«ВИНИР ДЕГЕН ЭМНЕ?»

«Катуудан тиш оору жаман, жумшактан ич оору жаман» деген сөзгө баарыбыз эле кошулсак керек. Тишти күтүү, тиш оорулары тууралуу окурмандардан келген суроолорго стоматолог Рустам Төрөгелдиев жооп берет.

– Шеринеге барганыбызда бир таанышым «тиштериме винир жасаттым» деп калды. Чынында жылмайганда баягы саргыч эмес, аппак, күрүчтөй тизилген тиштери көрүндү. Аябай кызыктым. Винир тууралуу толук маалымат берсеңиздер жакшы болмок. Ким эле күрүчтөй тизилген, аппак тиштерди каалабасын? Анын ден соолукка зыяны жокпу? Кандай учурларда жасатууга болот?

Алтынай, Бишкек шаары


– Винир – бул тиштин тышынан капталуучу жалбырак сымал ичке пластинкалар. Алар тиштин ак жана тептегиз күрүчтөй тизилип турушун камсыздайт. Аны бардык же болбосо бир-эки тишке да такса болот. Кайсы учурларда жасатууга болот?

  • Тиш саргайганда
  • Тиштердин арасы ачык болсо
  • Кыйшык тиштерге
  • Тиштин узундуктары ар түрдүү болгон учурда тегиздөө үчүн
  • Жешилген тиштерге
  • Пломба койдургандан кийинки кемчиликтерди жабууда

Винирдин 3 түрү бар
Композиттик винир. Бул анын эң жөнөкөй түрү. Мында пломбанын материалы тиштин үстүнөн капталат. Көп учурда капталдагы тиштерге колдонобуз. Анткени композиттик винир 2-3 жылдан кийин эле түсүн өзгөртө баштайт.
Керамика винири. Аты айтып тургандай, керамикадан жасалат. Көрүнүшү табигый тиштердей. Калыңдыгы 0,2 миллиметр. Маңдай жана азуу тиштерге да колдонууга болот. Бышык, түсүн өзгөртпөйт, жарамдуу мөөнөтү 15 жылга чейин.
Диоксид циркоздуу винир. Винирдин бул түрү диоксид циркон каркасына керамика массасы куюлуп жасалат. Аны жасоо 1-2 жуманы талап кылат. 20 жылдан узакка чыдайт, өзгөчө кам көрүүгө муктаж эмес.

Кандай жол менен жасалат?
Винир жасатуудан мурун кардар сөзсүз стоматологдун текшерүүсүнөн өтүүсү шарт. Тиштин кеберлери, таштары тазаланат, бүйлөнүн сезгенүү оорулары болсо дарылоо керек. Андан кийин гана кардардын тиши сүрөткө тартылып, компьютердин жардамы менен модели жасалат. Ал кардарга жарашабы же жокпу, баары дыкат каралат. Мындан кийин винирдин прототиби жасалып, кардардын тишине кийгизилет. Жакса, винирдин өзүн жасайбыз. Тиштин эмалы сүрүлүп, үстүнө винир клей менен чапталат.

Кандай кам көрүү керек?
Тишке капталган винирдин узак мөөнөткө чыдашын кааласаңыз, ага этият мамиле кылуу керек.

  • Өтө муздак же өтө ысык тамактарды жеп, ичпеш керек.
  • Маңдайкы тиштер менен катуу нерсени тиштегилөөгө, семичке, жаңгак чагууга болбойт.
  • Тиш пастасын жана щёткасын туура тандоо керек.
  • Алты ай сайын стоматологдун текшерүүсүнөн өтүп туруу керек.

Жасалган материалына жараша винирдин баасы 150-300 долларга чейин (1 тишке).


«ВИНИР МЕНЕН ПРОТЕЗДИН АЙЫРМАСЫ ЭМНЕДЕ?»

– Апам буга чейин протез менен жүрчү. Анысы жешилип калыптыр. Ага винир менен протездин айырмасы тууралуу толук маалымат керек болууда...

Бакыт, Ош шаары


– Винир да, коронка протези да тиштин кемчиликтерин жашыруу үчүн колдонулат. Винирди каптоо үчүн тиштер сөзсүз болушу шарт. Болгондо да алар кариеси жок, дарыланган, пломбасы жаңы болууга тийиш. Ал эми коронка сынган же түшүп калган тиштин ордуна дагы коюла берет. Винирди каптоодо тиштин эмалы аз гана сүрүлүп тазаланса, коронка коюу үчүн тиштин нерви алынып, эмалы бир топ сүрүлөт. Винир өтө жука келгендиктен ага көнүү оңой, ал эми коронканын калыңдыгы 1,5 миллиметрди түзүп, ага көнүү бир топ убакытты алат.


«БРЕКЕТПИ ЖЕ ЭЛАЙНЕРБИ?»

– Тиштеримди түздөтүү үчүн стоматологиялык клиникага барсам, дарыгер «элайнер эле койдурбайсыңбы» деп сунуштады. Буга чейин элайнер тууралуу такыр уккан эмес экенмин, «макул, ойлонуп көрөйүн» деп кетип калдым. Сизден сурайын дегеним, тишти түздөө үчүн брекет кийген оңбу же элайнерби? Айырмасы эмнеде?

Жаркынай, Бишкек шаары


Элайнер – бул тиштерди оңдоонун эффективдүү, популярдуу жана альтернативдүү жолу. Бул заманбап ортодонтикалык аппарат тунук полимерден капа түрүндө жасалат. Аны төмөнкү учурларда пайдаланууга болот:

  • Тиштердин жайгашуу формасынын бузулушунда;
  • Тиштердин ортосунда жылчык болгондо;
  • Кыйшык жана буралып өскөн тиштер үчүн;
  • Имплантат жасоо үчүн орун жетишсиз болгондо;
  • Тиштердин кабышып турушунда, туура эмес формада болгондо.

Элайнердин тишке берген таасири кадимки брекеттердей эле, анткен менен өзгөчөлүктөрү бар.

  • Элайнерлер тиштердин айланасына бекем жабыштырылат, андыктан күткөн жыйынтыкка жетишүүгө болот.
  • Тунук болгондуктан көзгө урунбайт, байкалбайт.
  • Анда ар бир жаактын өзүнүн бүтүндөй конструкциясы болгондуктан, тазалоо үчүн көйгөйсүз эле чыгарууга болот.
  • Жаакка ашыкча басым жасалбагандыктан оору жана ыңгайсыздык жаратпайт, жаракат алып келбейт.
  • Сүйлөөдө ыңгайсыздык жаратпайт.
  • Тиш эмалын жабыркатпайт.

Дарылоо этабы
Алгач бейтаптын тиштеринин сүрөтү алынып, дарыгердин көрсөтмөсү менен ага тунук капалар жасалат. Тиштин абалына жараша капа 8 айдан 2 жылга чейин кийгизилет. Ар бир кезектеги капа белгилүү бир мөөнөттөн кийин функциясын токтотот, тагыраагы, бошошуп калат. Мындан кийин дарыгер башка өлчөмдөгү капага алмаштырат.

Бир жолку капа койдуруунун баасы 8 миң сомдон жогору. Тиш түздөлгөнгө чейин көйгөйүнө жараша 10-20 жолу капа алмаштырууга туура келет.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
deva
2019-04-15 09:26:18
Укмуш нерселер эле чыгып жатат э? Жакшы нерсе экен. Мен жасатмакмын эгер кымбат болбосо(( Ото эле кымбат го
+7
aliya-leyla
2019-04-15 10:40:57
Тиш оорубайт. Кымбат экен
+3
Pamirlan
2019-04-15 12:16:23
Ошто бар бекер адресин билсенер жазып койгулачы
0
Alixan-Nookat.2015
2019-04-16 10:29:13
Бир тишке 150дон 300 $ чейин болсо өтө эле кымбатго
+2
PROS
2019-04-17 14:23:03
Баасын угуп тишиңдин ооруганы да басылып калат экен)))
+5
Zaina
2019-04-19 01:53:43
Америкада $1,000 кетти бир коронкага, 3 пломбыга, страховкадан тышкары.
0
Shokoladka94
2019-04-19 16:13:49
Кымбат экен, мен туздотот болчум
0
momun74
2019-04-20 13:06:41
Койчу тиш кыйшык болсун узун кыска болсун озундукуно жетпейт куручтой аппак кылып тизип алып анын кийин азабын тартпай менда убагында тишим кыйшак деп керамика каптаткан элем 4тишимди буздургам убакыт отуп турмушка чыгып тородум анан эле тиштерим кете баштады керемикамда сынды азыр пластмасса тиш мн журом убагында тишимди буздурганыма окуном
+1
Buujan08
2019-04-21 23:40:24
Жакшы нерсе экен, мен да койдурмакмын себеби керамика койдурганмын үстү жагы карарып көрүнөт, но кымбат экен
0
Buujan08
2019-04-21 23:47:01
Админ сураныч бүргөнү кандай жок кылса болот маалымат жазып койгулачы, балдарымды тим эле соо жерин калтырбайт
0
admin_portal
2019-04-22 13:03:41
Buujan08, саламатсызбы! Бул жактан окуңуз: https://www.super.kg/article/show/23055?searchtext=бүргө
0
№ 858, 11-17-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан