Аида Акматова, жаачы, цирк кызматкери: «СВЕТЛАНА МЕНИ БУГА ЧЕЙИН ДЕЛЕ КӨП КАРАЛАГАН»

Гезитибиздин өткөн санында Асланайым Аширова (Светлана) 8-март күнү Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында оор кырсыкка учурап, буту сынып, операция жасалганы тууралуу жазганбыз. Асланайымдын апасы Айнаш Аширова кырсыкка цирк кызматкери, жаачы Аида Акматованы “атайын кылышы мүмкүн” деп айыптаган эле. Айнаш айымдын бул билдирүүсүнөн кийин Аида Акматова “мен ушул кезге чейин унчукпай келгем. Мындан ары мени каралоолорго чыдай албайм” деп окуянын чоо-жайын айтып берди.

– Аида, Асланайым көптөн бери сиз, үй-бүлөңүз тууралуу жаман кептерди айтып жүргөнүн баракчаңызга жаздыңыз. Асланайым менен качантан бери таанышсыз? Араңыздардагы тирешүү качан пайда болду эле?

– Света циркке келгенден бери эле таанышмын. Башында экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы болчу, сүйлөшүп эле жүрчүбүз. II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чогуу иштештик. Негедир ошол учурдан тартып мени көптөгөн адамдарга жамандай баштады, көрө албастыгы күчөдү. Анын мен тууралуу жалган, жаман сөздөрдү айтып жатканын башка адамдардан уга баштадым. Ошондон кийин эле салам бербей, мамилебиз салкындап кетти.

Баарынан да Кыргыз мамлекеттик циркинин директорлугуна мени кесиптештер бир добуш менен сунуштаганда мага карата жаман сөздөрү күчөдү. Ал мага гана эмес, менин үй-бүлөмө сөз тийгизип, циркте үй-бүлөлүк клан орнотуп алышкан деп айтып жүрөт. Бирок эгер өзү профессионалдуу цирк артисти болсо, мунун клан эмес, үй-бүлөлүк династия экенин түшүнмөк. Канчалык ал мени жана менин үй-бүлөмдү жамандаса да, ушуга чейин мен ал тууралуу бир да жолу жаман сөз сүйлөгөн жокмун. Эми чыдамым бүттү! Менин деле ата- энем бар. Апамдын абалын көрүп жүрөгүм сыздап ооруп жатат. Мени жамандаса дагы, ата-энеме тийишпей эле койсо болмок. Үй-бүлөмдүн бул жерде эч кандай тиешеси жок!

Негизи бул мени каралаган биринчи окуя эмес. Света дайыма эле бир нерсе болгон учурда мени күнөөлөп, ар кимге жамандап жүрөт. Эмне үчүн мага мындай жаман мамиле кылып, күнөөлөп жүрөт, мен такыр түшүнбөйм.

– Сиз окуя башкача болгонун айтып жатасыз. Кырсык болгондо сиз жанында белеңиз?

– Кырсык тууралуу толук айтсам, Света Аширова бул жакка «Салбуурун» жаачылар тобу менен келген. Каскадёр федерациясына анын эч кандай тиешеси жок. Анын кыз куумай оюнуна катышууга укугу жок болчу. Светага аянтка ат менен чыгууга эч ким уруксат берген эмес. Каскадёрлор чыккан учурда ал массовкада турушу керек эле. Каскадёрлор ал учурда кайсы учурда чыгып, кайсы учурда иштеп, ким-кимден кийин чыгышын билип, катар-катары менен кетип жаткан. Света Аширова болсо эрежени бузуп, атты чаап кетти.

Ал бутун сындырган учурда мен анын жанында турган эмесмин. Мен кыз куумайдан келип, атымды буруп артымдан келе жаткан Айдана деген кызды карадым. Ошол учурда Аширова Айдананын атын жөөлөп, аттан кулатып, калган турган аттарды аралап кетти. Биздин федерацияда иштегендер, окуяга күбө болгондордун баары менин ал жакта жок экендигимди жазып жатышат. "Эмнеге мындай маалымат таратып жатат?" деп таң калышууда.

Мени кырсыкка себепкер деп айткандар жөн гана каралап жатышат. Светланага мен эч качан жамандык каалабайм. Буту айыгып кетсин дейм. Мен аны кечирдим жана Кудайга койдум!

– Асланайымдын апасы Айнаш Аширова сизди "Буга чейин деле кызыма эки жолу залал кылган. Ага бут тосуп жүрчү" деп бизге маек берген эле. Бул кептин канчалык чындыгы бар?

– Мен Светлана Ашировага эч кандай бут тоскон эмесмин. Мен аны атаандаш катары эсептебейм, ага өчөшкөн эмесмин жана өчөшпөйм дагы. Анткени чыныгы профессионал адам ар кандай ушак сүйлөбөй, өзүнүн жумушу менен мыкты экендигин көрсөтөт.

– Анда элге тараган селфи жасап жаткан кыз тууралуу маалымат чындыкка коошпойбу?

– Селфи тууралуу чыккан маалымат жалган. Биринчиден, ал окуя кечке маал болгон. Биз анда репетиция кылып жатканбыз. Караңгыда кайдагы селфи болмок эле? Экинчиден, бир да адам катуу ылдамдык менен чаап бараткан аттын үстүндө селфи кыла албайт. Үчүнчүдөн, бүт каскадёрлор өз жумушуна көңүлүн бөлүп, башка нерсеге алаксыбайт. Ал кезде эч кимдин колунда телефон жок болчу.

– Атты жакшы билген адам ат катуу чуркап кеткенде да башкара алабы?

– Бул жерде 3 каскадёрлук федерация иштеп жатат. Баары өз жумушун жакшы билген жана атты жакшы минген профессионал адамдар. Бирок бул жактын аттары менен иштөө кыздарга эле эмес, балдарга да кыйын болуп жатты.

– Ушундай кырсыктан улам цирк кызматкерлеринин көшөгө артындагы окуялары чыгып жатат. “Адам канчалык ийгиликке жеткен сайын ошончолук көрө албай, бут тоскондор көбөйөт” дешет. Бул боюнча пикириңиз кандай?

– Атаандаштык циркте гана эмес, бүт эле чөйрөдө болот. Бирок эгерде адам өзүнүн жумушунун профессионалы болсо, ал сөз аркылуу эмес, кылган жумушу аркылуу көрсөтөт деп ойлойм.

"Чыныгы профессионал адам ушак сүйлөбөй өз жумушу менен алектенип, мыкты экендигин көрсөтөт".
Асланайым Ашированын буту сынып кеткендиктен, бутуна операция жасалды.
"Светлана мени жамандаса да, ата-энеме тийишпей эле койсо болмок".

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
meni_kut
2019-03-25 09:59:26
Ынтымагынарга суктанчум мурда,конул калды,экоонордун тен ичинер таза эмес экен.Ушундай адамдар кантип циркти башкармак эле,директорлукка отпой калганын деле жакшы болуптур.Кайсы тармак,кайсы чойродо иштесенер да адам бойдон калгылачы...Экоонор тен жакпадынар кыскасы.
+4
CuMBoJI
2019-03-25 11:17:44
Бирин бири жамандап эле жатып калгыла. Кимиси чын, кимиси калп айтып жатканын бир гана кудай билет.
+2
mela
2019-03-25 14:30:43
Эки башка версия го...Максутов жетектеп барган,ошл киши гана тактап айтыш керек...кандай болгонун...
0
karona12
2019-03-25 19:08:50
Аида Акматова сенин Светалана мени жамандап журчу дегенинде кепбар,демек очунду алгансын. Уй булоолук клан эмес дейсин туугандарын баарын циркке чогулуп алсанар айтат да.
+2
max-bek
2019-03-26 09:50:16
Асланайым жанагы салам Бишкекте роль жараткан кызбы? Апасы Айнаш Аширова мультфильмдердин унун коштогон эже да.
+1
taalay25
2019-03-26 11:38:02
max-bek, Рабаятты алып барчуу окуучу кезинде
0
Tiken
2019-03-26 10:04:09
Атайын эле уюштурдунар окшойт да тем более семейный клан болсонор... Байкуш кызга аянычтуу болуптур...
0
Saliman
2019-03-26 16:32:01
Ошол жердеги кубоолордонда маалымат алса жакшы болмок кимдики чын кимдики жалган экени такталмак
0
Saliman
2019-03-26 16:32:41
Ошол жердеги кубоолордонда маалымат алса жакшы болмок кимдики чын кимдики жалган экени такталмак
0
№ 855, 21-27-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан