Мурадил Данияров, ырчы: «ДУШМАНДАР ЖАНЫМДА ЭКЕНИНЕ ӨКҮНДҮМ»

Ар бир аткаруучунун өзүнүн «фишкасы» болот. Бирөөнүн кара көзү, бирөөнүн тиштери, уячасы, айтор... Мурадилди айрымдар «Маликаны» ырдаган жигит деп билсе, айрымдар «бетинде уячасы бар жигит» деп таанышат. Жакында ушул «фишкасы» менен кыздарды ашык кылган ырчы мырзаны продюсери Лутфилла Бусурманкул уулу сабаган видео тарады. Чуу жараткан видео тууралуу Мурадилдин өзүнөн уктук.


КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жери
– Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Карача айылы
Туулган жылы, күнү, айы – 1993-жыл, 22-ноябрь
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 65 килограмм
Кесиби – Жалал-Абад эл аралык университетинин юридикалык факультетин аяктаган
Көтөргөн телефону – iPhone X
Айдаган унаасы – Nissan Skyline
Өзүнө жакпаган сапаты – Шашма, унутчаактыгы

– Мурадил, кандайсың? Сенин атың таанылгандан бери ызы-чууга аралашып жүрөсүң. Жыл башында продюсериң Лутфилла Бусурманкул уулу менен урушуп, кайра иштешип калдыңар. Урушканыңар пиар беле же чындыкпы?
– Саламатсыздарбы? Пендебиз да, жаңылат экенбиз. Жанымда жүргөн адамдар «продюсериңди башыңа чыгарып алдың» деп мени жолдон чыгарышты. Алардын сөзүнө кирип продюсериме катуу сүйлөп алдым. Бирок катачылык кылганымды кеч түшүнүп, «шефтен» «жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт экен» деп кечирим сурадым. Ал да «кайра-кайра кечирим сурай бересиңби?» деп урушту. Шоу-бизнестеги агаларым Эмил Балтагулов, Жеңиш Айтиевди ортого салып, алдынан өткөрүп жатып кайра иштешүүгө көндүрдүм.

– Кайра-кайра кечирим сурап дегениңе караганда, буга чейин деле көп жолу түшүнбөстүктөр болгон го?
– Ооба, бул үчүнчү жолкусу. Бирок мындан ары катачылык кетирбейм деп ага сөз бердим.

– Келишпестигиңерге угушубузча, акча себеп болгон экен?
– Биздин кийим-кече, тамак-аш, баскан-турганыбыздан тарта батирдин акысына чейин продюсерибиз төлөйт. Ошого байланыштуу тойдон тапкан акчабызды 50 пайыздан бөлүшүп алабыз.
Бир чети түшүнбөстүк болгонго менин айрым жоруктарым да себеп болду. Анткени келишимди бузуп, продюсериме айтпай өзүмчө тойлорго чыгып жүрдүм. Ошентип ортодо эки ай иштешпей калдык. Ал күндөрү үйдө жатып баарын таразаладым, стресс болдум. Мурун ушул сөздү укчумун, бирок кандай болорун билчү эмесмин. Көрсө, абдан жаман абал экен. Ошондо душмандарым жанымда эле жүргөнүн билип, абдан өкүндүм.

– Жакында продюсериң сени баш кылып, шакирттерин сабаган видео интернетке чыгып кетти. Аны кийинчерээк тамаша деп билдирдиңер. Видеону кандай максатта тарттыңар эле?
– Ал видео Сүлүктү шаарына концертке барганыбызда тартылган. Негизи аны 1-апрелде чыгармакпыз. Бирок тарткан жигит бирөөгө жөнөтүп, ошентип элге жайылып кетиптир. Биз концерт коюп бүтүп дароо эле жолго чыккандыктан, видеонун тараганын билбей калдык. Бишкекке келгенде тааныш-билиштин баары «эмне болдуңар?» деп чалып башташты. Элге туура эмес маалымат жетип калбасын деп видеону жүктөгөн каналдарга айтсак, өчүрбөй коюшту. Ошентип видеобуз 1-апрелге жетпей элге жайылып кетти.
Аны көргөн элдин баары эле «продюсериңер силерди урат турбайбы?» деп жатышат. Чынында андай эмес, устатыбыз менен мушташка жеткирбей эле сөз менен түшүнүшүп иштеп келебиз.

– Бүгүнкү күндө эмгек же талант бааланбай, хайп бааланып калды деген сөз бар. Буга кошуласыңбы?
– Биз 8-мартта Оштогу айымдарга гүл тараттык, 5-март – Ак калпак күнүнө карата «Ала-Тоо» аянтында калпакчан жүрүш уюштуруп, ырдадык. Ошол нерсе айтылган жок. Элге жакшы иш кылсаң кабыл алынбайт экен да, көрсө. Кичине эле негативдүү кабар чыгары менен дароо жайылып кетти. Азыр элдин ой жүгүртүүсү бөлөк болуп калыптыр.

– Сенин оюңча, эстрада ырчысы кандай сапаттарга ээ болушу керек?
– Артист ар тармактуу болуп, ырда десе ырдап, күл десе күлүп турушу зарыл. Анан, албетте, легендарлуу Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев сыяктуу артына жакшы из калтыруу керек.
Мен учурдагы эстрада жылдыздарынан Мирбек Атабековдун талантын баалайм. Ал үнү, жүрүм-туруму менен кыргыз эстрадасына төп келет.

– Сенин «Апа» деген ырыңды плагиат деп чыгышты. Ыр кандайча кыргызчаланып калды эле?
– Мен 2015-жылы аталган ырдын казакчасын, кийинчерээк өзбекчесин, орусча версияларын уккам. Ыр аябай жакты, көп тилге которулуптур. Кыргызча эч ким ырдай элек экен деп жаздыргам. Ал кезде продюсер менен иштеше элек болгондуктан өзүм каалаган ырды каалагандай жаздырып ырдай берчүмүн. Азыр болсо баарын кеңешип кылабыз.

– Бала кезден ырчылыкка кызыгарыңды билебиз. Ал кезде келечегиңди кандай элестетчүсүң?
– Келечекте азыркыдай сахнада ырдасам деген кыялым бар болчу. Сыналгыдан көрүп жүргөн ырчылар жашоодо кандай болду экен деп абдан кызыкчумун. Мектепте болсо активдүү окуучу болдум. Балдар менен маданият үйүндө дискотека уюштурчубуз. Күндүз терезелерди караңгылатып алып колонка, түстүү музыканы коюп, кирүү акысына 20 сом алчубуз. Түшкөн акчаны чогултуп музыкалык аппаратура алып, айтор, өзүбүзчө жеке ишкерлик кылганбыз үлүп). Кудай буюруп, азыр минтип чыгармачылыкка аралашып, жылдыздар менен бир сахнада ырдап калдым. Бул нерсе мен үчүн чоң бакыт.

– Азыр айрымдар социалдык тармакка көз каранды болуп калышпадыбы. Сенде ошондой «оору» жокпу?
– Менин Инстаграм баракчама кээде продюсерим, кээде мен кирем. Андыктан көп деле көз карандылык жок. Ал жакта чын дилинен жакшылык каалагандар бар, арасында көрө албагандары да чыгат. «Өзүңө жаккан жумушту кылсаң ийгилик жаралат» дегендей, биз дагы ошол багытта иштеп келе жатабыз.

– Продюсериң менен түзүлгөн келишим боюнча, кыздар менен мамиле курууга болбойт экен. Бирок буга чейин эсте калган сүйүү баяның бардыр?
– Эң эсимде калганы – 8-класста болсо керек, шаардан айылга бир кыз келип, балдардын баары кызыгып эле жатып калышты. Алардын арасында, албетте, мен да бар болчумун. Кечинде жасанып-таранып үйүнө барсам балдар толуп калыптыр. Мага кезек жетчүдөй эмес үлүп). Ошентип кетип калгам. Бирок ошол кызды өзгөчө жактырыптырмын. Дагы деле аны менен дос катары сүйлөшүп жүрөбүз.
Ал эми кыздарды сүйүп-күйүп, олуттуу мамиле куруп көрө элекмин.

– Маегиңе рахмат. Ийгилик!


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мурадил Данияров: "Мен сүйгөн кыз турмушка чыгып кеткен"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Paprikafm
2019-04-15 09:48:42
Мага кезек жетчүүдөй эмес ха ха ха, эх окуучулук кездер
0
Targarien
2019-04-15 09:56:06
Продюсери сабаган видеону короюнчу, интервьюсу жасалма го, шефи коркутуп койгон окшойт
+10
mela
2019-04-15 11:21:33
Продюсери сабаган тамаша эмес го.Бирок,ырас кылат!!!Продюсер эркек экен.Кыргыздар законду тоготпойбуз.Келишим болгон кундо деле,ырчылар продюсеринен каалаганында кетип калып атышпайбы. Туура кылат.1ырчы учун канча адам эмгек кылып атат.
+9
Alfiya
2019-04-15 14:07:53
Бул кандай эле ырчы сооройлордун душмандары коп болуп эле аны кеч билген адам боло беришет?! Оздору эмне аппакпы?
+4
aminali
2019-04-16 02:06:43
BTSтин ( корей групасынын фанаты окшойт) эмблемасы го колундагы манжасынын бириккени!
+2
Akim_85
2019-04-16 10:01:49
Жакшы ийгилик
-2
bond02
2019-04-16 11:11:36
Кайсы душмандарын э?
-2
katerina.li
2019-04-16 13:52:01
Озу кооп кетип,козуно май басып калып анан тегергиндегилерине шылтаганына жол болсун душман экен деп
+1
Missing-u
2019-04-16 23:20:43
4 созду 12 жолу кайталап,модный кийинип,жанына сулуу кызды коюп клип тартып эле жасалма жылдызлар тойгозду,же уккулуктуу ырларынар болсо олоюн. Ушуларды тойго чакырып очойтуп акчасын кетирген элдерда кызык. Душманымды эми билдим,эч кимге ишенбей калдым палан тукун деп куйгузушот дагы,Аман эле болгулада только аманчылык силерге)))
+7
Fresh_hit
2019-04-17 15:44:07
комментарий жазгандар!! Баарынар сабатсыз,ушакты жактырган адам экенсинер..
-4
Aruwka.89
2019-04-20 21:39:26
Fresh_hit, ушу мурадил сен окшойсун ээ
0
FC-Abdish-ata
2019-04-21 14:11:21
Бул озу ким Тиги продюсери ким ?
0
№ 858, 11-17-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан