Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Урмат, Неля: “ҮЙЛӨНГӨНДӨ ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨ БОЛОБУЗ ДЕП МАКСАТ КЫЛГАН ЭМЕСПИЗ”

№859 18-24-апрель, 2019-жыл


Урмат, Неля деген ысым кыргыз эстрадасындагы үлгүлүү жубайлардын элесин түзүп келет. “Биз үйлөнгөндө элге үлгүлүү үй-бүлө болушубуз керек деп максат кылган эмеспиз. Болгону, ата-энебизден алган тарбияны турмушта колдондук”,- дейт Урмат мырза. Кош жылдыздын балалыгына сапар тартып, үлгүлүү үй-бүлөсүнүн сырын билгенге аракет кылдык.

– Саламатсыздарбы, Урмат, Неля? Алгач балалык кезиңиздерге көз чаптыралы. Кандай уул-кыз болуп чоңойдуңуздар?

Урмат Усенов: – Мен чоң салмакта, 4 жарым килограмм болуп төрөлүптүрмүн. Эки кыздан кийин төрөлгөндүктөн мага чоң той берип, дайым урмат-сыйдын үстүндө жүрсүн деген тилек менен атымды Урмат коюшуптур. Токтоо, жоош, үйдөн чыкпаган бала болгонумдан кээде апам "балдар менен көчөгө чыгып ойно" деп кубалачу экен.

Неля Нуркулова: – Мен да 4 килограммдан ашып, 9 айдан өтүп төрөлгөм. Апамдын айтуусунда, активдүү, тартынбаган кыз болуптурмун. Ырдап, бийлегенди жактыргандыктан апам мени комузга, бийге берген.

– Чыгармачылыкка болгон кызыгуу качан башталды эле?

У.: – Мен кичинекей кезде көксөгөн нерсе убакыт өткөн сайын орундалат дегенге ишенем. Бир кезде реалдуу эмес кыялдар кээде ишке ашып калат экен.

Мектепте алпаруучулук кылчумун, 10-класстан ырдап баштадым. Студент кезде акыркы “клапандар” ачылды окшойт. “Тумар кыз”, “Жазгы жамгыр” сыяктуу эл угуп-билип калган ырларым жаралган.

Мен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окугандыктан, ал жакта сабакка барбай сессияны бүтүрүү деген түшүнүк жок болчу. Эгер ырдайм десем окуудан чыгып кетүү коркунучу жаралмак. Ошондуктан биринчи университетти аяктайм, анан көкүрөктө болгон көксөөмдү ашырам деп максат коюп, окуу жайды бүтөрүм менен чыгармачылыкка кириштим. Анткени жазган ырларым мага тынчтык бербей койду. Ырларым унутта калбасын, багы ачылсын деп ырчылык кесипке өттүм. Болбосо агайларым мени илимпоз кылабыз дешчү. Шоуго аралашып, биринчи ырым эфирге кеткенде “оңой жолду тандадың, ушунча жыл алган билимиңди таштадың, бул жактан тыянак чыкпайт” деп агайларым аябай капа болушкан. Албетте, илимде жүргөн кишилер үчүн шоу чөйрө өөн көрүнгөн. Кийин убакыт өтүп чыгармачылыктан бир аз ийгилик жаратканда агайларым кайра чалып батасын беришкен.

Н.: – Сахна менин кыялым болчу, сахнада ырдап-бийлеп жүргөнүм дайым көз алдыма тартылат эле. Апам ал кезде “Кыргызтелевидениесинде” иштечү. Жумушуна барганда Айчүрөк эже (ред.: Иманалиева), Динара эжелердин (ред.: Акулова) кучак толо гүлдөрүн көрүп, мен да ушундай болсом деп кыялданчумун. Апамдын колдоосу менен ыр жаздырып, клип тарттырып кыргыз эстрадасына алынып кеттим.

– 2005-2006-жылы чыккан жылдыздардын баары бойдок болчу. Ошолордун арасынан экөөңүздөрдү табыштырган эмне болду?

У.: – Чыгармачылыкка 2005-жылдын башында мен, аягында Неля келди. Биздин бириге турган жолубуз мурунтан эле белгиленген болсо керек. Мүнөзүбүз, жүрүм-турум, табиятыбыз, тарбиябыз туура келип, ак-кара, ачуу-таттуу сыяктуу бири-бирибизди толуктап турган нерсе болгон үчүн Неля экөөбүз табыштык. Эгер бириктирген нерсе болбосо күчкө салса деле бирикпейт болчубуз. Убакыттын өтүшү менен өзүбүз деле байкабай, кесиптештен жакын адамдарга айландык. Неляга үйлөнүү чечимин дароо эле кабыл алгам. Болгону аны чочутуп албайын деп көпкө байкап жүрүп, көзүм жеткенден кийин сунуштадым. Албетте, Неля сунушума дароо макулмун деген жок. Ал нерсени ого бетер бааладым. Бирок жообун күткөн деле жокмун, себеби сезимдерди сөз менен эмес, мамиле түрүндө билдирсе да болот. Ошентип, тизгинди колго алып, Неляны турмушка жетелеп кеттим.

Н.: – Башында Урмат экөөбүз бири-бирибиздин мүнөзүбүздү билгенге 2 жыл кетти. Кийин балдар төрөлүп, алар менен алек болдук. Мына баш кошконубузга 11 жыл болду, азыр бир туугандайбыз. Таарынышсак да бат эле жазылып, сүйлөшүп кетебиз. Түгөйлөрдүн ортосунда сүйүүдөн тышкары ишенич болушу абзел. Мен толугу менен жолдошума ишенем.

У.: – Бизде башынан эле үлгүлүү үй-бүлө бололу деген план жок эле. Колубуздан келишинче ата-энебизден алган тарбияны турмушта колдонууга аракет кылдык. Кээ бирлер “Урмат Неляны ачык кийгизбейт” деп ойлошот. Мен кийбе деген күндө да адамдын дээринде болбосо кие берет. Неля үй-бүлө кургандан кийин мындай нерсе болбош керек деген пикирге келди, мен колдодум.

Мындан тышкары да биз үчүн биринчи орунда үй-бүлө, бала-бакыра, ата-эне, бир туугандар болот. Андан соң гана чыгармачылыкка көңүл бөлөбүз. Менимче, үй-бүлөдө аял өз ордун, милдетин билип, эркек жоопкерчиликти сезсе баары жакшы болот. Биздин үй-бүлөдө мен деген сөз жок, биз гана бар.

– Жакында концерт бергени жатасыздар. 8 жылдык тыныгууда күйөрмандарга ырдаганды сагынып калсаңыздар керек?

У.: – Биз концертке көп жыл даярдандык. Жылда күзгө жылдырабыз, кайра жазга калат. Акыры көздү жумуп туруп концерт өтө турган күндү белгиледик да, даярдыкты баштадык. Бул ирет биз стандарттык стереотиптен чыкканга аракет кылабыз. Көрүүчүлөр менен сырдашып, ырдашып, сүйлөшүп концерт өткөрөлү деп жатабыз. Анан, албетте, биздин эл суранган эски ырларыбыз да аткарылат.

Н.: – Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу түгөйлөргө арналган парфюмердик суулар чыкты. Урмат анын дизайнын өзү чийип, өзү тандады. Концертте ошол атырлардын бет ачарын кылабыз.

– Маегиңиздерге рахмат. Концертти ийгиликтүү өткөрүп алыңыздар!

"Уулубуз Нурэл атасын идеал тутат. Мүнөзү да атасына окшош. Ал эми кызыбыз Жазэл ырга, бийге шыктуу, ачык-айрым кыз".
"Бала кезде апам "атаңар өлтүрөт" деп бизди коркута берчү. Көрсө, апалар балдарын ошентип аталардан сүрдөп, коркуп турганга үйрөтчү тура",- дейт Урмат мырза.
"Урмат дайым жанымда жүргөндүктөн, баары анын уруксаты менен болгондуктан, бизде түшүнбөстүктөр деле болбойт".

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров

star@super.kg



Урмат Усенов, Неля: “Үй-бүлөдө аял өз ордун билсе баары жакшы болот“

Автор: Айжан Нурманбетова
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(16)
22.04.2019. 09:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
254
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
22-05-2019 01:57
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аябай соонун үй бүлөө, бактылуу болгула алтындарым!
22.04.2019. 10:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
194
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
22-05-2019 14:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+10
Омур бою ушундай жашагыла... Коздуу тийбесин тфу тфу...
22.04.2019. 12:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
28-01-2019
Соӊку аракети:
21-05-2019 09:39
Жынысы:
Белгисиз
+5
Экоо сонун пара мага жагат. Ырларыда жакшы.
22.04.2019. 12:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
253
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
22-05-2019 11:52
Жынысы:
Белгисиз
+12
Урмат идельный эркек(мужчина).Акыл-эси,журум-туруму бардыгы сонун.Абдан сыйлайм.
22.04.2019. 14:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
09-08-2017
Соӊку аракети:
21-05-2019 21:50
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аябай жагат, экөө тең. Бактылуу болгула.
22.04.2019. 15:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
22-05-2019 00:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+9
Урмат Усенов негизи соз байлыгы кенен, акыл эстуу, орустар айткандай грамотный мырза да. Алган билиминин пайдасы тийиптир, духи чыгарган болсо. Азаматтар! Ийгилик силерге!
22.04.2019. 16:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
21-09-2012
Соӊку аракети:
21-05-2019 19:09
Жынысы:
Белгисиз
-13
Дымы чыкпай калды эле Нурлан уйротуп атат окшойт концерт коюшту))).
24.04.2019. 08:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
25-11-2010
Соӊку аракети:
22-05-2019 14:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
karona12, Нурлан булардан үйрөнүп атат ко тескерисинче. Азыркыга чейин Урмат м.н Неля башка жылдыз үй бүлөлөрүнө үлгү.
22.04.2019. 18:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
253
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
22-05-2019 11:52
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бадыева менен мамилелери кандай болду болду экен?1чойродо...Учурашышабы?кызык...
23.04.2019. 07:52 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
05-03-2019
Соӊку аракети:
22-05-2019 10:39
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бадыева өз жолу менен, Нурлан өз жолу менен, бул түгөйлөрдү биз жолдошум экөөбүз тең аябай баалайбыз, ырлары, кийген кийимдери баары өздөрүнө жарашат, жада калса Урмат мырзанын сүйлөгөн сөзү да орундуу. Бактылуу болдуңуздар, балдарыңардын жакшылыгын көргөндү кудайым насип кылган болсун. Биз да сиздердей үлгүлүү үй-бүлө болгубуз келет. Чыгармачылык ийгилик!
23.04.2019. 11:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
06-02-2019
Соӊку аракети:
20-05-2019 06:49
Жынысы:
Белгисиз
+3
Түбөлүгүңөр түз болсун
23.04.2019. 13:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
198
Катталган:
31-03-2009
Соӊку аракети:
20-05-2019 18:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бактылуулар калаасы.
+6
Урмат акылдуу, грамотный, соз баалаган кыраакы инсан. Саясатты же илимди тандаганда мындан бир нерсе чыкмак.
24.04.2019. 08:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
25-11-2010
Соӊку аракети:
22-05-2019 14:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dobrajelatel, ооба туура айтасыз. Акылдуу жигит. Саясатка келсе, жанында жакшы адамдар бодсо иштемек
23.04.2019. 20:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
227
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
21-05-2019 12:51
Жынысы:
Белгисиз
+1
Агайлары чалып,анан капа болуп,анан кайра чалып батасын беришип...жаман активный агайлар экен)
Бактылуу болгула,негизи эркек эркектей болсо аялы анын чийген чийининен чыкпайт,Урмат азаматсын!
24.04.2019. 15:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
21-05-2019 10:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээн сонун тугойлор
25.04.2019. 01:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
107
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
22-05-2019 13:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун уй булоо магада жагат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22285;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: