Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Эрлан Андашев, Ирина Шотт: «ЖАНЫМ, ЖАНЫМ» АТТУУ ЫРДЫ КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНӨ АРНАДЫК»

№859 18-24-апрель, 2019-жыл


Азыр жаштардын оозунан «Жаным, жаным» деген ыр саптары түшпөй калды. Бул ырды бизге алыскы Испания менен АКШда жашаган биздин мекендештер белек кылышты. Бири орусиялык шоу-бизнеске аралашып, Орусиянын атынан «Евровидение» музыкалык сынагынын тандоо туруна катышып, белгилүү жылдыздар менен тең тайлашкан Ирина Шотт болсо, бири 2010-жылдары көпчүлүктү «ооруткан» «Сүйүп калдым, кантейин?» ырынын аткаруучусу Эрлан Андашев. Эки ырчы кантип чогуу иштешип, жаңы дуэт жаратышты, ошонун айланасында маек курдук.


– Келиңиздер, алгач сиздерден кандай таанышып, иштешип калганыңыздар тууралуу сурайын.
Эрлан:
– Саламатсыздарбы? Менин Сабыр Сүйүнбеков деген досум бар. Ал Ирина менен да жакшы тааныш экен. Ырдын жазылышы боюнча айтсам, менде бул ыр мурун эле бар болчу. Сабыр экөөбүз жолукканда "ушул ырды Кыргыз өлкөсүнөн бирөө-жарым менен ырдасам жакшы болмок, ким менен ырдасам болот?" деп кеңеш сурадым. Бир жагынан эгер кесиптештерим менен ырдасам тойго чакыруу болсо кантем деген ой болду. Ошондо Сабыр «Ирина да ырдап чыгам деп жүргөн. Ага айтып көрөйүнчү, балким, макул болуп калар» деди. Ошентип ал Иринага айтып, экөөбүз дуэт жаздырууну чечтик. Ирина менен скайп аркылуу сүйлөшүп, тааныштык. Кийин клипти тартуу учурунда Москвадан жүз көрүштүк.
Ирина: – Эрлан туура айтат. Сабыр экөөбүздүн тең досубуз экен. Досубуз аркылуу таанышып, дуэт жаздырдык. Ал Эрландын идеясын сунуштап, ырды угузганда дароо жактырдым. Бул ырды сөзсүз жаздырышыбыз керек дедим.

– Экөөңүздөр тең чет жакта жашагандыктан, эмнегедир патриоттук ырды жаздырса керек деп күткөнбүз. Эмнеге сүйүү темасына кайрылдыңыздар?
Э.:
– Патриоттук ырларды жалгыздан ырдасак жарашса керек. Бул ырга чынында ат деле койгон эмеспиз. Ырды радиолорго бергенде өздөрү эле «Жаным, жаным» деп атап алышты. Ошол боюнча тарап кетти.
И.: – Менин оюмча, патриот деген сөздүн түрдүү түшүндүрмөсү бар. Патриоттукту биринчи кезекте мен сүйүү демекмин. Мен элибизди, маданиятыбызды сүйөм. Анан, албетте, «Жаным, жаным» аттуу ырды Кыргыз өлкөсүнө арнадым.

– Жакшы экен. Кыргыз эстрадасында көп жылдан бери хит ыр жарата албагандар бар. Сиздер кыргыз шоу-бизнесинин казанында кайнабасаңыздар да, элдин табитин таап, популярдуу ыр жараттыңыздар. Ыр ийгиликтүү болот деп күттүңүздөр беле?
Э.:
– Ооба, менимче, учурда Кыргыз өлкөсүндө, бир аз чыгармачылык кризис болуп жатыптыр. Кээ бир ырчылар тойлорго басым жасап, жакшы ырларды чыгара албай жатат. Анткен менен бизде таланттуу ырчылар көп. Болгону, алар өздөрүнө туура келбеген ырларды тандап алышат. Ыр чын жүрөктөн чыкса, жүрөктөргө жетет деп ойлойм. Аталган ыр да ошондой болду, чын дилден жаралды, чын жүрөктөн аткарылды, ошон үчүн элге да алынып кетти.

– Эрлан, сиз айткандай, учурда той ырларына ыктаган ырчылар көбөйдү. Ушул боюнча кете берсе, кыргыз шоу-бизнесинин келечеги кандай болот деп ойлойсуздар?
Э.:
– Азыр менин билишимче, кыргыз ырчыларында деле жашоо-турмуш жакшы эмес. Кайда акча бар, тойдо бар деп аракет кылып жүрүшөт. Той болуп турган жакшы да. Бирок тойго чыгыш керек деп саны бар, сапаты жок ырларды чыгара берген туура эмес. Азыр жаңы чыккан кыргызча ырларды уксаң баары эле бир тематикада: кыз узатуу, агама, эжеме, эки жаш деген ырлар. Менимче, ушул боюнча кете берсе, ырлардын баркы түшүп калышы мүмкүн.

– Эл көптөн күткөн ырдын клибин Москвадан тарттыңыздар. Тартуу учурунда кызыктар да болсо керек?
Э.:
– Бул тууралуу азыр Ирина айтып берет сиздерге...
И.: – Клипти тартуу мен үчүн унутулгус окуя менен коштолду го үлүп). Менин рейсим кармалып, чемоданым келбей калды. Колумдагы сумкамдан башка жанымда эч нерсе жок. Эртеси клип тартмакпыз. Атайын клип тартуу үчүн келип жаткандан кийин кол шилтеп отура албайсың да. Дароо курбума чалып, абалды түшүндүрдүм. Курбум кечке чейин мага кийим караштырып, болгон көйнөктөрүн көтөрүп келиптир. Ошентип курбумдун, кыргыз диаспорасынын жардамы менен клип тартылды. Алар болбосо биз кантмекпиз, билбейм.

– Бирөөңөр Испаниядан, бирөөңөр АКШдан орун-очок алып калдыңыздар. Ошого чейинки жол шыдыр болдубу?
И.:
– Менин Испанияда жашаганыма 9 жыл болду. Айрымдар чет жактагы жашоону укмуш элестетишет. Чынында андай эмес. Бардык жакта өзүнүн кыйынчылыктары, маселелери, баалуулуктары болот. Мен Испанияны Кыргыз өлкөсү, Орусия сыяктуу эле жакшы көрөм. Бул жакта деле чыгармачылык чөйрөдөмүн, учурда оркестрде эмгектенем. Кесиптештер менен Испаниянын шаарларында гастролдоп жүрөбүз. Ошондой эле башка топтордо ырдайм, ыр, обон жазам. Бул жакта менин чоң үй-бүлөм: сүйүктүү жолдошум, кайненем, туугандарым бар.
Э.: – Менин АКШда жашап жатканыма 6 жыл болду. Эми гана көнүшүп, өз ордубузду таап калдык. Менин трак айдап иштээримди көпчүлүк билсе керек. Жубайым, кызым жанымда. Кудайга шүгүр, баары өз нугу менен кетип жатат.

– Кыргыз өлкөсүн эстегенде кайсы учурлар көз алдыңыздарга тартылат? Кайсы күндөрдү сагынасыздар?
Э.:
– Чыгармачылыкка мурун олуттуу мамиле кылбаптырмын. Аны АКШга келгенде сездим. Канчалык кесибиңе чын дилиңден жоопкерчиликтүү мамиле кылсаң, ошондо гана жакшы жыйынтык болот тура. Эптеп-септегендердин келечеги жок экен. Кыргыз өлкөсүндө жүргөндө ыр жаздырганга, клип тарттырганга акча жок болчу. Мисалы, «Сүйүп калдым кантейин?» аттуу ырга каражат жоктугунан клип тартылбай калган. Азыр Кудайга шүгүр, иштеп, тапканыбыз үй-бүлөнү бакканга, чыгармачылыкты кошо алып кеткенге жетип жатат.
И.: – Менин эң эсимде калганы, 16 жашымда катышкан «Мөлтүр булак» сынагы болгон. Ошондо Советтик композитор Евгений Крылатов жеңишим менен куттуктап, менин кең келечегим бар экенин айткан эле. Ошондой эле «Таңкы жылдыз – Кыргызстан» сынагы да бактылуу көз ирмемдерди тартуулаган. «Элес», «Непал» тобунун жигиттери, «Балама» аттуу ырды чогуу аткарган Нури, ар биринин менин жашоомдо орду чоң.

– Эми жыйынтыктоочу суроо. Келечекке кандай план коюп жатасыздар?
Э.:
– Жакында «Таарынба» деген жаңы ырымды, клиби менен элге тартуулайм. Муну «Жаным, жанымдан» мурун жаздырып, тыныгуудан кийинки дебюттук ыр кылып чыгарайын дегем. «Эки киши бир кишини күтпөйт» демекчи, Иринаны күттүргүм келген жок. Ошону менен «Жаным, жаным» аттуу ырга киришип кеткен элем.
И.: – Музыка – менин жашоом, андыктан мындан ары да токтоп калбай эмгектене бермекчимин.

– Маегиңиздерге рахмат. Чыгармачылык ийгилик каалайбыз.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(2)
22.04.2019. 09:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
01-12-2018
Соӊку аракети:
19-05-2019 17:46
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ото жакшы ыр, экооно тен ийгилик, биринчи комент))
22.04.2019. 10:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
08-04-2013
Соӊку аракети:
05-05-2019 22:32
Жынысы:
Белгисиз
+4
Трак деген эмине экенин көпчулүк биле бербесе керек.
Ошондуктан "оор жүк ташыгыч унаа" деп колдонсо жакшы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22285;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: