26 жаштагы келин: «КҮЙӨӨМ ТҮРҮҢ СУУК ДЕП ЭКИ БАЛАМ МЕНЕН ҮЙДӨН КУУП ЧЫКТЫ»

26 жаштагы Бактыгүл Аскар кызы Токтогулдун Торкен айылынын келини. Ал чырактай 3 жарым жаштагы уулу жана 6 айлык кызы менен үйүнөн куулуп көчөдө калганын айтып ыйлайт. Ата-энесиз өсүп, бала чагынан кордук көрүп келе жаткан жаш келин учурда жардамга муктаж.


«КАЙНЕНЕМ КҮЙӨӨМДҮ ТУКУРУП МЕНИ САБАТАТ»
– Ата-энем, таламымды талашкан төркүнүм болсо азыркыдай запкы жебесем керек эле. Аксыда төрөлгөм, таенем менен таякемдин колунда чоңойдум. Апам мен төрөлгөндө эле көзү өтүп кетиптир, атамды көргөн эмесмин. Мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайда окутушкан жок. Бишкекке келип идиш жууп иштеп жүрдүм. Таякем айылга чакыртканынан барсам жолдошум менен тааныштырып, «ушул жигитке турмушка чыгасың, эрге тийбегенде эмне кылмак элең деп каршы болгонума карабай күйөөгө берип салды.
Жолдошум менден 10 жаш улуу. "Кыз жаман эмес, барган жери жаман" дегендей, кайненем кеп-сөзгө келбей башка-көзгө койгулап, жулмалап, кагып-силккенин койбоду. Азык-түлүктү менден аяп, сарайга катып, кулпулап койчу. Күйөөм «жетимсиң» деп жемелей бергенинен 5 ай жашап кетип калгам. 2-3 айдан кийин өзүлөрү «чогуу жашайлы» деп алып кетишкен. Улуу баламды төрөгөндөн кийин жолдошум кол көтөрө баштады. Баары кайненемдин айынан болчу. «Сен мени тилдедиң, кактың» деп уруш чыгарып, күйөөмө барып «катыныңды тыйып кой, башка аял ал, аял толтура» деп тукуруп мени сабатат. Кышында да, нөшөрлөп жаан жаап жатса да балдарым менен көчөгө кубалап жиберишет. Кууп чыкканда ачка болосуң, аяштарым киргизип тамак беришет да, «балдарың, өзүң ооруп калба» дешсе кайра барам. Ачка-ток жүрүп калганга азыр ашказаным сайгылашып оорутат. Алардан токмок жей берип жалтанып, коркок болуп калыптырмын (ыйлап).


«ЖИНДИКАНАГА ЖАТКЫРЫП САЛЫШТЫ»
– Балам 2 жашка толгондо туулган күнүн белгилейли деп дасторкон даярдап кайненеме «суусундук алып келиңизчи, чай ичип отуралы» дегем. Ал кайнежем менен арак, вино көтөрүп келишиптир. Мени мас кылып, колу-бутумду байлап унаага салып Таш-Көмүрдөгү жиндиканага «бул оорукчан» деп калтырып кетип калышты. Жиндиканада 15 күн жаттым. Ошол 15 күн тозоктун тозогу болду. «Баламды көрбөй өлүп каламбы?» деген ойлорго жетеленип терезени тиктеп тура берчүмүн. Башым тегеренип, эс-учумду жоготуп жыгылып калган учурум да болгон. «Балам үчүн чыгаргыла» деп жалдырасам ал жактагылар «кайнагаң келмейинче чыгарбайбыз» деп коюшту. Анткени ал өткөрүп бериптир.
Психикалык текшерүүдөн таптаза чыктым. Мен үйдөн көрүнбөй калганда кошуналарым «Бактыгүл каякта?» деп кайненемден сурашыптыр. Ал «ооруканага кетти» десе «баланы таштап кетпейт болчу, өлтүрүп койдуңарбы, тапкыла, бир нерсе болсо жооп бересиңер» деп ызы-чуу салышыптыр. Ошондо гана кайнатам менен кайнагам келип чыгарып кетишкен. Балам мени сагынып аяшымды апа деп алыптыр. Ал жактан чыгып келсем аяштарым «сени көрбөй калабызбы, жиндиканада өлүп калабы» деп ойлодук, аман келгениңе сүйүнүп жатабыз» деп ыйлашты.


«КҮЙӨӨМ КЕЧИРИМ СУРАП КЕЛСЕ ДА КАБЫЛ АЛБАЙМ»
– Күйөөм мени жакшы көрбөйт, «өңү суукту кайдан алдым? Сарайыма да жолоткум келбейт, эртең чыгып кет, көргүм келбейт, жек көрөм, кетпесең өлтүрүп түрмөгө түшкөнүм жакшы» деп тепкилеп сабап, балта көтөрүп «өлтүрүп салам» дечү. Ошол сөздөрдү угуп жүрөгүм ооруп «мени сүйбөсө эмнеге алат?» деп жалгыз отуруп ыйлап алчумун. Ишенген төркүнүм болбогон соң, күйөөмдүн уруп-сокконуна кайыл болуп балдарым үчүн жашап келдим. Бирок баары бир кайненем, күйөөм үйдөн кууп чыкты.
Бишкекке келгениме 1 ай болду. Курбу кызыма чалып «кыйналып жатам, кайненем, күйөөм мени кубалап жатат, эми көчөдө каламбы?» деп ыйладым. Ал күйөөсү менен сүйлөшүп, жол киремди төлөп тосуп алышты.
Балдарды атасыз өстүрбөйүн дегем. Айла жок ажырашууга туура келди. Күйөөм жок болсо да балдарымды өзүм чоңойтом. Ушул убакка чейин кордук көрүп келдим. Ар кимден токмок жегенден тажадым. Ата-энем болсо мындай болмок эмес (ыйлап).
Балдарыңды талашкан адамдар чыгат экен. Эч кимге бергим келбейт. Абысыным багып берем деп алдады, бербей койдум. Кайнагам «балта менен чаап салам, өңүң суук, түрүң суук» деди. Кудай мени ушинтип жаратып койсо эмне кылам? Өздөрү жактырып алышып, жакшынакай 2 бала төрөгөндөн кийин ушинтип жатышат. Күйөөм учурда Орусияда иштеп жүрөт. Ал кечирим сурап келсе да кабыл албайм, ага жүрөгүм муздап калды. Жарашканда деле ошол көйгөй кайталанат, көчөгө чыгарып коёт. Ошол окуяларды эстесем жаман болуп кетем.
Азыр 1 бөлмөлүү батирде жашайм. Кайрымдуу адамдар жардам берип жатышат. Өмүр бою жардам сурап жашайын деген оюм жок. Кызымдын башына суу толуп кетиптир. Аны айыктырып, торолтуп алып бала бакчага берип тигүүчү болуп иштейм деген планым бар. Идиш, пол жууп иштесем да күнүм өтөт.

Бул окуя боюнча экинчи тараптын пикирин редакция чагылдырууга даяр.

Динара Абдыкадырова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тагдыр. "Күйөөм, кайындарым түрүң суук деп балдарым менен үйдөн кууп чыкты"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
pero5184
2019-05-06 10:04:18
Жетимди кордоп,өзүнүн балдарын да жетимге айлантыптыр да .Жетимдин башын сыласаң бейишке киресиң"-деген жакшы сөз бар
+5
erkeleim
2019-05-06 12:58:00
Он келбетти улуу Кудай жаратат. Озу жасап алыптырбы? Алып атканда,2айдай баланы тороп бергенче коздору сокур болуп эми коруп калышыптырбы? Тообо ыймандын жоктугу кайын журтунун
+3
mela
2019-05-06 13:54:29
Бул келин калп айтканын айтып жатышат го айылдаштары.Куйоосу жакшы Эле камсыз кылчу экен.Кайын эне-атасы жакшы мамиле кылычу экен. Озунун жашагысы келбей,ушинтип калп айтып жатат деп атышат го....
-6
Nurkyz1977
2019-05-06 14:45:26
mela,жакшы куйоодон эч ким кетпейт,кандай болгон кундо да мынча кордогонго акысы жок. Эркелээрин болбосо эмшиндеп ыйлап не пайда дегендей бул келин кимге ишенип куйоосу менен ажырашмак эле ата энеси жок болсо. Ишенип таянаары болсо дагы жакшы адамдан эч кимдин кеткиси келбейт. Жалгыз кыйналып ар кимден жардам сурап жашоо кимге зарыл. Кудайым таш боор адамдардан сактасын. Жакшы кундор али алдыда жакшылыктан умут узбо жашай бер жениш сен тарапта боордошум,бала бакыт байлык ошолор сенин келечегин.
+12
jalgyzym...
2019-05-06 15:07:09
Ошондуктан аял заты дайыма озун карап сулууланып журсо куйоосу келгенде ысык чайын берсе озуно кам коруп тыкан алып журсо балдарды тороп берсе кайсы эркек кет деп айта алат наоборот кетирбешке аракет кылатго эгер бул аял ушинтип таза тыкан журсо да кетирген болсо билбедим...
-16
ASALIM8
2019-05-06 18:52:31
jalgyzym...,ошол аял озуну карап...тыкан,таза,алып журуш учун акча кк...ушунча кордогон куйоосу,балдары мн кочого чыгарып койгон адам,каякта акча берсин бул байкушка???
+16
jalgyzym...
2019-05-06 22:50:43
ASALIM8,аял киши ар тараптуу эпчил акылдуу болушу керек оозун ачып отура берсе бир нерсе озгоробу оба эркек да уй булоодо башкаруучу бардык тарапты карап баарына козомол салып туруш керек аялындын периштедей болуусун кааласан бейиштей шарт тузуп бер деген экен бирок аялдан да зависит этет
-9
Sagidko88
2019-05-08 11:29:39
jalgyzym...,не зарекайся. ммин сулуу болсо да, керек болсо Анжелина Джоли болсо да кете турган эркек кетет
+5
jalgyzym...
2019-05-08 15:18:20
Sagidko88,Эркек уйдон таппаганды кочодон издейт ошондуктан аялдын колунда баары!
-3
Meken28
2019-05-09 10:27:45
jalgyzym...,bul jerde jazgandar boidoktor okshoit,eger erkek bolson ,bardyk nerseni uidon tapkydai kylyp shart tuzush kk,bizde kyrgyzdar ayaldyn barkyna jete berishpeit kopchulugu,kichine akcha tapsa mildet kylyp bashtait,ichip,chekkenderi bar,turduu turduu tamak jasaganga toltura produkta kk,,jash baldardyn kyiymine,pampersine tamagyna kop akcha ketet,,Anan ayal da erkek da bilimden je dinden jakshy kabary bar bolush kk
+1
aikokul14
2019-05-10 12:16:13
jalgyzym...,жазганыңа караганда турмушка чыга элексиң же чыксаң дагы көптү көрө элексиң,"чоң"сүйлөбөй сабыр кылып тур али турмушуң алдыда.
Өтө "сулуу"окшойсуң.Кесир сүйлөгөн болбойт,тооба деп тагдырдын "тамашасын" күтүп тур.
+2
jalgyzym...
2019-05-11 12:29:31
aikokul14,Мен турмушка чыгып уже 2 баланын энесимин менда билемин турмушту кандай экенин бири бирин тушунуп ишенич болсо гана турмуш болот ич ара маселелерди оздору чечип алса болот
Андан кийин мен озумду сулуумун деп айткан жерим жок аял киши ар дайым озуну сулуулап журуш керек деп жатамын !
-1
Janum84
2019-05-06 23:22:15
Билбейм дечи.Бирок эмнегедир мен ушул келиндин создору калптай туюлуп жатат.Бир тараптуу окуя чагылдыырган.Бир кана уйбулодо эмес баардык уруш талашта бир эле адам куноолу болбойт.Бул келиндин озундо да барда.Тили буудай кууруйтко.Тилдуу келин корунот.
-1
_PeriWa_
2019-05-07 01:13:43
Janum84,койчу эй сразу эле оюнар тетири да...Сени да басмырлай берсе соз менен эзе берсе сен дагы тилдуу болуп чыгасын. Ташты да урсан ун чыгат го. Куйоосу мактап жакшы айтып турса ким эле жаман суйлосун. Бироонун аттынан чечим чыгарып жаман корсоттуп жазып эмне кереги бар.Ар ким озун билиш керек! Окудунбу жон эле отуп кет. Бул озу кыйналып турса сенин жаман жазганын эки эсе сыгат.
+11
Avrora2017
2019-05-07 14:53:38
_PeriWa_,ооба итти кечке таяк менен ура берсен кабанак болуп чыгат дегендей , тили деле буудай курубай эле болгонун болгондой эле айтып берген вроде, жетимсин деп кордошкону корунуп эле турат тем более жетим болсо конешно колдон келет кылышканда, мындай нерселер толтура эле болуп турат биз билип билбегени канча дейсин, бечара эми ону серт болсо эмне кылсын. Эми кайындары чыгатда актанышып жамандашып, ким жаман кеткен келин жаман болуп. Биздин кыргыздарда куноону сразы аялдарга оодармайго
+5
_PeriWa_
2019-05-09 01:33:56
Avrora2017,ооба кошулам
+1
Janum84
2019-05-07 08:34:08
Периша беш кол тен эмес адамдар ар кандай.Мен билем мындай тигиндей деп жазган жерим жок.Азыркы гезит бетине чыгып жаткандарга коп ишенич жок,анткени эки уч келинди кордум ушинтип жакшынакай кайын журтун жамандап элди алдаганы.Бир тыйындын эки тарабы болот ошондой эле бир кишиден куноо кетпейт кетсе экоонон тен кетет.Бул жерде ар ким оз оюн жазат.Жазамбы жазбаймынбы менин ишим.Менин создорум жакпай жатса окуубай эле отуп кете беребейсинби.
-3
_PeriWa_
2019-05-09 01:35:23
Janum84,коп соз бок соз!Сага жетпесе жетпесин.
0
Avrora2017
2019-05-09 18:33:29
_PeriWa_туура айтасыз, анча мынча чийки меелерге соз коротуп болбойт
+1
Kani-46
2019-05-07 09:42:20
Мени мас кылып салды деп айтыптыр,мас болгуча эмнеге ичесин?! Озундо да бар
-6
Sarinakg
2019-05-08 11:03:19
Кошна кайын журтунанда интервю алыш керек экенда
0
JanJurok
2019-05-08 15:33:10
Түрү суук дегени неси?Майып эмес экен,акыл эси жайында,бала төрөптүр.Баса албаган,же көзү көрбөгөндөр мн да жашап жатышпайбы алып.Келиндин өзү жаман эмес,барган жери жаман болсо кк го байкуш.Балдарында не күнөө(
+2
MEERIM3
2019-05-08 23:50:39
6 айлык кызда не күнөө, жетим калганы аз келгенсип башына суу толуптур, Аллах шыпаасын берсин. Кичинекей наристелер эч качан оорушпасынчы
+2
Birimdik5555
2019-05-10 02:10:43
Кудайым ылайым сага бакыт берсин,мындан кийинки омурунду балдарын менен бактылуу жаша ылайым
+1
didu
2019-05-10 23:28:45
бактылуу айымга чыгарса депутаттар алатурган кыз экен, жакшелего.
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-05-13 06:10:58
Бул келиндин өзүндө да бар экен да.
-1
№ 861, 2-8-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан