АЙДАНА ДЕКА МЕНЕН АВАЗ АКИМОВ АТЫН ПАЙДАЛАНГАНДАРДЫ ИЗДӨӨДӨ

Ырчы жаш жубайлар Аваз Акимов менен Айдана Деканын Сокулукта концерти белгиленип, бирок ырчылар келбегендиктен көрүүчүлөр күтүп отуруп тарап кетишкени маалымдалган. Окуя боюнча Аваз Акимовго байланышканыбызда буларды билдирди:

Айдана экөөбүз аймактарга чыгып, концерт коёлу дегенбиз. Биринчи концертибизди 8-апрель күнү Баткенден баштамакпыз. Андан кийин башка облустарга концерт коймокпуз. Ал эми Сокулуктагы концерт тууралуу биздин маалыматыбыз жок болчу. Инстаграмдан "Сокулукта концерт коёт экенсиңер" деген каттар келип жатты. Биз түшүнбөй калдык. Сураштырсак, билет сатылбаптыр, болгону биздин мурунку концерттерде афишага колдонгон сүрөттөрүбүздү илишиптир. Азыр афишаны илгендерди, концерт болот деп жалган маалымат тараткандарды издештирип жатабыз.

star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
admin_portal
2019-04-17 17:37:03
karona12, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эрежелерди сактаңыз. Эскертүү!
0
№ 858, 11-17-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан