Турмуш менен алпурушуп келе жаткан биздин каарман алмончоктой, чиедей жаш балдары менен бирде ачка калса, бирде көчөдө калган күндөрү болот. Анткени баш калкалаар үйү, иштээр иши, колдоо көрсөтчү ишенген адамы жок. Балдарынын жөлөк-тирек болор аталары каралашмак турсун, дайындарын билгизбей кеткен.
“БИРИНЧИ ЖОЛДОШУМ ИЧИП КЕТИП, 5 БАЛА МЕНЕН АЖЫРАШТЫК”
– Менин аты-жөнүм Нурия Мирзаева, туулган жерим Ош облусунун Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылы.
Тагдыр экен, 2 ирет турмуш куруп, экөөнөн тең бакыт таба албадым. Минтип 7 балам (4 уул, 3 кыз) менен батирлеп жүрөм. Балдарымдын улуусу 13тө, эң кичүүсү 7 айлык.
Алгач өзүбүздүн райондогу Папан айылында жашаган жигитке турмушка чыктым. Жашап жүргөн алгачкы жылдары күйөөм “сени да, балдарды да эч нерседен өксүтпөйм” дечү. Бирок бара-бара ичкиликке берилип, бизди карабай, бакпай калды. Баш кошуп жашаган 10 жыл ичинде 3 уул, 2 кыздуу болуп калган элек. Аларга тамак-аш, кийим-кечек, ооруп калса дары-дармек керек да. Андай маселелерге баш оорутчу эмес. Акыры үйдө уруш-талаш токтобой калганда ажырашып тындык.
Төркүнүмө барганда ошончо бала менен батыш кыйын болду. Анын үстүнө апам жүрөк оорулуу болгондуктан, ага оордугум түшпөсүн дедим. Бир туугандар өз жашоосу менен. Аргасыз Ош шаарына барып, арзан деп шаар четиндеги батирге чыктым. Ачка кала баштаганда кичүү баламды боорума кысып, мечиттин алдында кайыр суроого аргасыз боло баштадым. Ал жактан келгиче кышкысын от өчүп, балдарым тоңот же эшикке ойноп чыгып кетип ооруп калып, азаптуу күндөр башталды. Балдар ооруп калганда кайыр сураганга чыга албай коңшулардан нан, туз сурап жаман көрүнгөн күндөрүбүздү айтпай эле коёюн. Батир акчасын убагында төлөй албай калып, кожоюну чыгарып жиберип, улам бир батирге көчө баштадык. Биртке төшөнчүлөрүбүздү көтөрүнүп, күндүн ысыгы же суугуна карабай батир издейбиз. Ал күнү табылбаса, бир күнгө түнөп кетели деп ар кимге жалдырайбыз. Кыйналган жашообузду угуп туруп жолдошум да, анын ата-энеси да бизге жардам беришкен жок. Жолдошум алимент төлөмөк түгүл, дайынын таптырбай качты.
“БАЛДАРЫМ АЧКА КАЛБАСЫН ДЕП МЕЧИТТИН АЛДЫНДА КАЙЫР СУРАЙМ”
– Ошентип өлбөстүн күнүн көрүп жүргөндө 2015-жылы аксылык экинчи жолдошум менен таанышып, ага турмушка чыктым. Анын ата-энеси баш кошуубузга каршы болушкан. Ага болбой жашап алганыбызда деле күндө телефон чалып чакырып, ортобузду буза бергендерин коюшпады. Ал күйөөм устачылык кылып иштеп, аз болсо да акча тапчу. Бир балалуу болгонубуздан кийин кетип калып, кайра кайрылып келди. Дагы бир балалуу болдук. Туугандары жанын койбой жатып акыры бизди 2018-жылы ажыраштырып тынышты. Ошондон бери ал балдарына карап да, жардам да берип койгон жок. Балдарына карабаган таш боор аталарды өз күйөөлөрүмдөн көрдүм.
Эми 7 балам менен кайрадан өз тирилигимди өткөрүүгө туура келди. Кайра эле Ош шаарынын четиндеги батирлердин бирине чыгып, ошол жерде кыштадык. Меши жок болгондуктан кенедей кылып эптеп өзүм меш салдым. Бирөө 10 кап көмүр берди, алгач ошону жактык. Ал түгөнгөндө акча болсо 1 мүшөктөн көмүр алып, болбосо 1-2 күндөп суук тамда жашап кыштан чыктык.
Акча таап, балдардын курсагын тойгузуу үчүн кайра эле мечиттин алдына кайыр суроого чыктым.
“ҮЧ БАЛАМ ООРУКЧАН”
– Ушундай кыйынчылыкта жашап жүрүп, балдарым кеч окуп калышты. Улуу балам 7-8-класста окуп калышы керек эле, азыр кичүүсү менен 5-класста окуйт. Бир кызым 3-класста окушу керек болсо, ал да кичүүсү менен 1-класста окуп жатат. Төртөө тең Ош шаарына жакын конуштагы мектепке эл ташыган кичи автобустар менен барып-келип окушат. Аларды жол кире, мектепке керектүүлөр менен камсыздоо кыйын. Кээде бирөөлөр тамак-аш же кийилген кийимдерин таштап кетишет. Азык-түлүк жок, 2-3 күндөп ысык тамак ичпей, нан, чай менен калган күндөрүбүз болот. Айла жок, куксиден алып келип берем. Жалгыз бой аял болгондуктан балдарыма баш-аягы 6000 сом жөлөк пул чыгат. Батир акысына 3000 сом, электр энергиясына, сууга төлөш керек. Кайыр сураганда деле кээде көбүрөөк акча болсо, кээде 50-60 сом эле болуп калат.
Балдарым көп ооруйт, врачтарга убагында көрсөткөнгө чамам жок. 7 айлык кызымдын курсагы тойбойт, кургак сүт алып берем. Сүткө да кээде акча таппай калам. Ичи дайыма катып ыйлайт. Бат-бат тумоолоп ооруйт. Бир кызым отурган жеринде уктап кала берет. Сөзгө да көп түшүнбөйт, кайталап айтсаң деле жалдырап карап отура бермейи бар. 9 жаштагы кызымдын колдорун жара басып кеткенине 4 жыл болду. Врач бир дары май жазып берген, аны сыйпасак кетпей койду. Жарасы ай сайын жаңырат, кычыштырат. Өзүмдүн да башым, бөйрөктөрүм көп ооруйт.
Былтыр эң кичүү кызымды төрөйүн деп калганымда социалдык кызматкерлер, мектеп директору келип “балдарыңды балдар үйүнө өткөрөбүз” деп ызы-чуу салышты. “Кыйналсам мен кыйналып жатам, силердин эмнеңер кетти? Алып кетип эле көргүлө, колуңарга өлүп берем!” деп жатып балдарымды алып калдым. Суу ичип жашасак да балдарым жанымда болуп, бирөөнүн жаман сөзүн укпаса, кордугун көрбөсө деп тилейм.
2013-жылы Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө барып, “жер тилке бөлүп бергиле” деп арыз жазгам. Алар жер тилкесине чечим чыгарып бергени менен, жылда барсам, “жер бөлүнө элек” деп кетиришет. Жер тилке бөлүп беришсе балдарым менен эптеп дубалын тургузуп кепедей болсо да үй салып алмакмын.
Пенде болгондон кийин жардам берчү адамдар чыгып, жашоом жеңилдеп калар деп үмүттөнөм.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg