ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 15-АПРЕЛДЕН 21-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИН




КОЙ (21.03-20.04)

Иштерди бүткөрүүгө айрым кырдаалдар тоскоол болот. Керектүү адамдардын алдында өз позицияңызды жөндүү коргоп калууңуз кажет. Керсейүү жана ачууланып чыр-чатакка баруу менен эч нерсеге жетпейсиз. Акчаны туура колдонсоңуз, жакынкы күндөрү акча муктаждыгы жаралбайт. Сүйүктүүңүздүн көңүлү түшпөөсү жана сүйлөнбөөсү үчүн анын айтканына кулак салып койгонуңуз туура. Келечекке жол көрсөтүп, акылын айта турган адам менен таанышууңуз мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Бүтүрүүчү иш көп болуп, жакындарыңызга кам көрүү арткы планга жылат. Акча тартыштыгынан ар бир тыйынды да үнөмдөөгө туура келет. Мыйзамга байланыштуу маселени туура чечиңиз. Болбосо калп айтуу, бир нерселерди жаап-жашыруу ишиңизге, аброюңузга кедергисин тийгизип калат. Бирге иштешкендердин же достордун биринин жашыруун сыры ачыкка чыгат. Алыстан келе турган бирөөлөрдү тосуп алып же узатышыңыз ыктымал. Туугандарыңыздын бири конокко чакырат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Эгер бир нерсени пландасаңыз, аны өзгөртпөңүз жана артка чегинбеңиз. Аны аткарууга ылайыгы келип турат. Негизги бөлүгүн сиз үчүн тааныштардын бири аткарып бериши мүмкүн.

Достор менен мамилеңиз чыңалуу абалында тургандыктан, алар менен абайлап сүйлөшүңүз. Кооптуу жерлерден жана спорттон жаракат алып калуудан сактаныңыз. Өнөкөт оорусу козголгондор врачтын текшерүүсүнөн өтүшөт. Дарыларды көрсөтмөсү менен таанышып, анан колдонуу сунушталат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Айрым иштер өзүнөн-өзү бүтүп сүйүнтөт. Киреше кириши же иштегендер ишинен көтөрүлүүсү мүмкүн. Жашаган үйүңүздүн, короо-сарайыңыздын канчалык коопсуз экендигин карап чыгыңыз. Ууруларга бир нерселерди уурдатып жиберүүнүн алдын алыңыз. Тилиңизди тишиңизге катып, ашыкча сөз чыгарбасаңыз эле үйдөгүлөрдүн балээсине калбайсыз. Акчалуу болуп, керектүүлөрдү алууңуз ыктымал. Дем алышты үйдөн сырткары өткөрүүңүз күтүлүүдө.


АРСТАН (23.07-23.08)

Келечегиңизге керектүү жолугушууга барасыз. Маселени өз кызыкчылыкка чечип, материалдык абалды оңдоо үчүн өжөрлүк, акылкөйлүк жөндөмдөрдү көрсөтүү зарыл. Күнүмдүк майда иштер чоң ийгилик алып келбейт, андыктан жаңы максаттарга аттануу зарыл. Үйдөгүлөрдүн бири билгизбей сиздин акчадан колдонуусу ыктымал. Романтикалык мамилени күткөндөрдүн тилеги ишке ашып, жолугушууларды белгилешет. Сырткы келбетти калыпка келтирүү үчүн сулуулук салонго баш багасыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жашооңузда акыр-аягы жакшы нерселерге алып бара турган өзгөрүүлөр тилкеси башталат. Кыйынчылыктар акырындап артта калып, өзүңүздү маанилүү адам катары сезесиз. Көп адамдар менен баарлашып, жакшы тааныштарды табасыз. Маселени алыскы туугандар аркылуу чечүүнү каалаганыңыз үйдөгүлөрдүн жинин келтирет. Өзүңүз тууралуу ушак угасыз. Териштирүүнүн, "мен акмын" деп далилдөөнүн кереги жок. Жакын аралыкта кимдики туура экендиги аныкталат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптанын башында калпычылардын торунан сактаныңыз. Өзгөчө чөйрөңүздөгү жакында эле урушуп кеткен адамга көңүл буруңуз. Ден соолугуңуз ооруканага барууга жеткирүүсү мүмкүн. Бойдоктор аны сүйгөн адам бар экендигин байкашат. Ага сөз айтуу керекпи, ойлонуп көрүңүз. Апта ошондой эле урушуп кеткендер менен жараша турган мезгил. Сиз ойлогондой акчалуу болбойсуз, мурунку чогулткандарды сарптоого туура келет.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Иштер, маселелер да көп болуп, кайсынысына жетишүүнү билбей кыйналып, жиниңиз келет. Ачууңузду жаныңызда жүргөн адамдарга бүркпөңүз, кызуулук менен бир ишти ойлонбой жасап жибербеңиз. Болбосо азабын өзүңүз эле тартасыз. Киреше сиз күтпөгөн жактан келет. Мүмкүн, сизге үй буюмун же жандыгын белекке беришет. Апта акырында досуңуз же сүйүктүүңүз чогуу бир жакка барып келүүнү сунуштайт. Ыңгайсыз абалда калбоо үчүн жакшы кийиниңиз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Материалдык жактан жетиштүү жашоо үчүн жан үрөп, бир убакта эле бир нече ишти колго алууга туура келет. Кыскасы, урааныңыз “акча, бийлик, ыңгайлуулук үчүн!” болмокчу. Жан шеригиңиз менен акча, белек тууралуу сүйлөшүүдөн чыр чыгат.

Балдар менен бир жактарга барып, көңүл ачып келүүңүздөр мүмкүн. Шейшембиде кызыл тилдүү жана сыпайы болуу менен олжо өндүрүп алууңуз ыктымал. Жакындарыңыздан күткөн кабар сиз ойлогондой жагымдуу болбойт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Көптөн бери ичте сакталып жүргөн идеяңыз сыртка суурулуп чыгып, алдыга максаттуу умтула баштайсыз. Жаңы нерселерди өздөштүрүп, өзгөчө иш-чарага катышууга да убакыт табасыз. Сизге сыртыңыздан көз салып жүргөн адам сиз тууралуу маалымат чогултуп, таанышууга умтулат. Бирок ал сиздин талаптарга туура келбегендиктен жолугушуулар өзүнөн-өзү токтойт. Улуулардын камкордугунан чыгып, өз алдынча жашоо баштайм дегендерди бир топ кыйынчылыктар күтөт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жамааттагы адам жана үйдөгүлөр менен кагылышпоонун жолун таба билип, колдо турган нерселерге топук кылыңыз. Ушактарга ишенбеңиз жана анын дагы да таралышына салым кошпоңуз. Караңгыда калбай, үйдү ээн калтырбай, уурулар менен каракчылардан сактануу кажет. Туугандардан кабар аласыз. Кээ бирлер акча же сыйлык алуулары мүмкүн. Дем алышта үйдөгүлөр менен чогуу соода кылууңуз күтүлүүдө.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Күнүмдүк иштер жадатып, өзүңүздү чарчаңкы сезип, бир жакка барып эс алууну самайсыз. Кыймылсыз мүлк алуу маселеси кайрадан көтөрүлүп, эмне кылуу керектигин туугандар менен сүйлөшөсүз. Сизден карыз алгандар менен жакшылап сүйлөшсөңүз, акчаңызды кайтарып беришет. Ооруп калбоо үчүн конокко барганда ашыкча тамактануудан, ичкилик ичүүдөн карманыңыз. Кызматтагы таанышыңыз бир ишиңизди бүткөрүп берип кубантат.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 15-21-апрелге чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 858, 11-17-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан