"ЭНЕКЕ, ЭРКЕ БАЛАҢ ҮЙЛӨНҮҮ АЛДЫНДА ТУРАТ..."

Жаштык, ойноок сезимдер, көпкөнчүлүк... Өкүнүп убакытты артка кайтара алсам кана?! Анда баары башкача болбойт беле.

Бир үйдүн жалгыз эрке баласы болуп өстүм. Ата-энем мени канатына калкалап жүрүп чоңойтту. Менин кежирлигимди атам менен апам гана көтөрүп, карегим менен тең айланып, мени көкөлөтүп турушчу экен. Эсимде, мектеп жашында “Sega ойнойт элем” деп бир күн чыр салгам. Тамак да ичкен жокмун. Апам менин ачка жатканыма тынчсызданат. Мен болсо көшөрүп ордумдан жылбайм. Ушундай түрүмдү көрсүн деп атамдын келишин күтүп жатам. Атам келип эле: “Кой, балам, турагой, эртең алып келип берем. Азыр андан көрө тамак ичип алчы",- деди. Анда менде акчасы барбы, жокпу деген ой деле болбоптур. Эртеси шаарга барып Sega алып келип берди. Азыр ойлосом, көзүмдү караган сайын ого бетер күчөп, чеги жок эркелептирмин.

9-10-класстан эле кыз жандап улам бири менен сүйлөшүп, аларга белектин түрүн бердим. Эч ким мени “кой” деген жок. Ошентип мектепти да аяктадым. Кайда тапшырам деп ойлонгон деле жокмун. Ата-энем өздөрү эле чуркап Бишкектеги Юридикалык академияга өткөрүштү. Шаарга бат эле көндүм, жаңы досторду күттүм. Досторумдун баары байдын балдары, акчалуу, көбүнүн унаасы бар болчу. Алыма жараша эле болсом эмне. Мен да алардан кем калышпайын деп ата-энеме талабым күчөдү. Апам тигүү цехинде, атам курулушта иштеп жатты. Керели кечке жан далбастап иштеген акчасын мага жумшашат. Мен ошонун бирин билсемчи?!

Бирок Айжан мени өзгөрттү. Аны менен көчөдөн таанышып калгам. Ал мени тазалыкка жетелегендей болду эле, бирок достордун “бир кыз үчүн бизден кол үзүп кеттиң го” деп намыска тийген сөздөрү мени көнгөн жашоого кайра алып келип койду.

Жаздын алгачкы күндөрүндө апам катуу ооруп ооруканага жатып калды. Апамды жоготуп алам деген ой кайдан болсун? Апамдын оорусу өтүшүп кетиптир... Ошондо чындап корктум.

Таң. Мени бүтүндөй эңшерилткен ошол таң! Эстесем, азыр да көзүмдөн жаш тегеренет. Атам менен таежемдин чуу көтөргөн үнүнөн ойгонуп кеттим. Апамдын бетин жаап коюшуптур. Андан кийин эмне болгонун билбейм. Көзүмдү ачсам ызы-чуу, өкүрүк үндөр кулагыма жаңырып жатты. Ишенген жокмун, бирок апамды жерге берип, өз колум менен топурак салганда жан дүйнөм сыздап өзүмө-өзүм батпай турдум. Апамдын ак эмгегин актай албадым, ал тургай тилин угуп, ыйбаа кылып, сый-урмат көрсөтүп маңдайын жарылта сүйүнтө алган жокмун. Туугандар жай-жайына кетип, үйдө атам экөөбүз тиктешип кала бердик. Үйдүн нуру өчтү...

Атам күндөн-күнгө көп иччү болду, жашоо ага бир тыйынчалык да болбой калды. Көпкөн жашоонун азабын эми тарттым. Окуум ара жолдо калды. Өмүрү иштебей жүргөн жаным куруучулардын катарына кошулдум.

Айжан менен кээде сүйлөшүп калчумун. Ал мага кайрат айтып, абалымды сурап, сөз менен болсо дагы мага кам көрүп, менден кол үзгөн жок. Мезгил мени туура жашоого кайтарды, бел байлоого үйрөттү. Кайрадан Айжан менен кезигип, мамилени жандандырып жашоого башкача көз караш менен карай баштадым. Акчалуу достордун дос деген эле аты бар экенин түшүндүм. Азыр эми үйлөнүү алдында турам. Апамдын жоктугу, атамдын жашоого кайдыгер абалы өтө сезилип жатат. Апамсыз жашоо кандай жаман, кандай оор, кандай жагымсыз экенин сөз менен жеткирүү кыйын. Апам болсо, маңдайы жарыла кубанып, ак жоолугун, көшөгөсүн даярдап, буту-бутуна тийбей тойго кам уруп жүрбөйт беле?!

Энеке, жакында уулуң үйлөнгөнү турат, бирок сиз жок. Үйдү, мени, баарыбызды томсортуп сиз жок, кандай той болот, билбейм...

Эрмек

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Avrora2017
2019-04-01 17:55:11
Ыйлагыны келтиретго акыркы создору
+13
Shekeev969798
2019-04-05 16:08:34
Avrora2017,окуп атып мага окшоттум
4 классымда Спортивный Велик алпер деп ыйлап атып алдырып алгам анда атам да апамын жанында эмес болчу базардан кетпей койгонуман алып берген, ал великти кузго чеин талкаладым 5 классымда дагы велик алдырдым кайдан акча тапты билбейм апам биродон карыз алып сатып берди окшойт, анда атам уйдо эле неге алып бересин деп уйдо жанжал болду, кийин Телефон чыкты аны алдырдым класста эн жакшы телефон меники болчу сенсорный нокиа 5530 жаны чыккан эле ошону алып бе
0
Shekeev969798
2019-04-05 16:10:59
Avrora2017, Мен анда 8 класс элем Меникиндей телефон 11класстарда жок эле, же кыйратып бай эмес болчук орто эле апамды кыйнап козумо эмне корунсо алчумун жалгыз бала деп айтканымды алып берчу
0
Shekeev969798
2019-04-05 16:13:44
Avrora2017, Эн окунучтуусу дагы деле акылга кирбептирмин бул жылы 4 курс болдум деп апама машина алдырдым 4000$ га 3 айга жетпей талкаладым азыр ЭМИ ОКУНУП ОТУРАМ
0
Shekeev969798
2019-04-05 16:16:57
Shekeev969798,Апамын Омуру узуун болсун мени эмне деген максат менен чонойту Айткан созун эки кылбайм мындан кийин
0
Pamirlan
2019-04-01 18:57:08
Кечиресинер, жалгыз балдарга аллергиям бар,
-25
bulathan
2019-04-01 21:49:32
Pamirlan,жалгыз бала жалгыз болууну озу каалады дейсизби
+6
mir996
2019-04-01 21:55:31
Pamirlan,ошол сенин аллергиян бир тыйынга арзыбайт.
+8
Aiymkunumjyldyzym
2019-04-01 22:11:52
Pamirlan,allergia bolson saga biroo jalgyz balany bailap berip jataby?Emne degen juroktu oorutkan sozdor jazylyp turat,,,,
+1
aikokul14
2019-04-02 10:53:57
Pamirlan,жалгыз бала эмес мүмкүн анын ата-энеси аллергия кылса керек алардын колунда кызмат кылуу жакпай.
Кудай кааласа жалгыз уул берет,кааласа эч кимди бербей да коёт бир тырмакка зар кылып.Башыңдан көп нерсе өтө элек окшойт,"чоң"сүйлөбөй кеч боло электе тообоңо кайт.
+2
Mikra
2019-04-02 14:12:24
Pamirlan, ХХХХ Аллахым сени жаратканына Алергия болбосун тилеп кечирим сура.суйлогон созун супсак экен демек озунда супсак адамсынго.Тобо кылдым.Аллах озун кечирекор.билип билбей туура эмес соз айтсам.кечир.
+4
Akylai_aktan
2019-04-01 23:25:05
Бүгүн жумушта бир коллегам,жашы 50дөн ашып калган эне.Аябай жумушу көп,жетекчилик кайра кайра шаштырып жатат батыраак жумушуңду бүтүр деп.А эжеге армиядагы баласы башка бир номерге единица салып кой деп чалып жатат.Эне байкуштун жанында баласы айткан сумма жок экен.Башкалардан сураса да чыкпады,айла жок магазинден карызга салдыртты.Бирок ошол салып койгуча баласы 10 жолу чалды.Эмнеге салбай жатасыз деп.Эненин ою балада,баланын ою талаада.
Армиядагы эркетай жигит,балким окуп калаарсың.
+7
Nur777
2019-04-06 01:20:24
Akylai_aktan,ал балага дедтер салдыртып атат,озу тел.менен деле колдонбойт,жанындагылары колдонот.
0
Pandora
2019-04-02 00:13:12
Энеке,буйруса эрке кызың "эне" болгону турат, а бирок баарыбызды кайгыга салып сиз жок.
+7
Iwantyou
2019-04-02 01:50:21
Турциядамын иштеп журом ата-энемди сагынып журом бул баланын арманын окуп журогум сыздай тушту кайрат кыл бир тууганым! Ата-энемди сагындым!
+2
Enjela
2019-04-02 14:38:56
Эй тооба заманына жараша азыркы кыздар,(койчу ай жалгыз бала,уйдун кичисуу)тийбейбиз дешет экен анысын ойлонбой эле тийгемин жалгыз бала эже-карындаштанда жок.бир сонун эле жашайбыз эркелеп.Жолдошумда жалгыз баладай эрке эмес байкушум.
+8
emma_68
2019-04-03 12:53:26
Кайрат кыл иним. Дагы да эсине кирипсин ошого да суйун.Апандын козу откондо баркын билипсин.Эми атанды кадырлай бил. Ага жолок бол кыйынчылыктан алып чык уйлондур.
+4
emma_68
2019-04-03 12:55:48
Аялын эстуу чыксын. Менин да иним бар акмак апамдын кадырын билбей акылсыз аялын козун карайт.
+3
Birimdik5555
2019-04-03 17:36:58
Айжан менен бактылуу бол,атанды тируусундо барктай бил эми
+4
mirkaa5182
2019-04-04 16:46:03
Кандай гана өкүнүчтүү, эненин орду башка да.
+2
pero5184
2019-04-05 00:27:41
Менин да атамдын көзү өтүп кеткен,мен да эрке кызмын атам мага ыраазы болду бекен ушул суроомо жооп таба албай келем ... жашоодо бардык нерсенин орду толот экен,бир гана өлүмдүн орду толбойт ичиңден сыздап өтөсүң
0
aizira
2019-04-07 00:36:54
Супер инфо Эгер "Олумдун уч тусу "чыгармасы буткон болсо бул Жака да чыгарып коюнуздар да. Газета сатып ала албагандар кайдан окумак элек. Мен чынында ушул чыгармалар учун Гана кирчуумун сайтка...
0
Aisle
2019-04-08 00:37:31
ААй апакем аай биринчи неберенди торосом мал жанынды сатып бешик алып берем деп кутуп атат экенсин...Байкем жалгыз уул ошого оорубуз тийбесин деп озун эле чуркап журосун артыбыздан.Же мен убагында жардам берип койсом канааа.Озу ушунчага татыктуумунбу билбейм..
0
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан