ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 29-АПРЕЛДЕН 5-МАЙГА ЧЕЙИН




КОЙ (21.03-20.04)

Чөйрөдөгүлөр менен жакшы мамилени сактап калуу аракетиңизге карабай, алар сизге тоң мамиле жасап, сыртын салышат. Жеке жашооңузда да маселе чыгат. Аны чечүү үчүн бирөөлөр менен акылдашасыз. Каржылык колдоо көрсөтөр эч ким чыкпаса банктан насыя акча алууңузга туура келет. Чакырылбай келген конокторду сыйлайсыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Досуңуз менен келечектүү бир иштерди баштап, ага көп күч жана убакыт коротууга өтөсүз. Үйдөгүлөргө катуу талап коюудан баш тартканыңыз оң. Болбосо нааразы болгондор сиздин сөздү укпай коюшат. Туугандар кайсы бир иш-чарага катышууга сизди чакырышы мүмкүн. Апта акырында короонун же гараждын бүлүнгөн жерлерин оңдоо маселеси чыгат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Иш деп эле чуркап жүрө бербей эс алууга, ден соолукка да көңүл буруу керектелет. Акчалуу болосуз, мүмкүн, бербей жүргөн карыздарыңызды кайтарып беришет. Керектүү адамдар менен сүйлөшүүнү дүйшөмбүгө пландасаңыз, маселеңизди чечип аласыз. Шаршембиде пайда болгон кырдаалда ички туюмуңузга таянып чечим кабыл алыңыз. Ишембиде досуңуздан жаңылык угасыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Пайда болгон кыйынчылыкта кол куушуруп отуруп калбай, өжөрлөнүп аракет кыла берсеңиз, көбүрөөк акча табасыз. Иштегендер жумушу боюнча сапарга чыгышып, күнүмдүк ызы-чуудан алыс болуп, сергип калышат. Жубайлар жана кыз-жигиттер мамилелеринде пайда болгон жараканы бүтөөгө киришишет. Жагымсыз окуяга кабылбоо үчүн караңгыда жалгыз жүрбөө керек.


АРСТАН (23.07-23.08)

Айрымдар жумушка келбей калган кесиптешинин иштерин бүтүрүүгө, кээ бирлер айлыгы көп жумуш караштырууга аргасыз болушат. Чакан тойго барасыз же жаңы маалыматка ээ болосуз. Алардан алган таасирден улам келечек пландарыңызга өзгөртүү киргизүү керектигин сезесиз. Көтөрүнүп алыстагы туугандар келиши мүмкүн. Документтерди жоготуп алуудан сак болуңуз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Апта башында балдарга, бир тууган же ата-энеңизге байланыштуу иштер менен алектенесиз. Апта ортосунда тобокел иштер өзүн актайт. Ортодо бирөөлөрдүн пайда болуп, планыңызды бузуп, сизди айнытууга кылган аракетине карабаңыз. Апта акырында шашылыш кабардан улам бир жактарга барып келишиңиз мүмкүн.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Акча топтоп, кирешени көбөйтүү тилегиңиздин ишке ашышы күмөн. Андыктан болгон каражатты үнөмдөй туруңуз. Үй чарба же талаа иштерин бүтүрүү үчүн жардамга чакырган адамыңыз келбей кейитет. Күтүлбөгөн бир ишке аралашып, олжо өндүрөсүз. Кызматтагылар карьерадан өсүү жолун издештирип, бирөөлөрдү жолунан четтетүүгө киришет.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Канчалык аракет кылганыңызга карабай маселелерди чечүүдө ката кетиресиз. Бул айрым адамдарга өтө ишенип алганыңыздан болот. Карыздары барлар тезинен карызынан кутулбаса, балээге калышат. Досуңуз же соодадагы өнөктөшүңүз иштөөнүн жаңы ыкмасын айтат. Үйдөгүлөрдүн талабы боюнча жактырбаган тууганыңыз менен элдешүүгө аргасыз болосуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жаман адаттардан: акчаны майда нерселерге короткондон, чакырган жерге кечигип баруудан, көп тамак жегенден кутулууга шашылыңыз. Туура эмес болуп калбаш үчүн көйгөйдү жеке чечпей, жакындарга кайрылуу керек. Сүйүшкөндөрдүн сүйүү романы көптөрдүн ичин күйгүзөт. Досуңуз же бирге иштешкендердин биринин жакшылыгын чогуу бөлүшөсүз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Азыраак иштеп, элге көп аралашпай, өзүңүзгө кам көрүңүз. Өнөкөт чарчоо ооруга алып келерин эске тутуңуз. Бирөөлөрдүн таасирине кирип, авантюралык ишке аралашуудан баш тартыңыз. Болбосо мыйзам алдында жооп берип каласыз. Акчалуу болосуз же сыйлыкка татыйсыз. Үйдөгүлөр менен бир жакка барып келүүңүз мүмкүн. Жолдо буюмдарга сак болуңуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жыйынтыгы күмөн туудурган иштерге киришпеңиз, убакытты жана акчаны бекерге коротосуз. Андан көрө күнүмдүк иштер менен алаксыган туура. Мобилдик телефон же электр шайманын сатып алууңуз ыктымал. Көптөн бери сиздин чыдамдуулугуңузду сынап, жиниңизге тийип келе жаткан адам менен ары же бери болосуз. Дем алышта достор келет же аларга барасыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Жума күнгө чейин жагымдуу адамдар менен көп баарлашып, маанайыңыз көтөрүлөт. Бул тоскоолдуктарды оңой жеңүүгө жеткирет. Жүрөгүңүзгө жакын адамыңыз да сюрприз жасоого аракет кылат. Ишембиде касыңыздан өч алуу үчүн аны оңтойсуз абалга калтырууга жетишесиз. Бирок анын сыны, урушу ойлонууга түртөт. Жекшембиде жаңы буюмдуу болушу мүмкүн.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 29-апрелден 5-майга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 860, 25-апрель - 1-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан