Чыңгыз Султанов, актёр: «БИЗ ӨЗҮБҮЗДҮ ЖЫЛДЫЗ СЕЗБЕЙБИЗ»

Чыңгыз Султанов алгач «Позитифф» командасында ойночу. «Эл эмне дейт?» долбоорундагы ролдору анын актёрлук өнөрүн ачып, калың журтка таанытты. Бир туруп кыздын, бир туруп спортчу жигиттин, аракечтин, бажанын ролун ойногон Чыңгыз жашоодо тамашакөй. «Таластыктарга негизи эле жашаш кыйын. Сен өзүңдүн жакшы жактарыңды айтып жатсаң деле «мактанып жатасың» дей беришет» деген ал 8 жыл талбай эмгектенип отуруп азыркы даражага жеткенин айтат.


КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, айы, күнү
– 1995-жыл, 25-июнь
Туулган жери – Талас облусу, Аманбаев айылы
Кесиби – Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинин дизайнер-программист бөлүмүн аяктаган
Бою – 173 сантиметр
Салмагы – 61 килограмм
Лакап аты – Тренер, Чика, Чикули, Чикеши, Чикудза
Үй-бүлөлүк абалы – бойдок, бирок жүрөгү бош эмес


«3 ЖАШЫМДА БИШКЕККЕ КӨЧҮП КЕЛГЕНБИЗ»
– Мен Таластын кулунумун. Үйдө 3 бир тууганбыз, эки агам бар, кичүүсү менмин. 3 жашымда үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп келгенбиз. Мектепте ырдачумун, иш-чаралардын баары менин жоопкерчилигимде болчу. Мектепти бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине окууга тапшырдым. 1-курстан тартып КВНде ойноп, 2-курста университеттин командасы Евгений Акопяндын КВН Лигасынан 2-орунду, кийинки жылы «Тамашоудон», Акопяндыкынан да чемпион аталганбыз. Андан кийин Эл аралык «Ала-Тоо» КВН Лигасында ойноп, Сочиге чейин барып жакшы оюн көрсөттүк. Сочиге барганга жатакана, тамак-ашты кошкондо киши башына 3 миң доллардай жумшалат экен. Бизде демөөрчү болбогондуктан, ошол боюнча Сочиге бара алган жокпуз. Кийинчерээк Алматыда өткөн «Жайдарман» КВН Лигасында «Позитифф» командасы чемпион болгонбуз. Андыктан бул жаатта жакшы эле ийгиликке жете алдык.


«АЙЖАМАЛДЫ АЛГАЧ ЖАНЫШ ОЙНОМОК»
– «Эмне дейт?» долбоорунда универсал актёрлор бар. Алар – Жаныш Майр, Актан Рыскелдиев жана мен. Мени улуу кишилер, атамдын достору, туугандар айыл өкмөтүнүн бажасы, кыздар Айжамал, балдар Суюк (достору шуулдактыгынан ошондой ат коюшкан) деп таанышат. Мурун Айжамал дешкенин жактырчу эмесмин. Эми болсо Суюк деген ат жакпай жатат. Андан көрө Айжамал эле дегилечи мени, туугандар.
Айжамал боюнча айтсам, мурунку «Ак кеме» «Тамашоу» командасы гастролго барып чай ичкен жерге киришсе, мүнөзү чорт официант кыз тейлеген экен. Ал балдардын баарынан буюртма алыптыр да, көптөн кийин кайра келип, «силер айткандар жок экен, куурдак эле жей бергилечи» деп баарына куурдак берип салыптыр. Ошондон идея жаралып, атын Айжамал атап «Эл эмне дейт?» долбооруна скетч тартканбыз. Анда да башында ролду Жаныш (ред.: Майр) ойномок. Тартуу аянтына барсак Жаныш «сен эле ойноп койчу, мага жарашпайт окшойт» деп калды. Тартыш керек болду, аргасыз мен образды жараттым. Анда Айжамалдын окуялары уланат деген ой жок болчу. Бирок скетч интернетке жүктөлгөндөн кийин баарына жагып, бөлүшүп башташты. Мындай реакцияны күткөн эмеспиз да. Балдар уландысын жазабыз деп киришти. "Жазбай эле койгулачы" деп мен сурандым. Алар мени укпай жаза беришти, мен тартыла бердим, ошентип азыркы күнгө жеттик үлүп).
Бул образым атама, байкемдерге, албетте, жаккан жок. "Ушуну жөн эле койсоң болмок" дешти. Кийинчерээк алар да көнүп бүтүштү окшойт. Буга тууган, тааныштардын деле таасири тийдиби дейм. Анткени үйгө келген сайын туугандар «Айжамал жарды го» деп көп айтышчу болду.


«АПАМ ДАЙЫМ ТАЛАМЫМДЫ ТАЛАШЫП ТУРЧУ»
– Атам талапты катуу койгон, олуттуу киши. Башында акча таппай эле жүрдүк да. Азыр деле кыйратып каражат таппайбыз деңизчи. Атам «УКМКда тааныштар бар, ошол жакка жумушка орноштуруп коёюн. Ушул ишиңди жөн эле койчу» деп жүрдү. Байкемдер, атам менин чечимиме көпкө чейин каршы болушту. Жалгыз апам «өзүнө жагып жатса тим койгула» деп таламымды талашчу. Кыйратып акча таппаганым аз келгенсип, күнү-түнү съёмкада жүрүп, түн бир оокумда үйгө келчүмүн. Качан барбайын атам уктабай тосуп алчу. «Эмне кечигип келдиң деп суракка алып баштаганда апам дароо чыга калчу. Айтор, үйдө ушундай атмосфера болгон.
Тилекке каршы, быйыл апамды жоготуп алдык. Бирок апам дайым жанымда. Апамдын колдоосу, ишеними менен мен ушул даражага жеттим. Кээде курбулары келип «балаңды сыналгыдан көрдүк» десе апам ыраматылык абдан кубанат эле. Атам да мени сыналгыдан көрсөтүп калганда «баламды көрдүңөрбү деп сыймыктанып калганын байкадымүлүп). Ал нерсени атам өзүмө түз айтпайт, бирок мен баарын сезип турам.


«ӨЛТҮРҮП КЕТЕМ ДЕП КОРКУТУШАТ»
– «Эл эмне дейт?» долбоорунун балдары өзүбүздү жылдыз сезбейбиз. Менимче, кыргыз өлкөсүндө бир гана жылдыз бар. Ал – Мирбек Атабеков. Андан башка жылдыз жок. Ошентсе да бизди көчөдө таанып, үрөткө түшөлү" дегендер көп. Күнүнө 50-200 адам сүрөткө түшүп алалы дешет. Кээ бир жигиттер жаныңа келип убара болбой алыстан «Эй, эл эмне дейт», «Тамашоу», «Айжамал» деп кыйкырышат. Эгер жүзүм элге таанылган адам болбосом, ошол жигиттерге барып «сенин акыл-эсиң жайындабы?» деп сурамакмын. Эл адамы болгон соң антип айта албайбыз. "Шашып жатат элем" десең да «силер таза эле жылдыз болуп кеттиңер го» деп сөгүнүп да салышат.
Инстаграмдан «сабап кетем», «өлтүрүп кетем» дегендер да чыгат. Бир жолу ошентип жазган кишиге "жолугуп сүйлөшөлү" десем жолугууга келген деле жок. Ошондон кийин алар экран артында эч нерсе кыла албайт деп оюна келген нерсени сүйлөй беришет деген жыйынтыкка келгем.
Мен социалдык тармакта жеке билдирүүлөргө, хейтерлерге жооп бербейм. Өзүм эмоционалдуумун, бат албууттанып кетем. Анткени кээ бирөөнө түшүндүрүп деле жеткире албайсың. «Сен Айжамалды ойной албайсың, эркек деген эркектей болуш керек» дешет. Ал актёрлук чеберчилик, эмгек экени менен иши жок.
Кээде менин хейтерлеримдин атайын анонимдүү клубу барбы деп ойлоп кетем. Мен сүрөт жүктөгөндө баары чогулуп, «келгиле, азыр кийимин сындайбыз, кийинкисинде Айжамалды сындайбыз» деп сүйлөшүп алышкандай сезиле берет. Анткени бир тобу кийимдерим, бир тобу Айжамал, дагы бир тобу жеке жашоом жөнүндө сын айтып акыл үйрөтүшөт. Албетте, 5 кол тең эмес, арасында жакшы пикир калтыргандары да бар. Өзгөчө чет жакта жашаган туугандар жылуу пикирлерин көп айтышат.



Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Чыңгыз Султанов: "Жаштар мени Айжамалдын образы аркылуу таанышат"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Margana93-
2019-04-08 15:02:30
Айыл окмотун зор ойношконда айрыкча
+7
Abdizhapar
2019-04-08 19:05:53
Жылдыз сезбейбиз деп сен бир манкасын да
-17
Birimdik5555
2019-04-13 20:06:49
Abdizhapar,сен кимсин озун ушул жигитче боло аласынбы
+3
Akzholtoi_Zhamashbekova
2019-04-08 22:03:51
Окуп журогум ооруп кетти, апандын ыйманы саламат болсун. Ийгилик сага!
+10
0102beka17
2019-04-09 11:12:29
Азаматсыз
+3
Nurtilek06
2019-04-09 14:12:40
Ролду соонун эле жеткизе аткарат,адамдар оздору колунан келбей эле сындаша беришет
+5
DNurgiza
2019-04-09 15:51:04
Азамат, ишиңе ийгилип, апаңдан арылганың жаман болуптур.
+2
JanJurok
2019-04-09 23:56:54
Айжамал сонун кыз го)Чынгыз,ишинизге ийгилик,сабыр кылыныз.
+1
Mur-Naz
2019-04-12 11:00:47
Сонун чыгарма мен да калтырбай кором
+1
Mur-Naz
2019-04-12 11:02:04
Апандын арты кайрылуу болсун сабырдуу бол иним
+2
Asyl10
2019-04-12 15:55:20
Азамат жигит!!! Айжамалды катыра аткарат, негизи Эл эмне дейт? проектисиндеги жигиттердин баары таланттуу,жонокой жигиттер. Чыгармачылыгынар арта берсин.
+2
elmira.
2019-04-13 14:17:26
Видео интервьюмун кордум,обу жоктоно берет экенсин,кичине токтоо жооп берсен болбойбу?чон эле жигитсин же болушун ошолбу?
-5
rms
2019-04-15 01:18:16
Чика, Чикадзе, Чикашвили, керек болсо Чикатило (жакын досуң болсом мен сени ушинтип атамакмын)!

Биринчиден, апакеңдин жаткан жери жайлуу болсун. Акырет сурагы жеңил болсун, ылайым. Дуба кылып тур. Анын атынан деп жакшылыктарды кылып турсаң сообу барат.

Экинчиден, сенин актерлук талантыңа жана ар бир ролду келиштире аткарган чеберчилигиңе таазим. Буюрса,сенден кыйын актер чыгып,келечекте дүң эттире турган чоң ролду ойноп чыгар деп үмүттөнөм жана ишенем!
0
rms
2019-04-15 01:22:39
Ал үчүн сенде жеткиликтүү шык, жөндө бар.

Үчүнчүдөн, кичине сөзүнө кошумча айта кетсем. Сен хейтер деп айтып аткандар, алар болгону сага жана сенин талантыңа болгон күзгү. Сын. Баарын жүрөккө жакын кабыл ала бербей, орундуусун эске алып эгерде мурунку ролдордо мүчүлүштүктөр кеткен болсо, оңдогонго жардам берет. Андыктан, хейтерлерди сен хейт кылбай, лав кылып кой. Бекер кеңеш.
0
rms
2019-04-15 01:25:14
Билем, гезитке жана сайтка интервьюсу чыккан звезда жана лампичкелер сөзсүз "Ким эмне комментарий жазат экееен?" деп аңдыырын :) Андыктан, окуп аткан болсоң, жөн гана ишиңе ийгилик каалап кетейин!

Тем более таластыктарга жашоо кыйын болуп аткандан кийин :p

p.s. Меням дагы Таластан болом, если что. (констатация факта, а не трайбализм)

Дагы, жаңы тамаша ролдорду күтөбүз.
+1
gulzat85
2019-04-15 03:11:37
Сонун
0
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан