Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«8 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ ӨЛТҮРҮП, ЖҮРӨГҮН БЫШЫРЫП ЖЕГЕН». 20 жыл мурун Ошто болгон кандуу окуяны жабырлануучу эскерет

№858 11-17-апрель, 2019-жыл


Мындан туура 20 жыл мурун, тактап айтканда, 1999-жылдын 14-февралында уккан кишинин чачын тик тургузган окуя Ош облусунда болгон. Анда 30 жаштагы жаран инисинин 8 жаштагы кызын өлтүрүп, өпкө-боорун бышырып жеп салган. Иликтөөдө кызды өлтүргөн жаран психикалык жактан жабыркай турганы аныкталган.

«ШАЙТАНДЫН УРГААЧЫСЫН ӨЛТҮРДҮМ ДЕП ЖАТТЫ»

Ал окуяга күбө болгон Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кыш-Абад айылынын тургуну Жайлообай Кадыров 20 жыл мурун болгон ошол окуяны төмөнкүчө баяндап берди:

– 1999-жылдын февраль айы болчу. 1 ай мурун кайненем өтүп, келинчегим 6 айлык кичүү кызым менен төркүнүндө жүргөн. Мен 8 жана 6 жаштардагы уулдарым менен үйдө элем. Ошол күнү 2 кап буудайды тегирменге тарттырып келип, түнкү саат 2-3төргө чейин кино көрүп отуруп, анан жаткам. Жатканымдан кийин 1 саат өтүп-өтпөй кошунам Руслан үйгө кирип келди. Ошол убакта мен 30 жашта элем, ал менден бир жашка улуу болчу. Шымы бар, жогору жагы жылаңач, бети-башы, денеси бүт кан экен. Мен тургуча келип, көкүрөгүмө бычак сайып жиберди эле, жыгылып жатып калдым. Русландын колунда муштумдай бир үзүм эт жүргөн. Мен жыгылгандан кийин ал уулдарым уктап жаткан жерге барып, алардын беттерине колундагы эттин кандарын тамызып кирди. Мен тургула десем, уулдарым ойгонуп кетишти. Ошол убакта Руслан эки баламды бөлмөнүн бурчуна камап алды, мен болсо туралбай жатам. Улуу уулум үйдөн качып чыкканга үлгүрдү. «Мени го бычактадың, балдарда эмне күнөө? Коё бер аларды» деп жаттым. Бирок Руслан кичүү уулумдун моюнуна бычак такап, «соём» деп жатты. Бүт күчүмдү жыйнап туруп Русландын колундагы бычакты түртүп жибердим эле көкүрөгүмдөн кан атып кетти. Ошол убакта кичүү уулум да сыртка качып чыгып кетти, Руслан аларды артынан кубалабай калып калды.
Анан Руслан колунда көтөрүп жүргөн этти спираль мешке коюп бышырып жеп баштады. Ал убакта бышырып жатканы эмненин эти экенин деле билген эмесмин, көрсө, адамдын жүрөгү экен. Эт жеп жатып ал мага «мен шайтандын ургаачысын урдум, өлтүрдүм» деп сүйлөп берип отурду. Анын үйүнө инисинин интернатта окуган кызы келгенин билчүмүн, «Дианага бир нерсе кылган жоксуңбу?» деп сурасам, «жок, ага тийген жокмун. Мен шайтандын ургаачысын өлтүрдүм. Мына ошол шайтандын жүрөгү» деп койду.

«САЙЫЛГАН БЫЧАК ЖҮРӨГҮМӨ 3 МИЛЛИМЕТР ЖЕТПЕЙ КАЛЫПТЫР»
– Балдарым Мамыр деген кошунамдын үйүнө качып барышыптыр, ал аяш атам болот. Бир убакта ал киши менен балдарым келип калды эле, Руслан ага «эй, чал, кирбе, кирсең өлтүрөм» деди. Мамыр аксакал турган жеринде катып калды, бир убакта карасам жок, кетип калыптыр. Жарым сааттан ашыгыраак убакыт отуруп, Руслан үйдөн чыгып кетти. Кайрадан келип өлтүрүп салбасын деп мен да чыктым. Басып баратсам көкүрөгүмдөн кан менен аба чыгып жатты. Көрсө, бычак өпкөмө сайылып, тешилип калган экен, аба оозумдан кирип, көкүрөгүмдөн чыгып жатты. Сыртка чыксам, Адахан деген кошунам чыгып калып, ал мени үйүнө алып кирди.
Ал эми Мамыр аксакал башка кошуналарды топтоп, үйүмө келсе эч ким жок болуп чыгат. «Руслан Жайлообайды өлтүрүп, бир жакка таштаганы кеткен окшойт» деп алар айылды кыдырып издеп жөнөшөт. Анан бир убакта Адахан аларга жолугуп, менин тирүү экенимди, анын үйүндө жатканымды айтыптыр.
Ал убакта «Тез жардам» чакырганга телефон деле жок, бирөөнүн Москвичи менен мени ооруканага алып барышты. Операция жасалып, 15 күн жатып дарыланып чыктым. Дарыгерлердин айтымына караганда, бычак сайылганда кабыргага тийип кайрылып кетиптир. Жүрөккө 3 миллиметр гана жетпей калыптыр, түз киргенде жүрөгүмө сайылмак экен.

«КАРЫНДАШЫН ӨЛТҮРҮП, ӨПКӨ-ЖҮРӨГҮН СУУРУП АЛЫПТЫР»
– Руслан меникинен чыккандан кийин үйүнө барып келиптир да, короомдогу бастырмада отуруптур. Милиция кызматкерлери келгенде алгач Русланды кармаганга даай албай коюшуптур. Анан коңшулар «Русландын үйүндө бир кыз бар болчу» деп айтып, милиция кызматкерлери менен кошо анын үйүнө барышыптыр. Үйүнө киришсе, караңгы, Руслан ага чейин үйүндөгү электр зымдарынын баарын үзүп салыптыр. Жерде капкара болуп бир нерсе жаткан болот, жакшылап карашса, ошол карындашынын өлүгү экен. Көрсө, Руслан ал кыздын башын күрөк менен жара чаап өлтүрүп, көкүрөгүн жарып, өпкө-жүрөгүн сууруп алыптыр.
Ошол күнү ал үйгө коркуп калышпасын деп жаштарды киргизишкен эмес, милиция кызматкерлери менен чогуу улуу адамдар киришкен. Коңшу айылдык мен курактуу бир милиция кызматкери да кирген болчу, үйдүн ичиндеги шумдукту көргөндө анын оозуна толтура учук чыгып кеткенин айтып жүрдү.
Кошумча милиция кызматкерлери келгенден кийин гана Русланды кармашыптыр. Көргөндөр Русланды кармаган учурда ал мен тегирменге тарттырып келген ундун кабын жарып, унга суу куюп аралаштырып, аны башына чачып отуруптур дешти. Милиция кызматкерлери Русланды кармап жатканда дубинка менен башына урушкан экен, ал соккуну сезбептир деле. Мени сайган бычакты болсо өзүнүн дааратканасынын ичине таштап салыптыр, ошол жактан таап чыгышкан.

«ЖИНДИКАНАДА ЖАТЫП КАЗА БОЛДУ»
– Русландын Москвадан келгенине 1-2 жыл болуп калган, ал убакта иш да жок болчу, бекер эле жүрчү. Атасы каза болуп калган, апасы соода-сатык менен алектенип, бир жакта иштеп жүргөн. Ал эми каза болгон Диана деген кыз Русландын бир тууган инисинин кызы болчу. Кара-Суу шаарындагы мектеп-интернатта 1-класста окучу. Ошол күнү конокко келген экен.
Так эч ким билбейт, угушубузга караганда, Руслан аскерден келгенден кийин Москвада иштеп жүрүп башка улуттагы бай адамдын кызына үйлөнүп, кийин аны таштап кетиптир. Ошондо ал кыздын атасы Русланды сабаттырып, экинчи кабаттан таштатып салыптыр. Ооруканада жатканда Москвадагы кыргыз жигиттер акча топтоп, Русланды Кыргызстанга жөнөтүп жиберишиптир. Келгенден кийин да 6 ай Бишкекте ооруканада жатып дарыланып, айыкканда үйүнө келген экен. Апасы аны психиатриялык ооруканага каттоого тургузбай, ооруганда өзү дарылап жүрүптүр. Психиатриялык жактан оорулуу деген документтери да бар экен, ал документтерди катып койгонун апасы кийин өзү айтып берген. Руслан кармалгандан кийин жиндиканада жатып 1 жылга жетпей каза болуп, сөөгүн алып келип жерге беришкен.
Каза болгон Диананын ата-энеси ошол окуядан кийин ажырашып кетишкен. Апасы кайда экенин билбейм, атасы Орусияда иштеп жүрөт.
Бул окуя унутулуп деле калган. Мен азыр деле ушул айылда жашайм.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -5 
Комментарийлер(17)
15.04.2019. 11:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
253
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
15-04-2019 19:12
Жынысы:
Белгисиз
+9
Журок ушутот го.Биздин арабызда деле маньяктар бар экен да ,тообо.Кудай сактай кор , ушундай психтерден
15.04.2019. 11:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
12-03-2014
Соӊку аракети:
26-04-2019 14:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактай гоор не деген шумдук.
15.04.2019. 11:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
179
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
26-04-2019 09:53
Жынысы:
Белгисиз
+21
Окуп буткончо мен жинди болуп калайын дедимго, байкуш кызга боорум ооруду((( Энеси куноолу экенда баласынын оорусун жашырып. Жайлообай акени да, балдарын да Аллах сактаган экен.
15.04.2019. 12:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
25-04-2019 20:48
Жынысы:
Белгисиз
+8
Интернет жок ,элге жетчу эмес экен да . Мурун Эле маньяк,педофилдер коп турбайбы Эле.
15.04.2019. 23:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
24-12-2018
Соӊку аракети:
26-04-2019 12:33
Жынысы:
Белгисиз
0
mela,ооба ал убакта Инстаграм болгондо давно сурот видео чыгып кетмек
15.04.2019. 15:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
114
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
26-04-2019 15:16
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушундай журок тушургон окуяларды эскербей деле койсонор жакшы болмок, тобо кылдым кудай сактасын мындайдан
18.04.2019. 02:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
147
Катталган:
31-03-2011
Соӊку аракети:
26-04-2019 14:52
Жынысы:
Белгисиз
+2
Avrora2017,туура аран жургон элди козгобой
15.04.2019. 16:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
23-04-2019 17:29
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ал байкуш кичинекей кызды эмнеге кароосуз психикасы туруктуу эмес адам менен калтырат ата-энеси? Байкуш кыз, интернаттан келбей эле койсо болмок экен, ажал айдап келип калган экен да. Ата-энеси жакшылап караш керек болчу да кызын. Азыр дени соо эркек тууганые менен жаш кызды калтыргандан коркосун,ишенич жок эркектерге, ойлору бузук, эмнени ойлоп жатканын билбейсин.
15.04.2019. 17:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
08-01-2017
Соӊку аракети:
26-04-2019 04:09
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин айылда болгон окуя биз ал кезде жаш элек ошол кездеги гезитерге чыккан ушул туралуу
18.04.2019. 15:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
01-08-2012
Соӊку аракети:
26-04-2019 14:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
Nazar76, кайсыл айыл экен?
16.04.2019. 19:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
461
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
26-04-2019 08:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз ошондо 91-жылкы кыз экен эледа ээ.Байкуш мени менен тен экен эледа.Шейит кетиптирда кыз.Аллахым Бейишинен оорун Берген болсун маркум кызга.Ал эми псих адам эмне кылганын билбей да калатда даже.Бирок шайтандын ургаачысын олтурдум дегенине караганда ага Жин эле кирип кеткен сыяктуу.Аттин байкушту кучтуу эле молдолорго алып барып эскилик кылганда балким сакайып кетер беле.
16.04.2019. 19:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
25-04-2018
Соӊку аракети:
26-04-2019 13:14
Жынысы:
Белгисиз
+9
Элдин психикасына доо кетирип мындай жүрөктүн үшүн алган окуяларды эстебей эле койгон жакшы.
17.04.2019. 13:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
21-07-2009
Соӊку аракети:
26-04-2019 13:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Janna.,
+++++
17.04.2019. 17:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
09-07-2017
Соӊку аракети:
25-04-2019 08:15
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундан коро Жакшы бир окуяны эстеп жазсанар деле эл окуйт болчу. Рейтинг учун эмнелерди гана чукуп табасынар
19.04.2019. 20:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
20-05-2013
Соӊку аракети:
25-04-2019 15:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Мындай жин менен ооруган адамдарды коомдон олак кармап дарылаш керек. Өз көзүм менен көргөнүмү айтайын Ноокаттын кайсыл жеринен болот экенин билбейм, атыны дагы унутуп калыпмын. 1987 жылкы бала болот. Ал көрүнүшү менен абдан боорукер жакшы адамдай көрүнөт, бирок оорусу кармаганда эч кимди таныбай калат.
21.04.2019. 13:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
18-02-2015
Соӊку аракети:
24-04-2019 10:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне кереги бар эскини козгоп кызыктуу макаланар калбай буну чукуп чыктынарбы?
21.04.2019. 23:30 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
05-03-2019
Соӊку аракети:
23-04-2019 14:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа, башка өлкөдө болгон го деп окуп алыпмын, о Кудай өзүң сактай көр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 2 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 2) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22164;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: