Баястан, Зульфия: «КЫЗДУУ БОЛОРУБУЗДУ УГУП СҮЙҮНДҮК»

Баястан менен Зульфия экөө тең чыгармачыл адамдар. Бири кыргыз рэп жанрын өнүктүрүп келаткан жигит, экинчиси бийчи. Заманбап үй-бүлө “кыргыздын салттарын унутпай, сакташыбыз керек” дешет.

– Баястан, Зульфия, баш кошкондон кийин жашооңордо өзгөрүү байкалдыбы?

Баястан: – Өзүбүздө өзгөрүү болгон жок. Бирок абдан жакын боло түштүк.

Зульфия: – Көпчүлүктө үйлөнгөн соң эркектер өзгөрөт деген ой жашайт. Биздин үй-бүлөдө андай болгон жок. Баястан кыз-жигит кезде кандай болсо, ошол боюнча калды.

Б.: – Экөөбүздүн бир эле кемчилигибиз бар. Аябай эмоционалдуубуз. Урушканда чарт-чурт болуп кетебиз.

– Ошондой учурда ким биринчи компромисске барат?

З.: – Чогуу эле го. Бизге бир сааттай убакыт керек. Өзүбүзгө келгиче күтүп, анан кайра сүйлөшүп кетебиз.

Б.: – Башында уруша берчүбүз. Азыр баарын түшүнүп калдык. Түшүнбөстүктөр башталганда эмне менен бүтөрүн билебиз. Ошондуктан өзүбүздү колго алып, уруштун алдын алганга аракет кылабыз.

Кыз-жигит кезиңерди эстесеңер. Алгач бири-бириңерге кандай ой калтыргансыңар?

З.: – Баястан мага чыныгы мырза кандай болорун көрсөттү. Көңүлүмдү таап, карегим менен тең айланып, абдан камкор болду. Аны менен өзүмдү чыныгы кыздай алып жүрүп калдым. Эгер мен ага чейин спорттук кийимдерди кийип, боёнбой эле жүрсөм, Баястан жашоомдо пайда болгону көйнөк кийип, келбетиме карап, боёно баштадым. Алгач экөөбүздүн жолугушуп жүргөнүбүздү эч ким билчү эмес. Бирок менин өзгөргөнүмдү курбуларым, кесиптештерим дароо байкашты.

Б.: – Мен Зуляны биринчи көргөндө эле жактыргам. Ошондо эле "мына, менин жарым болчу кыз" дегем. Бирок аны Зуляга билдирген эмесмин. “Ишен, бирок текшерип көр” дешет эмеспи, ошол сыяктуу текшерип көрүп, анан үйлөндүм (күлүп). Менимче, эгер мамилең олуттуу болуп, ал адам менен өмүр бою жашаарыңа көзүң жетсе 2-3 жылдап созуп жүрбөй, үйлөнүш керек.

З.: – Мен алгач Баястандын рэп аткаруучу экенин билген эмесмин. Ал учурда кыргыз эстрадасы, рэп менен такыр тааныштыгым жок болчу. Баястан менен сүйлөшкөндөн кийин чыгармачыл адам экенин билдим. Анын искусствону түшүнгөндүгүн бааладым.

– Инстаграм баракчаңарга Баястан бийлеп, Зульфия рэп айткан видеолорду жүктөп каласыңар. Акырындап өзүңөрдө жаңы талантты ачып жатат окшойсуңар?

Б.: – Кыз-жигит кезде экөөбүз дайым чогуу жүрүп, бири-бирибиздин ишибизди көрүп билип, аралашып калдык. “Жарашат” деген ырга тартылган клиптеги бийди Зуля койгон. Алгач бийлеп баштаганда аябай оор болуп, бийлебейм деп чыктым. Жубайымдын бий студиясы, окуучулары бар эмеспи, менин абалымды түшүнүп турду. “Сенин колуңдан келет, бийлей аласың, кам санаба” деп жатып үйрөттү. Ошентип, 2-3 жолу бийлегенден кийин өздөштүрө баштадым. Бийлеген сырттагы адамга оңой көрүнөт, чынында оор экен. Ал эми рэп тууралуу айтсам, Зуля музыканы угуп, ритмге түшө алат. Үнү да жагымдуу болуп, рэп айткан жарашып калды окшойт.

З.: – Мен кыргыз тилин 100 пайыз түшүнбөйм, андыктан сөздөрдү мага жолдошум которуп берет. Рэп окугандан кийин баары “орусча, түркчө акцент бар экен” деп жакшы пикирлерин айтышты.

– Учурда экөөңөр ата-эне болуу алдында турасыңар. Жагымдуу кабарды кандай кабыл алдыңар?

З.: – Чынында биз дароо балалуу болобуз деп пландаган эмеспиз. Кудай берсе, болот, ага чейин иштеп, карьерабызды уланта берели дегенбиз. Мен башында Баястанга “мен өзүм баламын, эне болууга даяр эмесмин” деп айтып жаткам. Кызыгы, кош бойлуу болорум, наристебиз кыз болору тууралуу түштөрдү көп көрүп жүрдүм. Кийинчерээк наристе күтүп жатканымда курсагымда кичинекей жүрөк согуп жатканын УЗИден угуп, толкундандык, сүйүндүк.

Б.: – Мен балдарды абдан жакшы көрөм. Зуляга да "балалуу бололучу" дей берчүмүн (күлүп). Келинчегим кыз күтүп жатканын билгенде ого бетер сүйүндүм. Анткени биздин үйдө жалаң эркектер, байкемдики да эркектер, бизге кыз жетишчү эмес. Минтип, буюрса, бизге УЗИден кыз деген сүйүнүчтүү кабарды айтып жатышат.

– Кош бойлуу кезде аялзатынын маанайы чагылгандай тездикте өзгөрүп турат эмеспи. Бул нерсе байкалып жатабы?

З.: – Ооба, Баястан “азыр унчукпай турайын, төрөгөнүңдөн кийин баарын чогултуп айтам” деп калат (күлүп). Мен жолдошума оор болот деп алдын ала эскерткем. Кээде жөн жерден мышыктын айынан деле ыйлаган күндөр болду. Буга гормондор күнөөлүү, мен эмес.

Б.: – Ошол окуяны айтып берейинчи. Анда кош бойлуу экенин биле элек болчумун. Бир күнү үйгө келип алып "мышык алып берчи" деп ыйлап калды. Мен мышыкты аябай жаман көрөм да. "Макул, кийинчерээк" деп койгом. Болбогон нерсеге ыйлаганынан мындайы жок эле деп ойлонуп калгам. Көрсө, ошондо алгачкы “каприздери” башталган экен.

– Бири-бириңердин ашканаңарга көнүп калдыңарбы?

Б.: – Үйдө Зуля көбүнчө кыргыздын улуттук тамактарын жасайт. Кайын журтума барганда тамактардын түрүнөн адашып калам. Мен эт жакшы көрөм да. Дунган элинде болсо тамакка чөп-чар, ар кандай кошулмаларды көп кошушат. Мисалы, мантынын эле 10 түрү бар. Зулянын үйүнө барганда атасы жусай менен манты жасап берет, ошону жакшы көрүп жейм.

З.: – Ооба, кыргыз ашканасы менен дунган ашканасынын айырмачылыгы чоң. Кыргыз тамактарынан эң таасир калтырганы койдун башы болду. Баястан койдун тишин, тилин, көзүн жейсиңби деп менин жиниме тие берет. Бизде көбүнчө уйдун этин жегендиктен, койдун этинин башкача жыты бардай сезилчү. Бирок куурдак, беш бармак койдун гана этинен даамдуу болорун билдим.

– 8-мартта феминисттер кыргыз коомчулугунда аялзатынын орду, баасы тууралуу маселелерди көтөргөн акция өткөрүштү. “Чай куюу биздин милдет эмес” деген лозунг көп талкууга түштү. Заманбап үй-бүлө катары бул акцияга көз карашыңар кандай болду?

З.: – Жүрүштө ЛГБТлар (лесбиянка, гей, бисексуал, трансгендер) да жүрбөдүбү. Мен аларды колдобойм. Ооба, алар деле адам. Бирок элге жар салып, ойлорун бирөөгө таңуулаганын туура эмес көрдүм. Кыргыздын менталитетине туура келбеген жорук демекмин.

Б.: – Мен мусулман болгондуктан ал жүрүштү колдобойм. Ар бир кишинин өз пикири болуш керек, туура. Ошентсе да биз илгертен бери келе жаткан улуу элбиз. Байыртадан келе жаткан салт-санааны унуткарбай сакташыбыз керек. Алардын кыймылын мен Европанын таасири деп ойлойм.

З.: – Албетте, салтты сакташ керек. Мен, мисалы, улутум башка болгонуна карабай Ысык-Көлдүн салтын сактап, үйдө баш кийимчен жүрөм. Күндө эртең менен ата-энеме жүгүнөм. Бул мага кыйынчылык деле жаратпайт.

– Маегиңерге рахмат. Зульфия, аман-эсен көз жарып алышыңды каалайбыз!

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Баястан, Зульфия: “Эмоционалдуубуз. Кээде катуу урушабыз”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Aikan1966
2019-03-18 09:46:42
Бактылуу болгула,
эсен аман коз жарып ал.
+2
tamchy555
2019-03-18 10:41:07
Бактылуу болгула, жубайына кош бойлуулук куп эле жарашып калыптыр) тфу тфу
+1
Asanovna1805
2019-03-18 11:23:31
Улгулуу уй-булоо болгула, куп жарашкан тугойлор
+3
Skarlett-Skarlett
2019-03-18 19:01:58
Жакшы кором,жагымдуу жубайлар экен
+2
Chaki2795
2019-03-20 16:02:21
Ушул параны жакшы көрөм, туболугунор түз болсун, аман эсен коз жарып ал
0
Snejana
2019-03-20 20:04:58
Видеосу эмнеге ачпай атат?
0
admin_portal
2019-03-21 10:18:06
Snejana, саламатсызбы! Кандай ката кетип жатат, скриншот жиберсеңиз.
0
momun74
2019-03-21 15:48:31
Зульфия акылдуу келин жубай экен мага жакты, кармашкан колунар туболуктуу болсун аман эсен коз жарып ал
0
Bazana
2019-03-23 22:32:44
Ошондо дунган кызыбы келинчеги?
0
№ 854, 14-20-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан