Sаm Cosmo, ырчы: «ЛА-ЛА-ЛА» АТТУУ ЫР СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫМА АРНАЛГАН»

“Ты не забывай,

Мой потерянный рай,

Что в тебе таится my life.

Но не забирай пока небо,

Сохрани тот май в ней.

Пока мне ещё сил набрать...”
Ушул ыр учурда жаштардын ар биринин телефонунда, КМШ өлкөлөрүнүн булуң-бурчунда жаңырууда. Анын социалдык баракчасына кирсең жалаң сүйүүсүн айтып бүтө албаган кыздар, жеке жашоосуна кызыккан күйөрмандарын көрүүгө болот. Анан да Sam Cosmo`ну казак-кыргыз деп талашкандар абдан көп. Айта кетчү нерсе, ырчы мырза жердигин, улутун, үй-бүлөсүн, жеке жашоосун сыр тутат. Андыктан “Ла-ла-ла” аттуу ыры менен бүтүндөй КМШ өлкөлөрүнө таанылган ырчы мырза менен жеке жашоосу эмес, чыгармачылыгы тууралуу маек курдук.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Чыныгы аты-жөнү
– Максат Мажитов
Туулган жылы – 1994-жыл
Бою – 184 сантиметр
Репертуарындагы ырлары – “Ла-ла-ла”, “Со мной”, “Only”, “ My november” жана башкалар

– Саламатсызбы, Сэм же Максат, сизди кандай атаган туура болот?

– Максат десеңиз болот.

– Максат, эмне үчүн Сэм Космо деген псевдоним? Псевдонимиңиз эмнени түшүндүрөт?

– Сэм деген америкалык мультфильмдин персонажы. Мен ага окшош болгондуктан короодогу балдар Сэм дешчү. Кийин чыгармачылыкка аралашканда псевдоним керек болуп, Сэм деген атты алдым. Ал эми Космо дегенимдин себеби, бала кезде учкуч болууну кыялданчумун. Ошонун таасиринен аталып калган.

– Чыгармачылыкка алгачкы кадамдарыңыз качан башталган?

– Мен бала кезден чыгармачылыкка жакын болдум. Гитарада ойноп, ыр жазчумун. 15 жашымда атам гитара белек кылган. Ошондон тартып Петлюра, Виктор Цой жана башкалардын ырларын ырдап жүрдүм. 2000-жылдары батыш маданияты, рэп бизге жаңы келип баштаганда музыка чөйрөсүнө кызыгуум күчөдү. Короодогу балдар менен батыш жылдыздарын туурап ырдап, кийинип, рэп окуп жүрдүк. 50 Cent, Eminem, Ja Rule, Busta Rhymes жана башка ырчылардын ырларын угуш үчүн атайын кассета, CD дисктерди сатып алчумун.

2004-2005-жылдары орусиялык рэперлер, өзгөчө “Крек” деген топтун чыгармалары абдан таасирлентти. Алардын жазган ырлары кезинде мага бир аз өөн учураса да таасири күч болду. Ошентип олуттуу түрдө ыр жазууга кириштим. Чыгармачылык менен 2011-жылдан бери тынымсыз алектенип келем.

– Демек, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган ырларыңызды өзүңүз жазат турбайсызбы? Бизге “Ла-ла-ла” аттуу ырыңыздын жаралуу тарыхын айтып бересизби?

– Ооба, ырларымдын сөздөрүн өзүм жазам. Ал эми обондору 20 жаштагы таланттуу музыкант Арслан Бейсековго таандык. Ал Чыгыш Казакстандагы Семей шаарынан болот. Биздин командада мен, Арслан, үн режиссёру Алекс Бесонный, Мади Рахман төртөөбүз барбыз.

Балдар менен Алматыда кезиккенде Арслан мага ырдын минусун угузду. Аябай жакты, ошондо эле оюма кээ бир сөздөрү келди. Балким, ошондо ыр жаза турган абалда болсом керек. Бирок андан кийин башка жумуштарга алаксып кеттик. Жарым жылдан кийин май айларында болсо керек, ырдын үстүнөн иштеп баштадык. Алгач аталышы ”На-на-на” болчу. Кийинчерээк өзгөртүлүп, былтыр июлда бет ачарын өткөргөнбүз. Ырым ютубдагы белгилүү бир каналга жагып, алар каналына киргизишти. Кароолор эки айда миллиондон ашып, күндөн-күнгө өсүп жатат.

Бул ыр сүйлөшкөн кызыма арналган. Ошол учурда экөөбүз таарынышып жүргөнбүз. Жан дүйнөмдө болгон бурганактарды ушул ыр аркылуу чыгардым окшойт.

– “Ла-ла-ла” ыры “Апамды издеп-2” тасмасынын саундтреги катары чыккандан кийин популярдуу болду. Руслан Акун менен кандайча иштешип калдыңыздар?

– Биз үй-бүлөбүз менен тасманын биринчи бөлүгүн көрүп, абдан жактырганбыз. Ошондо эле режиссёрдун талантына баа бергем. 2018-жылдын декабрь айында тасманын уландысы тартылып жатканы тууралуу жарнаманы көрүп калдым. Руслан Акунга анын чыгармачылыгын баалаарымды белгилеп, “менин ырым мүмкүн тасмага саундтрек болуп калар, угуп, баа берип көрүңүз” деп жазгам. Ал кезде ырды 7 миллиондон ашуун киши уккан болчу. Бирок жооп деле күткөн эмесмин. Эртеси Руслан Акун ыр жакканын жана тартуучу топ бир добуштан саундтрек катары алабыз деген чечимге келгенин айтты. Ошентип 2 күндөн кийин ырга клип тартылды.

– Социалдык тармактан, концерттериңизден сизге ашык кыздар көптүгүн байкайбыз. Популярдуулук качан башталды деп ойлойсуз?

– Ыр популярдуу болгон сайын мага КМШ өлкөлөрүнөн, Армения, Грузия, Чечня, Азербайжандан кат жазышат. Анткени менин ырымды жүктөгөн канал ошол аймактарды камтыйт. Менин ырыма Орусиянын бир жеринде эки жаш үйлөнүү үлпөтүндө бийлесе, бирөөлөр сүйүү баянын (Love story) тартышыптыр. Ушул нерселер мага чоң дем берди. Клип жарыкка чыккан соң мени көрүп, көпчүлүк таанып башташты.

– Бир жолу атаңызга ыраазычылык жазган экенсиз. Атаңыз сиздин негизги колдоочуңуз окшойт?

– Ооба, атам ыр чыккандан тартып бүгүнкү күнгө чейин күндө эртең менен интернетке кирип, ыр канча жолу каралды, сөзсүз карайт. Апам болсо колдонуучулардын пикирлерине чейин окуп чыгат. Ата-энем мени бул жактан абдан колдошот.

– Маектин аягында өзүңүздү сүрөттөй кетсеңиз, кандай адамсыз? Үй-бүлөдө, достор арасында...

– Эки сөз менен өзүмдү мүнөздөсөм, шайыр адаммын. Баарына чын жүрөктөн мамиле кылам. Жасалмалуулукту жактырбайм. Колдон келишинче жакындарыма убакыт бөлгөнгө аракет кылам. Достор арасында, үйдө абдан позитивдүүмүн.

– Маегиңизге рахмат.

"Жашоодо шайыр адаммын".
Sam Cosmo`нун "Ла-ла-ла" ыры "Апамды издеп-2" тасмасына саундтрек болуп колдонулган.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 855, 21-27-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан