Бактыгүл Аскар кызынын кайненеси: «КЕЛИНИМ ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗДҮ ТЕҢ УРЧУ»

Өткөн санда «Күйөөм түрүң суук деп эки балам менен үйдөн кууп чыкты» деген 26 жаштагы Бактыгүл Аскар кызынын арманын уккан элек. Бул ирет келиндин кайын журту, кошуналары менен байланышуу мүмкүн болду. Бактыгүл Аскар кызынын айткандарына анын кайын журту, кошуналары кандай жооп айтышат, ушул материалдан окуй аласыздар.

«МЕНИ УРУП ЖАТКАНДА КОШУНАЛАР АЖЫРАТЫШКАН»

Токтогулдун Торкен айылынын тургундары 70 жаштагы кайната менен 63 жаштагы кайнене уюлдук телефон колдонушпайт экен. Андыктан алар менен кошуналары аркылуу байланыштык. Бактыгүл Аскар кызынын кайненеси Айчүрөк Бейшекеева өзү келининин колунан таяк жегенин айтты:

-Биздин 3 эркек, бир кызыбыз бар. Бактыгүл ортончу уулумдун келини. Анын бизге келин болуп келгенине 4 жылдай болду. Уулум аны менен кызымдын жеңеси аркылуу таанышып калган. Үйгө алып келгенде эле келин менин көңүлүмө жакпай «алып кеткиле» дегем. Балам өзү жоош. Жолдошум балама «Алмазбек, айланайын, кыз жакса алып кал, жакпаса кетир» деди. Ошондо уулум 2 сааттай ойлонуп отуруп калган. Ошентип жатып келин өзү деле кетпей отуруп калды. Атасы уулума «Өзүңдөн калсын. Кийин өкүнүп калба» деп айткан. Жашап баштаганда эле келин үйдө отурбай, көчөдө эле жүрө берген адатын көрсөттү. Жарым жыл жашагандан кийин улуу балам аны таякелерине жеткирип келген. Бир аз убакыт өткөндө эле күйөөсү «талаада иштегенде жалгыз болуп жатам» деп кайра чакырып алыптыр.

Сумкасын көтөрүп качып да кетет. «Ата-энең жок экен. Тынч жашай бербейсиңби» деп айтабыз, болбойт. Бизди сабайт, таш менен урат. Бир ирет мени уруп жатканда кошуналар ажыратышкан. Келин мага эле эмес, кайнатасына да кол көтөрчү.

«КЕЛИН АЯЛЫМ ЭКӨӨБҮЗДҮ ҮЙДӨН КУУЙ БЕРЕТ»

70 жаштагы Раимкул Акматалиев да келининин жоруктарын айтып кейиди. Ага да келини кол көтөргөнүн айтып берди:

-Келин бизге кол көтөрчү. Бир ирет эшиктин алдында отурсам, таш менен башка бир койду. Башым жарылып кетти. Өзү качып кеткен. Каякта жүрдү, билбейм, 5-6 күндөн кийин кайра келип калды. Кечирим деле сураган жок. Ал кайненеси экөөбүздү тең «кайда барсаңар ошол жакка баргыла» деп үйдөн кууйт. Бир ирет кызым «ата-энемди урба. Эмнеге урасың?» десе, кызымды чачынан кармап, жакалап, «баарыңарды өлтүрүп кетем» деди. Кой десем болбойт. Бизди уруп, оозго алгыс жаман сөздөрдү айтканда күйөөсү «ата-энемди какшатып ура бересиңби, урба, жаман сөздөрдү айтпа» деп 1-2 чаап койсо кетип калган. Кайра 2-3 күндө келди. Бул келин бизди аябай кыйнады.

Тамакты бекитет дегени боюнча, тамакты өзү жасайт, бербей койбойбуз, баары өзүнүн колунда. Кээде тамакка таарынып «ичпейм» деп кетип калат. 1-2 күндөн кийин кайра келет.

Уулум Орусияга иштегенге кеткен. Ал «акча салып турам, сен үйдө эле жүрө бер» десе болбой, Бишкекке эки жолу кетип калды.

«КАЙНЕНЕСИН ВАГОНГО КАМАП КОЮП, ТАШ МЕНЕН УРГАН»

Бул үй-бүлө менен жанаша жашаган кошунасы Гүлнар Шатманалиева да келиндин калп айтып жатканын айтат:

-Биз 1985-жылдан бери бул үй-бүлө менен жанаша жашаган кошуналарбыз. Сүйлөсөк сөзүбүз бири-бирибизге угулуп тургандай жакын жашайбыз. Айчүрөк эже менен Раимкул байке бир да кошунасына жаман айтпаган момун кишилер. Бирөөгө жаман мамиле кылганын көргөн эмесмин. Бактыгүл ошол жерге келин болуп келгенден бери үйүндө тынчтык жок болуп калды. Кайненеси экөө уруша беришет. Эмне себеп болот, билбейм. Калыс сөзүмдү айтсам, Бактыгүлдүн өзүнөн кетип жатат. Үйдөн кетип жаткан жеринен «Кайрыл, кайненеңдин тилин ал. Сен жакшы болсоң, апаң сага эч нерсе дебейт» деп жатып кайтарып келип үйүнө киргизген күндөрүм болду. Кайненеси экөө урушуп, кубалашып кетишчү. Бир жолу Бактыгүл кайненесин үйдүн жанында жайгашкан вагонго камап туруп, эшигин бекитип, терезесинен таш ыргытканын кошуналар көргөнбүз. Анан эле милицияга кайрылып ызы-чуу сала берет. Аларга эмне дейт билбейм.

Бир жолу жайында үйгө чөп алып келип, күйөөм унааны дарбазадан артка айдап киргизип жатканда Айчүрөк эже жүрүп бараткан унаанын артынан чуркап өтүп кеткен. Көрсө, Бактыгүл кайненесин таш менен уруп кубалаган экен. Аны да кошуналар көргөнбүз. Ошондо унаа аны тебелеп кетсе эмне болот эле? Бактыгүл барда Айчүрөк эже үйүндө жалгыз калгандан коркуп, үйүнө жатпай, улуу баласыныкына же дагы башка жакындарыныкына барып жатып калган.

Бир жолу келинди ооруканага жаткырышканын билем. «Оолуга бергенинен алпарып таштадык» деп айтышкан. Анан «ооруканада жатканда кошуналар мени сурашыптыр» дептир. Аны эч кимибиз сураган эмеспиз.

Кайнене, кайнатасы тынч жүргөн кишилер. Кайненеси баласынын такма жалаяктарынан бери карыз алып, балдарын багып жаткан. Акча берип келинин ооруканага көрсөтүп турушат. Бир аз мурун эле Бишкекке барып, томографияга түшүп келген.

Келин сабатсыз. Бирок көркөмдөп жакшы сүйлөйт. Келин үйдө иш кылсам да жакпайм деп жатпайбы. Ал тамак-аш жасап, балдарын карачу. Эл сыяктуу короого чыгып иштебейт. Эмнеден кыйналды, билбейм. Күйөөсү болсо жоош, уруп-сабай турган жигит эмес.

Үй-бүлөнүн жашоо шарты начар. Бирок эч кимден эч нерсе сурабай жашашат. Кошуналар колубуздан келген жардамды беребиз. Кийим-кечек, азык-түлүк берип турабыз. "Кайненем сарайга тамак-ашты катып коёт" дептир. Аларда күнүмдүк тамак-ашы өздөрүнө жетиштүү. Бирок бекиткидей ашык тамак-ашы деле жок.

«АГАМ АНЫ МЕНЕН ЖАШАЙМ ДЕП АКЧА САЛЫП ЖАТАТ»

Бактыгүл Аскар кызынын жолдошу Алмазбек Акматалиев учурда Орусияда иштеп жүргөн чагы. Анын иниси Майрамбек Акматалиев жеңеси тууралуу мындай дейт:

-Жеңем кышында Бишкекке келип, бир айдай бала багып иштеген. Баласын баккан үй-бүлө менен да урушуп кетип, кайра айылга кеткен. Ал айылга баргандан кийин байкем Орусияга иштегенге кетти. Анын артынан жеңем кайрадан Бишкекке келиптир. Ал «айылда жашабайм, айыл мага жакпайт. Шаарда жашайбыз» деп айтат. Байкем экөө сүйлөшүп турушат. Бир ай мурун "кыйналып жатам" дегенинен байкем 5 миң сом салган. Байкемдин жеңем менен чогуу жашайм деген ниети бар. "Кыйналып жатам" деп суранган жагынан жеңем актриса. Эки сүйлөп коймой да жайы бар. Жардамга муктаж деп интернетке тарагандан кийин акча сурабай калды. Эл жардам берип жатат окшойт.

Бул үй-бүлөнүн Торкен айылында жашаган үйү деп кошуналары ушул сүрөттөрдү жөнөтүштү.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (43)
jalgyzym...
2019-05-13 20:07:06
Милицияга чалып чакырып эмне дейт билбейм дейт кошунасы эгерде келин озу уруп атса кантип милицияны озу чакырат? Значет кайын журту начар
+4
Grazy-girl2019
2019-05-13 20:37:49
Келин сабатсыз ойду-тоону суйлойт окшойт.Кайнене,кайнатасы жоош экени корунуп турат.
+4
katerina.li
2019-05-14 13:52:25
Grazy-girl2019,калгандары сабаттуу экенби ошондо??? Эшегине жараша тушагы дейт мындайды
+3
Mamiev
2019-05-13 21:54:35
Бир Алла билет кимде күнөө экенин. Мен келиндин оюн угуп ойлодум эле кайын ата энеси кыйынсыган адам окшойт деп. Жоош момун эле үй булодой көрүнөт. Карыганда кызматын кылып тыпылдап турса кимге эле жакпасын
+5
Sajakat14
2019-05-13 21:59:02
Бири бири менен жашай алышпаса ажырашышсын. Бири бирин таш менен кууп уруп, бири бирин өлтүрүп тынышат болбосо. Ит мышыктай кырылышкан үй бүлөдө чоңойгон балдар деле зөөкүр болуп чоңоюшатго. Өз көзүм менен көрбөгөндөн кийин баса айта албайм. Бирок келин шаарда жашагысы келип эле келип алганго. Өзү жетим кыз болуп чоңойсо, өзү деле мээрим көрбөй кордук көрүп, суук сөз угуп чоңойгондур. Анан ошол зөөкүрлүктү башкаларга дагы көрсөтүп жатат мүмкүн.
+3
Sajakat14
2019-05-13 22:07:20
Башында эле кайненесине жакпагандан кийин отургузбай эле коюшпаптыр. Кайненеси менен келин бири бирине жакпаса жашоо жок да. Алып келе электе мурун эле бири бири менен бир жолугуп, таанышып байкаштырып көрүшсө болмок экен. Үй-бүлө куруу бул кийим сатып алуу эмес да. Кайнене, кайнатасын көзгө илбей ансыз деле башы оогон жакка кете берет турбайбы. Мурун дагы Бишкекке бала бакканга иштегенге келип кеткен турбайбы. Урушуп кетип кайра кетиптир айылга.
+2
Nurkyz1977
2019-05-14 00:37:43
Турмуш татаал акылдуу,жана сабырдуу адамгана жене алат,не дейбиз келинине да кемпирине да Жараткан ыйман берсин. Келиндин созун угуп боорум ооруду эле,эми бул карыган ата апаны угуп чындык ким тарапта экенине ишене албай калдым. Ыйык Рамазан айында АЛЛАдан жакшы тилек дуа кылып сабыр сактап турушса болмок экен. Ушу ызы чуунун эртени бала чакасына соз тийбейт деп ким кепилдик бере алат. Ар бир уйдо уюуган ынтымак,бекем ыйман,бактылуулук орносун,элибизде тынчылык молчулук болсун ылайым Оомийин!!!
+3
sely
2019-05-14 11:40:52
Бири бирине сыйы кетип бутуптур аттин. Келинди акырыын тарбиялап Оз жолуна салып алуу кайненеге таандык нерсе. Анан мин момун корунгону мн отуруп алып тили мн жайлап коюшат да анан келин психовать этип чыгат
+2
dobrajelatel
2019-05-14 11:43:27
Мындай келинди вообще кетирип ийгиле. Аран жан абышка кемпирди сыздаткан онбой калсын.
+5
Ruslan-bel-oruk
2019-05-14 14:44:53
Андай келинди жоок кылгыла карыганда кордук корбой ?
0
taalay25
2019-05-14 17:07:06
Кор ичегини оз денендин бир болугу болсо да жашаш учун кестирип салыш керек же жарылып олуш керек!!! Булардын тандоосу да ушул жолдо турат
+2
nazgul20
2019-05-14 17:22:13
Чогу жашабагандайын жоош коруно беретта куйосу, мисалы мен бир байкени билем элдин баары менен жакшы, биздин уй було мененда мамилеси жакшы бирок аялынын когоргон бети башын денесин коргондо айла жок
+7
momun74
2019-05-16 19:34:42
nazgul20,туура айтасын чогу жашаган гана киши билетда
+1
Chungyz
2019-05-15 04:56:46
Оздору билишет башынарды оорутбагыла
0
orxidey
2019-05-17 02:10:30
Келинден ушул кайн ата, кайын энесин сыйын ордуна койбосо, кошуналары жалган айтпайт чыгар.
+1
al79mi
2019-05-17 10:45:23
Мен абышка кемпирдин созуно ишенип турам. Келин кичине ойдо ылдый сыяктуу корунот.Ким билет балким жанылып жаткандырбыз. Керкисинде да кемтигинде да бар деп койчу беле.
+2
DNurgiza
2019-05-18 08:02:23
Улуу кишилер адамды бир карап билет, жакшы жаман экенин... демек жакпады, өкүнөсүң дегени туура эле. Кудай сактасын башка сөз айтып болбойт.
+3
№ 862, 9-15май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан