Токтогул шаарындагы төрөт үйүндө эненин ичинде жаткан түйүлдүктүн жүрөгүнүн согушу аппараттан (түйүлдүктүн жүрөгүнүн согушун уга турган аппарат) угулбай калып, баланы алып чыгуу үчүн акушер-гинеколог вакуум-экстракция деп аталган медициналык процедураны колдонуп башына жаракат келтирген. Бактыга жараша, туугандардын талабы менен кесарево жолу менен төрөлгөн наристени медайымдар жуунтуп жатканда ыйлап жиберген. Ымыркай Бишкекке алып келинип, башындагы жарааты тигилген. 1 жума вакуумда жатып, жашоо менен күрөшүп аман калган ымыркай учурда эне сүтүн жакшы эме албайт.
“ЖЕҢЕМ КЕСАРЕВО ЭЛЕ КЫЛЫП КОЙГУЛАЧЫ” ДЕП ЖАЛДЫРАПТЫР”
Баласынан айрылып кала жаздаган эненин кайын сиңдиси Эсенгүл Бактыбек кызы коомчулукта чуу жараткан окуя тууралуу буларды айтып берди:
– Жеңем 33 жашта, бул 3-төрөтү болчу. Буга чейин агам экөө уул-кызын тарбиялап келишкен. Жеңем боюнда бар кезинде пландык текшерүүдөн өтүп, дарыгерине көрүнүп турчу, 2 жолу УЗИ доплерге түшкөнүн айткан. Балада эч кандай патология табылган эмес. Түйүлдүк козголуп ооруканага да жаткан эмес. Жеңем өзүн караган, туура тамактанган, өз укугун билген аял.
17-мартта эртең менен жеңемдин толгоосу башталып саат 7де төрөт үйүнө алып келишкен. Кечки саат 6га чейин төрөй албай кыйналган. Көрсө, бала чоң экен (баланын салмагы 4 килограмм 530 грамм). Түш оогондо жеңемдин алы кетип, төрөй албаганына көзү жеткенде “кесарево эле кылып койгулачы” деп акушерге жалдыраптыр. Алар “эки балаңды кандай төрөсөң, бул баланы да ошондой төрөйсүң. Кесаревону оңой көрүп жатасыңбы?” дептир. Түйүлдүктүн жүрөгүнүн согушун уга турган аппарат менен тыңшап көрүп “баланын жүрөгү сокпой жатат” деп төрөттү кабыл алып жаткан аталган төрөт үйүнүн башчысы, 35 жылдык тажрыйбасы бар акушер-гинеколог айтыптыр. Төрөт үйүнө жеңемди алып келген апасына, сиңдисине, байкеме да бала өлүп калганын кабарлашат. Жеңем кыйналып жатса да “баланын жүрөгү сокпой калды, өлдү” деп айтыптыр. Жеңемдин айтымында, “бала өлүк” дегендери эсинде, андан ары эмне болгонун билбейт. Баланы алып чыгыш үчүн башын щипцы менен оюшуптур. Ал щипцы кичинекей болуп калып чоңураагын алып келгени кеткенин көргөнүн жеңемдин сиңдиси айтып берди. Байкем, жеңемдин бир туугандары ыйлап, ызы-чуу болушкан. Алар жеңемди да өлүп калат деп ойлошкон.
“БАЛАҢАРДЫ ТИРИЛТИП КОЙДУК”
– Байкем ата-энемди, эжемди үйдөн алып төрөт үйүнө келгенде “бала өлүк” деп төрөтканага алып барган баланын кийим-кечегин колдоруна карматып коюшкан. Апам 11 баланы төрөгөн Баатыр эне. Ал “баланын башын кайра киргизип, кесарово кылгыла, денеси бүлүнбөсүн. Бала эмне себептен чарчап калганын билиш үчүн экспертизага беребиз” дейт. Саат 8де жеңеме толук наркоз берип операцияга алып киришкен. Баланы алып чыкканда ыйлаган эмес. Ага өлүктөй эле мамиле кылышкан. Медайымдар балага боору ооруп жуунтуп коёлу деп сууга салганда бала ыйлап жиберген. Алар эмне кыларын билбей калышкан. Ошол маалда эжем аларга ишенбей “баарын видеого тартып алам” деп кирип барса “балаңарды тирилтип койдук” дешиптир.
Апамдар 1 сутка күтүп, баланын тирүү экенин бизге сүйүнчүлөгөн жок. “Бала жашап кетеби, жокпу?” деп күмөн санашкан. Себеби абалы оор болчу. Башы шишип, тешилген жери чоң болчу. Баланын бутун бөтөлкөгө суу куюп жылытмакчы болуп тизесин да күйгүзүп коюшкан.
Биз ошол акушерге чынында катуу сүйлөдүк. Ал кийин бизге аппарат бузулуп калганын айтты. Биз эне менен баланы Бишкекке алып келүү үчүн “Тез жардам” унаасын берүүсүн сурандык. Ал “мен балага тынчтандырган, уктаткан дары сайып коём, такси менен эле алып кетесиңер” деп жада калса “Тез жардам” унаасын беришкен жок. Биз чуу салдык. Мен кыйкырдым, кыйкырганга укугум бар болчу. Ал “ошондуктан Бишкекте төрөш керек болчу” деди. "Эгер баланын башын чукуп өлтүрүп коё жаздаарыңарды билсек, алып кетмекмин" дедим. Акыры өзүбүз жеке менчик “Тез жардам” унаасын жалдап, 20 миң сом төлөп Бишкекке алып келдик. Кийин ал бардык нерсени четке кагып үйгө 20 миң сом бергени келди. Биз албайбыз десек болбой тергөөчү менен келип “сотко чейинки териштирүү иши башталды, компенсация төлөнүшү керек” дешти. Акчаны жөн адам бербейт да. Эгер ал күнөөлүү болбосо эмнеге кайра келет?
“ВРАЧТАРДЫН ШАЛААКЫЛЫГЫН ТОКТОТУШУБУЗ КЕРЕК”
– Биздин акыркы үмүт Саламаттыкты сактоо министрлигинде болчу. Азыр алар да "баланын башы кичинекей жараат алган" деп айтып жатышат. Мына ушул кичинекей жараатпы? (баланын сүрөтүн көрсөтүп) Демек, министрлик баланын абалын көрүшкөн эмес. “Жашоого керектүү органы жабыркаган жок. Башынын тканы эле жулунуп кеткен” деп жатат. Ушуну кантип айтып жатышат? Азыр баланы колго алгандан коркобуз. Эмчек эме албай, чарчап калып жатат. Жайында башын томографияга тарттырабыз. Толтура антибиотик алгандыктан, эс алсын деп жатабыз. Эми баладан көзүбүздү албай “эмне болуп кетет?” деп караганга мажбур болдук.
Мен жеңемдин, ошол окуяга күбө болгон адамдардын айтып бергенин көбүртүп-жабыртпай айтып бердим. Жеңемдин өзүн силер менен жолуктурмакмын. Бирок азыр анын абалы жакшыра элек. Ошол окуяны эстеген сайын эмчектеги сүтү чыкпай, абалы начарлап, ыйлап баштайт. Ошондогу төрөттөн кайрадан өткөндөй болот.
Мен баштаган нерсени акырына чейин чыгарган адаммын. Мен ал гинекологдун соттолуп, кесилип кетишин каалабайм, болгону иштебесин. Анын мыйзам жообуна тартылбай, коркпой иштеп жүргөнүнө каршымын. Анткени кийин төрөлө турган дени сак балдардын биздикине окшоп өлүк делинишин, башынын чукулушун каалабайм. Врачтардын шалаакылыгын токтотушубуз керек. Учурда бул ишти Токтогул прокуратурасы сотко чейинки териштирүүгө алды. Эгер бул териштирүү үмүтүбүздү актабаса, үй-бүлөбүз акыйкаттыкка жетиш үчүн акыр-аягына чейин күрөшөт.
“БАЛАНЫН ЖҮРӨГҮ СОКПОЙ КАЛДЫ ДЕП ЖАҢЫЛДЫМ”
Ошол төрөттү кабыл алган Токтогул шаарынын төрөт үйүнүн акушер-гинекологу Калипа (аты өзгөртүлдү) окуя тууралуу:
– "Баланын башы чукулган эмес. Вакуум-экстракция деп аталган медициналык процедура болгон. Бала чыга албай калганда жүрөгүнүн соккону угулбай калганда ошондой процедура колдонулат. Ал учурда да ошондой кылдык. Баланын жүрөгү сокпой калды. Аны тастыкташ үчүн аппаратка салдык. Аппарат баланын жүрөгүнүн сокконун угузбай калды. Ошондон кийин шашып кетип иш аракет жасадык. Ал 2002-жылкы аппарат да. 1 жолу иштебей калган учур болуптур. Бирок кайра иштеп калган дешти. Баланын жүрөгү аппараттан кулагыма угулбай калганда “бала болбой калды” дегеним чын, ошол менин жаңылыштыгым болду. Калганын колумдан келгенин кылдым" деди.
Бул окуяны Саламаттыкты сактоо министрлиги териштирүүгө алып, атайын комиссия түзгөн. Комиссиянын жыйынтыгында гинеколог вакуум-экстракция кылууга мажбур болгон, бирок ал ийгиликсиз жүргүзүлгөн деген чечим чыгарып, дарыгердин жоопкерчилиги дагы караларын билдиришти.
Көптөн күткөн наристеден төрөт учурунда айрылуу ар бир ата-эне, үй-бүлө үчүн чоң трагедия. Ал эми дени сак, тирүү баладан аппараттын иштебей калышынан, аны алдын алууга жарабаган врачтардын шалаакылыгынан 9 ай омурткасы сыздап көтөрүп, эми боорго аларда чүрпөөдөн айрылып кала жаздаганычы? Эгер бул ымыркай чоң энесинин талабы менен кесарево жолу менен төрөтүлбөсө бул наристеден ал үй-бүлө ажырап калмак беле? Улам-улам кайталана берген ушуга окшогон чуулгандуу окуялар качан биздин коомдо эне-баланын саламаттыгы биринчи орунга чыгат деген суроону жаратып келет.
Динара Абдыкадырова
koom@super.kg