ТАҢКЫ МҮНӨТТӨР ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕЛЕЙТ. 6 ЭРЕЖЕНИ САКТАҢЫЗ

“Эрте турган эркектин ырысы артык, эрте турган аялдын бир иши артык”, “Эрте тур, ырыскыдан кем каласың. Таңкы тилек бат кабыл болот”... Бул улуу кишилердин бизге күн сайын айтып келген накыл кеби. Бул жөнөкөй сөз эмес, анын ичинде терең ой жатат. Эгер маалыматыңыз болсо, ийгиликке жеткен белгилүү адамдардын, окумуштуулардын баарына таандык бир эреже – күн чыга электе ойгонуу. Булардын көпчүлүгүнүн жумуш режими таңкы саат 5те башталат.

А сиздин таңыңыз кандай башталат? Төшөктөн ыргып тура калып бети-колду чала жууп, шашкалактап жумушка жөнөөдөнбү? Балким, "уктап калган турбаймынбы" деп наалууданбы? Эгер сиздин ойгонгондон кийинки абалыңыздын сүрөттөлүшү дал ушундай болсо, анда аны өзгөртүүгө ашыгыңыз. Анткени таңдын алгачкы сааттары сизди ийгиликке жетелейт. Биз сиздерге америкалык белгилүү оратор, мотиватор Хэл Элроддун “Таңдын керемети” китебиндеги пайдалуу кеңештер менен бөлүшүүнү эп көрдүк.

ТАҢ ЭРТЕ ОЙГОНУУ

Хэл Элрод адаттагыдан 1 саат эрте ойгонууну сунуштайт. “Эгер сиз күн сайын саат 7де ойгонсоңуз, мындан ары 6да туруңуз, 6да турсаңыз 5те ойгонууга аракеттениңиз. Бул саат ичинде 6 тапшырманы аткарыңыз” дейт. Ал бул убакытты “куткаруучу айлана” деп атаган. Белгиленген 1 саат ичинде кандай тапшырмаларды аткаруу керек?

ЖЫМЖЫРТТЫК

Жымжырттык – куткаруучу айланадагы эң алгачкы тапшырма. Автор бул убакытта тынч абалда отуруп же жатып, жай жана терең дем алып, мээни тынчтандырып, дене бойду бошотуп медитация жасоону, мусулмандарга намаз окуп, Кудайга ыраазычылык билдирүүнү сунуштайт. Мындай жан жыргаткан жымжырттык сиздин күнүңүзгө бейпилдик, тактык жана айкындык алып келет.

5 мүнөт

АФФИРМАЦИЯ

Жан жыргаткан жымжырттыктан соң Хэл Элрод аффирмация жасоону сунуштайт. Аффирмация – бул сиз өзүңүз түзүп алган белгилүү бир фраза. Ал фразаны бир нече жолу кайталагандан кийин адамдын ички туюмунда сакталып, жашоонун жакшы жакка өзгөрүлүшүнө түрткү болот, өзүнө болгон ишенимди күчөтөт, жаңы энергияларды берет.

Келиңиздер, муну автордун өз мисалында карап көрөлү. Хэл Элрод 20 жашында жол кырсыгына кабылып, мээсинин эс-тутумга жооп берүүчү бөлүгү жабыркайт. Ал аффирмация көнүгүүсүн колдонуп, тактап айтканда, күн сайын “мээм дарыланууга жана күндөн-күнгө жакшы болууга жөндөмдүү орган” деп кайталай берген. Хэлдин айтымында, бул көнүгүүдөн кийин эс-тутуму жакшыра баштаган. Бир нече айдан кийин эске тутуу жөндөмү болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткен.


5 мүнөт

ВИЗУАЛДАШТЫРУУ

Биз көп учурда өткөндү, каталарыбызды көп ойлоп негативди жашообузга киргизип алабыз. Мунун ордуна ойлорубузга эркиндик берип, эң жакшы нерселер алдыда бизди күтүп турганына ишенүүбүз керек. Кыялдануу, ишенүү, үмүттөнүү да бул дуба сыяктуу эле. Таң эрте болгону 5 мүнөт убактыңызды бөлүп, көзүңүздү жумуп алып бүгүнкү күндө боло турган окуяларды, максатыңызга жеткен мүнөттөрдү ийне-жибине чейин элестетиңиз. Эң башкысы, ал нерсени болуп жаткандай элестетүү керек. Бул иш-аракет максатты так коюп, позитивдүү ойлорду жана энергияны чакырууга жардам берет.

5 мүнөт

ДЕНЕ КӨНҮГҮҮСҮН ЖАСАҢЫЗ

Эртең мененки дене көнүгүүлөрү сөзсүз бул саатка киргизилиши шарт. Чуркаңыз, секириңиз, отуруп-туруп көнүгүү жасап жүрөк-кан тамыр системин ойготуңуз. Көнүгүүлөрдү бир нече мүнөт гана жасоо энергияңыздын деңгээлин көтөрүп, ден соолугуңузду, өзүңүзгө болгон ишенимиңизди чыңдап, эмоционалдык абалыңызды тең салмактап, таасирдүү ой жүгүртүү, кунт коюуну күчтөндүрөт.

20 мүнөт

КИТЕП ОКУҢУЗ

Адатта биз китеп окууну кечкиге калтырабыз да, ал убакта жумуштан чарчап келип, уктап калабыз. Ошентип, китеп окуу дагы кийинки күнгө калтырылат. Хэл Элрод китепти таң эрте окууну сунуштайт. Ал күнүнө эң аз дегенде 10 бет китеп окууга чакырат. Эгер сиз үчүн бул кыйыныраак болсо, 5 беттен баштасаңыз болот. Бара-бара көбөйтүп аласыз. Эң башкысы, китеп сиз билбеген жаңы көрүнүштөрдү ачып, жаңы идея жана түшүнүктөрдү берүүсү зарыл. Эгер сиз бул тапшырманы аткарсаңыз, “чарчадым” же “китеп окууга убактым жок” деген шылтоолоруңуз өзүнөн-өзү жоголот.

20 мүнөт

КҮНДӨЛҮК КОЛДОНУҢУЗ

Албетте, бардык нерсени башыбызда сактоо кыйын. Тапшырмалар менен максаттар кагазды жакшы көрөт. Андыктан уктаардын алдында күндөлүк жазууну, эртеңки күнгө план жазууну адатка айландырыңыз. Анткени иш тартиби түзүлгөн болсо, уйкучу да эртең менен оңой туруп, эң оор иштерди жасай алат. Эртең менен ойгонгондо аларды дагы бир сыйра карап, толуктоочу же өзгөртүүчү жерлери болсо жазыңыз. Пландарды кагазга же телефондогу блокнотко жазып иштесеңиз, күнүңүздүн жалпы түзүлүшүн так жана ар бир бөлүгүнө чейин көрөсүз да, бир мүнөттү текке кетирбейсиз.

5 мүнөт

Биз менен чогуу өзгөрүүгө даярсызбы? Анда ойготкуч сааттагы белгиленген убакытты 1 саат алдыга жылдырып, ажайып таңды жакшы маанай менен тосуп, ийгиликтерге жетиңиз.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
deva
2019-04-15 09:24:44
Ии эми ушуларды аткарсак кана?! Озгочо мен жалкоомун 1-2 кун аткарам кыйын болуп. Лучше жалкоолуктан кантип арылыш керек ошону жазгылачы))
+10
Guzelyafan
2019-04-15 10:41:45
Жакшы экен
+1
Begimkyz.
2019-04-15 13:59:39
Мага жакпады бул конугуулор, биз учун эместей туюлду)
-2
Asalim-99
2019-04-15 19:18:07
Менин жумуш убактым 14 саат болсо, үйгө кечки 11:30 да келсем, 1-саат телефон менен сүйлөшүп, 00:30 дан 1:00 го чейин жуунуп тарансам, эрте менен саат 6 да турсам , ошондо мен 5-эле саат эс алып каламынбы? :(
0
tokitok
2019-04-17 14:32:01
Asalim-99, сизге жарабайт экен бул кенеш.
0
semo
2019-04-15 20:50:16
жакшы кеңеш екен
0
tina-Tin
2019-04-15 23:01:00
Бизге Аллах Пайгамбарыбыз с.а.в. аркылуу мурда эле жоноткон. Америкалыктардан эмес динибизден эле уйронуп жасасак болот.
+18
Shokoladka94
2019-04-16 08:35:27
Кун чыкканда жер бетине адамзаттын ырыскысы чачылат, уктаган Адам андан кур калат деп биздин ата-бабаларыбыз айтып келишкен.
+3
Surotchu-kyz
2019-04-16 11:54:53
Эрк керек ээрк!!!
+5
Kuba-savai87
2019-04-16 17:20:36
Эрте менен туруп, даарат алып мечитке бар намаз окуу ошол жетиштуу. Эки дуйно бактылуу болосун
+8
__anna__
2019-04-17 10:53:48
Эн сонун кенештер. Мындан кийин пайдаланам ИншаАллах.
0
elebes86
2019-04-17 22:26:34
Тенирим колдоп турса баары жакшы болот.
-9
Zizika88
2019-04-18 13:58:32
Мен ушул кенештер боюнча курстарга катышып китептерди окуймун. Чындыгында аябагандай жардам берет. Ийгилике жетуу учун эрте туруп кеч жатуу керек. Адам канчалык аракет кылса ошончолук иши алдыга жылат. Элестетип эле отура беруудон пайда жок, аракеттенуу керек. Мага болбойт, кыргыздарга жарабайт деп айтбаныздар баардык адамдар кылса болот. Аракет каалоо куч болуш керек ал учун. Алга кыргызым баарыбыз озубузду онуктуруу учун , озубуздун устубуздон иштешибиз керек.
+3
dair_17
2019-04-18 23:51:27
7- тапшырма телефон чукулоо
+3
Baku88
2019-04-19 14:18:54
Салам супер Best Way компания тууралуу толук маалымат берип коёсунарбы кийинки санда күтөм
0
admin_portal
2019-04-19 16:52:38
Baku88, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
oshondoiraak
2019-04-20 03:00:54
Американецтерге айтып койгула кыргызстанец бул нерселерди четке какты деп себеби барибир ерте турабыз да бир нерсе м-н сөзсүз убара болот да адам бул тиричиликте
0
№ 858, 11-17-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан