ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 8-АПРЕЛДЕН 14-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИН


Жылдыз төлгө


КОЙ (21.03-20.04)

Апта сизди мыкты эрк, энергия менен камсыздайт. Андыктан сизге келер ийгиликке жолтоо болгон ичи тар митаам адамдарды жеңе аласыз. Убакыттан уттурбоо үчүн пландарды карап, кайрадан иргеп чыгыңыз. Оңтою келген жерден ички оюңузду ачык айта бериңиз. Үйдөгүлөр үй иштерин өздөрү аркалап, сизге жүгүрүп иштөөгө шарт түзүлөт. Жактырган адамына сөз айта албай жүргөндөр жалгыз калбоо үчүн аракетке өткөнү оң. Сөзү көп, иши аз тааныштардан кутулууга мезгил жетти.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптада сылык да, көшөргөн тырышчаак да болуп чыга келесиз.

Бул сизди жашооңуздагы кара тилкеден жарык тилкеге карай жетелейт. Бирөөлөрдүн кайгысына ортоктош болуп, кайрымдуулук кыласыз. Врачтарга көрүнүүнү улам артка жылдырып келе жаткандар бейтапкананын эшигин атташат.

Артыңыздан ушактаган кастар активдешип баштаарын эске алып кылдат болуңуз. Бойдоктор сүйүктүүсү менен араздашып, мамилелери салкындайт, буга достордун бири жеткирет.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Ар нерсеге шылтоолоп илең-салаң болбой, өзүңүздү колго алып, чоң иштерге киришиңиз. Иш баштаарда аны пикирлештер менен талкуулап алыңыз. Ошондо ийгиликке жетчү кыска жол табылат. Сизде өзүмчүлдүк ойгонуп, тууганыңыз менен айтышууга жетүүңүз мүмкүн. Сынган-бүлүнгөн буюмдарды ыргытуу же оңдотуу маселеси чыгат. Ыңгайсыз абалда калбоо үчүн чакырбаган жерге барбай койгонуңуз туура. Үйдөгүлөр менен кайсы бир жактарга барып, көңүл ачууну пландайсыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Буга чейин жетишкен нерселерге ыраазы болбой, өзүңүздүн кызыкчылыкты коргоого өтөсүз. Көбүрөөк киреше табууга түзүлгөн мүмкүнчүлүктү колдонууга жан талашасыз. Сырткы келбетти өзгөртүү пайда алып келерин эске алып, имиджди өзгөртүңүз. Чет элде жүргөн тааныштар менен байланыш жанданат. Мүмкүн, сиз да чет өлкөгө кетүүнү пландайсыз. Чөнтөк телефонду же унааны оңдотууга акча сарптайсыз. Жалгыз бойлордун жүрөгүн кимдир бирөө багындырууга жетишет.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аптада көрө албастыкты тыйып, бир иштер үчүн өзүңүздү күнөөлөп кемирүүнү токтотуңуз. Жасалчу иштердин санын кыскартып, өзүңүзгө кам көрүңүз. Ишенимдүү эмес достор өздөрү эле алыстап баштаганы билинет. Жагымсыз кабар угушуңуз мүмкүн. Документ иштерин бүтүрүүдө ката кетирүүдөн сак болуңуз. Бирөөлөрдөн акча ала берип, анан колго акча тийгенде карыздын ордун жаап, куру кол отуруп калбоо керек. Достор менен чогуу бүтүргөн иш үчүн сыйга татыйсыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Сиздин активдүүлүгүңүз жана алдын ала көрө билүүчүлүк касиетиңиз ийгиликтерге жол ачат. Чөйрөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү туура кабыл алып, каршы пикир жаратпаңыз. Мураска ээ болосуз же бирөөлөрдүн акчасын колдоносуз. Юридикалык маселе жаатында сүйлөшүүлөр жүрөт. Урушуп калган тааныштарды жараштыруу милдетин аркалайсыз. Жылуу сүйлөп кылтакка илинтүүнү каалагандардын тузагынан абайлаңыз. Бойдокторго мамиле түзүүнү сунуштагандар табылат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Алдыга жылып, жашоо шартты оңдоого эмне тоскоол болуп жатканын анализдеп, чечим чыгарыңыз. Жакын адамыңыз менен катуу айтышпаңыз, болбосо кечирим суроого туура келет. Майда нерселерге баш оорутпаганга көнүңүз. Жумушта бирге иштеген адам ооруп же командировкага кетип, анын ишин да аркалоого туура келет. Материалдык абалыңыз жакшы болбойт, андыктан эч нерсе сатып албай туруңуз. Кышы менен ашыкча салмак топтогондорго диета кармоо сунушталат.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Апта сизди көп нерселерге үйрөтөт. Окуяларга бай болуп, дароо чечим кабыл алып жана чечкиндүү аракетке өтүүнү талап кылат. Комплекстерден арыла баштаганыңыз өзүңүзгө да билинет. Майдачыл болбоңуз. Сүйүктүүңүз же жетекчилик эмнени талап кылса да анын ою менен болуп койсоңуз, утасыз. Интернеттеги достор керектүү адамды табууга жардам берет. Айлыгы аздар башка ишке өтүүнү ойлонуп, иш караштыруусу ыктымал. Апта аягы жакшы эс алуу тартуулайт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада баалуулуктарга болгон көз карашыңыз өзгөрө баштайт. Туугандар менен чогуу бир жакка барасыздар же алар менен үй-бүлөңүздөгү маселелер тууралуу сүйлөшөсүз. Балалык кездеги досуңуз жолугуп, баарлашасыз. Коомдук ишке катышууга сунуш түшөт, алды-артын ойлонуп көрүңүз. Соода менен алектенгендер эсепке, маалыматка так болбосо бирге иштешкендерине уттуруп жиберишет. Таанышыңыздын бири самаган буюмуңузду колуңузга тапшырат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Аптада чакырылган жерге кечигип барбоо керек, көп нерседен куру каласыз. Чоң буюм алуу үчүн үйдөгүлөрдөн акча аяп, алардын кысымына кабыласыз. Тааныштарыңыздын катарын жаңы ишенимдүү адам толуктайт. Кыймылсыз мүлк алуу маселеси кайрадан көтөрүлүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөсүз. Айрымдардын тууганы чогуу бизнес кылууга чакыруусу мүмкүн. Сүйүктүүңүз чечилип сырдашкысы келбесе шаштырбаңыз, андай күн жакын.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Бирөөлөр сизге комплимент айтып, убада берүү менен бир нерсе өндүргүсү же бир ишин бүтүртүп алгысы келет. Алданбаңыз. Бир тууганыңыз же ата-энеңизден маанилүү жаңылык угасыз. Акча топтоо сизге жеңилге турбайт, иштерди бүтүрүү үчүн ар кимди ортого саласыз. Көптөн бери келе жаткан чырды керектүү адамдар менен чечип, жеңилдейсиз. Өнөкөт чарчоодон арылуу үчүн эс алууга убакыт табыңыз, досторго барыңыз. Апта аягында олжолуу болушуңуз күтүлүүдө.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Карьераңызга бирөө жардам көрсөтөт деп күтпөй эле коюңуз. Өзүңүзгө ишенип гана иш кылыңыз. Аптада аялзатында энелик инстинкт жогорулайт. Андыктан балалуу болууну пландагандар чыгат. Конокко барганда тамак-ашты ылгап жеңиз, болбосо аллергияга кабылуу коркунучу бар. Айрымдар кооптонуп банктагы акчасын башка банкка которуулары мүмкүн. Чымындай нерсени пилге айлантып, сүйүктүүңүздү эзе берүүнү токтотпосоңуз, андан кол жууп каласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан