“БЕГИМАЙ, СЕНИ АЙЫЛЫҢА ЧЕЙИН БАРЫП ИЗДЕДИМ”

– Мен Талас облусунун Бакай-Ата районунда жашаган 1994-жылы туулган Бегимай аттуу кыз менен сүйлөшүп жүрчүмүн. Сүйлөшүп жүрүп эле байланыш үзүлүп калды. Эмне болгонун түшүнбөй калдым. Бегимай, сени айылыңа чейин барып издеп келдим, таппай койдум. Бул катымды окусаң, байланышып койчу, суранам.

Уран Кылычбеков, тел.: 0703936529


“АЙКА, СЕНИ КҮТӨМ”

– Мен 2014-жылы кеч күздө Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күңгөй айылында карыган апасы менен жашаган 50 жаштардагы Айка аттуу аял менен таанышкан элем. Ал өзү Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынан экенин айткан. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөнбүз, баш кошуу максатыбыз бар эле. Жашоонун ар кандай кырдаалына байланыштуу экөөбүз байланышты жоготуп алдык. Азыр кайрадан сени таап, сүйлөшкүм келет. Айка, мага чал.

Жаныбек Аалиев, тел.: 0771 47 63 46


“КЛАССТАШТАРЫМДЫ ИЗДЕЙМ”

– 1975-1976-окуу жылдарында Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Жерге-Тал орто мектебин бүтүргөн классташтарымды издейм. Окууну бүтүп, классташтарымдын өз жолу менен кеткенине 43 жыл болуп калыптыр. Окуучулук кездеги жакшы күндөрдү эскерип, жолугуп чер жазышкым келет. Байланышкыла, силерди күтөм.

Анар Досумбаева, тел.: 0709 07 61 10


Сиз качандыр бир кездеги жакын ада­мы­ңыз­ды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.

Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.

Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aikan1966
2019-04-15 13:56:53
Классташтар, бизге 2023-жылы 40-жыл болот экен,жакшы группа тузуп алдык,кенири уюштуруп чогула алсак болот.
0
pero5184
2019-04-19 14:05:24
Мен да бир адамды издегим келет , бирок...
0
kentavr
2019-04-20 09:32:28
Катты кайда жөнөтүш керек?
0
PeriMuz
2019-05-07 16:50:26
kentavr,koom@super.kg
0
№ 858, 11-17-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан