ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 25-31-МАРТКА ЧЕЙИН


Жылдыз төлгө


КОЙ (21.03-20.04)
Апта диетологго барууга, массаж алууга ылайыктуу.Көбүрөөк акча табуу үчүн чөйрөдөгүлөр менен урушуп же аларга катуу талап койсоңуз керектүү адамдардан колдоо таба албай кыйналасыз. Негизи башкалар аркалабаган ишти колго алсаңыз, жетекчиликке көрүнөсүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада активдүү болсоңуз деле жакшы жыйынтыкка жете албайсыз. Акча тартыштыгы жаралат. Чала тааныш адамдарга ички дүйнөңүздү ачпаңыз. Болбосо артыңыздан сөз ээрчитесиз. Бейшемби күнү болор-болбос нерсе үчүн талашуунун кереги жок.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Көп ишти аркалап алып, баарын бүтүрүүгө аракет жасайсыз. Бирок сизге тоскоолдук кылышат. Майда чыр менен талаш-тартыштар да энергияңызды алат. Бирөөлөрдүн тилине кирип, кыймылсыз мүлктөн ажырап калбоо керек. Жума күнү жолдошуңуз менен урушуп калышыңыз мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Чынчылдык, кең пейилдик сизге ийгилик тартуулайт. Энергияны, убакытты бекерге кетирбөө үчүн майнап чыкпаган жолугушуудан качыңыз. Жаңы таанышуулар келечекте пайда алып келет. Күтпөгөн жактан материалдык жардам аласыз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Жакында болуп өткөн окуя боюнча юридикалык иштерге чуркайсыз. Майда чырлар чыгат. Өнөкөт оорулар козголот, өз алдынча дарылануу сунушталбайт. Иште жумушуңузду башкага жүктөбөңүз. Жаман көрүнбөө үчүн карыздан кутулуу кажет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада керектүү адамдардын тилин таба билсеңиз жеңиш сиздики. Үй-бүлөлүк бюджетти абдан үнөмдөө менен кыйынчылыктан чыга аласыз. Убактылуу роман башталбасын десеңиз, көз кырын салган адамга каш кагуунун кереги жок.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кызыктуу окуялардын тилкеси башталмакчы. Ашыкча чарчабаш үчүн лидерликке умтулуудан качыңыз. Кайсы бир иштер боюнча укугуңузду коргоо максатында жактоочуга кайрылышыңыз мүмкүн. Сүйүктүүңүздү кызганып кысымга ала бербеңиз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сырттан түшкөн сунушка макул деңиз, ал киреше булагы болуп берет. Жумушта сиз менен жамаат ортосунда чыр чыгып, ага жетекчилик кийлигишет. Өзүңүздү колго алып жаңыча иштөөгө өтүңүз. Белек же материалдык колдоо аласыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Талаш-тартыш да, иш да көп болот. Жан шеригиңиз да өзүнүкүн туура деп көгөрөт. Эмнеси болсо да жарашыктуу кийинип, жылуу сүйлөө менен эркиңиздин бекемдигин көрсөтүңүз. Тааныштар жакшы идеяларды сунушташат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бирөөлөр айткан сырды жайып жиберүүдөн сактаныңыз. Болбосо териштирүү башталат. Кыймылсыз мүлк маселесин чечүү зарылдыгы жаралат. Туугандар менен чай ичишиңиз мүмкүн. Базар кыдырып үйдөгүлөргө керектүүлөрдү аласыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Карьерада өсүү мүмкүнчүлүгү жарала баштайт, аракеттениңиз. Эмоцияга алдырып туура эмес иштерди жасап жиберүүдөн же керексиз нерсени сатып алуудан карманыңыз. Маалыматтар көп болот, керектүүсүн иште пайдаланыңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Тез арада чечүүчү маселелер жаралат. Тааныштардын кеңешин эмес, ички үнүңүздү уксаңыз туура чече аласыз. Аптада өзүңүздү калыпка келтириңиз. Мыкты план түзүп, максатты ишке ашырып баштап, убакыттан уттурбаңыз.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 25-31-мартка чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 855, 21-27-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан