«КАЙНЕНЕМЕ КАТ»

– Мен бүгүн сизге кат жаздым. Башка жол менен ичимдеги буркан-шаркан сезимдерди түшүндүрө алчудай эмесмин. Сиз каалагандай келин боло албадым, моюнума алам. Жоолукту баса салынып, ысык-ысык чай сунуп, бирок тескери карап күбүрөнгөн, жүзүңүзгө калп күлгөн келин такыр боло албадым. Анын ордуна мен сиз үчүн чын пейилимден кейип, дүйнөдө билген-көргөнүмдү кобурап, кайсы бир маселеде сиздин айтканыңызды туура эмес деп талаша кеткен келин болдум. Мендей эмоциясы ашып-ташкан, ар нерсени бетке айткан келинди тарбиялоо да оңой болгон жок. Бирок менин колумду кармаган уулуңуз эркин мүнөзүмдү сүйсө керек. Бул үчүн эч ким күнөөлүү эмес.
Кечириңиз, сиз каалагандай иштебей, үйдө отурган келин да боло албадым. Мурунтан тандаган жолум, кесибим бар болгондуктан, жашоомду төрт дубалдын ичинде кааласам да камай албадым. “Ырчылык кесиппи? Аял деген дарыгер же мугалимдик кесипти тандашы керек” дейсиз. "Келиним ырчы" деп айткандан уяласыз. А мен уялбайм. Мен кесибимди, жашоомду, эркиндигимди сүйөм. Эсиңиздеби, залим хан торгойду алтын капастын ичине салып коюп, ал эки күндүн ичинде үнүн жоготуп алган икаяны сизге айтып берген элем. Мени болгонумдай кабыл алуу канчалык сизге оор болду билбейм, бирок сиз каалагандай келин болуу мен үчүн мүмкүн эмес эле. Балким, биздин маселе дал ушул жерден башталгандыр.
Апа, бул жашоодо эмнени көрүп жүрөгүңүз мынча катып калды? Бир инсандын ушунчалык мээримсиз болуп калышына кандай жагдай түрткү болушу мүмкүн? Бир мен эмес, бүтүн дүйнөгө ызаңыз кайнап тургандай сезилет. Өтмүштө эмне болгонун, ал нерсеге менин кандай тиешем бар экенин да билбейм. Бир шооладай жылчык таап жүрөгүңүзгө кирейин дедим. Дүйнөнү сиз көргөн терезеден көрөйүн деп далалат кылдым. Энелик, балким, ушундайдыр дедим. Балким, ийилсем эне-кыз болуп каларбыз дедим. Мүмкүнчүлүк бербедиңиз.
Бул үйгө кандай келин келери тууралуу эбак чечим чыгарып койгонсуз. Анын кандай кийингенинен баштап, кандай мүнөзүнө чейин, кайсы кесиптин ээси болорун, канча бала төрөп береринен бери программалап койгонсуз. “Жаркыраган күндөй баламдын жанында ушул эле болуп калабы?” деген өксүк ойлоруңузду ачык эле айтып жүрөсүз. Бирок жакшылап байкасаңыз, дал ошол сиз эч ыраа көрбөгөн адам менен уулуңуз бактылуу. Жок, аны эч качан көрө албайсыз. Сыйкырчынын таягы менен сиз каалагандай болуп калчудай сезилет. Бирок реалдуулукту кабыл алуу керек. Сиз кыйын аял, кыйын эне болсоңуз дагы, тагдырга буйрук бере албайсыз жана жарык дүйнөгө алып келген балаңыздын өмүрүнө кожоюндук кыла албайсыз. Ак желек көтөрүп далай алдыңызга келдим. Талашып-тартыша турган ортобузда эч нерсе жок экендигин, мен сиз сыяктуу эле ошол адам деп дем алып жүргөнүмдү, ансыз түнүм караңгы экенин түшүндүрөйүн дедим. Аттиң, түшүнбөдүңүз.
Мен чарчадым. Улам дубалга башымды койгулай бергендей эле, сиздин жан дүйнөңүздүн эшигин койгулай бергенден тажадым. “Эненин тилеги менен үйлөнүү керек, кабыл албаса баары бир жашоо болбойт” деди бир акылдуу. Албетте, сиз каршы болгондуктан сизден уруксат албай үйлөндүк. Башка жолубуз бар беле?
Эки оттун ортосунда сүйгөн адамыбызды канчага чейин куйкалай беребиз? Ал экөөбүздүн бирибизди тандоосу мүмкүн эмес. Адам бир көзүн оюп салып, экинчи көзү менен бактылуу болом дей албагандай эле, экөөбүздүн бирибизди тандай албайт. Энесин бактылуу кылуу үчүн сүйүүсүнөн баш тартканга мажбур кылбаңыз.
Мен чечим кабыл алдым. Энелигиңиз ар дайым жүрөгүмдө, сизди сыйлайм. Бирок мындан ары кааласаңыз да, каалабасаңыз да өз жолум менен кетем. Сиздин көңүлүңүзгө жагуу үчүн эмес, өзүмдүн “менимди” жоготпоо үчүн жашайм. Көзүңүздү жумуп алсаңыз же башыңызды чулгуп тескери басып кетсеңиз эле, мен башка жерге кетип калбайм. Түйүнчөгүмдү түйүп төркүнүмө да жөнөбөйм. Дал ушул жерде турам. Анткени менин тагдырым ушул жерге айдап келип, уулуңуз менен баш коштурду. Мындан ары балдарымдын алдында башын жерге салган, эзилген эне болгум келбейт. Келин катары кабыл албасаңыз, мындан ары неберелериңиздин энеси катары кабыл алганга мажбурсуз.


Тере
ң урматтоом менен келиниңиз

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
ainura220888
2019-04-15 13:46:09
Менда 3том смс жаздым. Бирок жонотбостон очуруп "хорошо" деп жооп жаздым. Андан кийин 2жыл убакыт отту мына иштеп атам. Кайненем ошол 2жылдын ичинде 2жолу Крымга эс алганы жоноту кызым менен. Илгеркилер "Аял жолдо бала белде" дешет эле бул менен аял затын басмырлагым келбейт. Тек гана апа эч качан табылбайт. Сенинда балдарын аял алат эртен. Алдейинен тун уйкусун бузуп бакан баласына албетте туну куну ырдап жургон келин эмес эшигинде чай куюп кыздай болур эрчип жургон келин ке
+15
ainura220888
2019-04-15 13:51:18
Дагы айтарым сен эч качан кайненен менен бир сапта боло албайсын апасы бир козу болсо сен экинчи козу эмесин. Кайненен аны багып остургон окутуп чокутуп адам кылып колуна берген. Менимче сенин текеберлигин. Бир же эки жыл уй булоондун тынчтыгы учун ырдабай койсонда болот. Анан ырдай бересин. Эми бул менин жеке оюм. Чынында туркун кайненелер бар. Жылуу жылуу суйлосон жылаан ийнинен чыгыптыр дейт. Кыргызда салт бар кайненене тике караба ыйбаа кыл деген.
+21
petushokimishka
2019-04-15 17:54:20
ainura220888, эн туура айттын, браво!
+3
kofesmolokom
2019-04-16 13:37:43
ainura220888,козу болбосо дагы, турмуш жолдошу, (керек болсо эки козу). Окутуп-чокутуп, остуруп, адам кылып элге кошуш ата эненин милдети. Келин асмандан тушуптурбу?! Кирин жууп, тамагын алдына коюп, тукумун улап отурган келиндерге «данк»! Озумун келиним бар, кудайга шугур, коз тийбесин, аябай жакшы. Келин жаман эмес, барган жери жаман болот. Жакшы жерге тушсо, жакшысын ашырып, жаманын жашырат. Менин кайненем бар, 70 жашка чыкса дагы кайненелик кылат. Озумун башыман откон учун жооп жаздым.
-1
Surotchu-kyz
2019-04-15 15:39:02
Апамдай кайынэнеге туш болгонума миң ирет шүгүр келтирем. Ар бир аял затына жакшы кайынэнеме туш болсун ылайым...
+5
petushokimishka
2019-04-15 17:55:20
Эртен озун кайнене болосун, келининен ушундай кат (в лучшем случае) куто бер. Удачи!
+4
Snejana
2019-04-15 20:25:12
Мен дагы кайнене болом. Ыймандуу, бактылуу келин туш келсин. Коп неберелуу болоюн.
+4
Kalla
2019-04-15 20:44:19
Бул айтканын бир самтырактан сандыраак соз болуптур.
+1
NIkalike
2019-04-16 11:09:30
Кайнене баласына тун уйкусун болуп багып остурсо, не келиндин апасы кызын сайдан таап келиптирби? Озу эле осуп калыптырбы? Кандай болгон кундо да, келиндин да укугун, оюун сыйлоосу керек. "Салттар да заманга жараша озгорууго тийиш." Бул создорду мен эмес, Ч.Айтматов айткан.
+13
kofesmolokom
2019-04-16 13:49:50
Карыганда ысык чай ичкин келсе, жашында келин-балага жылуу мамиле жаса!!!!!!!!!
+2
Nur777
2019-04-16 14:14:24
Автор,сенин элдин озгочолонгонунун,текебердигин,кербезденип кыял корсотконун кайненене эле эмес башка адамга деле неприятно корунот,канча современная келин болом дегенин менен сен кыргыздын кызысын,тарбиялуу бол,ыймандуу бол,сени коргон балан эртен сендейди жетелеп келет,тээжик болсон тээжик,ыйбалуу болсон ыйбалуу келиндуу болосун...Кайненендин неге сени каалабагандыгы жазылган муздак создорунон эле корунуп калды..
-1
Baiana2017
2019-04-17 07:50:35
Келинди алаарда "келин кызмат кылуу учун.тамак жасап.кирин жууп.корооду тазалат.кереели кечке тынбаш керек" деген эмес келинди уулумдун ишенген.жанынын жарымы.урпагын улоо учун деп алыш керек.келин деле бироонун кызы.кудайдын жараткан пендеси.кыргыздарга окшоп иии аябай кыйналдым.ооруп атам.келин албасак болбойт дешпей
+7
SayanRamzan
2019-04-17 12:41:14
Шүгүр өз энемдей кайненеге туш болгонума. Менимче барган жериң жакшы болсо ошого карап өзгөрүп тарбияланып каласың. Бизде келиндерди кулдай көрүшөт... Ырдаса ырдасын баласы бактылуубу ал менен болду да. Кайнене жакшы мамиле кылса эле кайсы келин сүзөнок болот дейсинер. Ал келин да бирөөнүн кызы...бир адам түн уйкусунан калып асырап чоңойткон... Урматтуу кайненелер баланар сүйгөн тандаган адамга жакшы мамиле кылгыла...кызынар бар. Ал да келин болот бироого.
+7
Djumaev0mur
2019-04-17 23:27:23
Кайн энесин сыйлап кайнененин жолуна тушпогон келин бул дуйнодо эчкачан жарыбайт, бирок кайненеге не кун корсотсо келечекте аны да ошондой кун кутуп ттурат. Ошонжукдан кыз келиндер куйоого тийгенден кийин куйоосубу кайненесиби айтканын кылып шымынардын ичин кысып жашагыла, и так Кыргызстанда ажырашуунун саны кобоюп жатыптыр, ушундай оз билемдик эшшектердин айынан
-4
Sajakat14
2019-04-18 11:39:10
Djumaev0mur,сенин кызың деги келин болот, кайненелүү болот. Ошондо бир жериңди кысып жүр деп айта бер өз кызыңа. Өз кызыңа ошенткенге акың бар.
+3
love_you
2019-04-18 12:56:20
Djumaev0mur,сага окшогондордун айынан дагы уй- юуло бузулууда. Эркек баштары мн кайын энени артка таштаган эркектер дагы бпр. "Кысып жашагыла" дегидей,келин эмне жамандыгынан келин болуп атыптырбы же келин учунчу сорттогу адамбы? Ал деле бактылуу болойун, кайын журт мн сый болойун деп ыйбаа кылып, аракеттенет да. Сыйлап унчукпай журсо, коркоктук катары кабыл алып, тобосуно чыгып тайрандаган кайын энелери оздору келинди бузушат, тетири ХХХХ
+1
Miya
2019-04-19 19:40:13
Djumaev0mur, сендейлерлин артынан ажырашуу коп болуп жатат. Азыр менимче эркектердин эле айынан ажырашуу болуп жатат!
+2
Aliya2015
2019-04-18 21:02:13
Админ сериалдар качан чыгат? Же чыкпай калдыбы?
0
pero5184
2019-04-19 10:09:42
Мен Кайнемди жакшы көрөм кайненеме окшоп төрт бала төрөдүм
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-04-19 15:32:09
Менин кайненем алтын аял.
+1
№ 858, 11-17-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан