Ырчы Мирбек Иманбеков “Жаным” аттуу ырын жаңылап, ырчы Назира Айтемирова менен ырдап чыкты. Ырдын клиби чыгары менен талкууга жем таштады. Ырчынын жоолук үстүнө шляпа кийгенин, костюмдун ичинен көйнөк кийбей калың чынжырларды тагынып тартылганын интернет колдонуучулар сынга алды. Мирбек Иманбеков жаңы образы чыгармачылыктагы жаңылануу, өзгөрүү экенин билдирди.