ЖАТЫН ТҮТҮКТӨРҮНҮН БҮТӨЛҮШҮ ТУКУМСУЗДУККА АЛЫП КЕЛЕТ

Тукумсуздук – бүгүнкү күндө кулач жайган оорулардын бири. Анын эң негизги себептеринин катарында – жатын түтүктөрүнүн бүтөлүшү же спайка. Бул оору эмнеден улам пайда болот? Аны дарылоого болобу? Бул тууралуу “Анкалайф” клиникасынын гинеколог-репродуктологу Айнура Касымалиева айтып берет.

ЖАТЫН ТҮТҮКТӨРҮНҮН БҮТӨЛҮШҮ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Жатын түтүктөрүнүн бүтөлүшү – бир нече себептердин натыйжасында түтүктөрдүн ички бетиндеги терилердин бири-бирине жабышуусу. Түтүктөрдүн узундугу 10-12 сантиметрди, туурасы 2-4 миллиметрди (чоң аялдардыкы) гана түзгөндүктөн жабыркоого тез учурайт. Жатын түтүктөрүнүн экөөсү тең, айрым учурларда бирөөсү гана бүтөлүшү мүмкүн. Эгер бирөөсү гана бүтөлсө, анда балалуу болууга мүмкүнчүлүк бар.

ЖАТЫН ТҮТҮКТӨРҮНҮН БҮТӨЛҮШҮНҮН СЕБЕПТЕРИ

• Жатындын, эн бездеринин жана жатын түтүктөрүнүн ар кандай инфекциялык жана сезгенүү ооруларына кабылуусу (хламидиоз, гонорея жана башка жыныстык жактан жугуучу оорулар).

• Ич көңдөйүнө, жыныс органына жасалган ар кандай операциялар. Алсак, жатындан тышкары бойго бүтүү, сокур ичеги жана башкалар.

• Жатын түтүгүнүн эндометриозу. Бул жатындын былжырлуу катмарындагы клеткалардын жатындан башка органдарга да көчүп өсүп кетүүсү.

• Бойдон алдыруу, бойдон түшүү.

• Жыныс органынын кургак учукка кабылышы.

• Жатын түтүктөрүнүн өөрчүү маалында генетикалык аномалияга кабылуусу.

• Түтүктөрдүн айланасына, ичине шишиктердин пайда болушу.

• Гормондордун бузулуусу.

ООРУНУН НЕГИЗГИ БЕЛГИЛЕРИ

1. Эң негизги белгиси – тукумсуздукка кабылуу. Анткени жатын түтүктөрү аркылуу уруктануу жүрөт, ушул жерден эркек менен аялдын урук клеткалары кезигип, андан кийин жатынга түшөт. Эгер жатын түтүктөрү бүтөлүп калса жумуртка клеткалары жатынга жетпей, жатындан тышкары бойго бүтүү катталат.

2. Жатын түтүктөрү бүтөлгөн учурда ичтин төмөнкү тарабы, табарсык оорутуп, ыңгайсыздык жаралат.

3. Жыныстык жактан кошулууда оорутуу пайда болот.

4. Заара кылганда оорутушу мүмкүн.

5. Жыныстык катнаштан кийин, этек кир аяктагандан кийин жатын кынынан кан аралаш суюктук агышы мүмкүн.

6. Этек кирдин келүү цикли бузулушу же келсе да оорутуу менен коштолот.

7. Айрым учурларда тукумсуздуктан башка белгилери байкалбашы да толук мүмкүн.

ООРУНУ АНЫКТОО

• Дарыгер оорулууга буга чейин жатындын кургак учук оорусу менен ооруган жокпу, ич көңдөйүнө операциялар жасалды беле, ушул сыяктуу суроолорду берип маалымат алат. Андан соң инфекцияларды аныктоо үчүн тиешелүү анализдерди (мазок, кандын жалпы анализи жана башкалар) тапшырылат.

• Жыныс кынын УЗИден же магниттик-резонанстык томографиядан өткөрүү сунушталат. Бул ыкма аркылуу жатындын, жатын түтүктөрүнүн абалы текшерилет. Эгер кургак учукка шек жаратса, рентгенографиядан өтүү сунушталат.

• Гистеросальпингография (ГСГ), рентгенография жасалат. Бул ыкма аркылуу жатын түтүктөрүнүн бүтөлүшүн так аныктоого болот. Мында түтүктүн абалын, бел суунун кандай өтөрүн текшерүү үчүн шприц аркылуу жатынга суюктук куюлат. Жыйынтыгын рентген аныктап берет. Бирок рентгенге түшүү зыян болгондуктан жылына бир, зарыл учурда жарым жылда бир жолу гана өтүүгө уруксат экенин эскертебиз.

ДАРЫЛОО

• Дары-дармектер менен дарылоо. Бул ыкма спайка жаңыдан пайда боло баштаган кезде сунушталат. Жатынга жана жатын түтүктөрүнө суук тийүү, сезгенүү, инфекциялык ооруларына (хламидия, гонококк, гемофил таякчалары, стрептококк) карата дары-дармектер менен дарылоо жүргүзүлөт. Эгер аялда гонорея, хламидиоз болсо, анда өнөктөшү да толук дарылануусу шарт. Дарылоо курсу 10-14 күнгө созулат.

Операция (лапароскопия) жасоо. Дары-дармек менен дарылоо өз жыйынтыгын бербесе, анда жатын түтүктөрүнө лапароскоптун жардамы менен мини-операция жасалып, ачылат. Мында курсак тараптан бир нече көзөнөктөр аркылуу (курсак тешилет) лапароскоп менен операция жасалат. Операциядан кийин 100 пайыз кепилдик берилбейт. Анткени түтүктөр бир жолу жармашкандан кийин кичине суук өтсө же инфекция кирсе, кайра эле жармашып кала берет.

• ЭКО (Экстракорпоралдык уруктандыруу) ыкмасы сунушталат. Эгер лапароскопиядан кийин да бойго бүтүү катталбаса, ЭКО ыкмасы менен балалуу болуу сунушталат.Бул ыкмада аялдын жана эркектин урук клеткалары алынып, алар атайын лабораторияда өстүрүлүп, жатынга салынат. Бул ыкма жатын түтүктөрүнүн бүтөлүүсүндө балалуу болууда эң ийгиликтүү ыкма болуп саналат.

ЭЛДИК МЕДИЦИНАДА

Жатын түтүктөрүнүн бүтөлүүсүн элдик медицинада алоэ гүлүнүн ширеси, боровая матка жана зверобой чөптөрүнүн кайнатмасы жана тундурмасы менен дарылап келишкени айтылат. Бирок медицинада расмий түрдө дарылоо катары кабыл алынган эмес. Бул чөп түрлөрү менен дарылануудан мурун сөзсүз дарыгерден кеңеш алуу керек.

Дамира Арстанова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Petrovka
2019-03-18 11:58:06
ЭКО аркылуу торолгон балдар да кийин балалуу боло албай калышат дешет го ошол чынбы
-1
Snejana
2019-03-20 18:43:32
Саламатсызбы, Admin_superstan жел кабыш деген аялдардын оорусу боюнча толук маалымат берип койсонуздар жакшы болот эле. Медицинада кандай дарылайт?, ж.б.у.с.суроолорго врачтардан кенээн жооп алып бериниздерчи, сураныч.
0
admin_portal
2019-03-21 09:34:02
Snejana, саламатсызбы! Жел кабыш оорусу тууралуу бул жактан окусаңыз болот: https://www.super.kg/article/show/17391
0
№ 854, 14-20-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан