Маектешим менен түрдүү темада кенен сүйлөштүк. Айта турган ойлору өзгөчө, эркиндикти каалаган, баалай билген, эркин коом кургусу келген журналист, телеалпаруучу Айгерим Акылбекова алдыңызда.
– Айгерим, адам турмуш курганда, эне болгондо чоңоёт дешет, сен кандай өзгөрдүң?
– Сыртымдан көп күлгөн, ачык-айрым, ойноок кызмын. Бирок ички дүйнөм бир топ эле өзгөрдү. Аял, эне болгондо турмуш менен чындап жүздөштүм. Көп нерсени көтөргөнгө, эмоция эмес, акыл менен жашаганга үйрөнүп калдым. Өзгөчө эне болуу мени аябай өзгөрттү. Энелик үч мүнөттүк сюжет тартуудан алда канча оор экенин билдим. Балаңды көргөн мүнөттөн баштап, мээримиң ашып-ташып сүйүп каласың деп айтышат го. Менде андай болгон жок.
Энелик сезим кызым 3 жарым ай болуп катуу ооруп, ооруканада жатып калганда ойгонду. Ага чейин жанымда бир кызыл түйүнчөк жатат, ыйлайт, тамак сурайт, сүйлөбөйт дегендей (күлүп). Менин жашоом эми ушул кызыл түйүнчөктүн гана айланасында байланып калгандай сезилди. Төрөттөн кийинки депрессия деген нерсе бар. Болгону кыргыз аялдары аны айтпай тартынабыз. Өзүмдү көлдөн чыгып калган кайыктай сездим. Өзүмдү-өзүм таппай эле кыйналып жаттым, акыры үч айда жумушка чыгып кетип депрессияны жеңдим. Бул арада кызым катуу ооруп калды. Ооруканада чыңырып ыйлап жаткан кызымды көргөндө өзүмдү-өзүм жемелеп, жаным көзүмө көрүнүп чебелектеп кеттим. Ошол мүнөттөн баштап кандай болгон күндө да мен ушул баланы коргойм деген энелик инстинкт ойгонду окшойт. Ошондон кийин ага эзилип, куюлуп түшүп эле калдым. Учурда эң чоң мотиваторум – кызым.
– Кесибиң үчүн адамдык принциптериңден баш тарткан учуруң болду беле?
– Болгон эмес. Көп учурда адам укуктарын чагылдырам. Кээде чындап эле укугу бузулуп жаткан адамды чагылдырасың, бирок ал сага адам катары жакпайт. Элден гана талап кылган, өзү эч бир аракети жок, иштегиси келбеген, жакшы турмушка умтулбаган адамдарды принцибимде колдогум келбейт. Айла жок, балдары бар болгон үчүн аларга жардамга кол сунууга туура келет.
– Бизди "аял күйөөгө баш ийиш керек" деп тарбиялашты. Азыр феминизм агымы активдүү боло баштаганда кийинки муунду кандай тарбиялайбыз? Сенин оюң?
– Мен феминист эмесмин. Ага билимим, тажрыйбам жетпейт. Билгеним, аялдардын укугу тебеленбеши керек. Бул аял күйөөгө баш ийиш керек же ийбеш керек деген маселеден ашып түшүп, аялдын укугу корголсун деген нерсеге такалат. Эркектер ошого жетпей эле агрессивдүү кабыл алып жатышат. Аял үйдө отурам десе үйдө отурсун, «үй-бүлөмө жетишем, эми карьера жасайм» десе карьерасын жасасын. «Чай куйбайм» деген сөздү катуу талкуу кылышпадыбы, түпкүлүгүндө «менин ордум ашкана эле эмес, андан да чоң нерсеге мүмкүнчүлүгүм бар» деген аракет. Эл түшүнбөй койду. Жакшы билесиз, кесибибизде аялдарга болгон зомбулукка күн сайын туш болобуз. Түрмөдө күйөөсүн өлтүргөн канча аял жатат, сабалып, кордолгон канча аял бар? Ошол аялдардын баары өз учурунда укугун коргой албай тагдырын талкалап алгандар. Аянычтуусу, аялдар көп учурда өздөрү да көп нерсеге көз жумат. Мисалы, ала качуу. Кызга жоолук салган да аял киши, отургузганга аракет кылган да аялдар эмеспи. Бири токтотуп «кой, бул да бирөөнүн кызы, укугу тебеленбесин» деп айткан жок. Ошол себептен аялдар өз укугун учурунда коргой алышы керек.
– Статистика деп калбадыкпы, учурда ажырашуунун да статистикасы жогорулап баратат...
– Ажырашуунун себептери көп болот. Азыр кыйын болуп экономикалык, социалдык себептер, же кайнене-келиндин тил табыша албаганы, же дагы башка толтура себептер деп айтсам эл өзүмдү айтып жаткандай түшүнүп калышы мүмкүн. Мен тууралуу, менин үй-бүлөм тууралуу да учурда көп айтылып жатат. Жеке жашоом тууралуу кыстара кетейин. Туура, жашообуз азыр силкинип жаткан учуру. Эркин (ред.: Нурбаев, телеалпаруучу, тамада, шоумен) экөөбүз тең эл көзүндөгү адам болгонубуз үчүн азыр деле жазып жатышат. Ажырашуубуз тууралуу эч нерсе деп айта албайм. Күйөрмандарым биздин жеке жашообузга эмес, чыгармачылыгыбызга кызыкса...
– Эл көзүндөгү адамдар сырларын эл менен бөлүшкөндү жакшы көрүшсө керек. Болбосо жеке баракчаңа ажырашып кеткениңерди жазып чыгуунун зарылчылыгы келип чыкпас беле?..
– Жазбай коюшум керек болчу. Ошол күнү белгисиз бирөөлөр жеке баракчамды жарактан чыгарганга аракет кылышыптыр. Андыктан абалды ачыкташым керек экенин түшүндүм. Аял катары эмоцияга алдырып койдум. Ушул учурда жеке жашоомдо бактылуумун деп гана айта алам.
– Бул жеке жашоо деп жооп берүүдөн баш тартышыңды каалабайм, «мен» деп турган эки адамдын союзу кызыктуу болсо керек?
– Оор да, жеңил да болот. Жеңил жагы, экөөбүз тең кесибибизди жакшы билебиз. Мисалы, анын эфирге кие турган кийимдерин сурабай эле даярдап коюшум мүмкүн. Кызыгы, ар дайым Эркиндин эфири, анын тою, анын кызыкчылыгы биринчи орунда турат. Күйпөлөктөп үй-бүлөбүз менен анын камындабыз, бирок ошол эле учурда мен да эфирге чыгышым керек. Мен тууралуу эч кимде суроо да, камкордук да жок. Мен муну туура эле кабыл алдым, анткени ал үйдө мен келинмин да. Бирок баары бир ичимде кичине болсо да таарынычка жетпеген түшүнбөстүк турчу. Оор жагы экөөбүздө тең амбиция бар. Аянычтуусу, эч бир убакта кыялдарыбыз дал келген жок. Мен чет өлкөгө кетем, окуйм дечүмүн. Мен үчүн ал кыялдарынан, максаттарынан баш тарткысы келбейт, менде да ошол. Түшүнүп туруп өзүңдүкүн бере албаган учуруң болот экен.
– Адамда сынган, мүдүрүлгөн убак болот, жаныңда ким болот экен?
– Апам. Былтыркы жыл оор болду. Эч ким менен сүйлөшпөй калгам. Апам экөөбүздүн мүнөзүбүз дал келбейт, көп талашып-тартышабыз, бирок чексиз сүйүү бар. Мендей адамдын апасы болуу апам үчүн оор болуш керек. Мисалы, ошол эле ажырашууну, эл эмне дейт деген сыяктуу нерсени такыр кабыл албайм, маани бербейм. Апам оор кабыл алат. Мисалы, туугандар менен катташпайм. Бирөөнү таарынткым келгенден эмес, же кыйын болгондон эмес. Болгону бирөөнүн турмушу таптакыр кызык эмес. Өз дүйнөм мага жетет. Мага бирөөнүн көңүл буруусу да кажет эмес. Апамда идеалдуу кыздын портрети бар, бирок мен ал портретке такыр дал келбейм. Баары жазып, чийип койгон кадимки аялдын образы мен үчүн эмес. Кесибимди тандоого келгенде өжөрлүк менен өзүмдүкүн бербей туруп алдым.
– Сенин да апаңдай эле кызың бар. Убагы келгенде аны эркиндикке коё бергенге даярсыңбы?
– Даярмын. Мен анын жарык дүйнөгө келишине гана жардам бердим. Каалоосу, дүйнөсү таптакыр башка болушу мүмкүн. Болсун, ага сүйүнөм. Кандай болгон күндө да кызым эркин коомдо чоңоюшун каалайм. Ошол коомду түзгөнгө аракет кылам.
– Азыр өзүңдүн жашооң менен жашап жатасыңбы?
– Балким, кайсы бир учурумда бирөөнүн каалоосу менен жашасам керек. Дал ушул учурда өзүм каалагандай жашап жатам. Бирок эртең эч ким билбеген тоонун түбүндөгү айылда жашап калышым, башка шаарга кетип калышым, же башка бир кесиптин ээси болушум толук мүмкүн.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg