Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Элмирбек Иманалиевдин бир тууганы Нурайым Иманалиева: «ЭЛМИРБЕК ДАЙЫМА ЖУМА КҮНДӨРҮ ЫЙЛАЧУ»

№855 21-27-март, 2019-жыл


Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин бир тууган эжеси Нурайым Иманалиева биздин мейман төрдө. Нурайым эже ырдай албаганы менен, кызыктуу маектеш экен. Иниси Элмирбек мырза тууралуу кененирээк билгиңиз келсе, төмөндөгү макалага көз чаптырыңыз.


Аптакан Иманалиева – 1961-жылы туулган, жеке ишкер
Урумкан Иманалиева – 1963-жылы туулган, китепканачы
Нурайым Иманалиева – 1970-жылы туулган, жеке ишкер
Айдарбек Иманалиев – 1973-жылы туулган, жеке ишкер
Элмирбек Иманалиев – 1978-жылы туулган, төкмө акын, обончу


«ЭЛМИР УЗУН ЧАЧЫН ИЗДЕП БООРДУ ЭЗГЕН»
– Элмирдин төрөлгөн күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ал биздин үй-бүлөнү гана эмес, тууган-урукту да күттүргөн бала болчу. Удаасынан 3 кызбыз, андан кийин инибиз, кичүүбүз Элмир. Апам кичүүсүн жашы өтүп калганда, 46 жашында төрөп, аябай кыйналып калды. Анын үстүнө буту менен төрөлгөн. Апамдын кыйналганын Элмир актады деп ойлойм. Апам Элмирдин өзгөчө бала болорун боюнда бар кезинде эле билгенин айтып калчу. Түшүнө бир аксакал кирип «балаң шер бала болот» деген экен. Төрөлгөндө төбөсүндө узун чачы бар эле. Ошол чачына тийбей узун кылып өстүрдүк. Кийин 3кө чыкканда мазарга барып, кан чыгарып, кой союп чачын алдырганбыз. Үйгө келип чачын издеп боорду эзген. Ал издеген сайын биз күлүп калчубуз.


«БАЛАДАЙ БОЛУП ОЙНОП, МОМПОСУЙ ЖЕГЕН ЖОК»
– Элмир кичинекейинен эле өзү менен өзү болду. Болпоюп отуруп алып кагаздан, жыгачтан бир нерселерди жасай берчү. Баладай болуп машина ойноп, момпосуй жеген жок. Биздин колубузга тыйын тиери менен дүкөнгө таттуу жегени чуркачубуз. Элмир болсо өзүнө керектүү буюм, бычак, өгөө сатып алчу. Бычагы менен жыгач жонуп, өгөөлөп, оюна эмне келсе, ошону жасап отурчу. Сүрөттү да жакшы тартчу. Айылдын балдары футболкаларына сүрөт тарттырабыз деп ээрчип алышчу. Тоонун, жайлоонун, аттын, жомоктун каармандарын, кыскасы, көңүлүнө жакканын тартып берчү.
Инимдин өзгөчө бала болорун биринчи байкаган атам болгон. Атам дайыма карандаш, альбом, фломастер, түстүү боёк сатып келип берчү. 4 жашында тамга таанып, окуп, жазып калган. Альбомдорго оюнан чыгарып жомок жазар эле. Биз деле балабыз да, жомокторуна ишенип, «эми эмне болот?» деп сарсанаа болчубуз. Анын жомокчу болушуна апамдын таасири чоң. Апабыз элдик эпосторду жатка билчү. Бизди отургузуп алып, жомокторду, табышмактарды кызыктуу кылып айтып берчү. Кудайдан берилген таланты апамдын жардамы менен ойгонду го деп калам.


«1-КЛАССТА 1 АЙ СҮЙЛӨБӨЙ КОЮПТУР»
– Азыр ойлосом, Элмирдин ыйлаганы да башкача экен. Бир ыйласа басылчу эмес. Апам «бул жума күнү ыйлайт» деп калчу. Башында сооротобуз деп баарыбыз күл-ала болгонбуз. Апам айтмакчы, чын эле байкасак, жума күнү эртең менен бир нерсени шылтоо кылып ыйлап, өзү токтомоюн басылбайт экен. Кийин «ии, тиги баштады» деп койчубуз.
1-класска мен алып баргам. Мектепке барганга чейин атам Элмирди окута турган мугалимге жолугуп, «менин баламдан кыйналбайсың деле, тамга тааныйт, окуйт, жазат» деген экен. Элмир сентябрь айы такыр сүйлөбөй коюптур. Мугалими «атасы тескеринен айткан турбайбы» деп ойлоптур. Мугалим атама келип «балаңыз такыр окубайт, китепти берсем унчукпайт» дептир. «Эмнеге антип жатасыңдеп сурасак, «мен окуганды билем да, алар менден тамга сурап жатышат» деп жинденип жатпайбы. Анткени мектепке баргыча эле «Манас» эпосунун 2 томдугун окуп чыккан эле. Атам баш болуп, баарыбыз отуруп алып, 1-класста ошентип окутарын, башка балдар тамга билишпесин айтып, түшүндүрдүк.
Атам бул баласын ушунчалык жакшы көрчү. Азыркыга чейин атамдын Элмирге жасаган мамилеси көз алдымда. Атамчалык баласын жакшы көргөн атаны көрө элекмин.


«БАЛА КЕЗДЕГИ УЯҢДЫГЫ ДАГЫ ДЕЛЕ БАР»
– Бир жолу кошунаныкында той болуп жатса, балдардын арасында Элмир жок экен. Атам чуркап келип үйдөн караса, колу менен боорун тырмап комуз чертип отуруптур. Дароо кичинекей комуз сатып келип берген. Ошентип, комузда ойногонду өзү эле үйрөнүп алган. Төкмөлүгү болсо мектептен, Нооруз майрамында башталган. Жаттаган ыры бүткөндө өзү оюнан чыгарып ырдаптыр.
1991-жылы Бишкекке окууга Тууганбай Абдиев алып кетти. Адамда талант болгону менен, ага багыт берген, талантынын чыгышына таасирин тийгизген бирөө болуш керек да. Биздин үй-бүлө Тууганбай Абдиевге өтө ыраазыбыз. Бир жылдан кийин эле айтыштан баш байгени жеңип алды. Биз жетине албай, атайын Бишкекке барып устаттарына майлап бердик. Анда Эстебес Турсуналиев, Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиев баарынын көзү тирүү эле. Ашыралы Айталиев «Азыр эле акылы баарына жетет, чоң эле кишини кичирейтип койгондой» деп Элмирден көптү үмүттөнүшкөн. Бала кезде кандай болсо, иним бой жеткени, элге аты чыкканы деле өзгөргөн жок. Бир калыпта күлүп-жайнап жүрөт, бала кездеги уяңдыгы дагы деле бар.


«АЗЫР ДЕЛЕ БААРЫБЫЗДЫН ЭРКЕБИЗ»
– Бир туугандар баарыбыз эркелетип чонойттук. Башы ооруп калса деле, ичи ооруп калса деле, баарыбыз «Элмирдин башы ооруп калыптыр, сасык тумоо болуп жатыптыр» деп жүрөгүбүз ооруп телефон чалып баштайбыз. Баарыбыздын сүйүктүү, сыймыктуу бир тууганыбыз. Тааныштар мени «Элмирбек Иманалиевдин эжеси» деп чакырышат. Тамашалап, «Эмне, менин өзүмдүн атым жокпу?» деп күлүп калам. «Сен деле жакшы ырдасаң керек?» деп калышат, эмнегедир беш бир туугандын арасынан мен эле ырдай албайм. «Мен талантымды Элмирге бергем» деген жообум бар. Баарыбыз чогулганда эң кичүүбүз экенине карабай Элмирди төргө өткөрүп жиберебиз. Ага өзү деле көнүп калган. Элмир бар жерде бир туугандар ырдабайбыз.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(13)
25.03.2019. 09:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
10-12-2018
Соӊку аракети:
18-05-2019 17:11
Жынысы:
Белгисиз
+6
Абдан жакшы маек алыпсынар,Элмирбекти Эстебес Турсуналиевге окшоштура берем, талантын да, келбетин да.
25.03.2019. 11:01 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
20-03-2019
Соӊку аракети:
13-05-2019 13:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулбу эженин куйоосу беле. ? Ошол жашоосу балдары жонундода сурабапсынар.
25.03.2019. 12:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
21-05-2019 13:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шахризааданын жомогу
+10
salon-1, өткөндү козгоп сурай бергенде не. Балким Элмирбек ага үчүн жабык темадыр.
25.03.2019. 11:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
221
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
22-05-2019 10:10
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баары жакшы экен,эми уй-булоолук бакыт каалаймын.
25.03.2019. 12:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
185
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
22-05-2019 01:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
-1
Кыздарынан кабар алат бекен а?
25.03.2019. 13:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
345
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
21-05-2019 18:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бажырайган сонун агабыз бар.Ото каймактуу тема болуптур.
26.03.2019. 16:04 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
20-03-2019
Соӊку аракети:
22-05-2019 13:36
Жынысы:
Белгисиз
0
үй бүлөөлүк бакыт
28.03.2019. 09:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
12-02-2016
Соӊку аракети:
22-05-2019 14:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Кабар алганы учун бир кызынын тоюнда коргом эгер жанылбасам Гулбу эже менен ажырыса булар ажырады да балдарда эмне куноо.
28.03.2019. 12:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
31-12-2014
Соӊку аракети:
04-04-2019 18:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Суперстан
-3
1-класска баргыча Манастын 2 томун окуп бутургон дегенине ишенбедим,тооба кылдым.Толук окубадым ошондон кийин)))
31.03.2019. 14:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
148
Катталган:
17-08-2010
Соӊку аракети:
22-05-2019 00:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kuyoo_bala,ошондой өзгөчө адамдар дагы бар жашоодо.
28.03.2019. 16:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
07-12-2014
Соӊку аракети:
22-05-2019 14:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым сизге бекем ден соолук узун өмүр берсин
28.03.2019. 23:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
06-05-2014
Соӊку аракети:
22-05-2019 03:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул эже менин кошунамго билбепмин такыр Элмирбектин эжеси экенин
29.03.2019. 00:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
06-12-2018
Соӊку аракети:
01-04-2019 01:34
Жынысы:
Белгисиз
+1
1978 жылкыбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22285;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: