16-март күнү Ош шаарында Аваз Акимов менен Айдана Деканын үйлөнүү тою болуп өттү. Тойго Аваздын ата журту, туугандары, Айдананын төркүндөрү, ырчы мырзанын сахналаш достору катышты. Эки жашка өкүл ата, өкүл эне болуп Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров шайланып, алар балдарына чет өлкөгө эс алууга жолдомо беришти. Аваз менен Айдананы жакшылыгы менен куттуктап, тойдогу кызыктар, ырчы айымдын келиндик доору тууралуу сурадык.
– Аваз, Айдана, куш бооңор бек болсун! Аваз, Ошто, кайра Бишкекте той берет экенсиңер. Эки тойдо кандай айырмачылык болот?
– Ошто менин ата-энем, ата журтум турат. Ошондуктан биринчи бул жакка той берүүнү чечтик. Ал эми Бишкекте Айдана экөөбүздүн кесиптештерибиз, досторубуз катышкан заманбап той болот.
– Элдин баары сени Сыймык Бейшекеевди өкүл ата кылып шайлайт деп ойлошкон экен. Ал кишини эмнеге шайлабай калдың?
– Рахмат! Туура айтасыз, “эмнеге Сыймык Бейшекеевди өкүл ата кылган жоксуң?” деп көп сурап жатышат. Сыймык атам мага өз атамдай болуп калган. Ал кишинин орду менин жашоомдо чоң. Атамды өкүл ата кыла албайм да (күлүп).
– Айдана, үйлөнүү тоюңарда сенин үч ирет көйнөк алмаштырганың кызыгуу жаратты...
– Ар бир тойго бир көйнөк менен чыга албайт экенсиң. Андыктан ыңгайына жараша алмаштырып жаттым. Жакында Бишкекте өтчү тойдо да үч ирет үлпөт көйнөк алмаштырам. Көйнөктөрүмдүн баасына деле маани берген жокмун. Мага жакканын, ыңгайлуусун тандадым. Ал эми баасын Аваз өзү сүйлөшүп жатат.
– Келин болуп келгенде сен билбеген кандай салттар болду? Айылдын турмушу жактыбы?
– Жаңы келин болуп келгенде эки колума сары май сүйкөп, колума депкир менен чөмүч карматышты. Бул улуу жеңем эстафетаны мага өткөрдү деген түшүнүк экен. Көшөгөдөн чыккандан кийин жеңемдин көзөмөлүндө өзгөн күрүчүнөн аш бастым. Баары мактап жешти.
Айылда мурун жашабагандыктан, баары мага кызык көрүнүп жатат. Мени көргөнү кичинекей кыздар-балдар келип чай куюп же башка жумушту жасап жатканымды сүрөткө тартып алышат. Кыскасы, айылдын жашоосу мага жакты.
– Бактылуу болгула, эки жаш! Маегиңерге рахмат!