Жанета Баялиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ОШКО ЧЕЙИН УНААМДЫ ӨЗҮМ АЙДАП КЕТИП КАЛАМ»

Ырчы Жанета Баялиева көп жылдан бери рулда отурган айымдардын катарын толуктайт. Алгачкы жолу унаа айдаганды ким үйрөткөн, жол эрежелерин сактайбы, унаасын кандай «багат», буларга ырчы айым өзү жооп берсин.


Үлгүсү – Лексус RX300
Эң жогорку ылдамдыгы – Саатына 180 чакырым
Кыймылдаткычынын көлөмү – 3000 сантиметр куб
Түсү – Ак
Чыккан жылы – 2000-жыл
Чыгарган өлкө – АКШ
Баасы – Алмашып алган (болжол менен базарда 6-7 миң АКШ доллары)


– Саламатсызбы, Жанета айым? Бул канчанчы унааңыз? Буга чейин Лексус-470 үлгүсүндөгү унааны айдап жүргөнүңүздү көрдүм эле, аны алмаштырдыңызбы?

– Саламатсыздарбы? Ооба, май көп жеп, аны башка унаага алмаштыргам. Андан кийин эле 2 унаа айдадым. Негизи унааны бат-баттан алмаштырып турам.


– Анын себеби эмнеде?

– Себеби жаңыланууну жактырам.


– Ошондо бул канчанчы унааңыз?

– Онунчу го... Же андан көппү?.. Так эсимде жок.


– Алгачкы жолу рулга отурганыңыз эсиңиздеби?

– Атамдын Жигулиси бар болчу. Эң биринчи жолу атам рулга отургузуп, унаа айдаганды үйрөткөн. Ал Жигулини айылда ары-бери айдап жүрчүмүн. Бир жолу мындай кызыктуу окуя болгон. Атам сиңдим, иним, мен үчөөбүздү унаага салып алып коңшу айылга конокко барды. Бизди унаанын ичине калтырып, өзү үйгө кирип кетти. Бир сааттай күттүк, чыккан жок. Анан «жүргүлө үйгө кете берели» деп сиңдим менен иниме айттым да, унааны айдап Шамалды-Сайга кетип калдым. Чоң жол менен кетип баратсак, алдыбыздан уйлар чыгып, сүзүп ала жаздадык. Анан үйгө жетип алып атам эми урушат деп коркуп, уруш укканга даярданып турабыз. Атам болсо чыгып эле бизди таппай калыптыр. «Балдар эмне болду экен?» деп сарсанаа болуп келгиче айлананы карап келиптир. Үйгө келип, биздин аман-эсен экенибизди көрүп сүйүнүп, бизди урушкан эмес.


– Айдоочулук күбөлүктү качан алдыңыз?

– Мектепти бүтүп шаарга келдим. 2-курста айдоочулардын мектебин аяктап, айдоочунун күбөлүгүн алганыма быйыл 22 жыл болуптур.


– Айылда жол чырактар жок да. Шаарда унаа айдаганда алгач коркуу сезимдери болсо керек? Биринчи жолу кандай үлгүдөгү унаалуу болдуңуз?

– Ооба, шаарда айдаганда алгач коркуу сезимдери болду. Жол чырактарга токтогондо элеңдеп эки жагымды эле карап жатканым эсимде. Бирок жанымда инструктор болгондуктан, мурда да унаа айдап жүргөндүктөн 1 эле күндө көнүп кеткем. Эң алгачкы унаам кызыл түстөгү Мазда 121 үлгүсүндөгү унаа болчу.


– Үй-бүлөдө айымдар унаа айдаса күйөөсүнө да жакшы болот эмеспи. Сиздерде да ошондой беле?

– Ооба. Унааны айдап алып, балдарды бала бакчага өзүм эле алып барып, кайра алып келчүмүн.


– Ылдамдыкты сүйгөн айдоочусузбу же?..

– Мурда жаш кезимде ылдамдыкты сүйчүмүн. Аябай катуу ылдамдыкта айдачу элем. Азыр болсо токтолдум. Убакыт өткөн сайын жашоо таттуу боло баштайт экен үлүп). Азыр эми балдарымды ойлоп акырын айдайм, жаш кездегидей жүрөк курч эмес.


– Жаш кезиңизде ылдамдыкты жактырсаңыз, жарышканды да жактырчусуз го?

– Жок. Бирок унаа айдап баратсаң кээ бирөөлөр капталыңдан чыгып бир ашып өтүп, кайра токтоп, тийишишет. Мен аларга теңелбейм, жайына коём.


– Узак жолго унаа айдай бересизби? Орто жолдо унааңыз бузулса эмне кыласыз?

– Кээде өзүм эле коркпой Ошко чейин унаамды айдап кетип калам. Бир окуя эсиме түштү. Бир жолу мен, Нэна, Гүлзинат Суранчиева болуп үчөөбүз менин унаам менен Ысык-Көлдөгү резиденцияга концертке кетип баратканбыз. Токмоктон өткөндө унаам бузулуп калды. Анан МАИ кызматкерлери бизди көрүп калышып, жумуштарын таштап унаабызды Токмоктогу унаа оңдоочу жайга чейин түртүп барышып, оңдотуп беришкен. Аларга аябай ыраазы болгон элек. Өзүм унаа оңдой албайм, көбүнчө унаа тейлөө кызматкерлерине кайрылам. Жолдо кетип баратканда дөңгөлөктүн жели чыгып калса же башка жерлери бузулса башка айдоочулар оңдоп берген учурлар болуп турат. Белгилүү болгондун бир жери жакшы. Алар кайра «Жанета эженин унаасын оңдоп бердик» деп сүйүнүп, сүрөткө түшүп кетишет. Жолдо мага жардамдашкандардын баарына ыраазычылык билдире кетейин.


– Белгилүү адамдар «МАИ кызматкерлери тосуп, таанып калып коё беришет» деп көп айтышат. Сизде деле андай учурлар болсо керек? Эң көп канча айып пул төлөгөнсүз?

– Сөзсүз болот. Бирок МАИ кызматкерлеринин баары бирдей эмес. Кээ бир МАИчилер аябай жакшы кабыл алышып, «сизди сыйлайбыз», «экрандан чоң көрүнөсүз, жашоодо кичинекей эле турбайсызбы» деп комплимент айтышат. Кээде концертке же тойго шашып баратып МАИчилер токтоткондо «шашып бараттым эле, коё берип коюңузчу» деп сурансаң «ырчы болсоң өзүңө ырчысың» деп орой мамиле кылгандар да бар. Бирок алар менен күлүп-жайнап сыпайы сүйлөшүп, тил табышып, абалдан чыкканга аракет кылам. Шамалды-Сайдан Бишкекти көздөй келатып жогорку ылдамдык же коопсуздук курун тагынбаганым үчүнбү, айтор, ошондо 1000 сом айып пул төлөгөм. Бул мен төлөгөн эң чоң айып пул болгон.


– Ырчы айымдардын машинасы гардеробго айланып кетчү эле...

– Туура байкаптырсыз. Менин да машинам гардероб болуп кетет. Тойго баратканда унаадан эле кийинип алам. Ырдап бүткөндө формаларымды унаанын ичине илип коём. Ошол мага ыңгайлуу. Жолдо шашып баратканда тамак-ашты деле унаадан жеп кете бересиң.


– Мырзалар «көбүнчө жол эрежелерин унаа айдаган айымдар бузушат» деп калышат.

– Бир жолу унаамды токтотуп, «ручной тормозду» басып коюп, интервью бергени кирип кеткем. Маек берип чыккыча «ручной тормоз» тууралуу унутуп калыптырмын. Айдап баратсам «кырт-кырт» деп дабыш чыгат. «Эмне болду экен?» деп унааны кыйнап айдап унаа оңдоочу жайга алып барсам ал жердегилер «эже, "ручной тормозду" басып койгон турбайсызбы» деп күлүшөт.


– Аялзаты унаасын зымпыйтып таза кармашып, «күчүгүм, чүрөгүм, алтыным» деп аябай жакшы мамиле кылышат. Сизчи?

– Мен унаага жакшы деле көңүл бурбайм. Кээ бирөөлөр жууп-тазалап, аябай бөпөлөп карашат го, мен андай эмесмин. Унаа мен үчүн жолдо жүрүүчү каражат. «Акыркы үлгүдөгү унаа, баасы мынча, мода» деп куубайм. Мага ыңгайлуу унаа болсо болду. Мени жетчү жериме аман-эсен алып барса болду. Убагында май куюп, жумасына 1 жолу жууп турам.


Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жанета Баялиева: "Унааны бат алмаштыргандардын катарына кирем"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aikan1966
2019-03-25 10:58:03
Тулпар куллук болсун.бизге да насип этсин.
0
Kuba-savai87
2019-03-26 16:17:10
Рульга аябай жакын олтурат экенсин
-2
№ 855, 21-27-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан