Аскат Мусабеков, ырчы: «ЖҮРӨГҮМДӨГҮ АДАМГА АРНАП ЫРЛАРДЫ ЖАРАТАМ»

Жаз жыттанып, сезимдер ойгонуп жатканын байкап жаткандырсыз, окурман. Бүгүнкү маектешим Аскат Мусабеков менен көбүнчө сүйүү сезимдери тууралуу сүйлөшкөнгө аракет кылдым. Ал канчалык ишке ашты өзүңүз күбө болуңуз.

– Аскат, Сауд Арабияда “Көчмөндөр ааламы” фестивалында жүрүп келдиң, эмне кызыктар болду?

– Фестиваль кызыктуу болду, барган мамлекеттердин ичинен биздин топко кызыккандар өзгөчө көп болду. Анткени топоздор, боз үй, жылкылар, каскадёрлорубуз, костюмдарыбыз, музыкалык аспаптарыбыз, бүркүт, тайган, улакчылар, баары учактар менен жеткирилген. Ошонун баары бир бүтүндүктү жаратты деп ойлойм. Бизде нукура көчмөндүк сакталып калганданбы же даярдыгыбыз жакшы болгондуктанбы, элдин көңүлүн буруп таң калтыра алдык. Баары бир жерибизге жетпейт. Ал жакта кумдуу шамал болуп тургандыктан, кум уюлгуп келип айлана капкара болуп калат экен. Мындай учурда үйгө кирип кетип сактанып жаттык.

– “Аруузатым” деген ырыңда “Өзүң менен айыкчудай сезилип, өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм?” деген ыр саптары бар эмеспи. Негизи сүйүү жарааты канча убакта айыгат деп ойлойсуң?

– Убакыт улуу дарыгер дешет, кандай жараат болсо да мезгил дарылайт. Негизи кечиргенди билиш керек. Кудай сактасын, менде өмүр бою так кала турган жараат деле жок. Алты саны соо, жакындары жанында болгон адамдын эмне жарааты болушу мүмкүн? Мен күндө туруп күндүн көзүн көргөнүм үчүн деле бактылуумун деп ойлойм.

– Анда түз сурайын, жеке баракчага төрт сап ыр жазып, аны табышмактуу бир жанга арнап каласың. Ырдын ээси барбы?

– Алыкул акын көп ырларын бир образга арнап чыгара берчү экен. Ал кыялындагы образ десек болот. Мен жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү бир адамга арнап жакшы ырларды жарата берем. Менин 90 пайыз ырларым сүйүү тууралуу, бул сезим жашап турганда ырлар жарала берет болуш керек.

– Канча сүйүү башыңдан өттү?

– Өтө оор суроо экен. Санабаптырмын деле . Көп сүйүү өткөн экен деп ойлоп албаңыз. 2-3 чоң сүйүү башымдан өткөн болуш керек.

– Учурда канчанчы сүйүүңдү жашап жатасың?

– Учурда сүйүүм бар деп да, жок деп да айтпайм. Көп нерсени көрдүм, жаңылдым, жаздым дегендей. Ошол нерселер мени жеке турмушумду эл назарынан алыс кармаганга үйрөттү.

– Убакыт көрсөтсүн. Анда чыгармачылыгыңа кайталы, түрк тилинде ырларды баракчаңа жазып каласың...

– Түрк дүйнөсүнө кызыгам. Алардан дос да күттүм. Фестивалдарга барып калганда алар менен сүйлөшө албай калчумун. Түркчө ырдагым келчү, бирок сөздөрүн түшүнбөй кантип ырдайм деп үйрөнүп баштадым. Буюрса, жыйынтык жакшы болду. Эки күндөн кийин Түркияга сапар алганы турам. Жайында Орхан Чакмак деген продюсер менен таанышкам. Ал түрк тилдүү мамлекеттерден ырчыларды чогултуп бир автордун ырларын аткарып көрүүбүздү суранган. Мен эки ырды тандап ырдагам. Ошол альбомдун ачылышы болгону турат. Ар түрдүү мамлекеттен 7 ырчы оркестр менен ырдайбыз. Продюсер менен мындан кийинки кызматташуу тууралуу да сүйлөшөм. Түркчө ырдап калышым мүмкүн.

– Уулуң менен чогуу тишиңерди тазалап жаткан сүрөтүңдү көзүм чалды. Тез-тез жолугушуп турасыңарбы?

– Ата-энем “эң биринчиси – жоопкерчиликтүү бол” деп тарбиялашты. Атам менин ушул сапатымды айтып калат. “Аскат бир нерсе жасабай жүрө бериши мүмкүн, бирок бир ишти тапшырып, жоопкерчилик артсаң, кандай болгон күндө да аягына чыгат” деп мүнөздөйт. Анын сыңарындай балдарымдын дүйнөгө келишине мен жоопкермин. Апасы менен эки айрылыш жолго түшсөк дагы, толугу менен бул жоопкерчиликти алышым керек. Азыркы агрессивдүү заманда бала тарбиялаш кыйын. Балдарымдын бактылуу көз ирмемдеринде калууга аракет кылам. Көзүңдү жумсаң бир элестер келет эмеспи, чоңойгон убактарында эстегенде таттуу көз ирмемдеринде мен да болсом деп далалат кылам. Көп ээрчитем, сүйлөшкөнгө аракет кылам. Каалаган учурунда менин үйүмдө жүрүшөт.

– Аскаттын дүйнөсүндө дагы эмне бар?

– Баары эле бар (күлүп). Актёрлукка кызыгам. Мисалы, кээде концерт көргөнгө караганда театрга барып спектакль көргүм келет. Актёрлук өтө чоң талант деп ойлойм. Андан тышкары обон чыгаргым келет. Обонду укканда ичимден “мен ырдасам” деп жүрөгүм тыпылдап кетет. Студент болуп жүргөндө залкар адамдардын обондорун укканымда “булардын деңгээлинде чыгара албайм го” деген жүрөксүү пайда болгон. Бир-эки жолу обон чыгарып көрүп бирок өзүмө жакпай калган эле. Өмүрүмдө бир-эки жакшы обон чыгарып калсам деп жүрөм. Азыр деле кайрыктарды издеп калам. Жазмачылыгым да бар, төрт сап ырларды жаза коём, бирок кара сөз түрүндө жакшыраак жазам го. Жүрөгү

мдө бышырып жүргөн темалар бар, буюрса, аларды жазам. Акыр заман келет, же жакында болот деп айтып калышат го. Менин оюмча, ар бир адамдын өзүнүн акыр заманы бар. Ошол тууралуу жазсам деп ойлонуп жүрөм.

– Өтө токтоо көрүнөсүң, сени өзүңдөн чыгарып жиберген учурлар болобу?

– Сүйүнүчтү да, башкасын да сабырдуулук менен кабыл алам. Кээде ачуум келет, кээде шайыр-шатман болуп сүйлөгүм келип калат. Бирок чектен ашып жиндилик кылбайм.

– Маегиңе рахмат.

"Балдарымдын бактылуу көз ирмемдеринде калууга аракет кылам".
"Сауд Арабияда кыргыздар элди таң калтырдык".

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
hihikayu
2019-04-15 13:31:34
Мин жакшы мамиле кылып,жакшы элестерди калтырсада бала учун ата-эне чогуу жашаганга жетпесе кк...
+12
Meken28
2019-04-18 09:46:56
2,3 chon suiuu deitko,turuktuu erkek emes ekensin da,adam ozu 1 ele chon suiuugo jolugat urmatttuu ozunu sabyrduu sezgen Askat Musabekov.Saga okshogondor kyrgyz kyzdaryn kor kylat da ajyrashyp,baikush baldaryna boorum achyit.Ayalyna bakyt bersin kudaiym
+1
Nurmatova.
2019-04-20 16:17:41
Эн жакшы коргон ырчым:)
Бактылуу болсун
0
Nurmatova.
2019-04-20 16:18:15
Бактылуу болсун
0
№ 858, 11-17-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан