ОРУСИЯЛЫК ЫРЧЫ ЮЛИЯ НАЧАЛОВА КАЗА ТАПТЫ

16-март күнү орусиялык ырчы Юлия Началова көз жумду. Маалыматка ылайык, ырчы айым 8 жыл бою муун оорусу (подагра) жана бөрү жатыш (красная волчанка) оорусу менен күрөшүп келген. Акыркы жылдары кант диабетине чалдыкканы аныкталган. Юлия көп жолу чет өлкөлөрдө дарыланып келген. Бирок дарыгерлер ырчынын өз убагында кайрылбагандыгынан муун оорулары күчөп, айыктыруу мүмкүн эместигин айтышкан.

Буга чейин Юлия бутунан жаракат алып, өз алдынча лидокаин менен дарылагандан буту ириңдеп кеткени маалым болгон. 11-март күнү ырчы айым муун оорусу, бөрү жатыш дарты, бутунун гангренасы өтүшүп, канты көтөрүлгөн абалда орусиялык ооруканага жаткырылган. 16-март күнү Началованын абалы оорлошуп, комага түшкөн. Ошондой абалда аны жасалма дем алдыруучу аппаратка жаткырышып, кийинчерээк бутуна операция жасалганы белгилүү болгон. Тилекке каршы, дарыгерлердин аракети акталбай, ырчы айым 38 жашында көз жумду.

Юлия Началованы көпчүлүк 90-жылдын жылдызы катары билет. Анын “Менин сүйүүмдүн каарманы эмес” (“Герой не моего романа”) деген ыры көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун таап, ырчы айымдын атагын арттырган.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nurhan2702
2019-03-26 13:15:54
38жаш ото эле кыска омур суруптур.
+3
№ 855, 21-27-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан