Каныкей, ырчы: «ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА БАШКА КАНЫКЕЙ БОЛУП КЕЛЕМ»

Ырчы Каныкейдин дүйнөсүндөгү эң чоң байлыгы эмне десеңиз – анын үй бүлөсү. Андан кийинки кезекте чыгармачылыгы. Бирок экөөнү айкалыштырып, дагы да ийгиликтерге жетем деген ырчы өзгөчө ойлору менен бөлүшүп бул жолу өз дүйнөсүнүн эшигин ачты.

“АПАМ ОРУСИЯГА ЧЕЙИН БАРЫП БИЗДИ БАКТЫ”

– Менин ашып кеткен байлыгым жок, укмуш үйдө турбайм, укмуш унаа айдабайм, бизнес-вумен да эмесмин. Бирок ыраазымын, жашоомо керектүү нерсенин баары бар. Менин дүйнөмдүн орчундуу бөлүгүн апам ээлейт. Апам байкем экөөбүздү кыйынчылык менен өстүрдү. Тарсылдап, азыр да бүт оокатымды кылып келет. Эмнеге жаным ачыбасын апам жанымда. Неберелерин карайт, чыгармачылыгыма тынчсызданып “сен ырдашың керек” деп турат. Кадимкидей эле эне менен кыздын ортосунда болуп турган талаш-тартыштар болот, антсе да дайым апамдын пикирин угам. Перзентине кандай болгондо жакшы болорун эненин жүрөгү сезет экен. Кыз кезимде аркамдан чуркагандар көп болду, байы, жакшысы, кыйыны, айтор, баары бар эле. Турмушка чыгарда апама Медер тууралуу айтсам, “Медерге турмушка чыксаң жыргайсың” деди. Мага сөз айтып жүргөндөрдүн баарын көз алдынан өткөрүп туруп Медерди жактырды. Апам менин ким менен чогуу болсом бактылуу болорумдан жаңылбаган экен. Апам күйөө баласын өзүнүн баласындай көрөт. Андан да таң калычтуу нерсе бар, апам Медер деген ысымды жактырчу экен, байкемдин баласы төрөлгөндө Медер коём десе ага чейин коюп салышыптыр. Небересинин ысымын коё албаса да күйөө баласынын аты Медер болуп калды. Акмарал деп менин атымды коёюн деген экен, атамдын агасы Каныкей коюп салыптыр. Акмарал деген ысымды небересине койду.

Апам биз үчүн кара жанын карч урду, мен 4-класста, агам 6-класста окуп калганда бизди таштап Орусияга иштегени кеткен. Өспүрүм кезде бир үйдө калганбыз. Байкем лицейде окучу, окуунун акысы жылына 5000 сом эле, ал кезде орточо айлык 1500 болчу. Учурда байкем үй-бүлөсү менен чет өлкөдө. Апам ал акчаны кантип таап окутканына таң кала берем. Мен азыр апамдай балдарыма курмандык кыла аламбы деп өзүмдөн сурайм. Жаш болчу, күйөөгө тийип кетсе болмок, кээ бир энелер таштап деле кетип калып жатышпайбы. Апам бардык кыйынчылыктарга чыдады. Мына, азыр мөмөсүн жеп жаткан учуру.

“БАШ КОШКОНУБУЗГА 5 ЖЫЛ БОЛДУ, МУРУНКУДАЙ ЭЛЕ СҮЙҮҮБҮЗ ТОЛУП-ТАШЫП ТУРАТ”

– Бала кездеги сезимдерим, эмоцияларым апам жана байкем менен байланыштуу болсо, жашоомдун экинчи этабы бүтүндөй күйөөм Медер менен байланыштуу. Медер экөөбүздүн баш кошконубузга 21-мартта 5 жыл болот. Экөөбүз үйлүү-жайлуу болдук, эки балалуу болдук. Бул жылдары мен ырчы Каныкейден, кожойке Каныкейге алмаштым. Сабырдуу болгонго, күйөөм менен бир команда болгонго, анын пикирин сыйлаганга үйрөндүм. Кыз кезимде “аял эмнеге кабыргадан жаралыптыр?” деп чычалап урушуп кетчүмүн. Феминисттик көз карашым укмуш эле. Азыр кабырга болсом эмне экен дейм.

Кеңешчим, коргоочум, артымдагы күчтүү тыл – Медер. Анын даанышмандыгын, туруктуулугун баалайм. Айланамдагы көп эле артист, ырчы эркектер кыз жандуу экенин байкайм. Медер андай жеңил-желпи эмес. Туруктуу, сабырдуу, эмоцияга алдырбайт. Аны менен мен дагы көп нерсеге башымды оорутпай, тынч болгонго көндүм. Болгону элдин көңүл борборунда болгонду жактырбайт, араң балдарыбыз менен фотосессия жасатканга көндүрдүм. Ал дагы 5 жылдык чогуу жашообуздун урматына (күлүп).

“ДЕН СООЛУКТУН ДААМЫН СЕЗИП БАКТЫЛУУ БОЛОМ”

– Жакындарымдын, өзүмдүн ден соолугум мен үчүн өтө маанилүү. Анткени мен турмушка чыкканга чейин жаным тынбай иштедим. Учакта учуп, гастроль, концерттер, чакыруулар боло берип ден соолугум жабыр тартты. Азыр тынч уйкуну аябай баалайм. Эл көзүндө жүрүүнүн жоопкерчилиги өтө оор. Концерттердин алдында толкунданып такыр уктабай калчумун. Жөнөкөй эле ырчы болуп туруп сахна үчүн, эл үчүн ушунча уктай албай жатсам, “президенттер элдин жүгүн көтөрүп алып кантип укташат болду экен?” деп ойлочумун. Ден соолук болбосо, байлыгың дагы, бийлигиң дагы, атак-даңк дагы эч нерсеге арзыбайт деп ойлойм. Кээде балдарым менен кучакташып жатып, уйкунун, ден соолуктун даамын сезип бактылуу болом.

“БАЛДАРЫМ”

– Кудай агартып уул, кызартып кыз берди. Буга да шүгүр. Тун балабыз боюмдан түшүп калган билесиздер, андагы кайгыбызды Алимдин төрөлүшү жууп кетти. Уулум мага кубаныч, энелик ырахат тартуулады. Карындашы төрөлгөндө кызганган жок, бирок алгачкы күндөрү кызымды эркелеткенде уулум мени тиктеп калчу. Дароо байкап “Сенин Алим деген сонун байкең бар, билесиңби?” деп кошуп кетсем, ал байке болгон статуска алданып калдыбы, көп кызганган жок. Байкем экөөбүздүн ортобузда деле кызганыч болчу эмес. Ал китеп окуп эле отурчу, а мени “Каню, сабак окубайсыңбы?” десе мен “жок, мага бул нерсенин кереги жок, мен башкача болом” деп койчумун. Эл адамы болом деп айта алчу эмесмин, бирок сезчү окшойм. Кызым Акмаралды төрөгөндө колума назик гүл алгандай сездим. Ошондо гана эмнеге ата-энелер кызына өтө камкор карашарын сездим. Кыздарды коргош керек, колдош керек. Азыртадан эле кызыма аяр мамиле жасайм. Кийин чоңоюп дискотекага барса, мен дагы жашырынып барып алып карап турсам керек деп ойлоно берем. Өтө баласаак энемин деп айта албайм, бирок жоопкерчиликтүү энемин. Ашып кетсе 5 саатка таштай алам, болбосо дайыма жанымда жүрөт. Супер жылдыз болом деп балдарымды өзүмдөн айрый албайм.

ХОББИ

– Мурун шурулар менен бир нерселерди жасап, ошол менен алек болчумун. Азыр убактым жок. Бөлмөнү жасалгалоого, интерьердик дизайнга аябай кызыгам. Үйүбүздүн жасалгасын өз колум менен жасап чыктым. Эгерде ырчы болбой калсам, ушул жаатта иш кылмак болушум керек.

СОЦИАЛДЫК ТАРМАК

– Жашоомдо социалдык тармактын аз болсо да орду бар. Көп учурда элге пайдалуу нерселер менен бөлүшкөнгө аракет кылам. Ушак, чектен чыккан нерселерге көңүл бурбайм. Кадам сайын сүрөт жүктөгөндөн, куру пафостон качам.

"СУПЕР-ИНФОГО" ЫРААЗЫМЫН

– Менин чыгармачылыгыма “Супер-Инфо” гезити орчундуу салым кошту, эмгегимди сыйлап, “Жылдын супер ырчысы” наамын бир топ жыл алдым. Мени гана эмес, учурдагы мен-мен деген жылдыздардын элге таанылуусуна салымы чоң. Ыраазычылык билдирем.

Чыгармачылык деп суусап турган учурларым болду. Адамдын жашоосу этаптарга бөлүнүп, ар бир этаптын өзүнүн баалуулугу болот экен. Азыр балдардан ашкан убактымда, күйөрмандарым үчүн ырдап жатам. Кайра чыгармачылыкка башка Каныкей болуп келем деп ойлойм.

Эл менден жаңы нерсени күтүп жатканын билем. Мезгил көрсөтөт.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Каныкей: "Чыгармачылыкты эмес үй-бүлөнү тандадым"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Paprikafm
2019-03-25 09:39:01
Аябай соонун маек болуптур, акылдуусуң!
+9
pirim77
2019-03-25 09:39:55
азыр бул ырчынын кайсы ыры бар. эсептеп корсом бир ырчыны жылына 3 ирет чыгарат экенсинер ошентсе кызыгы калабы? Например жанагы репер жигит. уйгур-кызына уйлонот, уйлонот, эми балалуу болот деп эле 1 беттен тушпойт.
+4
Nursbaike
2019-03-25 09:44:51
Уй булону бийик койгондорду Мен дагы аларды адам катары бийик кором. Супер жылдыз болом деп балдарымды уйбуломду таштай албайм дегенин аябай жакты. А баса Анан эл адамы Киитеп окубагандар бекен ;) тамаша албетте. Феминисттик коз караштан арылганына шугур.
+4
Aikan1966
2019-03-25 10:50:40
Сооонун маек болуптур,менин неберем аты да Каныкей сендей бактылуу кыз болсун.
+1
Saliman
2019-03-26 14:28:47
Уй-булоолук бакыт каалайм.Баштагы обу жок Каныкей эмес ото сонун акыл-эстуу Каныкей болуп калыптыр молодец ушунундан жазба
+1
Gul_gulum
2019-03-30 14:35:28
Учурунда супер жылдыз болчу. Таланты озгочо
+1
NURSAPAR
2019-03-30 16:39:40
Мына, жөнөкөй... Эки ыр ырдап супермин ,дегендерге сабак. Азаматсың айрыкча үй бүлөөнү бийик койгонуңа.
+1
№ 855, 21-27-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан