Жылдыз төлгө
КОЙ (21.03-20.04)
Аптада акчаны үнөмдөө, бизнеске идея табуу да кыйын. Бузулган буюмду оңдотууга, жакыныңызга дары-дармек алууга акча коротосуз. Иште жүрүм-турумуңузду көзөмөлдөңүз. Болбосо катуу сын угасыз. Кандай болгон күндө да алга жылуу керек. Билимиңизди өстүрүүгө аракеттениңиз. Жаңы маалыматтарды ылгап, керектүүсүн колдонуңуз. Көйгөйлөрдү айтып кеңеш алуу үчүн эски досуңузга кайрылсаңыз болот. Күч-кубат топтоо үчүн жаратылыш коюнунда эс алуу сунушталат.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бирге иштешкен өнөктөш же жетекчилик менен болгон сүйлөшүү көкөйүңүзгө тийип, ишиңизге же үй-бүлөлүк жашооңузга өзгөртүү киргизесиз. Пландарыңызды кайра карап чыгып, тааныштардан кеңеш алыңыз, кошумча акча булагын издеңиз. Иштен командировка сунушталса ылайыгына карап чечиңиз. Ишкер жолугушууларды жума күнгө белгилесеңиз ийгиликтүү болмокчу. Ишемби күнү чарба иштерине да убакыт бөлүүгө туура келет.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Иште тобокел кадамга барбаңыз. Болбосо сизди башкаларга жаман көрсөтчү адам чыга калат. Ийгиликтүү адамдардан дос күтүп, алардын арты менен жашооңузду өзгөртүүгө умтулуңуз. Күтүүсүз кабар угуп, пландарыңызды өзгөртүүгө туура келет. Ал кабардын канчалык туура экендиги бир нече күндөн кийин билинет. Бойдоктордун сүйүктүүсүнүн жанында анын сүйүүсүнө арзыгысы келген башка адам пайда болот. Андыктан сак болуңуз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Коомдук абройго ээ болгон адамдар менен байланышасыз. Мамилени бекемдеп, алардан жардам ала тургандай болуңуз. Карьерадан көтөрүлүүгө ылайыктуу мезгил. Андыктан өзүңүзгө ишенимдүү болуп, так иштеп, жаңы идеяларды сунуштап, лидерлик сапатты көрсөтүңүз. Акчадан кол жууп калбоо үчүн арсар долбоорго киришпей туруңуз. Бир кезде чогуу иштешкендер менен жолугасыз. Алыс жолго чыгуу сунушталбайт. Башка иш издесеңиз табылышы мүмкүн. Үй-бүлө менен чогуу эс алууну пландаңыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Жашооңузга өзгөртүү киргизиңиз. Чач жасалгаңызды өзгөртүп, гардеробду жаңылаңыз. Айрымдардын айлыгы көбөйсө, кээ бирлер кызматынан көтөрүлөт. Убакытты үнөмдөп көп нерсеге жетишүү менен жашооңузду оңдоого киришкениңиз оң. Жакындарыңызга сиздин камкордук жана жардам керектигин унутпаңыз. Келбетти калыпка келтирүү үчүн спорт залга баруу сунушталат. Дем алыш күнү бирөөлөр кайсы бир ишке көмөк көрсөтүүнү суранат.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бирөөлөргө ишенип алып анын айтканын кылам деп, жакындарыңызды жаман абалга калтырбаңыз. Үйдөгүлөрдөн акча аябай, керектүүлөрүн алып бериңиз. Жетекчиликтин тилин таап сүйлөшүү менен кошумча акчага ээ болууга аракет кылуу керек. Иштерди убагында сапаттуу бүтүрүү үчүн эски ишенимдүү ыкмаларга таянуу оң. Карыздарыңызды кайтарып берүүнү тартынбай талап кылуу сунушталат. Электр буюмун сатып алууда үйдөгүлөр менен кеңешиңиз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада үйдөгүлөргө, ден соолукка кам көрүүгө туура келет. Жалкоолукка моюн сунсаңыз, ишиңиз артка кетерин эске алыңыз. Алыска сапарга чыгууңуз же туугандардын бирин көрүүгө барууңуз мүмкүн. Чоң ишти ортого бирөөлөрдү салып бүтүрүүңүз ыктымал. Ойдо жок жерден бир нерселерди сатып алуудан карманыңыз. Бойдокторго сүйүктүүсүн табууга тагдыр мүмкүнчүлүк берет. Кармап калыңыздар. Унаа айдагандарга жолдо чоочун адамдарды отургузуу көйгөй жаратарын эскертебиз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Куугунтукка калбоо үчүн сыртка чыгарбай турган сөздөрдү ичте бекем сактоо кажет. Кийим же буюм алууга шашылбаңыз, сапатсызы туш келип калуусу ыктымал. Иште чоң маселе козголуп, жыйынтыгы сиз күткөндөй болбойт. Бирөөдөн белек аласыз. Башка жакта иштеген досуңуз конокко келет же сиз барасыз. Ишемби күнү бүтпөгөн үй чарба иштеринен улам ачууңуз келет. Эмоцияңызды тизгиндеп, үйдөгүлөргө кыйкырбаңыз. Жүрөк-кан тамыр оорусу барлардын оорусу козголушу мүмкүн.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бир иштерди жетектөө милдети жүктөлүп, той өткөрүүнү же конокко барууну артка жылдырасыз. Кокустан таанышып калуунун арты достукка айланат. Акчаны чачпай туруңуз. Шашылыш иштер акчаны талап кылып калат. Чыгармачылык менен алектенгендерге ийгилик жылмаят. Алар көптөн бери бүтпөгөн иштерин бүтүрүп, жаңысына эргүү менен киришет. Ден соолукка кам көрүп, туура тамактанууга өтүү, ички органдарды тазалоо сунушталат.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Келечек пландарыңызды жарыялабай туруңуз. Сөздү көбөйтүп, кээ бир нерселерден сизди айныткысы келгендер чыгат. Коңшуңуз же бирге иштешкендердин бири жеке сүйлөшүүгө чакырат. Аптада акча жетиштүү болуп, сизди кубантат. Үйдө эмеректердин ордун алмаштыруу, эскилеринен арылуу иштери чыгат. Айрымдар көптөн күткөн кыялын ишке ашырып саякатка аттанат. Апта аягында жакшы таанышыңыз менен чогуу эс аласыз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Болбогон нерселер үчүн санаа тартуунун кажети жок. Андан көрө акчаны көбөйтүү, бизнес ачуу же аны кеңейтүү жолдорун издештириңиз. Кеңешти тааныштардан эмес, билимдүү адистен алыңыз. Жетекчилик менен урушуп калбоо үчүн кечикпеңиз, айтылган жерде убагында болуп калыңыз. Жума күнү жагымдуу окуяга туш болушуңуз же кечеге катышууңуз мүмкүн. Ишемби күнү эс алып, акыл-эс кампасын кеңейтүүгө кам көрүңүз. Мамиле түзүүгө сунуш түшөт.