ВИЧке кабылган кыз: “ТУРМУШКА ЧЫКПАЙМ. ОКУП, ИШТЕП, ШАЛААКЫ ВРАЧТАРДЫ СОТТОШУМ КЕРЕК”

25-мартта медицина кызматкерлеринин шалаакылыгынан балдарына ВИЧ-СПИД жугуп, көп жылдан бери жабыр тартып келе жаткан 20 чакты ата-энелер балдарын ээрчитип алышып Бишкекте митингге чыгышты. Алар 2007-жылга чейин Ноокат районунда, Ош шаарында дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ооруканадан балдарына ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алышкандар. Бул окуя боюнча ошол учурда балдарга массалык түрдө оору жугузган делип 14 дарыгерге карата кылмыш иши козголгон. Алардын алтоо акталып, калганы ар түрдүү жазаларды алышкан. Ата-энелер ошол убактан бери митингдерге чыгып, аларга тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай жатканын белгилеп келишет. Бул митингден кийин да көзүнүн жашын тыя албаган энелер “маселебиз чечилбейт окшойт” деп оор үшкүрүнүп үйлөрүнө кайтышты.

«КҮЙӨӨМ МЕНЕН АЖЫРАШКАНЫМА КЫЗЫМДЫН ДИАГНОЗУ СЕБЕП БОЛГОНУН КИЙИН БИЛДИМ»

39 жаштагы Ноокат районунун тургуну митингге 14 жаштагы кызы менен келген. Эне көзүнө жаш алып өзүнүн ыйга толгон жашоосун айтып берди:

– Турмушка чыккандан кийин 5 жыл күтүп жүрүп, көптөн күткөн кызымды 2005-жылы жарыкка алып келгем. Жолдошум менден 10 жаш улуу болчу. Анын да көптөн күткөн баласы эле. 1 жашка чыкканда кызымдын ичи өтүп ооруканага жатып калганбыз. Андан кийин да дене табы көтөрүлүп бир канча жолу ооруканага бардык. Кызыма 2006-жылы илдет жуккан экен. Бул тууралуу кайненем менен жолдошум 2007-жылы эле билишиптир. Мага эч ким айткан эмес. Билбей жүрө бериптирмин. 2008-жылы күйөөм менен ажырашкам. Андан кийин экинчи жолу турмушка чыгып, уулдуу болдум. Кызым дагы ооруй берди. Эмчектеги балам менен ооруканалап жүрдүм. 2010-жылы гана Ноокаттын ооруканасынан дагы бир ирет анализ алышып, ошондо гана кызыма ВИЧ-инфекциясы жукканын билдим. Атасы экөөбүз анализ тапшырсак, биздики таза чыкты. Атасы буга чейин да тапшырган экен. Диагнозду угуп алып, кайненеме барсам, ал “биз билчүбүз, кызыңды өлүп калат деп ойлогонбуз, көп жашады” деди. Ошол себептен мени кетиришкенин да ошондо билдим. Аябай көңүлүм ооруп, кызымдын атасын жаман көрүп калдым. Атасы башында кызына көңүл бурбай жаткан. Кийин жакшы карасак кызыбыз жашап кете турганын билгенде көңүл буруп, кызы менен сүйлөшүп, эркелетип калды. Кызым өгөй атанын колунда жашап жатат. Өзүнчө отуруп алып, "бул оору жукпаса өз атам менен жашамак белем?.." деп ойлонот.

«МАТЕРИАЛДЫК, МОРАЛДЫК ЖАРДАМ КЕРЕК»

– Кызымдын диагнозун укканда өзүм да ооруп калгам. Энеге баласынын ооруганы канчалык кыйын экенин баласы барлар түшүнсө керек. Кызым бир күнү “апа, бул дарыларды жалап эле көрсөңүз” деп калды. Жалап көрсөм, аябай ачуу экен. Дары ичкенде кызымдын көңүлү айланып, башы айланып, ашказаны ачышат. Кызымды 13 жашка чейин жаныма алып жаттым. Анткени түндө ооруп чыгат. Дене табы көтөрүлсө титиреп калат. Азыр да түндө карап турам. Кызым бир аз жумуш кылса, мисалы, бир бөлмөнү шыпырганда эле көңүлү айланып, башы ооруйт. Балдарыбыз майыптардын катарында деп ойлойм. Колу-буту соо болгону менен илдет ичинен жеп жатат.

Чоңойсо өзүнө окшош жигитке турмушка чыгат. Билип туруп кантип дени сак балага турмушка берип, анын да тагдырын талкалайм? Андай кыла албайм. Ошондуктан мажбур түрдө өзүмө СПИД менен жабыркаган күйөө бала издешим керек болот. Экөө тең оорулуу болсо, эл катары оокат кыла алышпаса, жок дегенде жөлөк пул берилиши керек. 18 жаштан кийин жөлөк пул берүүнү токтотуп койгону туура эмес.

Бул жакка келе берип чарчадык. Бишкекке келүү бизге оңой эмес. Бир айлык жөлөк пулубузду алып, ошол акча менен келдик. Моралдык да, материалдык да жардам беришсин. Биздин балдарга вирус ооруканадан жукканы аныкталган. Мамлекет жардам бергендин ордуна балдарыбызга илдет вертикалдык жол (оорунун энеден балага жугуусу) менен жуккан деп өздөрүнөн жоопкерчиликти алып жатышат. Жоопкерчилик албай, жардам бербей, улам бизди чурката бергенче балдарыбызды алып, өзүбүздү атып ташташсын. Ансыз да күндө өлүп жашап жатабыз.

«КЫЗЫМА КОЛДОНУЛГАН КАТЕТЕР КОЮШКАНЫН КӨРГӨМ»

35 жаштагы дагы бир эне кызынын тагдырын баяндап жатып ыйлады. Ал ооруканада кызына колдонулган катетер сайылганын көргөнүн айтат:

– 2004-жылы кыздуу болгонбуз. 6 айлыгында кызыма суук тийип Ноокат райондук ооруканасында жатып дарыландык. Андан кийин да бир канча ирет Ноокатта, Ошто ооруканада жаттык. 1,5 жашында Ноокат райондук ооруканасында дарыланып жатканда мен врачтарга катетер сатып келип бергем. Бирок врачтар “чоң алып алыптырсың, түшпөй койду” деп башкага колдонулган катетерди коюшкан. Мени палатага киргизишкен эмес. Бирок ачылган, колдонулган, учунда кичине каны бар катетерди кызым отурган палатага алып кирип кеткенин көргөм. Мага ал учурда кызымдын айыгып кетүүсү гана керек болчу. Андыктан эч нерсе деле сураган эмесмин. 2 күндөн кийин катетер койгон жери ириңдеп кеткен. Ириңди тазалашты. 3 күн катары менен иммуноглобулин сайышып, андан кийин “жакшы болсо болот, болбосо кабар берип койгула” деп ооруканадан чыгарып коюшту. Кызыма сепсис деген диагноз коюшкан болчу. Кызымдын абалы жакшырган жок. Дене табы көтөрүлүп, оозул болуп, ичи өтө берди. Ооруганда титиреп калчу.

6 жашка чыкканда кызым өпкөсүнө суук тийип ооруп калды. Ошондо ВИЧке анализ алышып, бирок вирус жок деп айтышкан. Андан кийин кызымдын оору тарыхын жок кылышкан окшойт. Кийин эч бир кагаз таппай коюшкан. 7 жашка чыкканда кызым гайморит болуп ооруп калды. Дагы ооруканага жаттык. Ушул учурда гана кызымдын ВИЧ-инфекциясына кабылганы аныкталды. Менин анализдерим таза чыкты. Кагаздар жок болгондуктан кызыма илдет кайдан жабышканы аныкталбай калды. Бирок мен жанагы колдонулган катетерден гана көрөм. Аны Абыт деген врач медайымдары менен бирге койгон эле. Ал врачты кийин камалды дешкен. Бирок ал азыр деле иштеп жүрөт. Кызыма илдеттин кайсы жактан жукканы аныкталбагандыктан, 18 жашка чыкканда ага СПИД вертикалдык жол менен жуккан деп жазышат экен. Башка ата-энелердин балдарына ооруканадан жукканы аныкталса деле, аларга да вертикалдык жол менен жукту деп каттап коюшуптур. Бул мамлекет жоопкерчиликтен качып жатат деген сөз. Качышпасын, мамлекеттик мекемеден тагдырыбызга балта чабылгандыктан, алар бизге толук кам көрүшү керек.

«МАСЕЛЕБИЗ ЧЕЧИЛБЕСЕ 1 АЙДАН КИЙИН КАЙРА ЧЫГАБЫЗ»

– Башында бул кандай оору экенин билген эмесмин. Биринчи жолу диагноз тууралуу укканда эмне кыларымды билбей ыйлагам. Ойлонуп, тынчсыздана бергенден улам инсульт болуп, денемдин бир жак бөлүгү кыймылдабай 3 ай тура албай жатып калгам. Күчтүү дарыларды ичип жатып, 2 жылдын ичинде айыктым. Кызым өзү баарын түшүнөт. Ушул күнгө чейин ыйлайт. “Турмушка чыкпайм. Окуп, иштеп, шалаакы врачтарды соттошум керек” дейт. Кызым күнүнө 4-5 дары ичет. Дарылар бекер берилет. Дарылар күчтүү болгондуктан күчтүү тамак бериш керек. Мамлекеттен алган 4 миң сомду кызыма күчтүү тамак жасап берүүгө жумшайм. Кызыма башка балдарымдан бөлүп өзүнчө тамак жасап берем. Бирок ал акчаны тамагына да жеткире албайм. Күйөөм экөөбүз эч жерде иштебейбиз. Сата берип эч нерсебиз калган жок. Мамлекет балдарыбыздын келечегин түзгөнгө, окутканга жардам берсин. Балдарыбызга илдет вертикалык жол менен жукту деп каттабасын. Жөлөк пулду 18 жашка чыккандан кийин токтотуп койбосун. Балдарыбызга үй берсин. Моралдык жана материалдык жардам берүүсүн талап кылабыз.

Бүгүн премьер-министр менен жолугушуу болду. Ал “атайын комиссия түзүп, Ошко барып маселени чечебиз” деди. Маселебиздин чечилишине 1 ай убакыт берди. Бирок жыйынтык болоруна көзүбүз жеткен жок. Чечилбесе, бир айдан кийин кайра келебиз.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Mednur
2019-04-01 19:32:41
Кудай сактасын жаратканым жаман оорудан корго! Видеону коруп 70% озбек аялдар экенине кубо болдум.
+8
gulanda92
2019-04-01 19:33:46
катет деген эмне?
0
boris8907
2019-04-01 20:49:48
gulanda92,катетр бул жоон кан тамырга коюлган ийне. Кайра кайра ийне сайбаш учун коюлат. 100сомдун тегерегинде турат
+3
cher2
2019-04-02 00:21:14
Ноокат райондук ооруканада ушундай шумдуктар болуп жатабы? Кудай озун сактааа.....
+1
oshondoiraak
2019-04-02 00:45:14
Ал больницаларда врачтар калган эмес бары чет өлкөгө кеткен, азыр жөн эле фап болуп калган ооруп барсаң Ошко жөнөтөт
0
marat88
2019-04-02 13:41:44
Бул акыбалга келишибизге мамлекеттик система кунолу. Ошол убакта баары жок тартыш болчуу. Катетер эмес жонокой шприц перчаткилер жок болчуу ооруканаларда. Даарыгерлер жардам корсотобуз деп оздору ооруга чалдыккандарыда бар, гепатит жуктурган даарыгерлерда коп, копчулугу кайтыш болушкан. Бул жерде система кунолуу. Даарыгерлер эч качан бироонун баласына жамандык каалап жардам корсотушбой, жакшы болуп кетсе экен деп жардам корсотушот. Жазганда ойлонуп жазайлы урматтуу бир туугандар.
+1
Kymbatym
2019-04-03 18:42:09
marat88,Чамасы силер медик же медик тууганыңар бар окшойт.Мамлекет эмес врачтар гана күнөөлү айтып жатпайбы?жаңысын сатып келсек жаңысын эмес бирөөдөн калган эскини койду деп,100%күнөө врач медсестраларда.Баары айтып жатышат оорукаанада жатканда месестралар шприцке уколду капельницаныда сырттан даярдап келет деп.Ал адамдын өзү сатып келген шприцтерди алып коюшуп бирөгө колдонгон шприцтерди иштетишет.
+3
Mama-Yasmin
2019-04-03 00:00:52
Ошол катетр кан экенин коруп унчукпай койгонунуз эн туурамес... Озунуз куноолусуз... Ар Бир бейтапка озунчо жаны болуш керек врач жиндилер деле билиш керек ко муну.
-2
taalay25
2019-04-03 17:08:11
Mama-Yasmin,бул 2007-жылы болуп откон окуя!! Массалык турдо Ноокат райондук ооруканада спид жалан жаш балдарга жуккан. Бир озбек медсестра менен врачтын айынвн ушундай окуя болуп откон
0
Zimzimemir
2019-04-03 02:20:57
Акча акча деп журуп ушуну кылган врачтар,тооба кылдымго больничага барсан врачтар оздорун кудай сезишед кагып силкип урушуп,озун балан ооруп эч нерсени которо албай жатсан
0
emma_68
2019-04-03 12:46:49
Бул жерде медиктер гана кунолуу. Эн биринчи гл врач.гл. медсестра эмнеге больницаны медициналык каражаттар менен камсыз кылышкан эмес. Саламаттыкты сактоо министрлиги эшек такалап журобу акча болуштурбой больницага. Катетрди кайра кайра колдонгон акмактар. ХХХХХ. Акчага буткон ХХХХХ.
0
Kymbatym
2019-04-03 18:51:57
Кан болгон катетрды көрүп кантип унчукпай койду экен.Мен болгондо чаң тополоңун чыгармакмык.Оорукаанасын медиктердин башына кийгизип коймокмук.Кан болгон ийне бул жакта турсун,укол алганда шприцти көзүмчө ачтырам.Иштетилген шприцтерин не кылышын баарын такып сурап алам.
+1
BEKU.NUKU
2019-04-04 19:15:25
Иий журогум ооруйт
0
Djumaev0mur
2019-04-05 15:09:25
Оюмча булар үй алыш учун тополон кылтат окшойт, ошону оордуна акыркы кунуно чецин даары дармегин каржыласын дешсе болбойбу, уялбай уй берсин дешетго, уй берсе деле ал олот анан уй озубузго калат деп жатыш са керек
-1
Mister-X
2019-04-06 03:06:56
Ооруну жугузган врачтарды кармап,ошолорго да жугузгула.Билсин оору кандай экенин.
0
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан