БАСТАНЫН ГИТАРИСТИ СПОРТ ОРДОСУНУН АБАЛЫН СЫНДАДЫ

6-апрель күнү Бишкек шаарына орусиялык рэп ырчысы Баста (Василий Вакуленко) келип күйөрмандарын сүйүнттү. Ырчынын концертине билеттер 2 миңден 12 миң сомго чейин сатылды.

Бастанын гитаристи, музыкант Николай Сарабьянов Кожомкул атындагы Спорт сарайынын мышык ыйлай турган абалын концерт баштала электе телефонго тартып алып, Инстаграмдагы баракчасына жүктөдү. Видеодон булгаарысы сыйрылган, жешилген орундуктарды көрсө болот. Ошондой эле Сарабьяновдун “Бишкек шаары. Убакыт машинасы менен 30 жыл мурунку заманга түшүп калгандай болдук” дегенин угууга болот. Орус музыкантынын бул видеосу коомчулукта кызуу талкуу жаратып, Кыргыз жеринде коррупция күч алып, мындан улам Спорт ордосу, "Спартак" стадиону өңдүү маданий-спорттук жайлар оңдолбой жатканы, ушундан улам чет элдик музыканттарга, спортчуларга уят болуп жатканыбыз талкуу болууда. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдин Султамбаев Спорт ордосун оңдоо үчүн ири суммадагы акча керек экендигин, учурда демөөрчү изделип жатканын жарыялады.

star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
jaskaaa
2019-04-15 16:58:44
Ушуну көрмөкпүз!
0
Fresh_hit
2019-04-17 15:50:26
Спорт ордосунда спорт оюндары болот. Концерт бергенге болбойт..бу сары баш филармонияга барышы керек эле...
+1
Jagym94
2019-04-17 20:23:54
Баястандын гитаристи деп окуп алыпмын
+1
tamchy555
2019-04-19 12:34:30
Спорт ордосунун абалы кандай болсо да, элдин очойгон акчасын алып кетипсинерго!
0
№ 858, 11-17-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан