ЯКУТИЯДА КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ЗОРДУКТООГО ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ. Якут эли мигранттарга каршы митингге чыгышты

17-мартта Орусиянын Саха (Якутия) Республикасында кыргыз жараны жергиликтүү тургунду зордуктоого шектелип кармалды. Мындан улам жергиликтүү калк 2 күн катары менен мигранттарга каршы митингге чогулушту. Якутияда мигранттардын документтерин текшерүү күчөдү. Мигранттарга карата агрессия күчөп, алар ишин токтотуп үйдөн чыкпай отурууга мажбур болуп жатышкандарын айтышууда. Бир жарандын жаман жоругу өлкө ичиндеги бардык мигранттардын өмүрүнө коркунуч туудурууда.


КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ ЭКЕНИ МААЛЫМ БОЛДУ

Якутиянын тергөө комитетинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын 17-мартында 23 жаштагы эркек киши Якутск шаарындагы Кузьмин көчөсүндө жайгашкан үйдүн алдынан күч колдонуп аялды Тойота-Королла үлгүсүндөгү унаага салып, Севастопольская көчөсүндө жайгашкан гараждар тарапка алып барып зордуктаган. Мындан кийин ал өзүнүн тааныштары иштеген унаа оңдоочу жайга аялды алып барып таштап, өзү үйүнө кетип калган. Аял мырзалар уктаганда ал жактан чыгып, тергөө комитетине кайрылган. Аялдын кайрылуусунун негизинде текшерүү башталган. Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, полиция жана Росгвардиянын кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашкан. Кармалган жаран суракта күнөөсүн моюнуна алып, тергөөчүгө жасаган ишин толук түрдө айтып берген. Кылмышкерге карата «зордуктоо» жана «адам уурдоо» беренелери менен кылмыш иши козголду. Шектүүнүн 2 досуна карата «алдын ала сүйлөшүү жолу менен адамдардын тобу тарабынан адамдын эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.

Тергөө комитети шектүүнүн улутун атаган эмес. Бирок Якутскта бул адамдардын кыргыз жарандары экендиги тууралуу маалымат тараган. 18-мартта Якутиянын башчысы Айсен Николаев кылмышка шектүүлөрдүн кыргызстандыктар экенин тастыктады. Тергөө комитети 2018-жылы Якутияда катталган жыныстык эркиндик жана жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын 296сынын төртөөндө гана чет жерликтер күнөөлүү болгонун белгилеп, улуттар аралык кастыктан алыс болууга чакырды.


«МИГРАНТТАРДЫ ТЕКШЕРИП, МЫЙЗАМСЫЗ ЖҮРГӨНДӨРҮН ДЕПОРТАЦИЯ КЫЛАБЫЗ»

Бул окуя коомчулукта резонанс жаратты. 17-мартта Якутск шаарынын жашоочулары антимигранттык маанайдагы митингге чыгышты. Жергиликтүү маалымат каражаттары митингге 200 чакты адам чыкканын жазышууда. Полиция катышуучуларды мыйзамга ылайык уруксат алып каршылык акциясын өткөрүүгө чакырды. Чогулгандар кийинки күнү дагы чыгышарын макулдашып тарашты. 18-мартта «Триумф» спорткомплексине коңшу райондордон да жарандар келишкен. ММКлар 3 миң адамга ылайыкталган комплекс чогулгандар үчүн тардык кылганын жазып чыгышты. Якутия Республикасынын башчысы Айсен Николаев эл алдына чыгып сүйлөп, мындай деди:

– Биз, якуттар, меймандоспуз. Бирок биз менен эсептешпегендер бизге душман болот. Мындай окуя болбошу керек. Биз өзүбүздүн жерибиздебиз. Аз убакыт мурун келген адамдардын мындай жорук жасашына жол берилбеши керек. Мен тиешелүү органдардын жетекчилери менен жолугуштум. Жакын арада бардык мигранттарды текшерип, мыйзам бузгандарды депортация кылууну, мыйзам бузган ишканаларды жабууну тапшырдым. Алар салык төлөшү керек, мыйзамга жараша иштеп, тартипти сакташы керек. Экинчиден, биз, жергиликтүүлөр кээде өзүбүз туура эмес кылабыз. Алардан арзан жемиштерди сатып алабыз. Алардын такси кызматын колдонобуз. Эмнеге каттоосу барбы, салык төлөп жатабы деп сурабайбыз? Аларга аз акча төлөө үчүн жумуш беребиз. Республикалык, жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү калк биригишибиз керек. Ошондо гана өз жерибизде кожоюн боло алабыз. Ошондо бизди сыйлашат. Бул чечилчү маселе. Биз, якуттар бул жерди ээлеп, орус калкы менен жанаша жашап жатабыз. Мындан ары да ошондой жашайбыз. Бизди сырттан башка эл башкарбашы керек.


Айсен Николаев зордуктоого катыштыгы барларды мыйзам чегинде соттой тургандыктарын билдирип, өзүм билемдик менен кимдир бирөөнү жазалоого жол берилбеши керек экенин айтты.


«МЫЙЗАМСЫЗ МИТИНГГЕ ЧАКЫРГАНДАР ТАБЫЛДЫ»

Өлкө башчынын сөзүн айрымдар туура эмес түшүнүп алышып, улуттар аралык кастыкты жараткан чакырыктарды таратышууда. Бул тууралуу Якутиянын ички ииштер министринин орун басары Константин Неустроев маалымат каражаттарына билдирди:

– WhatsApp аркылуу улуттар аралык кастыкты козутуучу видеолор тарап жатат. Бул аракет мыйзам бузуу болуп саналат. Полиция тарабынан бул видеолор текшерилип жатат. Улуттар аралык кастыкты жараткандар жоопкерчиликке тартылышат. Мындай видеолордун биринде бирөө "Якутия рулит!" деген сөздү айтып, автомат менен асманга атып жатат. Роликтин каарманы табылды. Ал административдик жоопко тартылды. Мыйзамды сакташыбыз керек. Провокациялык чакырыктар болбошу керек. Башка шаарларда да биздин жаштар жашаарын эске алалы. Чет жердеги жердештерибизге ар кандай суроолор берилбеши үчүн өз жерибизде мыйзамды сакташыбыз керек.

Ар бир митинг федералдык мыйзамдын чегинде өтүүсү зарыл. Комсомол аянтында өткөн уруксатсыз митинг укук бузуу болуп саналат. Ал митингге чакырык таштагандар да табылды.


«КӨЧӨДӨН МИГРАНТТАРДЫ САБАП КЕТИП ЖАТЫШАТ ДЕГЕН МААЛЫМАТТАР БАР»

Өлкөдө абал курч экендигин, жергиликтүүлөр мигранттарга кыр көрсөтүп, кол көтөрүп жатышкандыктары тууралуу маалыматтар, интернетте ар кандай видеолор тарап жатат. Жергиликтүү маалымат булактары 7 адам шаардагы автобус айдаган мигрантка кол салышканын жазып чыгышты. Якутск шаардагы абал тууралуу «Манас» Кыргыз диаспорасынын өкүлү Эрмек Жуматаев буларды билдирди:

– Якутияда 10 миңге жакын кыргыз жараны жашап, иштейт. Жалпы элдин абалы жакшы. Бирок баары бир кооптуу. 18-мартта болгон митингдин артынан Якутиянын ар кайсы райондорунан келгендер түнү менен шаарды жакшы эле тапташты. Жашылча-жемиш саткандарды кубалап, соода кылган орундарын жаптырышты. Көчөдөн мигрант балдарды сабап кетип жатышат деген маалыматтар бар. Биз мекендештерге жеке коопсуздук үчүн 2-3 күн ишке чыкпай тургула деп билдирүү таратып жатабыз. Адамдардын өлүмү боюнча да имиштер бар, ал такталууда. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул окуянын болушуна мигранттардын күнөөсү жок деп айта албайбыз. Буга чейин да тартипсиз жосундарды жасап келишкен. Ачык айтканда, бул жакка жумуш издеп келген жаштардын көбү билимсиз, маданият боюнча түшүнүгү төмөн, тарбиясы начар. Арак ичип алып, башкаларга тийишкендер бар. Бул биринчи жолу катталган мындай окуя эмес. Былтыр да бир кыргыз жараны тарабынан бир жергиликтүү келин зордукталган болчу.

Якутск шаарынан 800 чакырым алыс жайгашкан Нюрба районунда жашаган кыргыз жараны алардын да документтерин текшерүү болуп жатканын билдирди:

– Биз жашаган райондо жалпы 25 мигрант бар экен. Анын ичинде 5-6 гана кыргыз бар. Баарыбызды прокуратурага чогултушуп, документтерибизди текшеришти. Прокуратурадан кийин полициянын имаратына алып барышты. Ал жактан бизге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бизге «ар кандай адамдар, арак ичкендер, жаш балдар бар. Алардын баарын тыя албайбыз, коопсуздугуңарга кепилдик бере албайбыз. Колуңардан келсе кетип калганыңар туура» деп айтышты.


ЯКУТИЯГА КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНӨН ДЕЛЕГАЦИЯ БАРДЫ

19-декабрда Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов баштаган атайын делегация Якутиянын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, түзүлгөн абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Якутияга барды. Жаралган конфликтти жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Сүйлөшүү учурунда кыргыз тарап кылмыштуулук улут тандабастыгын айтышып, Якутиядагы кыргыз жарандарынын коопсуздугун сактоо үчүн чаралардын көрүлүүсүн суранышты. Саха Республикасынын Ички иштер министрлиги кыргыз жарандарынан эч кандай арыз түшпөгөнүн тастыктап, баш аламандыкты болтурбоо чаралары көрүлөрүн билдирди.Мигранттарга каршы маанайды жөнгө салуу үчүн эки тарап тең түшүндүрүү иштерин жүргүзүшмөй болушту. Жолугушуу учурунда жергиликтүү бийлик менен иштешүү үчүн Якутиядагы кыргыз диаспорасынын лидерин тандап алуу керектиги айтылды. Делегация Якутиядагы кыргыз диаспораларынын лидерлери жана мекендештер менен жолугушуп, улут аралык конфликтти жаратуучу аракеттерден алыс болууга, Орусия Федерациясынын мыйзамдарын сактоого, өздөрү жашаган өлкөнүн салт-санаасын сыйлоого чакырды. Республика башчысы Айсен Николаев Владивостокко иш сапары менен кеткендигине байланыштуу кыргыз делегациясын кабыл ала алган жок.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
meku89
2019-03-25 16:10:04
Эх кыргыздар башкаларга зыянынарды тийгизбей нан таап жургон жеринерде жон журсонор боло.
+4
senchi
2019-03-25 16:21:06
Кысып жүргүлөчү сураныч
+4
nurhan2702
2019-03-26 13:32:36
Чындап мигрант болуп кобунчо ,билимсиз ,эптеп эле кун откорсом болду деп барып алгандар. Москвада да опкосун колтуктап пивону которуп парктарда тайрандаган жердештерибизди коруп уялчубуз. Партизанская метродогу кыргыздардын кафелери бар эле ,кудай сактай кор коргондун корбогону курусун болуп малдан айырмасы жок кутурушкан.Орустар башын чайкап коюшар эле.Кыргыздар маданияьсыздыгыбызды билдирбей жон журолу ,а то кууп чыгышса КРда жумуш жок .Баягы сынык тазигинер менен отуруп калабыз
+5
Nur777
2019-03-26 14:52:24
Жогорудагы комментарийлерде айтылгандай кыргыздар орус,якуттун жерлерине барып ичип ХХХХ кутурушу мумкун,ал туура эмес бирок кечээ жакындагы окуяда кыз озу тиги бала менен тан атканча ичип отурганы чын экен го,ФБда журот Оксана деген келинчек ошол кыргыз жигит менен интимдик байланышта болуп жургон экен,анан бир кун уруша кетсе эле подстава кылган ..ука,Мас болуп калса алпарып таштаган досторунун уйуно,соолукса кетип калат деп,анан уйуно апармак беле,ошондой эле зордукчул болушса берки
+2
Nur777
2019-03-26 14:55:00
берки экоо деле зордуктамак да..
Негизи якуттун кыздары кыргыз дегенде олушот,озулорунуку ичишет,бир дери иштебейт деп айтышат экен,жанталашып кыргызга тийип,тукум алып калайын дешет деп айтып калышат ошол жакта жашагандар.
+1
rahali
2019-03-26 20:52:56
Озубуздун олкодо канча аял жадакалса кичинекей кыздар зордукталып жатат бизде эмнеге чара корулбойт
+3
Guliza-Baktybekova
2019-03-28 15:29:53
Ошончо териштирип баарын башына которуп жиберишсе кыйын экен якуттар. Биздикилерге баары бир экен да. Аларда зордуктоо боюнча 296 болсо бизди ашып кетет болуш керек, эхххх...
0
ADIL_AYDAROV
2019-03-29 08:04:26
Кыргыздардын кыз келиндери законго ишенбейт закон дагы закконный иштесе ушунча эл азап чекпейт эле кылмышкерлер эркиндикте акча менен жалкоолуктун закону слишком куч алып кеткен
0
№ 855, 21-27-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан