңой болгон жок. Сага ушунчалык көнүп алганымды айт. Бөтөн эле бир адамга байланып, ичимде сагынуу, күтүү оргуштап турганын моюнума алгым келбейт. Ушул сезимге ошондо таң калдым. Бул болбосо, башкасы болот. 3-4 жыл сүйлөшкөн жигитинен баш тартып эле башкага турмуш чыгып жатышпайбы деп өзүмдү жооткотконум менен, мен андай кыла алган жокмун...

Сен жок жашоого көнүп, өткөн күндү жылмаюу менен карап калган күндөрдө кайрадан жашоомо кайтышыңа эмне себеп болду? Күндө чаласың, жазасың. Аларды жоопсуз калтырууга көнгөм. Телефонумдун кубаты түгөнгүчө чалып тажабаганыңдан, акыры алып жооп бердим. Сенин үнүңдү угуу мынчалык оор болот деп күткөн эмесмин, жүрөгүм ордунан козголо түшкөндөй эле болду. Бирок сүйлөшүү сен күткөндөй болгон жок. Анткени мен өзгөргөм, баары эле ошол бойдон турмак беле? "Бир гүлдү өстүрүш үчүн деле асыроо керек го" деп көп нерсени түшүндүргүң келди, ачыгын айтсам, укканга дараметим жеткен жок. Көнүп калган тынч жашоомдун багытын бурууну эч каалаган жокмун. Эгер билсең, кайдыгер мамилеге өзүң түрттүң. Байкаган болсоң, сага өктөм үн катуудан айбыгып турчумун. Бул сый-урматтын таш-талканын өзүң чыгардың. Ойлосом, жолугууга аракет жасап жүргөнүңө бир жылдан ашык убакыт болуптур. А мен дале өзүмдү сенден алып качып жүрөм. Кээде туура кылып жатамбы же туура эмеспи деген чексиз ойлор жан далбастайт. Убакытты создуктуруп, эт эмес же чел эмес солгун мамилеге өмүр бергенибизге деле бир топ убакыт болду. Же мен сени бир жолу чийип сала албайм, же сен менден кол үзүп кетип кала албайсың. Байланып калгандай эле бири-бирибизди айланчыктап жүрөбүз. Анан да диалогдорубуз өтө кыска, үзүлүп эле кетчүдөй. Бирок сен аны үзбөгөнгө аракет кыласың. Билесиң, менин түнгө сиңип жок болорумду.

Мындай мамиле качанга чейин уланар экен? Балким, сүйүүдөн жек көрүүгө, жек көрүүдөн сүйүүгө деген баскычты басып өтүп бара жаткандырбыз...

Буларды жазардан мурун адам баласынын "мен" деген дымагы бардык нерседен бийик турабы деп ойлоп кеттим. Же андай эмеспи? Маселен, мамиле түзөлө турган чегине жеткенде, өчөшүп өткөнкүнү кектеген ортодогу айыгышкан жан дүйнөнүн тиреши көптөгөн мамилеге бөгөт болгонсуйт. Сүйүү болобу, достук болобу, мамилени калыбына келтирүүдө айкөлдүк кылып биринчи кадам жасаган адамдар жашоодо канча болду экен?..

Айгерим

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Pamirlan
2019-03-18 10:05:36
Гордость погубить человека
+5
bulathan
2019-03-18 15:20:52
Чечкиндуу болуш керек тегеренип журо бербей
+1
Shahrizaada
2019-03-19 00:29:47
Жан дуйно рубриканар баарибир супсак, он жолу монолог жуктосонор да сериалсыз супсак.
+7
bahab
2019-03-19 12:41:59
Биздин сериалдар качан чыгат, акырына чейин жазбасаңар эмнеге баштадыңар эле?Ушул суроолорго жооп берип койгулачы сураныч, админ.
+8
Gulnyr19
2019-03-19 14:41:44
bahab,сериал жок болду окшойт мурда ар шейшемби күндү чыдамсыздык менен күтөт элек азыр унутуп деле калдыкко
+1
Aliya2015
2019-03-19 19:41:28
Админ сериалдар качан чыгат?
0
Jeenbek.
2019-03-19 20:58:46
Айгерим жашоону башта кайра
0
pero5184
2019-03-19 22:24:44
Дагы эки ойноштун күндөлүгүбү ...
+4
mirkaa5182
2019-03-19 23:09:50
Сүйүү дарты өлтүрбөгөнү менен жүрөктө калат...
0
Skarlett-Skarlett
2019-03-21 23:10:53
Суйгонун учун аракет кыл.Суйосунбу?Анда эч нерсеге караба,ал сенин адамын экенин сезсен анда куру дымакты жыйыштыр.Суйгон адамындан айрылган бул абасыз,супсак,кайдигер кундор!!!
+1
№ 854, 14-20-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан